Болсоң, Үсөн акедей бол!
Үсөн Сыдыковду канча жаман көрсөк да кыйындыгына таң берип эле бүтө албай келатабыз. 2010-жылдын майында түштүктүн 3 облусун басып алып, Убактылуу өкмөттү аз жерден оодара жаздаган Үсөн акенин үстүнөн жетиштүү далилдер табылып, ошол эле тополоң кылган күнү ар кимге телефондон: "Куралың барбы? Баланча менен түкүнчөнү жетелеп барып камап койгула" деген сыяктуу үн жазууларына бүт кыргыз күбө болгон. Эми каратып туруп ошол айткандарын таныптыр эй! "Мен ак болчумун. Жөн эле жалаа жаап камашты. Кийин жооп беришет ошон үчүн", -деп догурунуп да алды. Антип догурунганына карабай, резиденцияны айланчыктаганына караганда Атамбаевдин бир коркок билиши бар окшойт да. Болбосо: "Калжаңдабай жөн отур. Дагы камап салам", -десе тынчымак да. Демек, бир компроматы ба-ар Үсөн акенин...


Пирматов пирин унутканда
"Коррупциялык иштерге катышы бар" деген калбыры артында жүргөн Исхак Пирматов аттуу депутат бар. Орустар айтмакчы, "черезчур" зыңкыят эле зыңкыят. Ошол жигитке түштүк тараптан чыккан бир топ транспорт тармагындагы жигиттер тымызын муш кезеп турган чагы. Анткени, Исхак мырза ЖКнын транспорт тармагын көзөмөлгө алган комитеттин башында отурганы менен көркүн көргөзгөндөн башка иш кыла элек экен. Ал турсун, бул жигит кечээки өзүн киши кылган айрым адамдарды бүгүн теңине албай, тескериленип турганы да белгилүү. Айталы, Исхак ар кайсы мекемеде мадыра баш кызматкер болуп жүргөн кезде азыркы Жалалабаттын губернатору Азиз Турсунбаев тирикарак экенин байкап калып, өзү ээрчитип жүрүп Максимге тааныштырган экен. Кийин Исхак бат эле Максимдин ичи-койнуна кирип, "Кыргызнефтегаздын" башына отуруп калганын айткандар көп. Бирок, азыр анын бири жок, ошондо бутка тургузган Азиз Турсунбаевди деле унутуп калган тура, кашайгырдыкы...
Айтмакчы, азыр Азиз мырза да Өкмөт башчысынын айрым иштерине ичи чыкпай, кызматын тапшырып берүүгө ниеттенип жатканын кулагыбыз чалды.


Кайрадан референдумбу?
Апрель революциясынан бери 2 жылдан ашык убакыт өттү. Өлкөдө бир жолу президент, төрт жолу Өкмөт алмаштырдык. Парламенттик бийлик өзүн-өзү актабай барат. Себеби, улам түзгөн Өкмөт улам үмүттү актабай, жер каратууда. Ушундан улам го, сыягы, бул күндөрү президент Алмаз Атамбаев баштаган топ президенттик-парламенттик башкаруунун жаңы форматын коомчулукка алып чыгууга киришкенин айтып жатышат. Ал дегенибиз күздө референдум өтүп, андан соң парламент таркатылат. Ортодогу Өкмөт деген институт жоголуп, анын кызматын вице-президент башкарат сыяктуу. Баса, анда парламент дагы азыркыдай парттизме менен күргүштөлүп толбой, элдик курултайчылардын идеясы менен төрт жолу чогулуп, мыйзам кабыл алып, калган убактарда өз иштерин кыла берчү 70 адамдан турат дешет билермандар. Буюрса бир топ кызыкдар алдыда окшойт...


Чептен эрдин күчү бек
Учурунда "Ак жол" партиясынын мүчөсү болуп, депутаттык мандатка ээ болгон, кийин парламенттик шайлоо учурунда "Республика" партиясынын штабында юрист болуп жүрүп, Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинде орун басарлык кызматка көтөрүлгөн, сүйлөсө тилинен чаң чыккан, иштесе колунан шаң чыккан Динара Молдошева деген татынакай, тирикарак кызыбыз бар.
Өмүрбек Бабанов менен Учкунбек Ташбаев уюшуп алып, антимонополия агенттигин жоер алдында "республикачылардын" колдоо-коштоосу астында өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп дайындалган.
Өз ишин камчы салдырбай аткарып жаткан Динара карындашыбыз мындан 2-3 күн мурда кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып, Ө.Бабановдун колуна карматыптыр.
Буга чейин Бабановдун ишенимдүү адамдарынын бири, өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Руслан Кайназаров дагы кызматтан табышмактуу жылбышканын эске алсак, Бабановдун айланасындагылардын кача баштаганы бир нерседен кабар берип турган жокпу? Бирок Бабанов андан чочулап койсочу. Учкунбек Ташбаев, Төрөгул Беков өңдүү Бакиев батальонунун "эр азаматтары" менен өзүн тегерете курчап алып отурбайбы. "Чептен эрдин күчү бек" деп бекер айтпайт тура, курган кыргыз.


Атамбаевдин жаңы оюну
Ажолукка жеткенче адал сүйлөгөндөр бийликке жеткен соң эки тизгин, бир чылбырды колго алып, айланасындагы жагалдангандардын баарын ары-бери ойноткусу келип эле калат окшойт. Муну буга чейинки тарых да тастыктабадыбы.
Жакында Атамбаев ыраматылык аксакал коммунист Абсамат Масалиевдин уулу Исхак Масалиевди кабыл алыптыр. Экөө көпкө сүйлөшүптүр. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында жакында, парламентти күм-жам кылгандан кийин, Исхак мырза жетектеген Кыргызстан Коммунисттери партиясын парламенттик шайлоодон аз сандагы мандат менен өткөрүп, Келдибеков, Ташиев батальондорун сүрүп чыгуу планы иштелгени жатыптыр. Убагында Бакиев дагы Исхак Масалиев менен Алмазбек Атамбаевдин партияларына аз мандат бере коюп, ары жактагы ажылдаган оппозициянын жаагын басам деген. Тилекке каршы, Атамбаевдин айланасындагылар оппозициянын башына тура калып, Бакиевди айдап чыкты. Ошондуктан, "Ташиевге караганда жоош" деп эле көрүнгөндү чогулта бергенден этият болсоңуз жакшы болот эле, президент мырза!


"Радугада" кыздар менен сайран курган кайсы чиновник?
Көлдүн сезону көркүнө чыкканы ал жакка дем алышта тынбай каттаган мамчиновниктердин жол тандабастарын трассалардан арбын кезиктирүүгө болот. Бабанов МАИ кызматкерлерин алдырып салгандан кийин аларга Кудай берип эле салды. Өткөн ишембиде түнкү саат 2: 30дар чамасында Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылында жайгашкан "Радуга" пансионатына 3008 BA кызматтык номурлуу кара түстөгү "Брауз" үлгүсүндөгү машиненин ичине шарактаган кыздарды толтуруп келип, пансионаттагы дискотекага киргизгенин көргөн күбөлөр бизге телефон чалышты.
Мындан тышкары, ошонун эртеси, жекшемби кечинде Кеминдин артынан айланып өткөн жолдо 0303 BZ номурлуу кара түстөгү Ланд Круизер машинесин 170-180 км саат ылдамдыкта, жолдогу машинелерди үркүтүп айдап келгендер тууралуу дагы ишенимдүү маалымат түштү. Бул машине биздин билишибизче Экономика министри Темир Сариевге тиешелүү. Трассадан МАИ кызматкерлерин алып койгондон кийин ушинтип эле өз билгендерин кыла берсе жараша береби? Же буга чейинки мисалдар сабак болгон жокпу? Деги, бизде мыйзам барбы өзү?


Чубак Абышкаев дарбыз тандап...
Тээ Акаев маалында түкүрүгү жерге түшпөгөн Чубак Абышкаев деген бар эмес беле. Аксы окуясы чыккан маалда Баш прокурор болуп, айрандын баарын чалып коюп, кийин Чүй облсотуна төрага болуп баса берген. Ошондон бери дымы чыкпай, Бакиев маалында бар экени билинген эмес.
Өгүнү көпчүлүктү сагындырган Чубак Садыковичти Бишкек шаарындагы Махатма Ганди көчөсүндө жол жээктеги дарбыз-коондорду чекесинен чертип көрүп, сатуучулар менен аябай соодалашып, акыры алчусун алып, ак түстөгү 1111 номерлүү (сериясын эстей албай калдык) Мерседести кыңылдай айдап кеткенин көрдүк. Кыязы, дарбыз-коонго жумшаганга киши таппай калган го...