Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Жүрөгүмө комуз, аккордеон жакын…

Акыркы беш жыл арасында шоу бизнес гүлдөгөнү менен кылым карыткан комуздун же кийин кирсе да элге сиңип кеткен аккордеондун коштоосунда ырдагандар аз. Бирок, арасынан саналуу болсо да Аваз Акимовго окшогон таланттуу ырчылар ушул музыкалык аспаптардын коштоосунда өнөр көрсөтүп келишет.

- Аваз, сенин ырларыңдын көбү, негизинен аккордеон, комуздун коштоосунда ырдалат. Себеби барбы?
- Мен кичинемден эле Сыймык атам менен бирге жүрүп, комуз, акардеонго жакын болдум. Азыр деле дүңкүлдөгөн музыкага караганда комуздун муңдуу үнү жүрөгүмө жакын.
- Ырчылардын баары эле күйгөн-сүйгөндү ырдашат, деги сен үчүн "сүйүү" - деген эмне?
- Сүйүүнүн түрү көп. Мекенге, балага, ата-энеге дегендей. Ал эми кыз жигит ортосундагы тунук сүйүүнүн бири алгачкы сүйүү. Бала кыял, жаман жакшыны билбей жүргөн кездеги сезим - бул эң тунук, эн назик жана чыныгы сүйүү. Жашоонун маңызы, үй-бүлөнүн бакыты сүйүүсүз кургак чөл деп ойлойм. Мен үчүн сүйүү - бул жашоо булагы.
- Өзүңдү сахна жылдызымын деп ойлойсуңбу?
- Бала кезимде "жылдыз" дегенди телевизор, радиодон ырдап чыккан ырчыларды элестетип, "мен ушулардай ырдап жылдыз болом" дечүмүн. "Жаштын тилегин берет"- дегендей мен да жылдыздар ырдаган сахнада ырдап жүрөм. Бирок, мен "жылдызмын" деп айтуудан алысмын. "Жылдыз" - деп элге эмгек сиңирген ырчы, бийчилерди айтсак болот. Бул чоң маанидеги сөз ырчыларга эле таандык эмес го. Спорт чеберлери, кино, театр актерлору да жылдыздар. Мен өзүмдү "жылдызмын" деп эсептебесем да көчөдөн таанып, автограф алгандар жок эмес.
- Чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктар бар?
- Өнөр адамы болгондон кийин ар дайым изденесиң. Кечээ жаңы ырыма бир күндүн ичинде клип тартып, монтажын да бүтүп койдук. Буйруса жакында телевизор, радиолордон угуп каласыздар. Мен ар дайым ак эмгек кылсаң, ошонун үзүрүн көрөсүң деген ойдомун. Кээ бир учурларда "жутунбайм"- деп жүрүп, көптөгөн нерселерден да артта калам. Эми, кыбыраган кыр ашат да.
- Акыркы жолу качан театр-га бардың?
- Чынын айтсам театрга аз барам. Биздин чөйрө ушундай болуп калдыбы, же мен жалкоолонуп баштадымбы, билбейм. Бирок, жылына бир-эки жолу барам. Ал эми биздин кыргыз кинолорун калтырбай көрөм. Театрга аз барганым менен кинолорду калтырбайм.








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??