Аралап келген караан "Атаманизм" эмеспи?

Өлкөбүздө бир эле күн саясий "тамаша" болбой калса окшобой калат. Кулак түрүп калабыз, бул кандайча? - дегенчелик. Жок эле дегенде эки депутаттын мушташа кетмейи, болбосо, дагы бир чиновниктин кызматтык автоунаасы автокырсыкка учурамай же бирөөнү койдуруп кетип набыт кылмайы, мамлекеттик маанилүү кызматынын лөгү ресторанда мас болуп, ашмалтайы чыгып, - деген окуяларды эшитип турбасаң зеригип да кетесиң. Мындай көрүнүш көнүмүштөй, ичкен ашыңдай эле болуп баратат. Ал эми пикет, митинг сыяктуу алабарман жыйындар алда качан эле маанилүүлүлүгүн жоготкондой. Ак үйдүн астындабы же көк үйдүн көлөкөсүндөбү, бул санат кайталанбаган сааты жок. Бир күнү казиночулар чыгып, казинону коргоонун камын көрсө, экинчи күнү "Жоголсун казинолор" дегендери даяр. Ошентип, шорподой эле кайнап жатабыз.

Ал эми акыркы күндөрдө ого бетер отко керосин чачкандай кыймылдын күч алып баратканы баамдалат. Аны "Коррупцияга каршы коррупционерлердин күрөшү" деп да атап жибергендер табылып жатат. Алар да зериктирген жок. Ал кыймылдын аткаруучулары аралашкан жерде чаң эле чыгып калып жатат. Ал турсун кызыл жалын өрткө да айланып, кызылдай өмүрлөр кыйылып, ажалга ала качып кеткен окуяларына да орошон күбө болуудабыз.
Арийне, тазалык керек. Ашкере көпкөнүн, элдик байлыктын эсебинен көпөс болгондорду, колу туткак уурусун, шыпырылган шылуунун ашкерелеп жазага тартпаса болобу? Бирок, дал ошол тазалыкты орнотуучулары, демилгечиси, аткаруучулардын өздөрү таза болсо, анда бул иш коомчулук тарабынан да колдоого алынып, арымдуу сапарын улап кетээрине шек жок эле. Бийлик таза колдуу адамдардан куралып, анан тазалыкка чакырса андан да дурус болмок. Ал эми учурдагы бийликтин курамын кимдер түзүп тургандыгы эч кимге жашыруун эмес. Анын каруусу, саны, күчү, жаны кечээги эле эл жектеп жүргөндөр болуп жаткандыгы жалганбы? Бийлик акаевдик, бакиевдик бийликтин "ксерокопиясы", көчүрмөсү экендиги өзүнөн-өзү эле кашкайып көрүнүп жатпайбы. Аттиң, ана башынан баштап аттарын деле атасак болор эле. Оголе узун тизме уланмак. Бирок, аларды коомчулук тегиз билгендиктен зарылчылыгы деле жоктур.
Анан калса "бийликтин өзү кандай жол менен келген?" - деген да суроо турат. Албетте, жалпы элдик шайлоо жолу менен. Эмесе кептин кызыгынын баары ошол жактан уланып отурат. Дегеле, бийлик бутагында отургандардын итке минген жардысын таап көрчү. Ишенимдүү эле айтсак болот, эч качан таба албайсың. Эгерде ал жарды болсо ал бактыга, ал тактыга келе алмак эмес. Биринчиден, ага мыйзамыбыз да жооп бербейт. Анткени, президенттик шайлоого аттанам десең, жок эле дегенде алгачкы эле беренеде күрөөгө жүз миң сом акча коюшуң талап кылынат. Андан аркысын атабай эле койгон эп. Демек, башың алтын болсо да капчыгың калың болбосо, бул ишке жардылары аралаша албайт деген кеп.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты болчулар алгач эле партиянын казынасына жүз, жүз элүү миң америка пулун көтөрө келээри да айтылып жүрөт. Антпесе, партия утушка ээ болбойт. Же добушту сатып алгангабы, же болбосо рекламасынабы ой-да арбын эле пул сарпталары айкын эмеспи. Ошентип, мындай энчи да ар кимге эле бериле койчу масилет эмес. Демек, мындай тобокелчиликке да байдын байы барат.
Мейли барсын, утсун дейли. Бирок, алар ошончо пулду, ошончо каражатты кайдан алган, кайдан табат? - деген суроо турат. "Ак эмгеги, картошкасын саткан, маянасын топтогон" деп актануучулук кылайын десең да эч бир коошпойт. Андай пулду табыш үчүн бүгүнкү эмгек маянасынын шкаласы менен токсон жыл иштеп, жок эле дегенде талаа бетинен кетпей, 19 жыл картошка эгишиң керек экен. Анан тазалыкка чакырчулар көз алдыда болуп жаткан бул көрүнүштү эмне үчүн көрмөксөнгө салышат? Чын-чынына келгенде коррупциянын бүксүгөн жыты ушул жерден тумандап жатпайбы. Ошондон улам байлардын башкаруусундагы өлкө болуп жатабыз. Кадимки эле "Спрут". Мындай тапта азыркы жалаң сүткорлордон топтолгон уюшкан башкаруучулукту "мафия", "мафиялык башкаруу" десек деле ашыкча болбойт.
Илгери "социализм", "коммунизм" деген терминдер, өнүгүүнүн этаптары болор эле. Өнүгүү формацияларынан аттап өтүп көнгөн кыргыз (феодализмден түз эле социализмге секирбедик белек) бүгүн дагы бир "измди" башынан кечирип тургандай. Ал балким "атаманизм" формациясы эмеспи?" - деген түкшүмөл ой келет. Анткени, дүңүнөн парламенттик башкарууда дегенибиз менен жалаң атамандар башкарып жаткандай түр калтырат. Маселен, парламенттин чечүүчү күчү фракциялар, ар бир фракциянын атаманы бар, ар бир партиянын атаманы жашайт. Атаман кандай чечим кабыл алса ошондой болот. Тил албаганын партиянын катарынан чыгарышат. Кай бир учурларда тээжиктенген катмар өлкөнүн үлкөн кожоюнун да тоготпой кеткен жагы баамдалат. Мындай кырдаалда ыйгарым укугу кыйла алсызданып калган кожоюн башкаруунун батыл шарттарын ойлоп чыкпаска айласы жок. Акыры, колундагы күч менен кол салат. Мына ошол ыкма балким "коррупцияга каршы" деген кыймылдын башталышы болуп жүрбөсүн. Демек, чоң кожоюнга, чоң атаманга баш ийүү зарыл.
Мына жакында Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевди тутушту да камашты. Албетте, бул жагдайда ар кандай версиялар айтылып жатат. Ири алдыда "ири коррупционер кармалды, кайырмакка кит түштү" - деп айгайлагандары да бар. Аттиң, анчалык коррупционерди, китти ушул күнгө чейин эмнеге көрүшкөн эмес? Эмне үчүн анын Жогорку Кеңешке чейин депутат болуп кетүүсүнө жол коюшту? Эки жылдан берки депутат болуп алектенүүсүн көрмөксөнгө салышты. Анан капыл-тапыл ойгонуп, төшөктөн тура калып эле басып жыгылуусу ар кандай шек саноолорду жаратпай койбойт.
Ырас, Түлеев жардылардын катарына кирбейт. "Мен баймын. Бир миллионду башыма жүн чыкканда эле таап койгом" деп өзү да алда канча маек улаганын коомчулук билет. Өтө мартабалуу кызматтарда иштеп калган жайы да бар. Эң башкысы ошого жараша кадыр орду да калың дешет. Жедиби, ичтиби аны сот далилдесин. Ал эми Бишкек шаарынын мэр кызматын аркалап тургандагы убактысында арийне, алкыштарга арзып жүргөнүн да билебиз. Айрыкча, орус улутундагылар "Наш Нариманчик" дешет экен. Ошол тапта чындап эле Бишкек шаарынын "гүлдөө доору" болгондугу да ырас. Акырындап шаар тазалыкка ыктап, тартибине келип, жолдор оңолуп, жапайы сооданын маданияты калыптанып ыргактуу өнүгүүсү сезилерлик болуп калган. Аны эч ким тана албайт. Учурда чатакка айланып жаткан автобустар да тейлөөнүн маданиятынын өсүшү катары да баалангандыгы бар. Эгерде ошол автобустар келбесе бутка чалынган микроавтобустардын, бусиктердин тебелендиси астында калмайы айныксыз көрүнүш болчу. Аны автобус, бусик менен жүргөн "жарды" жарандар жон териси менен өткөрүшүп, ошол автобустарды киргизгендиги үчүн да учурунда ыраазычылыктарын атап жүрүшкөн. Ошондуктан шаардыктар өз мэрин урматташып, бүгүнкү күнгө чейин түпкүрүнөн сыйлашары сезилерлик эле.
Ал эми туулуп өскөн жери - Теңиртоолуктар пайгамбарындай сыйлап, барса ыйлап тосуп алат дешет. Анткени, өз учурунда, ушул күнгө чейин кичи мекенине жардамын аябаптыр. Түлеевден компьютер албаган мектеп жок экен. Арыктарын, каналдарын оңдотуптур. Жалпы кырк миллиондой жардам бергенин айтып да, жазып да ыраазылык кылышкандарын эшиткенбиз.
Эми ошол Түлеевди ошол ишенимдер азгырдыбы, кийинчерээк ал саясатташып алган. Ара-чолодо азыркы ажобуз менен аралаш президенттикке талапкерлигин койду. Соңунда премьер-министрликке да талапкер болуп, экинчи орунга чыгып колдоо тапканы бар. Ошол эле учурда Орусия мамлекети менен да ысык ымаласы сезилип, "В.Путиндин президенттик инаугурациясына чакырылыптыр" деген имиштер желдей тарап кеткен. Чынында "ит күлүгүн ким сүйүптүр" дегендей мындай улуксатсыз кадамдарды убагы менен тартуу зарылдыгы ойгонгондур. Н.Түлеев тек гана таасир талашуунун курмандыгы болуп калбадыбы деген ойлор жаралат. Адетте, ак менен каранын таразасы оошуна карата бааланат эмеспи. Ал эми учурдагы, бийлик бутагында мекендин өнүгүшүнө карата бир мык какпагандары да али күнгө кылы кыйшайбай манчыркап отурушат.
Ошентип, тымызын болсо да таасир талашуунун оюндары кызып алгандай. Тарыхта "мен гана чечишим керек" - деген "атаманизм" азгырыгына алдыргандар түпкүлүгүндө аброй, бедел тапкан эмес. Бийлигин акырында атамандыкка алмаштырып алган Сталин өлкөдөгү баш көтөргөндөрдүн башын кестире берип, билимдүү чөйрөнү бүт кырып алган. Анын аркасында өзү да тарыхтын кара барактарын толуктап калды. Ирактын өзүмбилеми Саддам Хусейин мыкты чыкмаларды кубалап салып, өлкөнү коргоого чамасы жок өз өлүмүн тапты. Ливиянын өкүмзору Муамар Кааддафи өз жаранынын колунан набыт кетти. Түркмөнбашы Сапармурат Ниязов керт башына сыйынуучулук илдетине кабылып өз эли өгөйлөп салды.
Ал эми биздин башкаруучулар ушундай ыкма, ушундай жол менен өзүн таанытам десе жаңылышаар. Өз кезегинде кылмыш иши козголсо да депутаттык шайлоо мөөнөтү бүтмөйүнчө депутатты күнөөлөө ишин жек көрүндү президенттер Акаев, Бакиев да ишке ашырган эмес. Анткени, депутат элдин өкүлү эмеспи. Дегинкиси, тазаланууга батыл киришсе, анда учурдагы бийликтин балким токсон пайызын Түлеевге палаталаш кылышса болор беле? Ошондо калыстык болмок. Антүүгө эрк-тери жете алат бекен?
Тилекке каршы турмуштун өңү таптакыр башка. Жөнөкөй эле мисалдар. Өлкөбүздө медициналык кызматкерлердин эмгек маянасы 7-8 миң сомду түзөт. Ал акча каражаты менен үй-бүлөнү багуу дегеле мүмкүн эмес. Турмуштук зарылдыктан улам, ал өз пациенттеринен ыраазылык "жөлөк пулун" алат, ала да берет. Мектеп мугалимдеринин маянасы деле ошол. Алар деле анча-мынча болсо да жок эле дегенде ремонтко чогулган каражаттан кымтып коюшат. Министр, губернатор, акиминин айлыктары деле алымсындырарлык эмес. Ашып кетсе 25-30 миң. Андай пулду ушул эле Казакстанда пенсионер алат. Чоң кызматтагылардын чоң түйшүгү бар. Алар дегеле бул маянага тоюнушпайт. Демек, алар да ар жак, бер жагынан сугунушат. Мына, ушул өксүктү толтуруп айлык маянаны жашоо, жан багуу мыйзамы менен теңемейинче коррупцияны тек эле этекке чаап эсине келтирип коебуз дегендери кыял. Ар кимди кокологондун ордуна, кокуй күндүкү, ушул жаатты ойлонсо дурус болор эле. "Элдин жашоосун көтөрүп жатабыз" - дегендердин пенсияга жүз- жүз элүү сомдон кошуп, койкоңдоп турушу уят эле иштир.

Таалайбек
АБДЫЛДАЕВ