Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Бабановго каршы иштеген
министрлер кимдер?
Бизге жеткен маалымат боюнча кечээ чыр-чатакты сүйгөн саясатчылар тарабынан атайын Өмүрбек Бабановду жана анын өкмөтүн отставкага кетирүү боюнча штаб түзүлгөнү белгилүү болду. Баарынан кызыгы, азыркы өкмөттө сыпайыланып, унчукпай отуруп көп иш бүтүргөн министрлер дагы ошол штабга тынбай каттап, Бабановдун "косяктарын" тизмектеп, тиги "чаар баштарга" жеткирип жатышыптыр. Алар болсо үстүнө кошуп, бала Бабановду болушунча боктоп, а түгүл прокуратурага дагы кайрылып, "Бабанов камалышы керек!", -деп бакырып жатышат. "Өзөктөн чыккан өрт жаман" экенин кыргыз илгери эле таамай айтып койгон.


Депутаттын баласы сабалып,
тонолсо башкасы кайда барат?
"Ар-намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулунун баласы Каныбек Бакиров Баткендеги Кызыл-Кыя шаарынын милициясынын үстүнөн арыз жазды. Турсунбай Бакир уулунун баласы деле туурадан чыга калган бирөө эмес, облустук прокуратуранын тергөөчүсү экен. Анын айтымында "унаасы бузулуп жол боюнда турса, милиция кызматкерлери келип документтерин көрсөтпөй, уруш чыгарып күч колдонгон", капчыгындагы 15 миң долларынын 11 миңин алып коюшкан. Ал эми Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги депутаттын уулу үстөмдүк кылганын, чөнтөгүндөгү акчасына тийген жан болбогондугун далилдегенге аракет кылууда. Эми бул ишти тиешелүү тараптар текшерет чыгар. Кызыгы, депутаттын уулу мынча акча менен жарым түндө кайдан келе жаткан? Же анын "күнүмдүк чай-чамекке" деп салып жүргөн акчасы ушунчабы?


Кутурмадан сактангыла
Ноокатта 4 жашар бала кутурмадан чарчап калган. Кутурган ит капкан 9 жашар бала ооруканада дарыланууда. Оору жугушу мүмкүн деген 4 адам эмделген. Ал эми карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар боюнча республикалык борбордун бөлүм башчысы Кубан Бектурдиевдин айтымында, андайлар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында көп. Өлкө боюнча 44 айылда кутурма оорусунун фактысы катталган. Өз маселесин чечкенге алы келбей жаткан өкмөт акенин мындай майда-барат маселеге чолоосу деле тийбей жаткандыгы бештен белгилүү. Бирок, бейажал жаш балдардын өлүмүнүн убалы кимге?


Чыныбай ишке жарайбы?
Мындан бир ай мурда КСДП фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбековду президент Алмазбек Атамбаев чакырып алып: "Өзүң колуңда бар адамсың. Акча болсо жетиштүү. Баш болсо иштейт. Тил болсо сайрайт. Эми жанагы балаңдай болгон "Золотойдон" кемсиңби? (Алтынбек Сулаймановду айтып жатат) ал акчасын чачып, "кыргыздын 1000 жылдык тарыхын жаздырам" деп жатат. КСДП деген демилгелүү партия. Ошондуктан кичине берешенирээк болбойсуңбу", -деп, жакшы эле намысына тийиптир. Ажосунун ачкыл сөзүнөн тез арада жыйынтык чыгарган Чыныбай мырза дароо эле "Турак-жай фондусу" деген бирдеме түзө коюп, "элдин баарын үй менен камсыз кылам" деп теледен кайта-кайта жар салып жатат. Анын планы боюнча Кыргызстанда бир дагы адам үйсүз калбайт экен.
Эсибизге жара чыкпаса, буга чейин "Мелкомбинат" деген ишкананы менчиктештирген Чыныбай мырза ошол ишкананын жатаканасында жан сактаган карапайым адамдардын баарын сыртка сүйрөп чыгып, алар болсо өрттөнүп өлмөкчү болуп, чырдан тутанган тиреш араң басылган. Эми ошол карапайым адамдарды үй менен камсыздабаган Чыныбай мырза башканы жыргатабы? Керек болсо, убагында килтейген КПСС деген неме кыргызды үй менен камсыз кыла алган эмес. Анан Чыныбай мырза кантип камсыз кылат ыя? Ошентсе дагы оозуңузга май деп туралы…


Назарали коллегаларын
нааразы кылды
Назарали Арипов деген аты-жыты билинбегени менен байлыгы ашып-ташкан, машиненин түрүн тандап мингенди жакшы көргөн бай депутат бар. Баягы Өмүрбек Абдырахманов менен Равшан Жээнбеков Грузияга баратканда ал дагы кошулуп барган экен. "Саакашвилинин сыйын көрсөттүңөр, эми мен силерге сый көрсөтөйүн" деп тиги эки коллегасын борбордук цирктин артында жаңы ачылган "Бухара" мейманканасына түштөнүүгө чакырат. Үч депутат ар нерсени кобурашып, даамдуу тамактан жешет. Акырында официант кыз жегенинин эсебин тактап, кагазын көтөрүп келген экен, Назарали мырза кагазды алып, Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдырахмановго сунат. Бирин-бири таң кала карап, бир чети күлкүсү келген экөө тамактын акчасын төлөшөт. Назарали мырза болсо тигилерди меймандаган киши болуп, бакылдап сүйлөп, дагы кандай машине алгысы келип жатканына чейин божурап, аларды ого бетер таңдантты дейт. "Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартты" деген ушулбу?


Кулов катуу айтты
"Өмүрбек Бабанов Орусияга, Кореяга популисттик иш сапарлар менен барып, өкмөттү ойлонбогон идеялары менен башкарып жатат" деди Феликс Кулов
"Өкмөттүн аткарып жаткан иши натыйжасыз. Статистикалык иликтөөлөргө таянсак, Кыргызстандын экономика тармагынын көрсөткүчтөрү түшүп кетти. Ички карыз быйыл июлда 13 млрд сом болсо, өткөн жылы ушул айда 8 млрд сом болгон. Коалициялык өкмөттү түзүп жатканда, "жергиликтүү бийликке кызматкерлерди алып жатканда конкурс уюштурулсун" деген талап айтылган, бирок өкмөт аны аткарган жок. Элдин арасында өкмөткө болгон нааразычылык өсүп жатат. Бабановдун Лондонго барган сапары түшүнбөөчүлүктү туудурууда. Орусияга популисттик иш сапар жасап, Кореяга жеке иш сапар жасады. Бул иш сапарлар эч кандай натыйжа берген жок. Ойлонулбаган идеялар менен коштолду. Коалициялык өкмөттө биздин фракциядан дагы өкүлдөр бар, бирок ага карабастан, биз өкмөттүн аткарып жаткан ишине канааттанбайбыз", -деп катуу айтты. Темир генерал аксакал башы менен опурулуп калганына караганда, маселе жогору жактан чечилип калгандыгы байкалып турат.


Көлдө мал уурдоо көбөйдү
Көл аймагында мал уурдоо көбөйүп, быйыл жети айда 85 факты катталган. Мал уурдоого байланыштуу материалдык чыгымдар да көбөйүп, былтыр 2 млн. 456 миң сомду түзсө, быйыл 4 млн. 527 миң сомду чапчыды. Жети айдын ичинде "мал уурдады" деген шек менен 41 адамдан турган 15 кылмыш топ кармалып, алар 38 мал уурдоо ишине катышкандыгы тастыкталган. Мал уурдоо фактысы боюнча Казакстан менен чектешкен Түп району биринчи орунга чыгып, жыл башынан бери 32 мал уурдоо фактысы катталган.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика