Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
"Республика" фракциясында ажырым кетти
Канатбек Исаевге каршы добуш бергендер кимдер?
Элдин эсинде болсо керек, 15-июлда "Республика" фракциясынын жыйыны болуп, анда фракция лидери Канат Исаевди аттан оодарып түшүшүп, анын ордуна депутат Алтынбек Сулайманов келип отурган эле. Бул оомалуу-төкмөлүү оюндун артында кандай саясый интригалар болгону, аны кимдер уюштурганы, "Республика" фракциясы эмне себептен мындай кадамга барганы айтпаса да түшүнүктүүдүр. Себеби, бул туурасында көп эле айтылды, делди. Канат Исаевди фракция лидерлигинен алып түшүү идеясы жана демилгеси Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдон чыкпаса, "башкы скрипачы" ал болбосо, "башкалар бул кадамга бара албас эле, жүрөгү даабас эле" дегендер четтен чыгат.
Биздин анысында эч чатагыбыз жок. Ошентсе да, белгилей кетчү нерсе, бул катардагы окуя Бабанов менен Канат Исаевдин ортосунда кара мышык аралап кеткенин таамай көрсөтүп турат. Канат Исаевдин ордуна фракция жетекчиси болуп Алтынбек Сулаймановдун келиши, бул бир фракция ичиндеги катардагы орун алмаштыруудай көрүнгөнү менен, биерде чоң саясый күрөштүн тамыры жатат. "Республика" фракциясынын лидерин алмаштырууда "башкы скрипкада" ойногон Өмүрбек Бабанов кан-жанынан жаралган фракцияны ич ара ыдыратып албоонун максатында бул кадамга барууга аргасыз болгону да чындык. "Республика" фракциясынын лидеринин орунунун талаш-тартыштын объектисине айланышы Жогорку Кеңештеги башка фракциялар үчүн өтө жагымдуу көрүнүш гана эмес, ошолор тарабынан жасалган иш экени деле оркоюп көрүнүп турат. Чындыгында, "Республика" фракциясын ичинен иритип, солкулдаткысы келген күчтөрдүн түпкү максаты башкада. Буга чейин, "Республика" фракциясы Жогорку Кеңештеги эрке фракция болуп, кааласа бакиевдик реваншисттик фракция аталгандар менен биригип, кааласа беркилер менен тил табышып, эки фронтто ойноп келген. Кайсы фракцияга башкаруучу коалиция түзүү укугу берилбесин, ал фракция "Республика" фракциясысыз коалициялык көпчүлүктү түзө албасы бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы экени эч кимге жашырын эмес. А коалициялык көпчүлүк деген сөз барып-келип эле, "Өкмөттү түзүү мүмкүнчүлүгү" - дегенди билдирет. Бул бир жагынан.
Экинчиден, "Республика" фракциясынын ичине жарака салуу менен Өкмөт башчы Бабановду кетирүү максатында Өмүрбек Токтогуловичке каршы күчтөрдүн жасап жаткан иш-аракеттери экенин бир айтабызбы, эки айтабызбы. Муну түшүнгөн Өкмөт башы өз кадамын жасады. Ошону менен ал өз ордун сактап кала алабы, аны убакыт көрсөтөт. Демек, каалайбызбы же жокпу "Республика" фракциясынын ичине жарака салып, Жогорку Кеңештеги таасирин азайтуу үчүн күрөштүн башталышы - күзүндө болучу саясый жүрүштөргө карата даярдык катары кабыл алсак да болот.
Кандай дегенде да, "Республика" фракциясына жарака кетирүү үчүн жасаган иш-аракеттер ишке ашты десек болот. Канат Исаевдин "көчүгүнөн ээр, үзөңгүдөн буту тайыды". Бирок, Канат Исаевдин фракция ичинде кадыр-баркы жок деп айтууга болбойт. Биз коомчулукка Канат Исаевди фракция лидерлигинен кетирүү үчүн ким, кандай добуш бергенин ачыктоо менен, фракцияда, дегеле "Республика" саясый партиясында аны колдогон күчтөр аз эмес экенин окурмандар өздөрү таразалап алат деген ишеничтебиз.




Мезгил. Адамдар. Окуялар
Атамбаев
Бабановго кандай
тапшырма берди?
Президент Алмазбек Атамбаев башында пассивдүү жүрдү эле, эми күчүнө кире баштады. Жакында эле премьер Бабановду өзүнө чакырып: "Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев менен анын орун басары Мелис Турганбаев бири-бирине эрегишип, кызмат талашып, бирин-бири аңдып, ит-мышык болуп жатышат. Бул иш-аракеттери менен министрликтин кадырын кетирип бүтүштү. Тез арада экөөн тең кызматтан айда", -деп буйрук берди дейт бизге шыбырагандардын бирөөсү. Алардын сүйлөшүүсүн атайын тыңшагычтар менен укканбы, же экөөнүн бирөөсү оозу боштук кылып айтып койгонбу, айтор аны уккан Зарылбек Рысалиев жан алакетке түшүп жатат дейт. Кантсе да жердештик жайы бар эмеспи, "Бабанов менин иним болот. Мен аны өлгүчө колдойм. Эгер аны премьерликтен ала турган болушса мен Таластан 3 миң ополчение алып келип, баарынын ташын талкан кылам, -деп күпүлдөгөн имиш. Аны уккан Бабанов ары карап ыйлап, бери карап күлүп, айтор, абдан ыңгайсыз абалда жүрөт дейт. Эки агасын кыя албаган ортодогу бала Бабанчикке эле кыйын болду.

Канат Исаев
кантип байыды?
2010-жылы Токмок шаарынын мэрлигинен түшүп, кызматсыз калган Канат Исаев ошол кезде жаңы түзүлгөн "Республика" фракциясына кошулат. Партиянын башка лидерлери килтейген джип машинелери менен келишсе, Канат Исаев машинеси жоктугун, кызматтык унаа менен гана жүргөнүн, жада калса Бишкекте үйү жоктугун айтып, Токмокко кетчү экен. Кийин республикачылардын күнү тууп, бийликке келишкенде Канат мырза фракцияны башкарып, Атамбаев менен Бабановдун сүйүктүү баласына айланып, тез эле байыды дешет. Учурда Канат мырзанын "Мерседес галенваген" деген 150 миң долларлык машинеси, Лексус 570 деген 120 миң долларлык жол тандабасы жана дагы ушул сыяктуу 3 машинеси бар экен. Бир жарым жылда жалпысынан 5 кымбат баалуу машине, Бишкектен 2 квартира алып, жакында буржуйлар жашаган бир районго жаңы особняк салыптыр. Мунун баарын кайдан тапты? Же фракция башчысынын айлыгы менен миллионер болсо болобу?

Эдилдин эңсегени...
Кадимки Эдил Байсалов бакырып жүрүп, эңсеген кызматына жеткен соң оңду-солду берген интервьюларын токтотуп, дымы чыкпай калды эле, эми областтарды кыдырып, өзүнүн чоңдугун көрсөтүп коймокко аймактардагы министрликтин башкармалыктарына барып, ар кыл тапшырмаларды берип, отчетту катыра сурап, айтор катуу аракетте жүрөт дейт. Бизге жеткен маалымат боюнча жаңы келген кызматы жагып, эртең эгерде Равшан Сабиров кайрадан акталып, кызматын талашпай турган болсун үчүн Равшан мырзаны азыр эле кызматынан алып ыргытып, өзүн бекиттирип алуу аракети менен Жогорку Кеңешти жортуп, Роза апчеси менен Бабановду тегеренип жүрөт дейт. Көрсө, бийлик кумары кары-жашка карабайт тура...






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??