Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Жоругу жомок Жолдошбаев

"Атың чыкпаса жер өрттө" - деген элибизде айтылган сөздүн калети жок экенине аргасыз ишенет экенсиң. Буга Жолдошбаевдин өзүм билемдикке салып, Андаш баатырдын мааракесин өткөрүүгө ыксыз кийлигишип, түз ишти чегинен чыгарган аракеттери болду.

Биз, кочкорлук жарандар, элдик баатыр Олжоболот уулу Андаштын 185 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча жыл башынан бери 15-16 айылдан чогулган өкүлдөр камылга көрдүк. Уюштуруу комиссиясынын төрагалыгына көптөн бери мааракени өткөрүү боюнча аракет жасап жүргөн Молдобек Ирсалиевди, орун басарлыгына Норузбаев Керимкулду шайлаганбыз (10-март, 2012-жыл). 30-мартта элдик баатыр Олжоболот уулу Андаштын бюстун райондогу Маданият сарайынын алдындагы тарыхый инсандардын аллеясына улай коюу, күмбөзүн баатырдын сөөгү коюлган Соң-Көл жайлоосуна тургузуу боюнча райкеңештин сессиясында каралып, иш-чараны өткөрүү, уюштуруу топтун жетекчиси М.Ирсалиевге эскертилген чечим кабыл алынган.
Молдобек Ирсалиев райкеңештин чечимин жетекчиликке алып, 29-майда мааракенин өкмөттүк деңгээлде болуусуна кам көрүп, Жогорку Кеңештин депутаты М.Салымбековго көмөк көрсөтүү максатында кайрылуу жолдогон. Депутат М.Салымбековдун Жогорку Кеңештин социалдык комитетине жолдогон өтүнүчүнө, Комитет Кыргыз Өкмөтүн мааракени белгилөө боюнча атайын комиссия түзүү менен иш-чара кароо жагын өтүнгөн чечим кабыл алган (26-июль, 2012-ж). Жогорку Кеңештин комитетинин ушул чечимин Жогорку Кеңеште иштеген Суранов Орозобек жаман ою жок Жолдошбаевге демөөрчүлөрдүн бири катары берип коет. Мына ушундан баштап Жолдошбаев мааракени өткөрүү боюнча М.Ирсалиев башында турган уюштуруу комиссия менен пикирлешпей, жеңил аброй алуу максатын көздөгөн аракеттерин жасай баштайт. Оболу мааракени каржылоо үчүн 350 миң сом берип, 100 миң сомду "мен Ат-Башыдан он боз үй тиктирем" деп алган, 500 долларды Осмонов Кыргызбайга, эки ырчы келиндин ар бирине 200 доллардан, программада каралбаган гимн жазды деп А.Рыскуловго 100 доллар, ырчы Ч.Төрөбековго 300 доллар, диск жаздырууга 11000 сом бердирген ( гимн арбакка куран окутууда эмес, съездде ырдалчу беле?), конокторума деп 63000 сомго бир жылкы сойдуруп алган.
Күмбөздүн ачылыш аземинде Кыргызбай Осмоновго айтып, өзүм билемдикке салып, өзүн уюштуруу комиссиясынын төрагасы деп жарыя салдырган. Анысы аз келгенсип, Андаш баатырдын мааракесин унутуп салып, өлкөбүздүн булуң-бурчунан келген миңдеген конокторду сыйлабай, эки сааттан ашык убакыт элди күндүн ысыгына кактап, күрөш мелдешин өткөрүп жатып алганы адамкерчиликтин эч бир алкагына сыйбаган иш болду. Биз, Кочкор районунун эли "Учур" гезитине "Андаш баатырдын мааракесин "Беш Сарынын" президенти Жолдошбаев уюуштурду" - деп кабагым-кашым дебей жаздырганына капабыз.
Эми Коомдук телерадио корпорациясынын эшиктерин жыртып, атын чыгаруу үчүн жасаган Жолдошбаевдин аракетин биз, мааракени уюштурган кочкорлуктар, колдобойбуз жана жөнсүздүгүн ашкерелейбиз. Кайырын чайыр кылган Жолдошбаевге окшобой, Баатыр атабыздын мааракесине 17 миң долларын кошкон Аскар Салымбековго, 800 миң сомдук каражатын чыгымдап, атабыздын күмбөзүн куруп берген Рахатбек Ирсалиевге, о.э.чоң суммадагы каражаттарын кошкон Бейшенбек Иманалиевге, Калыкбек Султановго, Садырбаевдерге, Асылбек Токтогуловго, Рахат Токтоналиевдерге ж.башкаларга чоң рахматыбызды айтабыз. Ушул мааракеге талыкпай он жылдан ашык аракет жасап, эл кыдырып атабыз жөнүндө маалымат топтоп, Алма-Ата шаарындагы мамлекеттик архивден баалуу документтерди таап, дастан, китеп, мааракенин сценарийин акын К.Урманбетов менен бирдикте жазган Молдобек Ирсалиев агабызга терең ыраазы экенибизди билдиребиз.
Андаш баатырдын чөбөрөлөрү: Зарылбек, Болот, Нурбүбү, Ак-Жар кыштагы, Кочкор району




АК-СУУНУН ЫЙЫН КИМ УГАТ?

Лейлек районуна сапар тартсаңыз араңдан зорго бир суткада жетесиз. Самолетто учканга бардыгынын эле чама-чаркы туура келбейт. Анткени Бишкек-Исфана аба каттамынын наркы 4700 сом. Бул деген ошол аймакта иштегендердин бир айлык маянасы деген сөз. Поезддин жүрбөй калганына он беш жылдан ашты. Жол азабына чыдап, сапарга чыгып бул чөлкөмдүн эң четки Ак-Суу айыл округунун жаңы башчысы Абдулла Убайдуллаев менен баарлаштык.


--Биздин кыштактардагы элдин жашоо деңгээли аябай оор. Жакырлар көп. Автомашина, трактор сатып алгандар да өтө аз. Калктын саны алты миңден ашты. 250 адам сыртта тентип ата-энесин, бала-чакасын багам деп кыйналып жүрөт. Анткени, өзүбүздө ишкана жок. Болгону 15 күрүч тазалагыч ак жуваз, 20 электр кубаты менен иштечү чакан тегирмен, бирден май жуваз, жыгачты тилүү цехи жана чөп майдалагыч бар. Төрт айылга бул абдан аз да. Айыл округу мамлекеттик дотацияда же карызга жашайт.
- - Мен билгенден силердин округ коңшулаш Тажик республикасы менен чектешип турат. Алар менен түйүндүү маселелер барбы?
-- Ооба, биздеги Ак-Суу, Замборуч, Кара-Кемер деген кыштактарыбыз Тажикстандын Жаббор Расулов, Спитамин жана Ганчи райондору менен 97 чакырымга чектеш. Бирок, бизде алар менен чыр-чатактар жок. Куда-сөөк, дос, тамыр дегендей дурус мамиледебиз. Тескерисинче, өзүбүздүн жогорку органдар тарабынан тийиштүү көңүл бөлүнбөй жатканы өкүндүрөт. 2012-жылдын 20-мартында кыргыз өкмөтүнүн №186 "Чек аралаш райондордун өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеңилдиктер берилген аймакка биздин округдун кошулбай калганы кызык.
- - Жетекчи катары силердин чөлкөмдөгү номер биринчи проблема кайсы деп ойлойсуз?
- - Албетте, эң биринчи чечүүнү талап кылган бул жол, карым-катнаш маселеси. Исфанадан биздин айылга дейре 40 чакырым. Анын бузулуп талкаланганынан улам автоунаада баруунун өзү азап. Таксисттер катташпайт. Кара-Кемерден ары жолду калыбына келтирүү жана оңдоого эки миллион сом ажыратылды. Жол оңдоочу №13 ишкана иштеп жатат. Бирок, бул каражат жетишпейт. Дагы 6-7 млн сом бөлүнсө жакшы болор эле.
- - Жазгысын болгон жаратылыш кырсыктары канчалык залал келтирди? Анын кесепеттерин жоюу жумуштары жүргүзүлүп жатабы?
- - Биздин дарыябызга ар кайсы кокту-колоттордон суулар кошулат. Мына быйыл жаздан бери 34 жолу сел жүрдү. Анын зыяны абдан көп болду. Биринчи кезекте сай боюна орнотулган таза суу келчү асбест түтүктөрүн, дамбаларды, айрым жерлерде элдин шалы паялары менен башка эгиндерине залакасын тийгизгенин айта кетели. "Жалал-Абад автожол" акционердик коомунун азаматтары 750 метр жерге металл түтүктөрүн коюшту. ПРООН уюму 150 метр, өзгөчө кырдаалдар министрлиги 300 метр түтүктү алмаштырууга көмөктөштү. Кум менен шагылдын астында калган түтүктөр тазаланып, ушул күнгө дейре жумуш улантылууда. Электр кубатын туташтыруучу мамылар да агып кеткендиктен электр тармактар ишканасы чоң жардам көрсөттү. Беш-Бала-Ак-Суу көпүрөсүн сел алып кеткендиктен 2,2 млн сом табылбай, техникаларыбыз дагы эле өталбай турат.
- - Ак-Сууда мыкты күрүч өстүрүлөрүн билебиз. Бул тармактагы абал кандай?
- - Ырас, Лейлекти күрүч менен негизинен ак-суулуктар камсыздап турушат. Бизде агрардык реформанын учурунда ар бир жанга 6,4 сотке сугат жана 29 сотке кайракы жер тийген. Жалпы суу боюндагы шалы паяларыбыз 360 гектарды түзөт. Аларда бүгүн күрүчтүн девзире, жайдарикинжа сорттору өстүрүлүүдө. Орточо бир гектардан 4 тонна шалы же 2,5 тонна таза күрүч жыйналат. Базардагы наркы 50 сомдон.
- - Жаңыдан там салганга жер участкалары барбы?
- - Ушул маселе жүрөктү өйүп турат. Там салганга участкалар жетишпейт. Азыр бизде 150 атуулдун арызы бар. Менимче, областыбыздын аймагындагы Бүргөндү өрөөнүнөн жер ажыратылса "баралы" дегендер толтура.
- - Абдулла Убайдуллаевич! Сиздерде эки эле улуттун өкүлдөрү жашашат. Улуттар аралык мамиле кандай деңгээлде?
- - Биздин округдагы калктын 65 пайызы өзбектер, 35 пайызын кыргыздар түзөт. Илгертен куда-сөөк болушуп, той-тополорду, башка майрамдарды чогуу өткөрүп ынтымакта күн кечирип жатабыз. Бирок, анча-мынча ички маселелер бар. Айлыбызда Горький атындагы кыргыз-өзбек мектеби бар эле. Ал экиге ажырагандан бери абал мурдакыдай эмес. Ошондуктан тоонун түбүндөгү, унаа жолдон алыс, стадиону жок бул мектепти айылдын чок ортосуна курсак, эки улуттун балдары чогуу-чаран окушса жакшы болмок. Мектеп үчүн жер бар.
- - "Аймакта эч нерсе жок" деп кейип жатасыз, жаңы курулуштар жокпу?
- - Эми болгон чындыкты айталы да. Мурда оорукананын жоктугунан келиндер жолдо төрөп, кыйынчылыктар бар болчу. Эми саламаттыкты сактоо министрлигинин көмөгү менен эски имараттар реконструкцияланып эки төрөт бөлүмү, 8 койкалуу стационар ачылды. Тамак-ашка каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Негизи, каражат маселеси эле чечилсе, биздин эл демилге көтөрүп, көптөгөн жумуштарды бүткөрө алат.

Адылжан Жажанов,
өз кабарчы






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??