Абдылдажан Акматалиев:
"Бийлик Айтматовдон
сый-ургаалды аяган жок. Бирок..."

- Абдылдажан, сен дүйнөлүк жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жөнүндө басма сөзгө бир топ эле макала жаздың, маектерди бердиң, монографияң чыкты. Учкай болсо да Айтматовдун мамлекеттик жана коомдук ишмердүүлүгүн, саясий көз карашын айтып жүрөсүң. Мен сени менен "Айтматов жана бийлик" деген темада кеңири маектешейин дедим эле. Ушул теманы жазуучу чыгармачылыгында кандай чагылдырды, ал эми турмушта болсо бийликке, бийликтегилерге кандай пикирде эле? Ирээти менен баштасак, алгач Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы Сталиндин заманына туш келбедиби?
- Ооба, 1937-жылдын кара көлөкөсү Айтматовдордун үй-бүлөсүнө да залакасын тийгизип, атасы Төрөкул репрессияга учурап, кийин атылып, "эл душманынын баласы" деген өтө оор кечиримсиз сөз Чыңгыз агайдын жүрөгүнө, жан дүйнөсүнө такыр кетпес из, жараат калтырган. Атасынын айынан бийлик тараптан кысымга, басмырлаганга, жолтоо, тоскоолдуктарга тушуккан. Бардык кыйынчылыктарга чыдап, аны көтөрүүгө туура келген. Сталиндик режим учурунда ал үчүн өйдө көтөрүлүүгө, катуу сүйлөөгө, чындыкты талашууга болбойт эле. 1952 - жылы жигиттик куракка эми жетип, өз алдынча турмуш жолун баштоонун алдында турган жаш Чыңгыз алгачкы "Газетчи Дзюйо" деген аңгемесин жазат. Аңгемеде япон калкынын баскынчы интервенттерге карата жек көрүүсү, тынчтык көксөгөн тилеги гезит сатып күн көргөн кичине бала аркылуу сүрөттөлөт. Аңгемеде Сталин тынчтыктын символу катары берилет. "Эмнеге өзү үчүн бактысыздыктардын себепкери болгон адамды антип көкөлөтүп жазган?"- деген суроонун да жооптору бар.
Биринчиден , ал учурда эң актуалдуу болгон тынчтык темасы жаш Чыңгыз үчүн дагы эң ыйык дүйнөдөгү номер биринчи тема болчу. Советтер Союзу тынч-тыкты жактоочулардын флагманы болуп турган. Анан калса Людовик XIVнүн бир кездеги "Мамлекет - бул менмин" деген принциби сталиндик заманда да башкы принцип болуп кала берген.
Экинчиден , сталиндик репрессиянын негизги себептери, былыктары ачыла элек учур эле. Төрөкул Айтматовдун өлүү-тирүүсү да анын үй-бүлөсүнө белгисиз болчу. Өлгөндүгү жөнүндө маалыматты алар 1957-жылы араң билишти.
Үчүнчүдөн , Сталиндин тынчтык идеясын жактоо аркылуу "Эл душманынын уулу" деген жаманаттысы бар жаш калемгер коомчулукка өз жолун ачууга аракет кылган. Антпесе, б.а. Сталинсиз аңгемеси да гезитке басылбайт эле. Бийлик ачык тоскоол кылбаса да, айтпаса да, жолтоо боло берген. Айыл чарба институтунун аспирантурасына жалаң "беш" деген баага тапшырса да алынбай калган. Кийин, заман өзгөргөндө, сталиндик бийлик тууралуу "Кылым карытар бир күн" романында жазып чыкпадыбы! Ошондой эле "Жар боюнда боздоп калган аңчынын ыйы", "Кассандра тамгасы" деген чыгармаларында, берген маектеринде Айтматовдун Сталинди, анын режимин жек көрө тургандыгы ачык эле байкалып турчу. Айтматовдун чыгармачылыгындагы бийлик маселеси чоң тема. Мен аны маегибиздин ыңгайына карата, зарыл болгон учурда, Чыңгыз агайга тиешесине карата айтып отурайын.
- Жеке адамга сыйынуу айыпталды. Заман жаңы багытка түштү, Никита Хрущевдун бийлиги келди.
- Айтматовдун үй-бүлөсү үчүн бул учур менен кошо өмүрдүн жаңы барактары ачылгандай болду. Төрөкул ата акталды, эл алдында, мамлекет алдында күнөөсү жок болуп чыкты. Чыңгыз агайдын турмушунда, тагдырында бурулуш болуп, Жазуучулар Союзуна кабыл алынып, М.Горький атындагы дүйнөлүк адабий институтка эки жылга жиберилет. Замандын агымы, элдин аң-сезиминин өсүшү Чыңгыз агайга "Бетме-бет", "Жамийла" деген атактуу чыгармаларды жазууга түрткү берген. Эгерде мурдагы заман болгондо согуштан качкан күйөөсүн узак убакка жашырып келген аялды жана күйөөсүн чанган аялды башкы каарман кылган жазуучуну атып жиберишмек. Ансыз деле жердештери ошондо Чыңгыз агайды тепкиге алышкан, союздук бийликтин түз көз карашынан гана өзү да, чыгармачылыгы да аман сакталып калган. Хрущевдук заман Чыңгыз Айтматовго улам жаңы "Биринчи мугалим", "Кызыл жоолук, жалжалым", "Саманчынын жолу" деген повесттердин жаралышына гана эмес, СССРдеги эң бийик даражалуу сыйлык - Лениндик сыйлыктын ыйгарылышына, кең келечектүү чыгармачылык жолдун ачылышына алып келген. Хрущевдун мезгилине саясий көз караштан эмес, анын адабиятка болгон мамлекеттик көптөгөн мурдагы чектөөлөрдүн жоюлушуна алып келген шарттары үчүн ыраазы болуп, жогору баа берер эле. Бекеринен алтымышынчы жылдардын муундары Ахмадулина, Вознесенский, Рождественский, Сулейменов, Гамзатов ж.б. жаңычылык менен дүйнөлүк классиканы жаратышпадыбы. Алардын чыгышына коом, бийлик шарт түзгөн. Бул мезгилдеги Ч.Айтматовдун чыгармаларына романтикалык маанай мүнөздүү болчу.
- Анан КПССтин Генералдык сек-ретары Брежневдик заман менен 20 жылдай жашабадыкпы. Ага кийин "застой" деген баа бердик. Бирок, так ушул заманда Чыңгыз акенин чыгармачылык чеберчилиги ар тараптан ачылбадыбы?!
- Туура айтасыз. Чыгармачылыгынын экинчи, жаңы баскычы "Гүлсарат" повестинен башталат. Жазуучу союз учурундагы өнөкөт "өндүрүштүк" темага, жаңыча стиль, жаңыча көз караш менен киришет. Дал ушул "Гүлсарат" повести коомдо болуп жаткан кемчиликтерди ачык сындайт эмеспи. Кашкатаев, Сегизбаев, Алданов сыяктуу бийлик ээлери Танабай сыяктуу карапайым адамды тебелеп-тепсөөгө аракет кылышат. Партиянын секретарларын, колхоздун башкармаларын, түпкүрүндө социализм системасынын туура эмес багытта бараткандыгын Айтматов ачык эле биринчилерден болуп сүрөттөп чыккан. Бул партиянын линиясына каршы болуу дегендик эле. Анын үстүнө, социалисттик реализм методунда мындай чыгармалардын жаралышы мүмкүн эмес болчу. Айтматовдун мындай чыгармачылык эрдигине Лениндик сыйлык калканч болуп берген. Ал турсун бул чыгарманы батыштык басма сөз колдоп кеткендиктен, балким, Нобель сыйлыгын берип жиберишпесин деген ниетте СССР Мамлекеттик сыйлыгын ыйгарып жиберишсе керек. Анткени, Лениндик сыйлык менен СССР Мамлекеттик сыйлыгынын ортосу 3-4 жыл эле болуп жатпайбы! Бул эми менин жекече пикирим. Айтматов муну билгенби, билген эмеспи билбейм, бирок, ал ушундан тарта ички туюмунда чынында Союздун башкы, баатырдык сыйлыгына, керек болсо андан өтүп Нобель сыйлыгына карай канат байлаган.
"Ак кеме" повестиндеги Орозкулдун колунда да бийлик бар, ал кичине бийлигине токойдогу жашоочуларды "кың" дедирбей баш ийдирет. Бекеринен социализм коомундагы курч проблеманы, конфликтти алып чыккан "Ак кеме" повести да бекеринен кийин Турция тарабынан Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн эмес. Повесть чыккандан кийин бат эле "Ак кеме" киносуна да Айтматовду баш кылып СССР Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Бийлик Айтматовдон сый -ургаалды аяган жок. Жогорудагы фактылардан улам дагы ойлоп кетем, чынында эле бийлик Айтматовдун Нобель сыйлыгын алууга жашыруун тоскоол, жолтоо болгонбу деп. Болбосо дагы бир-эки факт - "Кылым карытар бир күнүнө" да СССР Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылып жатпайбы! Адабиятчылар бул романды Гарсиа Маркестин Нобель сыйлыгын алган "Жүз жыл жалгыздык" романы менен тең баалашат эмеспи. "Кылым карытар бир күн" романы маңкуртташып бараткан бийликтик системаны, режимди жергиликтүү улуттук, союздук, ааламдык масштабдан алып көрсөтөт. Экинчи факт - Брежневдик доор да Айтматовго зор чыгармачылык ийгилик, ошондой эле өтө абройлуу атак-даңкты - Социалисттик Эмгектин Баатырын алып келди. Элүү жашында Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам, сыйлык бир да жазуучуга, ал гана эмес орус жазуучусуна да берилген эмес. Айтматовду СССРдин бардык сыйлыктары, бир нече медаль, ордендер менен аны сыйлоо менен идеологиялык жактан бир рамкада кармап турууга мажбур болгондой. СССРдин сыйлыктарын алгандарды Нобель комитети карабайт деген пикирлер болсо керек.

(Уландысы бар)