Сабиров… коррупция… "атамекенчилер"… Текебаев… Башмыйзам…

Буга чейин баскан жерибизде Нариман Түлеевдин камалышын талдап келсек, эми ал катарга мурдагы "атамекенчи" депутат, кечээги министр, бүгүнкү экс-министр Равшан Сабиров кошулду. Ага удаа "Ата Мекен" фракциясы атайын билдирүү таратып, "Равшан Сабировду алаканыңарга салып бердик, кааласаңар бышырып жегиле" дегендей мамилесин билдирди.

Негизи эле Равшан Сабиров деген ким? Эгер буга чейинки жана Бакиев маалындагы буркан-шаркан кайнаган саясат айдыңын карай турган болсок, Равшан Сабировдун караанын ал жерден дурустап байкаган адамды табыш деле кыйын. Ал эми анын өткөнүн иликтеген кишиге тынчтыкты сүйгөн, популизмден алыс, ошол эле учурда жанынын тынчтыгын каалаган жигит экендиги байкалып турат. Буга чейин Түлеевдин камалышында эки ача пикир жаралса, бул ирет Равшан Сабировду сөз кылгандардын дээрлик көпчүлүгү ал тууралуу жаман пикир айтышкан жок. Айрыкча адам катары жакшы мамилесин билдиргендер көп.
Албетте, адам катары көпчүлүгү эле "жакшы" деген сөзгө татыйт. Бирок, мамлекеттин иши менен жеке адамгерчилик эки башка экенин унутпашыбыз керек. Эгерде мамлекетке кыянатчылык кылса, албетте жоопко тартылышы керек. Ошол эле учурда Сабировдун жардамчысы эки ай мурда Өмүрбек Текебаев тарабынан күчтөп дайындалган өзбек улутундагы базар-коргондук жигит экендигин журналист Дайырбек Орунбеков "Фейсбук" социалдык түйүнүнө жазып чыкты. Эгерде бул маалымат чын болсо, анда окуянын артында көп маселе жатышы мүмкүн. Мындан бир нерсе чыгышы мүмкүн экенин алдын-ала сезген "Ата Мекен" фракциясы дароо реакция кылып, мурдагы фракциялашын коргобостугун билдирип, аны министрлик кызматтан кетирүүнү Бабановдон өтүнүштү. Эгерде мыйзамдын логикасына таяна турган болсок, албетте алар туура кылышты. Бирок, эгерде кокус эртең ошол эле "Ата Мекен" фракциясынын лидери, же болбосо көзүрлөрүнүн бири так ушундай маселе менен коомчулуктун сынына коюлуп калса, фракция ал жерде дагы ушундай калыстыгын көрсөтө алабы деген маселе бар да. Эске сала кетсек, буга чейин бир катар мурдагы партиялаштары жана коллегалары тарабынан Өмүрбек Текебаевдин наамына коррупцияга байланышкан бир катар билдирүүлөр айтылган. Тилекке каршы ага эч ким, эч кандай реакция кылган да жок. "Иттин өлүгү" так ушул жерде көмүлүп жатпайбы! Болбосо 20 жылдан бери өзүн ааламда жок акактай тунук, периштедей ак сезип келген Өмүрбек Текебаев ошончо жылдан бери издеп, шектенип келген коррупциянын куйругу так өзүнүн айланасынан, болгондо да коомчулуктун көз алдында ачыкка чыгып жатпайбы? Мен муну менен башка фракцияларды актагым келбейт. Эгерде калыстык менен карай турган болсок, анда ыраматылык Мелис Эшимканов билдиргендей азыркы Жогорку Кеңештин жарымы камакка алынышы мүмкүн. Анын баары ачылбаса дагы, акыйкаттыктын бир учу ачылып калаарынан үмүт кылып туралы.
Имиш менен жан баккандарга айла жок экен. Сабировдун айланасындагы чууну дагы Текебаев менен Бабановдун тирешине такай коюп, Текебаевди суудан кургак чыгарууну эңсегендер бар. Имиш демекчи, өткөн жумада бир гезит "Бакиев 25-июлда Ошту басып алат экен" деп чыкты. Кудай сактасын дейли. Ошентсе дагы "бул имишти жөн эле чыга калган сөз" деп айтууга болбойт. Муну ошол эле Бакиевдер өздөрү коомчулуктун реакциясын текшерип көрүү үчүн атайылап чыгарышы деле мүмкүн. Акыркы убактарда "Бакиев эле жакшы болучу", "7-апрелдегилерди Бакиев аттырган эмес, Убактылуу Өкмөт өзү алып чыгып, элди окко салып берген" дегендей маанидеги пикирлер массалык маалымат каражаттарында арбын айтыла баштады. Мунун баары атайын максатты көздөгөн, учурдагы жаңы орноп келе жаткан стабилдүүлүктү бузгусу келген күчтөрдүн заказы экендиги ачык эле көрүнүп турат. Араң турган түндүк-түштүк маселесин курчутуп, бүгүнкү бийликтен баштап, кечээги Исхак Раззаков менен Турдакун Усубалиевге чейин сөз козгоп чыга келишет. Болбосо, ошол адамдар Исхак Раззаков менен Турдакун Усубалиевдин мамлекет алдында сиңирген эмгегинин бир бучкагын дагы билбейт. Жада калса, ошол инсандардын өмүр баянын дагы билбейт. Коңшусунан уккан имиштер менен тарыхты кооздоп коет. Сөздү ары-бери айланта келип эле Бакиевди бир жактуу мактап, азыркы бийликти бир жактуу каралап кирет. Анан эле "7-апрелде элди алып чыгып, окко тосуп берген ушулар, Ош коогалаңын жасагандар ушулар" деп жаттаган ырын созолонто кошуп салат.
Албетте, Курманбек Бакиев 5 жылдык башкаруусунда көп эле жакшы иштерди жасады. Аны жокко чыгарып, каралап салайын дешсе да ал тарыхта өз орду менен көрүнүп турат. Бакиевдин тушунда Акаевди таптакыр тарых бетинен өчүрүүгө далбас ургандардын мээнети текке кеткендей эле Бакиевдин да жакшы иштери акыры калкып чыгат. Ошентсе дагы медалдын экинчи бетиндей эле анын 5 жыл ичинде криминалдашкан коом түзүүгө, өзү сындап келген үй-бүлөлүк башкарууну гүлдөтүп, коомдо непотизм түшүнүгүн кеңири жайылтууга кошкон салымын ким унутат? Так ошол Бакиевдин тушунда адамды тирүүлөй кыйнап, өрттөп өлтүрүү, каяша кылгандардын колу-бутун байлап, 6-кабаттан ыргытуу, өлүп жаткан БОМЖдун кулагы менен сөөмөйүн кесип, баш ийбегендерге белекке берүү деген сыяктуу түшкө кирбеген жоруктарга күбө болбодукпу. Муну кантип жокко чыгарабыз? Коргоо министрлигинде эрдикке тете иш жасап жаткан генерал Исмаил Исаковду болбогон бир себептер менен эле 8 жылга кесип жиберет деген эмне шумдук? Ошондо Исаковду ак жеринен кишендеп, чуулдаган машинелер менен күчтөп алып кеткенин "Азаттыктын" сайтынан көрүп алып баарыбыз ыйлабадык беле? Бүгүн бийлик репрессия баштады деп бакырып жаткандар ошондогу акыйкатсыздыкты эмнеге эстешпейт?
Албетте, бүгүнкү бийликтин өлөсөлүү абалы мага да жакпайт. Негизи эле ушулардын саясатына ичим чыга элек. Бирок бүгүнкү коомдо, Бакиевдин тушундагыдай бийлик башындагы президенттин жана анын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын чексиз бийлиги - деген түшүнүк жок да. Эми жакын арада үй-бүлөлүк башкаруу орнобойт деп ишенимдүү айтса болот. Буга чейинкидей баш ийбеген каршылаштарды өрттөп өлтүрүү, бармак-сөөмөй деген түшүнүктөр түп-орду менен жоголду да. Анан дагы "7-апрелде УӨ мүчөлөрү элди алдап алып чыгып, окко салып берген" дегендерге таң каласың. Кандай болгон күндө дагы ошол чыккан элди Бакиев атканы жалган эмес да. Же асмандан темир канат куштар каптап келип кырып кеттиби? Президент ким болбосун, кандай бийлик болбосун, аянтка чыккан тынч элди атып, тарыхта жакшы ат менен кала албайт. Керек болсо 7-апрелде чагымды бийлик өзү баштаганы жашыруун эмес. Топтолгон элдин алдына бир машине ээси жок курал-жарактарды эмнеге таштап кетишет? Же ошондо СНБ дагы оппозициянын колунда беле?
Бүгүн коррупциячысы деле, ууру-кескиси деле өзүнө карата тагылган айыпты саясий куугунтук катары мүнөздөгөнгө маш болуп алды. Айлантып жыйынтыктай келсең, баары эле кечээги бийликтин тушунда миллиондорду ары-бери сапыргандар. Кокус аларга тийчү болсоң заматта колдоочуларын чыгарып, тополоң жасап иет. Бүгүнкү бийликтин кыймыл-аракети так эле ошол коомдук пикирлерге такалып, популизмдин курмандыгы болуп жатканы кимге жашыруун? Себеби, өз бийлигин алдыруудан коркуп калган учурдагы өкмөт кандай болсо дагы кыйшайган таажысын түздөп алуунун амалын кылып жатат. Эгерде өкмөт кандайдыр бир чечкиндүү аракеттерди жасай турган болсо, анда анын артынан ар кандай компроматтар чууруп чыгышы ажеп эмес.
Ошентсе дагы, Бабановдун өкмөтүнүн коюн-колтугуна кирип, өз тааныш-билиштерин, жакындарын бийликтин майлуу тепкичтерине дайындатып алгандар парламенттин көпчүлүгүн түзөөрүн эске алсак, күздө өкмөттүн тактан кулашы деле арсар. Себеби, кызыкчылык чогуу болуп жатпайбы. Жеп жаткан нанынан ким эле айрылгысы келсин...
Кечээ жакында Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков гезиттердин бирине интервью берип, буга чейин Текебаев көтөрүп келген "Тышкы саясатты президент аныкташы керек" деген демилгени колдоого алыптыр. Ошондой эле бул боюнча мыйзам кабыл алынганын айтыптыр. Ал эми ал мыйзамы Башмыйзамдын талабына каршы келет. Ушундан улам бүгүн бизде "Башмыйзам жогору турабы же мыйзамдар жогору турабы?" - деген принципиалдуу суроо пайда болот экен. Андай болсо ушул учурда президентти коргоп, Башмыйзамды каакы ордуна көрбөй жаткандар кечээ Текебаев Башмыйзам жазып жатканда жанына барып: "эртең уят болуп калабыз, ушул жерин оңдоп жазып коелу" деп коюшса, бечара эл аны деле "мекендин тынчтыгына" шылтоолоп кабыл алып берет эле да. Бул Башмыйзам мага да жакпайт. Бирок, кабыл алынгандан кийин, ал ары-бери бурмаланбай иштеши керек да. Жакшыбы, жаманбы, бийлик, коом ага чыдап, аны урматташы керек. Антпесек оңолбойбуз.
Эмнеси болсо да көргөндөрүмдү акылым менен таразаладым. Көптөн бери көкүрөктөгү бышырып жүргөндөрүмдү кагазга түшүрүп койдум, күндүн ысыгында эрмектеп. Кандай кабыл алышты, өзүңөр билесиңер да...


Адилет АЙТИКЕЕВ
adi77@inbox.ru