Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Учту, учту, ун учту!

Бу рынок дегениңдин мурду өтө эле жытчыл, кулагы уганаак болобу кандай, быйылкы дүйнөлүк кургакчылыктын айынан буудайдын баасы өсө түшкөнүн "эшитип калган" биздин тегирменчилер ундун баасын учуруп жиберишти. Мындай көрүнүш демейде берекенин жел аргысы уруп турчу Ош шаарында болуп кеткени ойлонтчу маселе.


...Биз деле өндүрчү элек

Тегирменчилер - деп калдык бизде деги калктын курсагын кампайтып турчу мамлекеттик масштабда "тегирмен барбы?" - деген суроо туулат. Ушул жылдын 14-февралында экономикалык жөнгө салуу жана монополияга каршы министри Темир Сариев КТРКдан: "Кыргызстанда 5 гана ун комбинаты иштейт, 2010-жылы алардын саны 120 болчу" - деп ыйлактаган. Мунун себебин ата мекендик тегирменчилердин казак унунун баасы менен "кармаша" албай мажүрөөлүк кылып жаткандыгы менен түшүндүргөн. Ошону менен далайга чейин ызылдашкан кыргыз бийлиги он миңдеген киши иштеген ата мекендик тегирменчилерге кичине сеп болсун дедиби, май айында сырттан ун алып келгендерге мезгилдик бажы төлөмдөрүн киргизген болчу.
Анын канчалык таасири тийгендигин ооздоруна ун толтуруп алгансып унчукпай калган тегирменчилер эле билбесе, биз биле албайбыз. Бирок, ундун кымбаттаганы факт. Бул жерде ири ун өндүрүшчүлөрү ундун баасын канчалык "үйлөп" жатышканын айтыш кыйын. Айта кетүүчү нерсе ата-мекендик ун комбинаттарынын жылдык кубаттуулугу 2 млн.буудайды "эңшерип" салганга жарайт экен.
Кыргызстандын буудайга болгон жылдык керектөөсү 1 млн.300 миң тонна экенин эске алсак, демек, биздин тегирменчилер үчүн бул өлчөм кеп деле болбой калат. Кашайганда буларыңдын биздин жергиликтүү буудайды жерип турган "оорусу" бар. "Клейковинасы" жарабайт имиш. Рынок шартында ар кандай ишкана өндүргөн товарынын өтүшүн, сапаттуу болушун каалайт. Андыктан ата мекендик ун өндүрүүчүлөрдү "кыргыз буудайын албай, кыянатчылык кылып жатасың" - деп коколоого акыбыз жок. Кептин баары 20 жыл аралыгында "жыдып" калган айыл чарба маданиятында жатат. Учурда "дыйкандарыбыз кандай сортторду айдап жатат, сапаты кандай, ага көзөмөл кылган мамлекет барбы?" - деген суроолордон мээң чачырап кете жаздайт. Кыргызстан кезегинде 1 млн.дон ашык буудай өндүрүп, унга болгон керектөөсүн камсыз кылып турчу. Азыр ал күндөр бир көргөн жакшы түштөй эле болуп калган.

Айдасакпы, ары
түртүп салсакпы?

Экономиканы жөнгө салуу жана монополияга каршы министринин орун басары О.Панкратов быйыл 400 миң тоннанын гана тегерегинде кызыл сузарыбызды кыйытты. Былтыр 799,8 миң тонна буудай алганбыз. Көрүнүп тургандай былтыркынын жарымын араң алат окшойбуз. Макул бу жолу аба ырайы, жаратылыш кырсыктары жолтоо болгонун унутпайлы. Ошол эле учурда "чыгашалуу малга ээси баш" - дегендей кыргыз өкмөтү 270 миң гектар күздүк буудай айдатууну көздөгөнү менен араң дегенде 177 миң гектарга жеткире алышкан. Дыйканчылык маданиятында күздүк айдоонун мааниси зор. Айыл чарба илиминде эбак аныкталган көрүнүш. Күздүк буудай эрте өнүп, жай чилдеси киргенче бышып, түшүмдү мыкты берет. Мүмкүн күзгү буудайды дурустап айдап алганыбызда, бүгүнкүдөй абал түзүлбөйт беле?
Дүйнөдө альтернативдүү отун катары дан өсүмдүктөрүнө (айталы, жүгөрү, соя ж.б.) басым жасоо жыл сайын артып баратат. Ага жараша дан азыктарынын баасы да өсүүдө. Демек, буудайдын дүйнөлүк наркы өскөндүн гана үстүндө болорун эстен чыгарбайлы. Мындай шарттарда Кыргызстан эртеңкисин эмитен ойлонушу керек. Азык-түлүк коопсуздугубузду камсыз кылуу үчүн "эмнени өндүрө алабыз, эмнеге жер шартыбыз ылайыктуу же ылайыксыз?" - деген суроолорго чукул жооп таппасак болбойт. Анын ичинде ата мекендик ун өндүрүүчүлөр жериген буудай да бар. Эгерде, тегирменчилердин тили менен айтканда "клейковинасы" жогору буудай өндүрө албасак, анда унду толук сырттан ташып келүүгө өтүп, буудай аянттарын бошотуп башка өсүмдүккө өткөнүбүз оң.
Айыл чарба окумуштуулары бизде суу баскан жана кайрак жерлерде мыкты түшүм бере турган "Асыл", "Алмира", "Тилек", "Достук", "Азиброш", "Зубков", "Ралюб", "Интенсивная" , "Жамин", "Адыр", "Кайрак" өңдүү жергиликтүү жана райондоштурулган сортторду сунуш кылып келишүүдө.
Академик Ж.Акималиев "булардын "клейковинасы" казактыкынан калышпайт" - деген пикирде. Мен бир гана күздүк сортторду келтирдим. Мындан башка да эчен жылдык сыноодон өткөн сорттор бар. Бир сөз менен дыйкандарыбыз "клейковинасы" мыкты үрөндөр менен камсыз болмоюн, ата мекендик ун өндүрүүчүлөрдү кайрак жерге катыра бышкан казак буудайынан ажырата албайбыз. Өндүргөнү баа болбогондон кийин дыйкандар деле буудай өндүрүүгө кызыкпайт. Бул түбү барып, азык-түлүк коопсуздугуна такалчу маселе. Себеп дегенде кыргыз буудайынын өтүмсүздүгүнөн жана эмгекти актабаган кайтарымсыздыгынан бир гана Ош облусунда буудай аянты 18 миң гектарга кыскарып кеткен. Таштап койгон таягың тамырлап бак болуп кеткен Кыргызстандын эң бышыкчылыктуу деген аймагында абал бул болсо, башка аймактарды айтып баш оорутуп кереги не?!

Дүйнөлүк баа,
кыңырылган Кыргызстан

Айыл жана суу чарба министри Аскарбек Жаныбековдун айтымында быйыл жаздык-күздүгү болуп 325 миң гектарга буудай айдаптырбыз. Гектарына 21 центнерден алганда да 670 миң тонна кызыл бастырат экенбиз. Үстүбүздөгү аба ырайынын кыялына карасак, бул деле колго тийбейт окшойт. Анын үстүнө мунун канчасы тегирменге, канчасы малдын жемине кетет, ким эсептеп жатыптыр? Андыктан жылда коңшу өлкөлөрдөн 300 миң тонна буудай алып жүрсөк, быйыл эки эсе көбүрөөк сатып алууга туура келет. Ошол эле орун басар министр О.Панкратов: "300 миңден-500 миң тоннага чейин буудай, 100-140 миң тоннага чейин ун импорттолот"- дейт.
Премьер-министр Ө.Бабанов Орусия сапарында 100 миң тонна буудайдын башын ачып келди деп жатышат. Анын 20 миң тоннасын орус туугандар "жөн эле жеп койгула" - деп грант катары бермей болушуптур. Бул албетте, жумурга жук болбойт. "Кагылайын казагым кайдасың, кайрылыш" - дегенден башка аргабыз жок. Баасы да жогору болору турган иш. Дүйнөдө буудайдын наркы туташ кымбаттап жаткан мезгилде коңшу өлкөлөр "сурасак эле бере коёбу?"- деген да маселе турат.
kazakhzerno.ans@gmail.com сайтынын маалыматына таянсак дүйнөлүк буудай өндүрүүчүлөрдүн ана башында турган АКШнын 26 штатында же өлкө аянтынын 56 пайызында кургакчылык болуп, буудай өндүрүүгө кесепетин тийгизген. Ушул эле булак билдиргендей быйыл дүйнө жүзү боюнча буудайдын түшүмү 7 млн.тоннага кем болчудай. Аталган сайт Орусиянын түшүмдүү делген Ростов, Воронеж, Ставрополь, Калмак Республикасы боюнча кургакчылык болгонун айтат. Ал эми Казакстан (былтыр 27 млн.тонна алган) быйыл "14млн. тонна алам"- деп ойлоп турду эле, ойлогон оюн кыстаган турмуш жеңип "12,8 млн.тонна алсам эле ыраазымын"- деп тургансыйт. Бул маалыматтар алакандай Кыргызстанды азыртан ойлонуп, азык-түлүк коопсуздугу үчүн кам көрбөсө болбой турганын эскертип жаткан жокпу?!
Кыңырылган кыргыз өкмөтү эртерээк кыймылдайын дедиби, "Казакстандан 100 миң тонна, өзүбүздүн дыйкандардан 15 миң тонна буудай сатып алчумун" - деп кыңкыстай баштады. "Өкмөт пресске" жарыяланган бул маалыматтан улам, "Казакстандан го албай коё албайбыз, ал эми жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн эмне үчүн мынчалык аз аласыңар?"-дегиң келет. Бул суроого жооп табыш үчүн бүгүнкү күндөгү айыл чарба өндүрүшүнүн абалына, мамлекеттик сатып алууга байланышкан көп маселелерге "бир чөмүлүп" чыгышың керек.

Кантип кондурабыз?

Жогоруда ири ун өндүрүүчүлөрдүн "казактын унун ким кааласа киргизе берип, биз жумушсуз калмай болдук" - деп күңкүлдөгөнүн бекер келтирген жокмун. Ошол күндөрдө: "унду кимдин мүмкүнчүлүгү болсо ошо киргизе берсин, болбосо буларга ишенсең, ири өндүрүүчүлөр жең ичинен сүйлөшө коюп, бааны көтөрө салышат" - деген да пикирлер айтылган. Бирок, жалаң ун импорттоп келгендер деле бул ооруга чалдыкпай койбойт окшойт. Өткөн жумада Ошто ундун чукул кымбаттап, бир кап ундун баасы 800 сомдон, секирип барып 1400 сомго минип калышына байланыштуу "Атаандаштыкты өнүктүрүү" департаментинин директорунун орун басары Бакыт Исаев: "Ошто 6-7 дүң соода кылгандар бар. Алар бул жактан ун сатып алып, кампаларга сактап койгон. Кымбаттаганда сатабыз, - деп. Алар менен сүйлөшүү жүрүүдө" - деген болчу.
Ошентип, дүйнөдө буудай кымбаттады дегенди уккан "оптовиктер" Ошто отуруп алып эле ундун баасын учуруп жиберишиптир. Аларга таасир этүүгө мамлекеттин да колу кыска. Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин түндүк аймак аралык башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев: "Биздеги бааны бир нукка алып келүү үчүн, Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Учурда дүйнөдө дандын баасы жогорулап жаткандыктан, бизге таасир тийгизүүдө. Ал эми сатуучулар бааны көтөргөндүгү үчүн аларга каршы биз эч кандай чара колдоно албайбыз. Анткени, бизде андай мыйзам жок"- деп мойнуна алып отурат.
Бул жерде экономикалык ыкмаларды ишке киргизүү зарылдай. Ушундан уламбы Жогорку Кеңештин спикери А.Жээнбеков өкмөткө унга мезгилдик бажы төлөмдөрүн киргизген токтомун жокко чыгарууну сунуш кылды. Бирок, өкмөт угуп эле тим болду окшойт. Апыл-тапыл аткарганын байкабадык. Ал эми "Мамматрезеврдин" директорунун орун басары Каныбек Солтоноев бул мекеменин кампалары 93 пайызга буудайга толтурулганын, рынокко 10 миң тонна буудай ыргытышкандыктарын, дагы 32 миң тонна ыргытууга даяр экендиктерин билдирди. Бул канчалык таасир этет, көрөбүз го.
Кылым кыргыздын "көп менен көргөн той" - деген кеби бар. Баарын эл менен тең көргөндөн өтөрү жок. Учурда "ун кымбаттайт экен"- дешип, айрымдар алактап алышкандай. Менимче мамлекеттин милдети - элди чайпалтпай да төгүлтпөй, өз жарандарынын эртеңки күнгө ишенимдүү карап жашаганын камсыз кылуу болсо керек. Бизде ушу барбы?






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??