Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Абдылдажан Акматалиев, академик:
"Бийлик Айтматовдон
сый-ургаалды аяган жок. Бирок..."

- Чекист Юрий Андропов КПССтин Генералдык сек-ретары болуп бийликке келгенде темирдей тартип орноп, көчөдө ээн-эркин бас-пай, тойлорго барбай калганбыз.
- Ооба. Юрий Андропов бийликке жаңы келгенде мен Чыңгыз агайды үйгө мейманга биринчи жолу чакырып калдым. Бул 1983-жылы, ноябрь айы эле. Үйгө академик Жамин Акималиев, жазуучу Казат Акматов чогуу келишкен. Брежневдик заман учурунда чыккан "Кылым карытар бир күн" романынан "Чыңгызхандын ак булуту" деген бөлүмчөнү цензура өткөрбөй, чыгармадан алынып салынганын айтып капа болуп отурду. Анда Чыңгызхандын чексиз бийлиги тууралуу сөз болот экен. "Балким, жаңы бийлик түшүнүү менен мамиле кылабы?"- деген үмүтүн жашырган жок. Андроповдун бийлигинен жакшылыкты үмүт кылса да, сталиндик тартип орноп калышы мүмкүндүгүн билдирип отурду. КГБнын төрагасы Ю.Андропов Брежневдик "застой" замандын кемчиликтерин көрүп-билип турган, бирок ал биринчи болбогондуктан бийлик системасын башка жолго салууга дарамети жетпейт эле. Ошентип ал биринчи болгондо, сиз айткандай, күндүз иштен качып киного кетмей, жөн эле көчөдө, автобуста, троллейбустарда жүрүү кан буугандай токтолгон. Чыңгыз агайдын да чочулаганы "тоталитардык режим кайра келбейби?" - деген ой экен. Кантсе да "Брежневдик демократия" заманына, коммунизм дооруна чекит коюлду.
- Бирок, бийликте Андропов көпкө турган жок, оорусунан кайтыш болду. Брежневдин кадры Черненко бийлик сересине чыкты, кайра жай заман ордуна келгенсиди. Ал да көп турбады, ооруу алып кетти. Жаш, ыкчам Михаил Горбачев КПССтин Генералдык катчысы, кийин СССРдин биринчи жана акыркы Президентине шайланды. Ал Чыңгыз Төрөкуловичти СССРдин Президентинин кеңешчиси кылып койду.
- Горбачевдук доордо Чыңгыз агай саясатка тикеден-тике аралашты. Горбачевго "кайра куруу" деген ураанын колдогон атактуу инсандар керек эле. Горбачев Айтматовду тандап алды.
"Эмне үчүн Михаил Сергеевич дүйнөлүк атактуу көптөгөн инсандардын ичинен Чыңгыз Айтматовду СССР Президентинин Кеңешинин мүчөсү жана кийин дос катары тандап алган?"- деген суроо жаралат. Мындан үч жыл мурун "Айтматов Нобель сыйлыгын алган, а бирок...." деген бир маек бергем. Ошондо айткандай, Чыңгыз агай Вена шаарында жүргөндө кечинде Швед академиясынан телефон чалышып, кайда болорун такташып, Нобель сыйлыгы ыйгарылгандыгы жөнүндө Нобель комитетинин чечимин угузушуп, куттуктап да жиберишет. Чыңгыз агайдын жанында жүргөн "Унионсферлаг" басмасынын директору Льюсон Лайтис ж.б. угушуп, чакан топ дасторкон жайышып, куттуктоолор айтылат. Дал ошол учурда, түндө, Нобель комитети кайрадан тынчтык номинациясы жөнүндөгү чечимди кароого шашылыш чогулуп, Батыш Германия менен Чыгыш Германиянын ортосундагы 160 чакырымдан ашык Берлин дубалы алынып ташталгандыгынын урматына жана анда СССРдин Президентинин ролу өтө зор экендигин эске алып, тынчтыкты сактоо номинациясы боюнча Нобель сыйлыгын Михаил Горбачевго ыйгарышат. Бир учурда СССРдин эки атуулуна сыйлык берүү мүмкүн эмес эле, ошондуктан Айтматовду адабият номинациясынан алып, сыйлыкты башка талапкерге ыйгарышат. Бул Нобель комитетинин тарыхындагы жүз он жылда кезиккен биринчи жана акыркы тарыхый окуя эле. Маалымат М.Горбачевго да жеткен,ошондон тарта ал Айтматовду алаканына салып, сый-урмат көрсөтүп келген. Чыңгыз агай Казанда ооруп жатканда ал-абалын сурап, Германиядагы ооруканага которууга жардам берип, өзүнүн фондусунан каражат которгон.
Эсимде, анда Чыңгыз агайдын үйү Токтогул көчөсүндө эле. Агай менен чай ичип, сүйлөшүп отурсак, Президент М.Горбачев агайдын үйүнө телефон чалып, экөө бир саатча сүйлөштү. Көрсө, М.Горбачев Чыңгыз агайдан Кытай Эл Республикасына чогуу барып келүүсүн өтүнүп, анын жөн-жайын кеңешкен экен. Ошондо Чыңгыз агайдын кадыр-баркына дагы бир жолу ичимен сыймыктанып алгам.
М.Горбачев жөнүндө Чыңгыз агай "Кассандра тамгасы", "Ода великие духи", "Жар боюнда боздогон аңчынын ыры" деген чыгармаларында, макалаларында жана китептеринде көп жазды.
Экөөнүн мамилеси достукка айланып кетти. "Кыямат" романында кайра куруунун эпкини байкалып турат, Кочкорбаев сыяктуу парткомдорду сындоо орун алган. Ошол мезгилде "Чыңгызхандын ак булуту" повести жарык көрдү. Чыңгызхандын жеке (тоталитардык) бийлигин сындоону максат кылган жазуучунун тилеги көп жылдан кийин орундалды. Бул китептин өзүнчө басылышына менин да катыштыгым болуп калды. 1989-жылы "Баласагын" деген жеке басма уюшулуп, мен басманын башкы редактору катары Мос-квага барып, Чыңгыз агайдын автордук макулдугун алып келгем. Баш сөзүн мен, соңку сөзүн Г.Гачев жазган. Горбачевдук мезгилде Ош окуясы болуп кетти, аны тынчытууга Айтматовдун кадыр-баркы пайдаланылды, ал кишинин ой-пикири менен Горбачев эсептешип турду. Айтматов Горбачевго көп жардам берди, аны эске алып Москва кыргыз жазуучусун СССРдин Люксембургдагы элчисине - дипломаттык кызматка жиберди. Бийлик бул кадамы менен Чыкебизге чыгармачылык шарт түзүп берди. Кийин СССР жоюлуп, Россиянын Президенти Б.Ельцин болгондо да Ч.Айтматов кызмат ордунда кала берди. Элчиликте "Кассандра тамгасы" романы жазылды. Ч.Айтматов Борис Ельцин менен бир үйдө чогуу турушкан коңшулар эле. Бир топ мезгил өткөндөн кийин Россиялык элчиликти өткөрүп берип, Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болуп кала берди.
- Биринчи маекти ушуну менен аяктасак. Экинчи маекти биздин республиканын жетекчилери менен болгон мамилеси, бийлик туурасында өзүнчө маек кылсак, ал да Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына таасирин тийгизсе керек.









кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??