Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Мындай шоу болорбу?

Эсиңиздерде болсо керек, мамлекеттик кызмат адамдары "жыйган-тергендери" боюнча милдеттүү түрдө декларация тапшырган. Булардын арасынан байпагы манат болуп турса да, эмгиче бир үйү жоктугун айтып ыйламсырап тургандарды көрүп, кыйлабыз "алда бечара ай" - деп жашып да кеткенбиз. Карап турсаң мингендери миллиондорду чапчыган машине, анан эле үйү жок. Анан жашыйсың да. Башкы прокуратура "бу шоруң каткырлардын чоо жайын тартып көрөйүн" дегенби 154 кызмат адамдарынын 93үнүн тапшырган декларацияларын барактап көрсө , анын ичинен 81и "ким көрмөк эле?" дегенби өз мүлкүн өзү "кытып" жашырып койгондору, будамайлап жибергендиктери чыгып отурат.
Булар жөн кишилер эмес. Алардын арасында (25) министр, ведомстволордун, администрациялардын жетекчилери өңдүү чылгый үлкөндөр бар. Четинен санасак У.Ташбаев, Ю.Тойчубеков, Т.Беков, К.Нарбаев, губернаторлор Ж.Разаков, К.Курманалиева сыяктуу жалаң каймактарды табасың. Эң кызыгы декларацияны толук толтурбай, дүнүйө мүлкүңдү жаап-жашырып койсоң эч кандай кылмыш же административдик жоопкерчиликке тартылбайт экенсиң. Болгону "андай кылбай жүрбөйсүңбү (дисциплинардык жоопкерчилик) " - демиш болуп койсоң болот экен. Андай болгондон кийин "декларация толтур"- деп коколоштун кимге кереги бар? Кыргызстанда адамдын боорун эзген көп эле саясый шоулар болчу эле, бул деле ошонун бири болуп калды окшойт. Бул ирет Башкы прокуратура "сыртынан караганда иштеп жаткансыган, ал эми ичи былгып жаткан кыргыз бийлигинин жаман жерине колун салып алды. Эми, качанга жейин жуунат билбейбиз. Андыктан Башкы прокуратура жакка азырынча баспай эле койгонуңар туура.





Окшошкон гана эргулдар

Эмне болуп кеткенин ким билсин Бишкек шаардык прокуратурасы күүлөнгөн боюнча барып "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасын баса калып муунтуп жиберди эле, ошол жерде иштеген бир чиновник 9 млн.сомду тоок жегендей ашаганы билинип калбаспы. Түз эле 304-статья жыттанган бул иште шайтандын өзү да бутун сындырып алчудай. Кыскасы, "Кыргызтурак-жайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы ун саткандар менен аралашып ("Бишкек ун комбинаты") аягында минтип, көзү башынын баары ун болуп көрүнбөй калды. (Капырай, ун менен булардын эмне иши бар десең?). Шаардык прокуратура эринбестен ошол унду кагып-күбүп, сүрүп чыкты эле ар жагынан И.К. деген чиновниктин мурду, бул ишке аралашкан дагы бир "ОсООчу" Т.А. дегендин ун баскан каш-кирпиги чыга келбеспи. Азыр бул иш тергөөдө. Тиги окшошкон экөө үй камагында.





Иншалла...

Бисмилла рахмон рахим! Бүгүн Кыргызстандын мусулмандар башкармасы ажыга самолет менен алып барып келүүчүлөрдүн арасында тендер өткөрөт. Азырынча, ага катышууга эки гана авиакомпания кызыгып жатыптыр. ("Кыргызстан аба жолдору" жана "КыргызТрансАвиа"). Ылайым, молдокелерге ыйман берип, тендерлери "тёмный" болбой, ачык айкын өтүп кеткей эле. Минтип Кудайга жалынып турбасак, айткандары келме, чалынгандары селде болгону менен күйгүзгөндө да ушул молдокелер күйгүзчү болбодубу.



УКМК угуп жатасыңбы?

Тажикстандын баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча агенттиги Тоолуу-Бадахшан автономдук облусундагы кандуу колдуу бейформал лидерлердин "Кыргызстандагы айрым адамдар менен байланышы бар" деген маалыматты таркатты.Т.Аёмбеков, И.Имомназаров, Ё.Мамаднасаров дегендер биздеги кылмыштуу топтор менен телефон аркылуу баңгизат тууралуу сүйлөшүп турбаса "баштары ооруйт" дейт. Биздин бийлик чоңдорду тыңшагандан чолоосу тийбей жүргөн шарттарда, баңги затчылар минтип, ачык эле бакылдашат экен. УКМКны "угуп жатасыңарбы?" -деп койгон бирөө жок.


Акталышты

Радиоактивдүү көмүрдүн уусу тараса дагы, чуусу тарай элек. Убагында бул көмүрдүн чуусунун кесепетинен Энергетика жана өнөр жай минис-три А.Шадиев кызматын убактылуу таштаганга аргасыз болуп, депутаттык комиссия "көө жукпаптыр, таза экен" дешип, кызматына кайра барган. Бул ишке акыры сот чекит койду окшойт. Биринчи май райондук соту А.Шадиевди, ошондой эле бул ишке тиешеси бар катары айыпталып жаткан К.Жумалиевди, А.Тентиевди, Аман уулу Мирланды актаган чечимин чыгарды. Баарын сот чечет десе ишенбейсиңер.


Айга учпасаңар төлөгүлө

Бишкек шаардык соту "Түндүкэлектро" ишканасынын пайдасына "Бишкексвет" муниципалдык ишканасынан 10,4 млн.сом өндүрүлсүн" деген чечимин чыгарды. Бүгүнкү күндө бул ишкана 650миң сомду "үжө" төлөп койду. Элге свет берерин берип, акчасын жыйнай албай турган "Түндүкэлектро" ишканасы 609 "уятсыз" абоненттерин сотко берген. Алар четинен төлөп жатышкансыйт. Абоненттер үстүбүздөгү жылдын 1 июлуна карата 360,8млн. карыз болсо, июнь айында бул карыз 12 млн.сомго кыскарды. "Түндүкэлектро" акыры, соттошуп болсо да аларын алчудай. Андыктан жазып-тайып карыз болуп калгандар төлөп берип эле кутулбасаңар башка жол жок. Ырас, Айга учуп кетсеңер айла жок.


Кекечтенбей...

Беловодское айлынын жашоочусу, 76 жаштагы аял түн ичинде бет кап тартынган экөө терезеден кирип келип, бычак такап, тоноп кеткендигин айтып, милицияга кайрылган. Көп өтпөй бул кылмышка шектүү катары Ак-Суу жана Беловодское айылдарынын 1994-жылы туулган эки чычымы кармалды. Учурда кемпирге алы жеткен эки берен "кекечтенбей" сурак берип жаткан кербези.


Өз баласын жайлады

Араван районунун Төө-Моюн айлынын 28 жаштагы жигити анык эле "төө" окшойт, 25 жаштагы аялына, 9 айлык баласына көп жолу бычак уруп жайлап тынды. Натыйжада, 9 айлык наристе дароо көз жумуп, ичине, бети-башына бычак жеген келинчеги ооруканага жатып калган. Канынан жаралган баланын жанын алганы менен өз жаны аябай таттуу окшойт, 20 күн жүгөрүнүн арасында качып жүрүптүр. Качып кайда бармак, милиция таап "жүгөндөп" салып, жетелеп келиптир. Төө демекчи, төөдөй ботосун сүйгөн мал болбойт. Ботосу бирдеме болсо, боздогон үнүн угуп чыдап тура албайсың. Бу жигитти эмне деп айтаарды да билбейсиң.


"Алиби" пресс






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??