Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
СМС-пикир
"Алиби" гезити коомчулук менен байланышты жакындатып, окурмандардын ар кыл темадагы ачык, курч айткан пикирлерин, балким, бири-бирине болгон сый-урмат, сүйүү сезимдерин чагылдырып туруу максатында "СМС-пикир" атайын баракчасын ачты. Мындан ары кайсыл темада болбосун өзүңүздөрдүн кыска-нуска пикирлериңиздерди
0779 23 46 27
номерине жөнөтүп туруңуздар. СМС жиберүүнүн мөөнөтү чектелбейт. Анда эмесе кеттик, смсти эзчүлөр барбы?!?!?!


Деги, Бишкек баатыр деген болгонбу? Тарыхчылар ушуну далилдеп берсеңер!
779 6062***

Бишкек баатырдын эстелигин тургузууга Молодая гвардия менен Жибек жолунун кесилишиндеги айланма (кольцевой) жер туура болот болуш керек. Сөзсүз эле борбордук аянтка эмес.
779 6062***

"Датка-Кемин" электр түйүнү бүтсө жакшы эле болот. Кеп аны бүткөрүп, пайдалана билүүдө!
Кадыр, 551 1847***

Кыргызга ГАИ керек!!! Алар болбосо, тартип болбойт да, кырсык көбөйгөндөн көбөйөт. Анткени биз "цивильно" жашоого үйрөнө элекпиз. Кырсыктан көрө аңдып, бадалдардын арасында турган маичилерибиздин турганы артык.
Жама, Бишкектен

Кыргызстанда мурдагы гигант өнөр жай ишканаларыбыздын жандана баштаганы жакшы, бирок, профессионал специалисттерибиз бар бекен?! Союз кезде эле специалисттер орусиялыктар, ж.б. элдерден эле.., 20 жылдан бери юрист, экономист, банкирлерди эле окута берип, завод-фабрикада иштөөчү кесиптегилерди унутуп калдык эле. Баса, "шабашниктерибиз" бар да , алар аз эмес!
Таку, Кара -Көлдөн,
558 7230***

Эх, эстеликтер, эстеликтер... Борборубуз эмес, жер-жерлерде да алар козу карындай көбөйдү. Даткаларыбыз дейбизби, баатырларыбыз дейбизби, ар бир айылдан чыгат алар. Таң калганым, аларды кантип айырмалайбыз? Баары окшош! Өзүн түгүл элесин эч ким айтып бере албайт. Сүрөтчүлөр болсо, "мурдагы даанышмандардын элесине окшоштуруп тарттык, анан эмне кылабыз?.."-дешет.
Айбек, Жети -Өгүз району,
773 4424***

Англия отвернулась от нас! Чынында эле дүйнөлүк олимпиадага 1-жолу барган 19 жаштагы секелек кыздан эмнени күтсө болот эле?! Эмкиде Кудай колдосун, у нее все впереди. Эми бир шанс, Магомед Мусаевге бата берели.
Окурман Бишкектен,
773 8945***

Балбандар олимпиададан жолу болбой калса, анда элге ак кызмат кылган тренер, мугалим болуп иштешсе. Криминалга аралашып, рэкет болушпаса деген ой тынчсыздандырат. Биздин спортчулар таланттуу, алар дагы ийгиликтер жаратышат деп ишенем. Галстукчан криминалдар бизде жетиштүү (жогору-уу жакта).
773 8945***

Америкалык бир журнал Айсулууну жакшы сөздөр менен белгилей кетиптир. Айланайын Айка, деги эчкимдин колу-бутун кайрыбай эле койчу? Сен кыргыздын желегин акыры желбиретесиң. Эми машыгууну токтотпой, Рио-де-Жанейрого даярдан! Азыртан башта! "Эртең, анан" деген кыргызды өстүрбөйт.
Окурман
Бишкектен

Кыргыз "кетсин!"-дегенден качан кутулабыз?! Элди ойлобогон депутаттар Бабановдун түбүнө жетмей болду.
557 0200***

Мадылбеков кайсы элди айтып жатасың?! Элди бетке кармабай эле Бабановго ич күйдүлүгүм бар дебейсиңби...Биз качанга чейин "Ыржык кызга тыржык күйөө" болуп жүрөбүз?! Сендей кара өзгөйлөр турган Өкмөт башына Кудайдын өзү келгенде да иштей албайт ко!? Бириң калмак, бириң түрк, бириң сарт ...дей берсек, качан оңолобуз да качан мыкты саясий лидер чыгат?!? Ойду -тоону сүйлөгөн оозар парламент мүчөлөрүнөн арылуу керек!
Эл-Бек,
557 0200***

Эки революцияны баштан өткөргөн кыргыз эли саясаттан тажап бүттү. Мындай учурда жаштар көп азап чегишет. Келгиле жаштар, биригели! Келечек үчүн ынтымакта, биримдикте уюшуп, иш алып баралы. Көзүбүздү ачпасак, саясатчы карышкырлардын таландысында калабыз. Жаман адаттан алыс бололу, өзүбүздү өзүбүз сактайлы, коргойлу.
Ата мекен патриоту,
770 1256***

Урматтуу президент жана депутаттар! Премьер -министрди трусы-майка алмаштыргандай эле алмаштыра беребизби!? Россиянын бир областы, Кытайдын бир районундай калкы бар кичинекей Кыргыз республикабыз бүт дүйнө жүзүнө шылдың болуп, ишеничтен кетти го. Айланайын эл журт, сабырдуу бололу!
554 4225***

Элдик дарыгерликти пайдалана билели. Рак оорууну операциядан кийин дарылайм, ашказандын жарасын операциясыз айыктырууга мүмкүнчүлүк бар, бөйрөк ооруусун айыктырууга болот. Кайрылыңыздар!
Сокулуктан, Байгуттиев,
0773 52 47 60

Баш Кара-Суу айылынын кире бериш жеринен 16 сотых жер сатылат. Алма багы бар, үй курууга жери бөлүнгөн. Кызыл китеби даяр. Келишим баада.
0772 61 77 50, үй телефону-31 -03- 48

Америкалыктар Марсты багындыра башташты! Алардын Марсаходу 2 миң градус ысыкка чыдап, Марска конду. СССР менен 60 жылдары атаандашып келатты эле. Ошол кезде алар Айга коно албай, космос корабли канча жолу күйүп кеткен. СССР 1-болуп Айга конот! Советтер Союзунан кем калбаш үчүн АКШ ошондо компьтерди ойлоп тапкан эле. Мына эми Орусия менен жарышып, 1- Марска конду. Орусиянын канча аракети текке кетти, жетпей күйүп кетип, "космический мусору" эле миллиарддаган рублди зыянга учуратты. Медведевдин ачуусу келип, "мы теряем не только деньги и авторитет"-деп жаны кашайды го. "Бир боорубуз Орусия эле, ичиң ачышат экен. Кантсе да, тагдырлаш болуп калбадык беле. Америкалыктардай өжөр, эмгекчил, күчтүү билим керек тура.
Токтогул районунан, 558 8537***

Ыймандуу кыздар менен таанышам. 95-94-жылкылар менен. Өзүм 94-жылкы болом.
0772 23 36 88

Марат Алышпаев мырза "Президент жана бомж" деген киного тартылып, сүрөттөрү бардык рекламалык щиттерде илинип, андан өзүн-өзү көрүп, ошого курсант болуп жүрсө керек. Башка эч нерсени ойлобой. Башка театр актерлорун деле ойлоп, ордуңузга коюп көрсөңүз. Алар деле шаардын ичинде, көрүнүктүү жерлерде сүрөттөрү илинип, кандай ролдорду аткарып жаткандыгын элге билдиргилери келсе керек.
Эльза, 770 6069***

Курган элим, кыргыздар Орусиянын ичинде туруп орусча сүйлөшсө мейли эле, татарстан, ингуш, чечен, дагстан, Алтай, якут элдериндей болуп. Биз Кыргызстан-деп аталган өлкө экенибизди унутпасак! Кыргыз тилинде иш кагаздары жүрүп, бардык иштер кыргыз тилинде болсо... Тигилердей болсок, качан эле үрп-адат, салтыбызды, наркыбызды жоготуп тынмак экенбиз. Алар орусча сүйлөгөнү менен каада-салттарын сактап келишет, үйдө болсо өз тилдеринде гана сүйлөшөт экен.
Мекенчил жигит, Ак Буура

Базарда уу-дарылар толуп жатат. Анын зыяны укмуш экенин айтып, жазып жатышат. Эмне үчүн ошол уу -дарылар кара куурайга колдонулбайт?!
773 5247***

Чыныбаевдин чоң чакырыгы өзүнөн башталышы керек. Биринчи болуп өзү 1 миллиардды чыгарсын. 5 коллегасын( 5 фракция жетекчисин) өзүнө тартышы керек. Байлардын ар бирин өзүнө тартсын. Ошон үчүн жетекчи да.Иштен жыйынтык болуш үчүн анын үстүнөн текшерип туруу керек.
Кайдыгеров, Кара Балта шаары

Окуу жылы башталаарына жакын калды. Быйыл мектептердин абалы кандай болот? Мыкты мугалимдер келсе экен дейм. Балабызды эптеп окууга киргиздик. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн баары бирдей. "Жакшы", "мыкты" дегендер жок. Баары орто. Мугалимдер да ошондой. Орусияда Путиндей кылып, жаш үй-бүлөлүү мугалимдерге миллиондон берсе, айылга барып мугалим болуудан эч ким качмак эмес. Албетте, мыктылары тандалып. Ушуну ойлонсоңор!
779 35 43***

Бабанов келет деп, Кара- Кечеден көмүр ташыган жолду оңдолот деп бууп коюшкан. Же жол оңдолбоду же Бабанов келбеди. Оңдошсо да эптеп жасап коюшат да. Кайра эле тиги көмүр ташыган машинелер жүрө баштачу болсо, жолдор аңтарылып түшөт ко. Бизде мындай көрүнүш салтка айланып калган эмеспи.
Алым, Жумгалдан, 773 0923***

Кыргыздын улгайып калган эле артист аялдары үкү тагынып алышат. Коңшу казак эли күлүшөт. Үкүнү кыз-балдар, жаштар тагынчу эле..,
Дос, Ак Суудан

Маданият министри өзү маданияттуу болсо. Сахнада эмнени сүйлөш керек, үйдөгү менен алмаштырбаса. Мына, бир мисал, уйгур ырчынын концерти болуп жатса, министр чыгып алып "менин досум, жакын адамдарбыз" деп эле айтып жатат. Андайды үйдө олтуруп алып айта бер.
Дурук Дос, 773 4760***







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??