Тушмаек
Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Биз кошулушубуз да мүмкүн, кошулбай
коюшубуз да мүмкүн!"

- Өмүрбек Чиркешович, мына жакында эле өзүңүз жетектеген "Атамекен" партиясы менен бирдикте Кыргызстандын түштүгүн кыдырып келдиңиздер. Эл кандай кабыл алды? Эл арасындагы саясий абалды байкай алдыңыздарбы?
- Туура. Мен, биринчиден, өзүмдүн шайлоочуларым менен жолугуп келдим. Албетте, аз убакыт ичинде бардык шайлоо участокторуна бара алганым жок. Мурдагыга караганда шайлоочуларым менен жолугушуу бир аз татаалыраак, себеби, айылда адамдар калган жок, аз. Көпчүлүгү Россияга, Казакстанга кетип калышты.
Эмгек мигранттарынын кетишине күйүүчү майлардын кымбатташы ж.б. себеп болуп жатат. Тиешелүү чыгымдардын көбөйүшү, суунун тартыштыгына окшогон маселелердин көбөйгөндүгүн дагы айтсак болот. Мен эл арасындагы саясий абал туурасында сөз төркүнүн түшүнүп атам. Мунун баары түндүк-түштүк маселеси жаман болсо да, "Президент өзүбүздөн. Ага тийишпей эле койбойбу" деп, мени жаман көрүп, ал түгүл КТРден, ЭлТРден "жок эле кылып койбойлубу" деген сөздөр чыгып жатат. Жакында Бакиев Ошко барып кыдырып, актив менен жолукканда Өзгөн шаарынын бир айыл өкмөтүнүн башчысы "Текебаевге окшогондорду жок эле кылып койбойлукпу" деп сөз айткан. Эми аны кой-ай деп болбойт. Ошонун айтканын, тескерисинче, далыга таптап туура айтып атасың дегендей, жашыруун дем бергенди чекилик деп эсептейм. Президент ушул жерден "Биз эркин өлкөбүз. Биздин өлкөдө ар бир адам эркин, ал өз пикирин, оюн айта алат. Түндүк-түштүк болуп бөлүнбөйлү. Бирөөнү сотсуз, тергөөсүз каматып же атып жибермей, же тилин кыскартып, оозун жаап коймой деген нерсе болбойт. Биздин негизги байлыгыбыз эркин адамдын кадыр-баркы, анын намысы, эркин ойду айта алуусу" деп айтып коюусу керек эле. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө Президенттин "мына элдер сурап жатат, мен демократияны азайтам же тилин кыскартам" деген сыяктуу билдирүүлөрдү жасап жибергени мени өкүндүрөт. Ошондон улам сиздер сурап жатсаңыздар керек, эл кандай кабыл алды деп. Эл абдан жакшы кабыл алды. Ар дайым кабыл алып келген. Албетте, Бакиевдин аз, бирок агрессивдүү жактоочуларынын бир-эки жыл мурда башкача кырдаал түзүп, "жаман болсо дагы өзүбүздөн" деген сөз негизги аргумент болуп, "Акаев деле жеген, биздикилер жесе эмне экен" сыяктуу сокур саясат жүргөн. Өлкөнү бөлүп-жаруу саясаты туура эмес экендигин баары көрдү. Эң негизгиси бүгүнкү бийликте конструктивдүү, пландуу саясат жок экендигин да эл көрдү. Ошондуктан, мындай нерселерди мен табигый нерсе катары гана кабыл алам.
- Өткөн аптада Ф.Кулов маалымат жыйынын өткөрүп, анда өзүнө жана Бириккен фронтко УКМК тарабынан коюлган күнөөлөрдүн бардыгы саясий буюртма деген билдирүүлөрдү жасады. Сиз кандай пикир кошо аласыз?
- Өзүнө тагылган айып боюнча Феликс Шаршенбаевич өз позициясын билдирди. Муну абдан туура деп эсептейм. Ар бир партиянын өзүнүн иш-планы, маанилүү деп эсептелинген маселелери бар. Андыктан ар бир партиянын лидери болобу же өкүлдөрүбү мындай маселелерге көбүрөөк көңүл бурат.
- Ошол билдирүүлөрү менен катар башка мамлекеттер менен союз түзүү тууралуу дагы айтты. Сиз ага кошуласызбы?
- Эми ал союздун формасы да, анын тереңдиги да ачык айтылган эмес. Андыктан ар кандай сөз кылсак болот. Туура, туура эмес. Бул Ф.Кулов айткан союз канчалык деңгээлде терең болот, канчалык кучакташып, чырмалышабыз ал жөнүндө эч кандай маселе коюлган жок. Мен бир нерсени айткым келет, Феликс Шаршенбаевичтин бул пикирин биз колдошубуз да мүмкүн, колдобой коюшубуз да мүмкүн. Бирок бул билдирүү, бул аракет Россиядагы кыргыздардын абалын жеңилдетип, жакшыртты деп эсептейм. Анткени мындай салмактагы саясатчынын айтканы көз жаздымда калган жок. Бир топ убакыт мурда В.Жириновский Россиянын Мамлекеттик Думасында чоң сөз сүйлөп, ошонун үзүндүсү бир топ жергиликтүү басылмаларда басылып чыкты. Ошондо "Биз баардык өлкөлөрдөн Кыргызстанга көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Белорустарга караганда кыргыздар менен союз тезирээк болот. Алардын жарандарын ишке чакырып, жеңилдетилген шарт түзүп беришибиз керек. Кыргызстандан орустарды Россияга чакырганга болбойт. Тескерисинче, аларды Кыргызстанга калтыруунун амалын издешибиз керек" дептир. Ал амал бирөө гана. Кыргызстанга инвестиция кылып, чоң-чоң ишканаларды ачып, квалификациялуу, орус тилдүү адистерди калтыруу керек деп жатат да. Жириновский Ф.Куловдун союз туурасындагы билдирүүсү тууралуу да айтып өтүптүр. Албетте, Россияда Жириновскийге да ар кандай мамиле болот. Бирок мунун өзү Россиянын саясий элитасында бизге болгон кызыгуу бар экендигинин далили. Буга бизнес элитасы дагы көңүл бурбай койбойт.
- Апрелдеги митингдерден соң кыргыз оппозициясы эмне болду? Ушуга бир саясий анализ жүргүзүп көрдүңүзбү?
- Бул этапты оппозициянын өнүгүшүнүн, анын күрөшүнүн бир этабы катары карайм. Дагы деле ар кандай бирикмелер түзүлүшү мүмкүн. Ар кандай формада оппозициялык партиялар, уюмдар өзүнүн максатына жеткенге аракет кылат. Албетте, көп нерсе кырдаалдан көз каранды. Кырдаал курчуп, өлкөдө өтө жооптуу маселелер көп болсо оппозиция дагы биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарганга да убакыт болот. Алдыга коюлган маселе чечилгенге чейин биригиш кыйын деп эсептейм. Негизинен азыр ар бир партия, ар бир бирикме өз иши менен алек.
- Учурда кимдер менен идеялашсыз?
- Эми аны айтыш кыйын. Реформа кыймылынын талаптары кагаз жүзүндө көрсөтүлгөн. Биз азырынча ошонун гана тегерегинде иш жүргүзүп жатабыз.
- Күзүндө Жогорку Кеңеш тарашы мүмкүн деген пикирлерге кандай ой айта аласыз?
- Жогорку Кеңештин таратылышы максатка ылайык эмес. Анткени шайлоо чатак менен бүтүп келаткандыгына баарыбыз эле күбөбүз. Жаңы партиялык принцип менен жаңы парламенттин келишин баарыбыз эле каалап турабыз. Бирок, саясий жоопкерчиликти эч бир күч өзүнө ала албайт го деп ойлойм.
- Манастын "Кароол чокусунун" тегерегиндеги чууларга кыргыз жараны катары айта турган пикирлериңиз барбы?
- Бүгүнкү бийликтин туу чокусунда ырым-жырымга, мистикалык кубулуштарга ишенген адамдар абдан көп. Бул кокусунан болдубу же мыйзам ченемдүүбү айтыш кыйын. Аркы дүйнө менен сүйлөшкөндөр, Иисус Манастын баласы дегендер, айтор бир топ адамдар Акүйгө жакындады. Политолог же экономисттер менен эмес, көзү ачыктардын бир нечеси менен кеңешип, саясий казанда жашаган адамдар бир топ. Ушул чокуну казуу дагы мистикалык чендерден улам болгондой. Менимче, эч кандай деле илимий-экспертизалык корутунду, негиз жок. Жөн гана космостон сигнал келген деген көзү ачыктардын билдирүүсү менен ал жерди казып атышат.
Тилекке каршы, бул иш-чара жашыруун башталыптыр. Бишкектен автоматчандарды алып барышып кайтарышкан. Качан жергиликтүү адамдар, укук коргоочулар чуу көтөрүшкөндөн кийин гана менин оюмча, арткы число менен жасалма уруксат берген документтерди топтошкондой. Анткени, документтердин реквизиттеринде, номер, числолорунда, маңыздарына караганда алар кийин жасалган деп эсептейм. Бүгүн эле туура эмес деп айтып жаткан окумуштуу мурдагы число менен казганга уруксат берип жатат.
- Кечиресиз, 2001-жылы эле "Манас-Ордодо" казуу иштери башталмакчы болгон турбайбы. Сизде далилдүү документтер бар экен го...
- Аны Болот Шерниязовдон сурагыла. Документтерди ал чогултту, мен жарыя айттым. Бирок, аныма өкүнүп калдым.

Маектешкендер
Апал, Үпөл