big_v
Профессор Алмазбек Исманкулов:
"Врачтын кесиби коомдо кадыр-барктуу орунда
турушу керек"

Кыргыз Республикасында 1-июль күнү "Медицина кызматкерлеринин күнү" катары белгиленип келет. Бүгүнкү биздин коногубуз - кыргыз медицинасынын көрүнүктүү өкүлү, дүйнөгө таанымал офтальмолог, өлкөбүздөгү алдыңкы медициналык мекеменин - "Көз микрохирургиясы" Госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов.

- Алмазбек Осмоналиевич, биринчиден майрамыңыз менен! Сиз аркылуу жалпы эле ак халатчандарыбызды бүгүнкү майрамы кут болсун дегибиз келет. Учурдан пайдаланып Сиз менен адамдардын өз ден соолугуна мамилеси, врачтык кесиптин баа-баркы, дегеле, биздин медицина тармагыбыздагы көйгөйлөр тууралуу кеп кылсак...
- Адам төрөлгөндө эле алсыз болуп төрөлөт. Мүмкүн жан-жаныбарлардын эң алсызы да наристе болсо керек. Кийинки көптөгөн жылдар бою дагы эле алсыз бойдон калат, морт келет, дайыма кам көрүүнү талап кылат. Ушул себептен жаш балдардын өлүмүнүн көпчүлүгү эненин билимине көз каранды болот. Эненин жоопкерчилиги өз кезегинде баланы төрөгөн күндөн эмес, ал төрөткө физиологиялык жактан даяр болгон күндөн башталат. Аялдын ден соолугу чың болсо, баланын дени таза болот. Андыктан келечектеги эненин маданияты, болочоктогу үй-бүлөнү пландаштыруу маселеси өтө чоң мааниге ээ. Каалап төрөлгөн бала, бактылуу турмушта, мыкты ден соолукта болору эбактан белгилүү.
- Демек, "адамдарды өз ден соолугуна этият жана жоопкерчилик менен мамиле кылууга үйрөтүүгө болот" дегенди айтып жатасызбы?
- Ооба. Мындан тышкары мамлекет калктын медициналык билимине каражат сарпташы керек. Маалымат каражаттары да буга күйбөсө болбойт. Бүгүн адамдар өздөрүнүн организми кандай иштеп жаткандыгы боюнча кымындай да түшүнүккө ээ эмес, физиологиясын башкара алышпайт. Бул жеке гана физикалык эмес, психикалык ден соолукка да тиешелүү. Болгону чектелген, туура эмес түшүнүктөр: айталы "тамак оорунун таблеткасы" же "баш ооруга эмнени ичиш керек" дегендей...Мага пациенттеримдин буга чейин көздөрү кандайча операция жасалганын, ким жасаганын, ал хирургдардын аты-жөнү ким экендигин билбеген кырдаалга көп жолу туш болууга туура келет. Бул чындап келсе өмүр менен өлүмдүн маселеси эмеспи, ар бир адам ден соолугуна өзү кызыкдар болуш керек да. Адамдар өздөрүнүн турмушун пландаштыра билишпейт. "Мыкты жашоо" - деп, чың ден соолукту, психикалык тең салмактуулукту айтпастан, материалдык байлыкты айтып калышты. Күнүмдүк жыргалчылык, мисалы, жакшы тамак маанилүү болуп, ден соолугуна кароо, жүрөк-тамыр системасын калыптандырууну ойлоп да коюшпайт. Азыркы, бир тартым сигарет, эртеңки өпкөсүнө караганда "ысык" көрүнүп жаткандай.
- Өзүнүн ден соолугуна болгон кара мүртөздүктүн төркүнү кайдан?
- Мындай өз ден соолугуна салкын мамиленин тамыры, советтик системага барып такалгандыгы таң калычтуу. Ал система шарттуу түрдө акысыз эле. Шарттуу дегенибиз, бу жашоодо бекер эч нерсе жок. Система чоң каражатты талап кылып, кыбыр эткенден алынган салыкка байланган болчу. Бирок, адамдар бекер медициналык жардамга көнүп калышкан да. Алар өз чөнтөктөрүнөн каражат чыгарып, кымбат-баалуу дарыланууга жумшаганга көнүшкөн эмес. Баарын "мамлекет жасайт" - дешчү. Белгилүү болгондой, "арзандын сорпосу татыбайт" эмеспи.
- Бирок, "советтик медицина эң мыкты эле" деген пикирлер айтылып жүрбөйбү?
- Тоталитардык система жеке адамды кандайдыр бир кардиналдык өзгөрүүлөргө катышуудан четтетип турчу. Борборлошкон система медициналык жардам алуудагы тандоо ыкмасын толук четке какчу. Кадрлар системасы пирамида түрүндө түзүлүп, чокусунда башчы турчу. Профессордун сөзү - мыйзам болчу.
- Мүмкүн ошол жакшы болгондур?
- Тоталитардык системада жакшы болгон, ал эми рынок шарттарында, мамлекеттик же ведомстволук гана эмес, акционердик, жеке менчик, диний ж.б. ооруканалар иштеп жаткан шарттарда, пациент кырдаалды жакшы билиши керек.
Бүгүнкү күндө менчиктин ар кандай түрүндөгү клиникалардын көйгөйү, биринчи баскычтагы врачтардын оорулууну өздөрүндө мүмкүн болушунча көпкө кармоо аракети болуп калды. Алар пациентти жогорку технологиялык деңгээлдеги клиникаларга жиберип, кирешеден айрылып калгысы келбейт.
Экономикалык жактан алганда алар буга барууга аргасыз. Мындан пациент жабыр тартып жатканына деле карашпайт. Ошондой эле бизде "гипердиагностика" аталган, пациентти "жок оорудан дарылоо" гүлдөп кеткендиги жашырын деле болбой калды. Мындай медициналык - этикалык көйгөй, саламаттыкты сактоодогу мамлекеттик "көмүскө" экономиканын өзгөчөлүгү менен түшүндүрүлөт. Мамлекет врачтарга айлык төлөп жаткандай түр көрсөтүүдө, бирок, рынок шарттарында бул акча, керек болсо, төмөнкү жашоо деңгээлин да камсыз кыла албайт. Ошондуктан врачтар пациенттин чөнтөгүнө кол салып жатышат.
- А мүмкүн бул өзүн-өзү жөнгө салуучу рынок механизми болуп жүрбөсүн?
- Бул маселеге ар тараптан реалдуу карап көрөлүчү. Экономикалык жагынан бул балким туурадыр. А юридикалык жагын кайда катабыз? Жанагы оорулуунун акчасын шыпырып алып жаткан врачты кайсы убакта болбосун, колдон кармап, сүйрөп барып отургузуп койсо болот. Акырындап врач моралдык жактан ирип, мыйзам бузууга даяр болуп калат. Бул ошол коомчулук мыкты иштейт, колу булганбаган, таза деген врачпы? Бүгүн финансылык мыйзамды бузсаң, эртең Гиппократтын антын бузасың да?! Эгер кааласаң финансылык аспект жагына кайрылып көрөлү. Эмне үчүн хирургдар чөйрөсүндө кадрлардын иштен кетип калуусу аз да, ал эми операциялык медайымдар дегеле токтобойт? Хирург пациенттердин боорукер жакындарынан алган "рахмат" акчасын коллегалары менен бөлүшө койбойт, анткени, пара алуу фактысы чыгып калат. Хирург өзүнүн тапкандарын башка хирургдар менен бириктирип, операциялык же башка баасы кымбат аппаратураларды сатып алалбайт. Буга ал акчалардын көмүскө табылгандыгы, ошондой эле анын бир жерде туруктуу иштей ала тургандыгына көзү жетпегендиги жолтоо болот. Жыйынтыгында мамлекеттик ооруканалардын материалдык-техникалык базасы күн өткөн сайын төмөндөй берет, мунун сапаттуу дарылоого кедергиси тийбей койбойт.
- Сиз жүрөк ооруткан көрүнүштөрдү айтып жатасыз?
- Ар бир тармактын кыймылдаткычы, андагы кесиптин популярдуулугунан көрүнөт. Бүгүнкү күндө врачтык кесип, (ал эми медайымдык кесипти айтпай эле коёлу) мектеп бүтүрүүчүлөрү тандаган алдыңкы жүз кесиптин катарына да кирбей калды. Адамдар таланттуу балдарын медициналык жогорку окуу жайларына жибербей жатышат. Дагы бир 15-20 жылдан кийин биз баарыбыз картаябыз. Ошондо бизди ким дарылайт? Биздин балдарыбызды, неберелерибизди ким дарылайт? Дүйнөлүк технология саат сайын өсүп жатат. Биз жаңы технологияларды өздөштүрүп кеткенге даяр, жогорку билимдүү врачтардын бүтүндөй бир муунун бүгүн даярдашыбыз керек. Жаңы дарылоо технологиясын өздөштүрүү маселеси кийинки күндөрдүн көйгөйү эмес, бул маселе бүгүн чыгып отурат.
- Бул абалдан чыгуунун жолдору барбы?
- Акыркы он жылдыкта дүйнөлүк цивилизация, жалданма эмгектин өсүшүнө байланыштуу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун интенсивдүү жолдорун издей баштады. Бул изденүүнүн башкы суроосу: миллиондогон адамдардын эмгек өндүрүмдүүлүгүн кантип жогорулатуу керек? Же аларды иштин жыйынтыгына кантип кызыктырса болот? Боло келгендей тарыхта бул суроого турмуштун өзү жооп берип келген, ал менчик ишканалар практикасы, анда иштеген адамдар.
- Мындай ишканалардын өзгөчөлүгү эмнеде?
- Бул жөнөкөй эле - ар бир кызматкер жалпы акциянын бештен кем эмес ээси болушат; иштен бошогон учурда акционер өзүнүн акциясын ишканага сатканга милдеттүү. Салттуу айлык жалпы жамааттын тапкан кирешесине жараша болот. Мындай ишканалардын башында америкалык экономист Луис Келсо турган. Ал жетимишинчи жылдардын башында иши жүрбөгөн жеке менчик ишканаларды, капиталды акционерлештирүү жолу менен анын жумушчуларына берүүнү сунуш кылган. Бул программаны "ЭСОП"- деп атаган. ( Мунун чечмелениши: Ишкананын кызматкерлерине акция үлүшүн бөлүштүрүү программасы-деп аталат). Мындай компаниялар өздөрүнүн эффективдүүлүгүн тез эле көрсөткөн. Ишкананын ээлери болобу, катардагы жумушчуларыбы маанилүү чечимдерди кабыл алууга бирдей катышып, инвестиция тартуу, ар биринин эмгегине жараша кирешелерди бөлүштүрүү маселесине чейин чогуу чечишет. Бул өңдүү ишканаларды түзүү менчиктештирүүдөгү мамлекеттин мүлкүн бир колго өтүп кетишине жолтоо кылат. Ошондой эле арзан жумушчу күчтөрүн аёосуз пайдаланууга да чек коёт. Бүгүнкү АКШда мындай ишканаларда жумушчу күчтөрүнүн 10 пайызы эмгектенет.
"ЭСОП" кыймылы АКШ, Европа өлкөлөрүнөн сыртка чыгып, дүйнөгө кулач жаюуда. Акылман Ден Сяо Пин Кытайдын ишканаларынын 40 пайызы ушул жол менен өнүккөнгө өбөлгө түзгөн. Алардын мамлекеттик ишканалары эч кимге залал келтирбестен ушундайча менчиктештирилген. Алардын эффективдүүлүгү учурда бүткүл дүйнөгө маалым.
- Алмазбек Осмоналиевич, биз сизди айтылуу хирург жана окумуштуу катары билебиз. Мындан тышкары саламаттык сактоодогу эң мыкты менеджер катары да өзүңүздү көрсөтө алдыңыз. Кантип жетишип жатасыз?
- Медициналык мекемени ийгиликтүү башкаруу үчүн, медициналык жогорку билимден тышкары, мага өз кезегинде саламаттык сактоо тармагын илимий башкаруу багытындагы АКШнын Гарвард университетиндеги "Master of public health" программасын кошумча окууга туура келген. Бул билим бүгүнкү калктын саламаттыгын сактоо өндүрүшүндөгү көйгөйлөрдүн уңгусун көрө билүүгө үйрөттү. Ошондуктан "Көз микрохирургиясы" Госпиталынын ийгилиги мен баштаган врачтардын, медайымдардын командалык ийгилиги, жеке гана алардын өжөр эмгегинде эмес, азыркы медицинадагы түзүлгөн кырдаалды терең түшүнө билгендиктеринде жатат.
Биз бардыгыбыз бирдикте финансылык жактан ачык, юридикалык жагынан легалдуу, моралдык жагынан таза, рыноктук медициналык тейлөө көрсөтүүбүз керек. Ушундай жол менен гана биз тармагыбызга сырттанбы, ичтенби олуттуу инвестиция тартып, элдин саламаттыгын акырындап жакшырта алабыз.

Маектешкен Темирбек АЛЫМБЕКОВ






Алиби

29-июнь,
2012-жыл

Барактар

сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!