АРМАНЫМ СЕНСИҢ, ПҮЛГӨНҮМ
Ар бир инсан үчүн өзүнүн киндик каны тамган кичи мекени ыйык. Мен үчүн Фергана өрөөнү башталган айтылуу Катыраң тоонун этегиндеги, Шаймерден суусунун алабындагы Пүлгөн кыштагы ошондой касиеттүү да, азиз да.

Пүлгөн топониминин этнонимине келсек, ал кыргыздын "пул - кен" деген жөнөкөй сөзүнөн алынган. Бул менимче биздин аймактагы сурма, сымап жана алтын кендерине байланыштуу айтылып калган чыгар. Дайыма алыс жактарда сапарда жүргөнүмдө куттуу, берекелүү Пүлгөнүмдү сагынамын, кусадар боломун. Мен үчүн чаң чыккан, короолору коргон менен тосулган дарыянын эки жээгиндеги кыштак эч нерсеге алмашкыс. Адамдары мээрбан, мээнеткеч, карапайым жана жүздөрүнөн нур жаап тургандай сезиле берет. Пүлгөндөн эмгек баатырлары, депутаттар, чарбалык жана партиялык жетекчилер, генералдар чыгышкан. Бул айылдын уул-кыздары бүгүн жер жүзүндөгү ондогон өлкөлөрдө эмгектенип жатышат. Жолдон өткөн ар бир адам биздеги суунун тунуктугуна, даамына тан беришип суктанышат. Абасы да мелүүн. Кадамжай сурма комбинаты токтоп калгандан бери абанын жана айлана-чөйрөнүн булганышы кыйла азайды. Дүпүйгөн бак-дарактар, көп кабаттуу там салгандар көбөйүштү. Бирок, айылыма кайрылып келген сайын жергиликтүү эле деңгээлде чечилчү маселелердин чечилбей жатканына, айыл маданияты төмөндөп, ыпыластык, таштандылар алынбай калаа көркүн бузган көрүнүштөр улам көбөйүп, анан эң башкысы, аракечтик эркектердин арасында гана эмес кыз-келиндердин арасында да эпсиз өсүп, бөөдө кырсыктар арбып жатканына, бири экинчиси менен атаандашкан замандаштарыбыз тапканынын баарын куру намыска алдырып той-аштарга жумшап, кийин карызга батып отуруп калышканын көрүп жүрөгүм ооруйт. Улутташтарымдын чарбасыздыгына, ашыкча "марттыгына" чыдабай түтөп кетем. Акыры ошол уул-кыздары канчалаган кыйынчылык менен таап жатышкан каражаттарын тойго гана эмес, курулуштарга, автоунаага же ишкерликти өнүктүрүүгө жумшашса оң болбойт беле. Муну өзбек жана тажик, дунган агайындардан тартынбай эле үйрөнбөйлүбү.

ТАШТАНДЫЛАР
ТАЖАТТЫ
Кадамжай районунун борбору Пүлгөн кыштагында 1200 түтүн же беш миңге чукул калк бар. Ишенсеңиз райборбордун өзүндө бир да бала бакча жок, баары эптеп тааныштар аркылуу орноштуруп Кадамжай шаарчасына ташышат экен. Ал эми биз сүрөткө тартып алган береги таштандылар "Көк-Суу" кафеси менен автобекеттин жанында. Күндүн аптабынан чымын-чиркейлер көбөйүп, жолдон Шаймерден менен Сохту, Ходжент менен Исфананы карай өтүшкөн кошуналарыбыздын алдында уят болот экенсиң киши. Аларда автожолдордун бойлору мизилдете тазаланып, күн сайын таң заардан суу себилип салкындатылса, жайнаган гүлдөр өстүрүлсө, бизде таш балакет да жок, жолдор оюлуп, түсү сууп, кунары учуп жатыры. Менимче кыштак караган Орозбеков айылдык округунун жана Кадамжай районунун бюджетинен айлана-тегеректи тазалоого акча бөлүнсө керек. Пулдун баарын эле жеп семире бербей, теребелди тазалап койсоңор болбойбу туугандар! Же ушуну да Бишкектен А.Атамбаев менен Ө.Бабанов келип тазалап, иреттеп бериши керекпи?! Эгерде райондун акими же айыл округ башчысы жака-белин жөө басып саресеп салып, текшерип койсо, мынчалык деңгээлге жетпесе керек эле! А түнкү чырактар туурасында кеп кылбай эле коелу. Акчанын жана демилгенин жоктугунан түн жарымда көөдөй караңгы, чалынып сайга түшүп кетишиң этимал. Муну билишкен колунда бар ишкер-бизнесмен жердештерибиз жардам колун сунуп көмөктөшпөй жатканына таң каламын.

АРХИТЕКТУРА КӨЗӨМӨЛДӨБӨЙБҮ?
Шүгүр, трассанын боюна не деген тейлөө түйүндөрү курулбай жатат дейсиз. Эки-үч айда эле айылдын сырткы келбетинде өзгөрүүлөр боло калат. Бирок, тилекке каршы алардын баары архитектура жана башка көзөмөлдөө органдары тарабынан текшерилбей жолдогу кызыл сызыкка жакын кооптуу жерде, атүгүл адамдар өтчү тротуарларды ээлеп алуу менен салынып жатат. Аңкур-Сайдын колтугундагы береги объектилерди ошолордун катарына кошууга болот. Чамасы, ишкер замандаштарыбыз "канчалык жолго жакын болсо, пул ошончолук көп түшөт" деп ойлошот окшойт. Менимче объектиң калаанын сыртында болсо да, эгерде тейлөө маданияты жогорулап, баасы, сапаты кардарлардын талабына төп келсе, эл бара берет, чөнтөк толо берет эмеспи!
Шаймерден дарыясынын жээгинде, борбордук мечиттин жанында али талаш мыйзамдуу түрдө чечиле электе эле акчанын күчүбү, айтор "Газпром" компаниясынын жанар май куйчу жайы ылдам темпте курулуп жатат. Аны "кое тургула" - деген киши жок. Бул жердеги мурдакы "Чолпон" рестораны райондук керек-жарак коомуна караштуу болчу. Мекеменин жетекчилиги АЗСтин кожоюндары менен талашып жүрөт. Эмне Кыргызстанда мыйзамдарыңды тоотпой күчкө салып, "билген намазын окуй берсе" болобу окурман?!

КӨЧӨЛӨРДҮН
АТЫ ЖОК
Эгерде "кайсы райондук борбордогу көчөлөрдүн аты жок?" - деп сурап калышса, мен биринчи кезекте өз айылым Пүлгөндү көрсөтөр элем. Анткени кыштактын ичиндеги четки көчөлөрдүн көпчүлүгүнүн аты, турак үйлөрдүн номерлери жок. Ушул нерсе азыр ХХI кылымда, илим менен техника өнүккөн мезгилде болуп жатканын аңдап, жакаңды кармайсың. Ушуга канчалык акча керек болду экен? Экинчиден, биздин айылда көчөгө ат коюу модага айланды. Анчейин эле белгисиз адамдардын, баарынан да молдолордун аттарын коюшканы көп деле ылайыктуу эмес да! Исламда молдолордун аты эмес, коюлган жайы да белгисиз бойдон калышы жазылган эмес беле! Мамлекеттик каттоодон "аты жок көчө, номуру жок үй" - деп Кызыл китеп жазышкандарын кантесиң! Райондук архитектура башкармасы, айыл округу ушул болбогон маселени чече алышпаса, иштебей эле кетип калышпайбы!

БАШТАЛДЫ ДА,
ТАШТАЛДЫ
Былтыркы зилзаладан райондогу эки миңден ашуун турак-жай жана мекеме-уюмдардын имараттары жабырланышкан эле. Анан күпүлдөп көп кабаттуу тамды тез арада бүткөрүп, кышка калбай киресиңер деп мактанышты. Балээниби, мына бир жарым жыл өтсө да жери казылып пайдубалы курула элек жерде мунара краны куруучуларды зарыга күткөн бойдон туру. Мүмкүн Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү төбөлдөр менен пенделик кылып дегендей, миллиондорду солоп жеп ийишкендир? Канетсе да, үйлөрү жарылып кыйналгандардын тилеги таш каап, өкмөтүң менен президентиңе ишенишпей турган чактары.

ЭС АЛУУ
ПАРКЫ ЖОК
Мен республикабыздын көптөгөн райондору менен шаарларын кыдырып жүрүп, бир нерсеге таң кала берем. Байкасам, бардык эле райондук борборлор менен чакан калааларда адамдар, бөтөнчө балдар эс алчу парктар бар экен да Кадамжайда ныпым жок. Эмне, бул балдарыбыз сайдын боюна түшүп же тоого чыгып эс алышсын деген белгиби? Ага баарынын эле дарамети жете бербейт да! Кызыл-Кыяга же Ошко баралы дешсе алыс. Ферганага өзбек чек арачылары мурдакыдай өткөрүшпөйт. Ошентип "багы жокко, дагы жок" болуп балдар аттракциондору айыл өкмөтү менен райондун жетекчилеринин түшүнө да кире элек.

20 ЖЫЛДА ИШКАНА
АЧЫЛБАДЫ
Жасалганды талкалоо боюнча кыргыздар дүйнөдө эң алдыңкы орунга чыктык көрүнөт. Кадамжайда гана илгерки шахта куруу башкармасы, жумушчуларды жабдуу бөлүмү, колхоздор аралык курулуш уюму, нан жана сүт заводу, эт комбинаты, тигүү фабрикасы, турмуш-тиричилик үйү деген жүздөгөн адамдар баар таап иштешкен завод-фабрикалар таланып-тонолуп жок болду. Ордуна бирөө курулдубу? Тилекке каршы жок. Мына Пүлгөн айылы кадимки эле малина өсүмдүгүнүн кичимекени катары аталат. Кадамжайдын малинасын Ош менен Жалал-Абадда атүгүл Самаркан менен Бишкекте, Ферганада жакшы билишет. Ар бир короодо малина бар. Жылына эки жолу түшүмүн жыйнап алышат. Сезон учурунда трассанын бою кечкисин базарга айланат. Анткени соодагерлер кечкисин дүңүнөн арзан наркта алып, Ошту көздөй алып жөнөшөт. Эми ушуну 20 жылдан бери, кайсы аким районго келбесин "цех ачып, кыям менен ширени өзүбүздө даярдап экспортко жөнөтөбүз, кыйратабыз" - деп олчойгон убадаларды беришет. Таш балекеттиби, бир чакан цех курулуп, долбоор жазылган жок. Ал эми өзбек ашыналар кыйын экен, биздин малинаны алып суусундук, кыям чыгарып өзүлөрүнүн этикеткаларын чаптап кантын ура байып жатышат. Өрүк менен алманын кагы, кургатылышы боюнча да ушундай кепти айтууга болот. Чамасы биз жер жүзүндөгү ушунчалык жалкоо, маңыроо калк окшойбуз. Болбосо, биздин аймакка корейлер же кытайлар келишсе барбы, дароо миллиардер болбосо да миллионер болуп кетишер эле. Аман эле болчу, Пүлгөнүм. Кудай-таала сени ар кандай балакеттерден, кырсыктардан сактасын!

Адылжан ЖАЖАНОВ,
"Алибинин" Түштүк
аймагы боюнча
өз кабарчысы,
Конт. Тел; 0778 351 325