"Салыкчы" губернатор
Бу кулак кургур укканын жерде калтырбайт экен да. Жакшысына дагы, жаманына дагы жармашкан "имиш" деген балээни шак эле илип алмайы бар. Буга чейин Нарын облусуна губернатор болуп баргандардын дээрлик бардыгы тең Нарын-Торугарт жолунан өткөн оор жүк ташуучу унаалардан тыйын өндүрүп тургандыгын айтып келишкен. Эми кашайып ошондой жарлык азыркы губернатор Канатбек Муратбековго дагы ач кенедей жабышыптыр. Учурда Нарындагы майдараак аткаминерлердин айтымында бажычылар губернатор үчүн ар бир машинеден 1 жарым миң сомдон шыпырып алышат экен. Бул эми бизге жеткен маалыматтар. Муну такташ кыйын да. Ошентсе дагы экономикасы дээрлик жокко эсе тоолуу облустун губернаторлугун топ талашкандай талашкандарында бир мандем бар да.


Өмүрбек
Бабанов
Лондондо "ким" менен жолугушту?
Өмүрбек Бабанов өкмөттүн иши кычап жатканда Лондонго барып, бир нече күн олимпиада көрүп жатып ала турган жигит эмес эле деп, бир нерседен шектенгендер бар. Эсиңерде болсо, буга чейин Бабанов менен бука моюн Курманбектин көк көз Максими менен "тыйын-тыпыр" боюнча достук байланышы дагы деле уланып жатканын айтып келишкен. Ал Лондонго барганда Лондон Фондулук биржасын ачуу иш-чарасына катышканы дагы күмөн туудурат. Себеби, бул мекеменин башчысы Александр Жастхэм Максим Бакиев менен абдан ынак мамиледе болгондугун көпчүлүк биле беришпейт. Анан калса бул-иш чараны дагы Максим уюштуруп, азыркы өкмөттүн имиджин оңдоого экс-ажонун уулу катуу эле салым кошуп жатканын айтып жүрүшөт. Эми муну айтканда не да, айтпаганда не. Канча далил даярдасаң дагы булардын шылтоосу чөнтөктө да. Акчалуу кишилерге теңелиш кайда. Эмнеси болсо дагы жакшы эс алып келсин, Өмүкенин "кайфын" бузбайлы...


Чет өлкөлүк инвесторлор
да кооптоно баштады…
"Кумтөр" алтын кенинин тегерегиндеги чуу дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда туру. Асыресе, алтын кенин улутташтыруу демилгеси чет өлкөлүк инвесторлорду чоочутуп, Кыргызстандын инвестициялык климатынын келечегине балта чабары байкалып калды. Бул жаатта алыскы, жакынкы мамлекеттердин ичинен биринчи жолу Түркиянын биздеги элчилиги үн катты.
Элчиликтин соода жаатындагы кеңешчиси Бехзат Эртендин айтымында, мамлекет өзүнө алган милдеттемелерди так аткарып, эгер келишимдин шарттары бузулса, анда өлкө жетекчилиги кырдаалдан чыгуунун мыйзамдуу жолун табышы керек. "Ири инвесторлор "Кумтөрдүн" айланасындагы окуяга кылдат көз жүгүртүүдө. Кичинекей эле мыйзамсыз аракеттер инвесторлордун Кыргызстандын экономикасына акча салуусунда ойлонуусун жаратышы ыктымал" дейт ал.
Түркия элчилигинин өкүлчүлүгү бекеринен минтип коңгуроо какпагандыр. Буга бийлик тарабынан түзүлгөн мамлекеттик комиссия олуттуу көңүл буруп, оңгулуктуу натыйжа чыгарарына ишеним артып туралы…


Жетим-Тоодо кайрадан кытайлар
Тээ Бакиев деген неме бакыйып, эч кимди көзүнө илбей кутуруп турганда Нарында губернатор болуп турган Өмүрбек Суваналиев деген эргул ат менен Жетим-Тоону аралап чыгып, акырында "бечара" кытайлардын колу-бутун кайрып туруп чек арадан ары узатып койбоду беле. Ошондон кийин Бакиеви дагы, Максим-саксимдери дагы дымып тим болушкан. Кытайлар болсо Жетим-Тоого жоломок тургай чек арадан ашкандан чочулап калган. Эми ошол кытайларга жан кирип, кайрадан жаңы бийлик менен сүйлөшкөнбү, айтор ээн-эркин чардап, Жетим-Тоонун аймагына чоң тралл машинелер менен эксковатор, бульдозер деген техникаларды бирден-экиден ташып келе башташыптыр. Сыягы, "Атамбаев шайлоодон кийин кытайларды киргизет" - деген сөз чын окшойт. Теги күмөн кишиге кыргыздын жери дагы, тагдыры дагы баары бир да...


Медакадемиядагы коррупция...
Учурда жаңы окуу жылына абитуриенттерди тандап жаткан Иса Ахунбаевдин атын алып жүргөн жападан жалгыз медициналык академия дагы акыркы күндөрү коррупциянын очогуна айланып бара жаткан чагы. Гиппократтын антын ичип, адам өмүрүн калчаган бул кесипке ээ болом дегендер а түгүл дарылоочу факультетке (лечфак) дагы тыйын берип өтүп жатышкандыгы тууралуу кызык фактылар бизге келип түштү. Буюрса кийинки сандарыбызда акыркы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгындагы так эместиктер жана медакадемия жетекчилигинин былык иштери тууралуу макала даярдап жатабыз. Эгер фактылар болсо күтөбүз.


Бакыт Төрөбаев
премьерликти эңсеп...
Замандын талабы ушундайбы, же Кыргызстанда эле ушундайбы, айтор түшүнүп болбой калды. Эл алдына чыга калып, төбөсү көрүнгөндүн баары эле премьерликтен сөз баштачу болду. Буга чейин премьерликти талашкандардын катарында ким гана жок. Эми ошолорго Эргеш аксакалдын уулу Бакыт Төрөбаев дагы кошулуптур. Өзү кыйынчылык көрбөгөнү менен тарбиясы жакшы чоңойгон Бакыт мырза буга чейин болгону "акжолчу" депутат, андан соң МЧСке министр болуптур. Эми "премьер болом" деп, тымызын оюн жүргүзүп жаткан чагы экен. Деги күзгүдөн өздөрүн жакшылап карашса болмок экен.


Сепаратист Султанали Алиев кайда?
2010-жылдагы июнь окуясын уюштургандардын ана башы деп сот өмүр бою абакка сыртынан кесип, тон бычып койгон Кадыржан Батыров деген неме Швецияга качып барып, ээн-эркин оозуна келгенин оттоп, бет тырмалык кылганын кое элек. Ошондой эле Ош коогалаңында активдүү роль ойногондордун катарында Кадыржан Батыровдун "Родина" партиясын түптөгөндөрдүн бири, уйгур улутунун өкүлү Алиев Султанали Рамазанович деген неме учурда дайын-дареги жок житип кеткенин айтып жүрүшөт. 1969-жылы туулган Султанали Алиев буга чейин Ош шаарындагы Западный кичирайонундагы Интернациональная көчөсүндө жашап, Ош коогалаңынан кийин дароо дайынсыз жоголгон. Билермандардын айтымында этникалык чатактын чыгышына активдүү роль ойногон. Кадыржан Батыровдун Оштогу ишенимдүү адамдарынын бири болгон. Болгондо дагы так ошол капсалаңдуу күндөрдө уйгурларды кыргыздарга каршы тукурганга аракет кылгандыгы тууралуу маалыматтар бар. Кыргызстандан аман-эсен чыгып кеткенине караганда Кадыржан акеси канатына калкалап алган го сыягы.