Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Реквием
Чаалыккан "Чалкан" журналына
жана анын чаалыкпаган редактору Бергеналы Базарбаев иниме

Ал бир кезде Аалыкемен бата алган,
Аттиң чиркин! Аты чыкпайт качандан.
Бүгүн бизге башка журнал керектей
"Чалкан" эмес, "Чырмоок" делип аталган.

Алдамчыны алаңдаткан түз эле,
Ар бир сөзү эмне деген күч эле,
Бопурасын бурулдатып муңайса,
Боорум ачыйт Бергеналы үкөмө.

Үмүтү бүт аласалды камгактай,
Бирок ага моюн сунуп, жай жатпай...
Жеңишти эңсеп, али келет кармашта
Взводунан жалгыз калган солдаттай.

Токтосун САМУДИНОВ,
Кыргыз Республикасынын эл акыны,
"Байчечекей" журналынын
башкы редактору



Током (Кыргыз Республикасынын эл акыны Токтосун Самүдинов) бул ырын биздин редакцияга мындан бир ай мурда алып келген. Мен жокто редакциянын жооптуу кызматкерлери ырдын бары-жогун да унутуп коюшкан окшойт. Ишке чыгаарым менен биринчиден, өзүм кыргыздын нака Бакай чалдарынын бириндей көргөн Токомдун алдындагы убадамды эстеп, экинчиден "ака досум" (өзү мени кээде "ука дос" деп коймою бар) Бергеналынын алдындагы достук, "аты бар, заты жок "Чалкан" журналынын алдындагы окурмандык парзымды моюндап, башкы редакторлук укугумду пайдаланып Токомдун бул ырын "Алиби" гезитинин окурмандарына жеткирүүгө ашыгып отурам.

Акын Токтосун Самүдиновдун ырлары болобу, пародиялары болобу кошумча түшүндүрмөнүн (комментарий) коштоосуна муктаж эместигин канчалык түшүнүп турсам дагы, бу саам Токомдун алакандай ушул үч куплет ырын гезит бетине жалгыз басууга даай албай койдум. Сыягы, бул менин акын жана пародист Токтосун Самүдиновду дагы, акын жана "чалканчы" Бергеналы Базарбаевди дагы, анан албетте, канча жылдан бери "терең реанимацияда" жаткан "Чалкан" журналынын тегерегиндеги чечилбеген маселелерди дагы жакшы билгендигимден окшойт.
Чынын айтсам, ырдын "Чаалыккан "Чалкан журналына жана анын чаалыкпаган редактору Бергеналы Базарбаев иниме" деген атынын өзү көз жүгүрткөндө эле жүрөгүмдү бир булкуп алды. Көз алдыма "ака досум" тартылды.
Адам баласы ата-энесинен, алган жарынан, алмончоктой балдарынан ажыраса деле каниет кылып, "жазмыштын маңдайга жазганы ушул экен"- деп көкшүнү сууганда көнүп берерин көрүп эле жүрбөйбүзбү. "Чалкан" журналынын чыкпай жабылганына быйыл жаңылбасам 10 жылдын жүзү болду. Ал ортодо "ака досум" кыз алган жары Нурбүбүдөн айрылды, жандай көргөн бир туугандарынан, досторунан айрылды. Күлмүңдөгөн күндөр, аркыраган айлар, жыла баскан жылдар өттү. Көп нерселер мезгил бүктөмүндө кала берди, унуткарылып. Көрсө, мезгил чаң дарыгер экен. Баарын унуткарды. Бирок, менин Бергеналы досум бир гана нерсе менен келише албай койду. Ал "Чалкан" журналынын жабылуусу эле.
Өткөн 2011-жылдын октябрь айындагы бир окуя түк эсимден кетпейт.
Президенттик таймаш башталып, бирок азыркы ажобуз Алмаз Атамбаевдин жеңиши күмөн туудурбай калган учур эле. Мен өзүм туулуп-өскөн Таласка бармай болуп, аны Бергеналыга айтсам, "чап" жабышса болобу "мени ала кет. Атамбаев эл менен жолугушууга Таласка барат экен. Мен дагы ошол жолугушууга элдин алды болуп барып, Атамбаевдин көз алдына отуруп, "Чалкан" жөнүндө жазган кайрылуумду өз колуна тапшырам"- деп. Көңүлүн кыйбай досумду Манас районуна ала кеттим. Айылга барарыбыз менен эртеси Талас шаарында болуучу жолугушууга баруучуларды тактап, анын жетекчисине Бергеналыны ала кетүүнү аябай табыштадым. Демейде оңой менен ордунан жылбаган Бергеналы эмнегедир ошол күнү ойдолоктоп бир орунга отура албай койду. Тамакты да оңдуу ичпей, эртеңге калса жетпей калчудай, мен табыштаган адамдар аны албай кетчүдөй болуп чыйпылыктай бергенинен түштөн кийин аны Кара-Буура аркылуу Таласка жөнөтүүгө аргасыз болгом. Кийин уксам ал жолугушууга барыптыр. Жазган кайрылуусун Алмаз Атамбаевге деле берген экен. Андан бери, мына, бир жылга чукул убакыт өттү. Бергеналы дагы деле үмүтүн үзбөй күтүп келатат. Ал ортодо президент А.Атамбаев, премьер-министр Ө.Бабанов, спикер А.Жээнбековдор жөнүндө мактоо ырларын да жазып, кайсы бир гезиттерге чыгарды. Бергеналы ишенген ал адамдар гезит окумак беле, окуса да Бергеналы аларга ким, "Чалкан" эмне болуп калыптыр, бирөөсү да "ии, сиз белеңиз, Бергеналы аке? Сиздин "Чалкан" журналына ушунчалык берилгендигиңизди сыйлап, эске алуу менен ар бирибиз 500 миң сомдон бөлүп берүүнү чечтик" - дегенге жараган жок. Эгерде "Чалкандын тарыхын, кыргыз басма сөзүнүн тарыхын сыйласак Бергеналы Базарбаев агабыз бүгүн минтип кайырчынын кейпин кийип отурбайт эле, атаңгөрү.
Акын Токтосун Самүдиновдун, бүтүндөй кыргыз элинин "боору ачыган Бергеналы үкөсүнө" бийликтин боору ачыбай койду. Жогорку бийлик сересиндеги үч адам тең - "Арашан" жазуучулар үйүнүн оор-жеңилин колдон көтөргөн президент А.Атамбаев дагы, миллиарддарды чүкөдөй калчаган премьер Ө.Бабанов дагы, бизнеси гүлдөгөн спикер А.Жээнбеков дагы атактуу "Чалкан" журналына келгенде суудан дудук, таштан керең болуп туруп алышты.
Мен бул макалам менен жогорудагы үч адамдын иш стилинде революция жасап жибербесимди билем. Бирок, Кыргызстанда, кыргыз бийлигинде алардан башка деле чоң-кичине бийлик ээлери бар да. Айталы, "Учкун" концернинин жетекчиси Болотканов мырзанын "Чалкан" журналына түздөн-түз тиешеси бар. Ал журналдын ээси, болгондо да карачечекей ээси. Канча жылдан бери аны карга-кузгунга жем кылып, как талаага таштап кеткендигин моюндап, мындан аркы чыгымын көтөрүп кетүүгө дарамети жетет.
Жогорку Кеңеште Чыныбай Турсунбеков, Эгемберди Эрматов, Каныбек Иманалиев өңдүү "чымындуу" депутаттарыбыз бар. Башка башка, бирок адабий басылмалардын тагдыры буларга деле жат болбосо керек.
Мүмкүн намысына келип, чалкасынан жатып калган "Чалканды" тургузууга шымаланып мына ушул азаматтарыбыз киришип берээр. "Эрди намыс, коенду камыш өлтүрөт" - дечү эмес беле кыргыздар.
"Жеңишти эңсеп, али келет кармашта,
Взводунан жалгыз калган солдаттай" - болгон Бергеналы Базарбаев аткан ар бир таңды үмүт менен, ишенич менен тосуп келатканын мен жакшы билем. Анын үмүтүнүн дагы, ишеничинин дагы боосу мен жогоруда атын атап кеткен адамдардын колунда.








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика