Ал! Тын!
Ачууга алдырган менен артыңды караган жакшы

Ошентип, акыркы жарым айдан бери жалпы кыргызды кой, дүйнөнүн Кыргызстан менен алака-катышы бар тарабын чууга салып, ойлонткон "Кумтөр" алтын кени боюнча маселе бир азга тынч алгандай болду. Тагыраагы, чырдын башын чыгарган өлкөнүн парламенти кечээ бул маселе боюнча атайын чечим кабыл алып, чиеленген ишти эми эл аралык коомчулуктун, өкмөттүн жана ошол Кыргызстандан алтын өндүрүп жаткан инвестициялык тараптын оюндагыдай биргелешкен комиссия түзүү менен иликтөөнү жактырып, жандары тынды.

Ал арада депутаттык комиссиянын башында туруп, ошол кен казуучулардын Кыргызстандын экологиясы менен экономикасына олуттуу зыян алып келгенин ачык айтып, ал тургай "буга күнөөлүү" дегендердин аттарын атап чыккан Садыр Жапаров бул долбоорду колдоодон баш тартты. Ал көшөкөрлөнүү менен өзү жазган "Кумтөр" боюнча Кыргызстан менен "Центерра Голд Инк" компаниясынын ортосундагы келишимди жокко чыгаруу менен "алтын казууну мамлекет өзү колго алышы керек" - деген долбоорун сунуштап, жетиштүү добуш ала алган жок. Ошондон соң кол шилтеген эл өкүлү "Бул токтом болбойт. Себеби 15-февралда депутат Иманкожоева "Кумтөр" боюнча маалымат бергенде биз 5 пункттан турган токтом кабыл алганбыз. Ошол токтомго жазылган нерселерди бүгүн да кайталап берип жатасыздар. Барып карагыла, экологиялык катастрофага алып келатат, ушуну келтиргиле" деген. Бирок, бирөө да басып барган эмес. Бул токтом менен да бирөө басып барбайт. "Көрөсүңөр, ушинтип атып Көлдү эле эмес Кыргызстанды жоготобуз",-деп кейип кала берди.
Ооба, чындыгында эле анын айтканынын жөнү бар. Анткени, Кумтөр - "Кумтөр" болгону, ал жерден алтын өндүрүү иши башталганы коомчулук тарабынан да, Жогорку Кеңештин ар чакырылышындагы депутаттар тарабынан да кен казуунун экологиялык, экономикалык терс таасирлери боюнча бир канча ирет маселе көтөрүлгөнү менен аны иликтей турган комиссиялар ишти ара жолго таштаганы - турмуш чындыгы. Убагында Барскоон кырсыгы болгондо, элдин атынан чыккандар "иш ушул жол менен кете берсе, келечекте Кыргызстандын эли кырылат. Химикаттар менен жардыруулардын кесепети экологиябызды оңбогондой бузат" - деп кан какшаганы менен ошол кездеги бийлик дагы Канаданын жашылбайларына жанталашып, алардын айтканы менен болуп, элге "компенсация" деп миллиондорду алып, бирок, зыян тарткан көлдүктөргө жем чачкандай чачып алдап койгону деле эсибизден чыга элек. Андан кийин депутат Кубанычбек Исабеков бул тармакка катуу киришип, азыркы алтынды өндүрүүчү "Центтера Голд Инк" компаниясын ийне менен казып, Канада, АКШ, Монголияга чейин жанын колуна кармап алып барып, изилдеп, бир катар олуттуу фактыларды жыйнап келгени, алтындагы афералык аракеттерди ачыкка чыгарганы жамы журтка маалым. Бирок, анын баары тең эле текке кеткен жок.Тагыраагы, так ошол кадамдардан кийин келишимдерге кошумча түзөтүүлөр киргизилип, алтындан түшкөн кирешенин белгилүү бир бөлүгү ошол аймакты өнүктүрүү фондуна түшө баштаган. Бирок, бу кыргыз иш жасабаган, жасаганды көрө албаган калк болот экенбиз, ошондо деле "Исабеков "Кумтөрдөн" акча алыш үчүн аларды коркутат экен" деп келжирек сөздөрдү айткандар арбын эле болгон.
Ал эми азыркыга келсек, албетте, Садыр Жапаров деле жаман киши эмес мына, ал деле кыргыз үчүн кызмат кылайын деп, ушул маселелерди көтөрүп чыгып, бир чоң иш кылды. Бирок, калпыс жери - анын радикалдуу кулк-мүнөзүндө болуп жатат. Же болбосо, ал депутаттык комиссиянын отчетун негиз катары кармап туруп эле "Кумтөрдү" мамлекет өз колуна алышы керектигин, антпесек, эртең бул инвесторлор качып кетишээрин, келишимди ушул жерден эле шарт кесип таштоо керектигин айтып чыкканы осолдук болду да калды. Анын ыйык ишениминде бүгүн алтынды колуна алган мамлекет эртең ошол бүлүнгөн экологияны кайра калыбына келтирип, экономиканы дүркүрөтүп өстүрүп жиберчүдөй. Бирок, бүгүнкү биздин "таз кейпибиз" ага жараксыз экенин ачык эле айтып коюу керек. Урматтуу Садыр мырза, биздин көз карашыбыз боюнча эгер келишимди жокко чыгарып, "Центерра Голдду" басып алганыбыз менен эл аралык соттор сиз айткандай эч качан бизди "ии, туура кылыпсыңар, өз алтыныңарды ээлеп алып отура бергиле, буларды биз кыстырып беребиз" деп эгерим айтпайт. Аны кой, Кыргызстан ушундай кыйын экен, биздин укукчуларыбыз, сиз баштаган юристтер "Кумтөрдү" бул жакка кое туралы, эки жылдан бери эзилип келе жаткан "Мегакомду" кыргыздын пайдасына чечип бергилечи, сураныч?!
Болбосо, эртең миллиондорду кармап калабыз деп, миллиарддарга кириптер болуп калып, эл аралык коомчулуктун көзүнө таза желмогуз көрүнүп, Кумтөрдү Көлүбүз менен кошо берүүгө аргасыз болуп калбайбызбы?! Буга кошумча, мына "Кумтөр" чыры кайра башталганы, биздин алтындын акцияларынын баасы дээрлик 30 пайызга төмөн түшүп кеткенин экономисттер эсептеп чыгышты. Демек, биз Кумтөрдү бүгүн ээлеп алып, аны эртең иштетип баштаганга чейинки убакта биздин алтын текейден арзан баага түшүп, даана айлабыз курубас бекен? Өлкөнүн казынасынын бир капшытын толтуруп турган "Кумтөр" болсо, анда биздин калктын карын-курсагын кантип тойгузабыз? Ансыз деле "Кумтөрдөн" бюджетке төлөмдөр бир аз кечиксе эле Каржы министринин кабагына кар жаап, мурутуна муз тоңот…
Ал эми экологиялык зыяндарды тезинен, радикалдуу кадамдар менен ошол кенчилердин калыбына келтиришин талап кылып, көзөмөлгө алуу Өкмөттүн да, парламенттин да, коомчулуктун да бирден бир иши болушу керек. Ал жагынан депутаттык комиссия изилдеп чыккан негиздерге таянып, ишти жылдыруу - күндүн тапшырмасы.




"Депутатты
да камайбы,
кызык…"
Кайсы жерге барба, эл арасы-уу-дуу. Аялдамада болобу, кафеде болобу айтор Нариман Түлеевдин камалышын талкуулагандар. Жада калса маршруткада тыгылышып, сыгылышып баратып да Түлеевди талкуулашат. Бири "ырас кылыптыр" десе, экинчиси "депутатты да камайбы, кызык" дешип, айтор кыжы-кужу жакында токточудай эмес. Бул аралыкта Биринчи май райондук соту Нариман Түлеевди эки ай СИЗОго кармоо тууралуу чечим чыгарды. Муну менен биз мурдатан күтүп келген парламент жана президенттин, өкмөттүн ортосундагы түшүнүксүз кармаш кайрадан күчүнө кирди. Буга чейин паракорлордун, уурулардын ордосу катары эсептелген парламенттин чебин жарып, чабуулга өтүү аракети чечкиндүү башталды. Мындайды күтпөгөн парламент алгач аң-таң болуп, коргонууга өттү эле, коомчулук аларды бир тараптан кысымга алып киргенде айласы кеткенден өкмөттөн күчүн чыгарууга белсене киришти. Себеби, ага дагы жетиштүү шылтоо топтолуп калган. Буга чейинки өкмөттүн бир катар былык иштери, премьер-министр Өмүрбек Бабановдун кадрдык саясатынын баш аламандыгы, берген убадалардын суу кечпей, ара жолдо калышы, жана башка толгон-токой социалдык көйгөйлөр, мына ушунун баары парламентке жакшы көзүр болуп берди.
Ал ортодо "Генпрокурор менен ГКНБнын функциясын өзүбүзгө алабыз" деген түркөй депутаттар дагы чыкты. Андай болду, "парламенти жок деле жашабайлыбы" деп суроо бере турган киши бар болгону менен аны эшиткен бирөө жок да. Өгүнү бирөө "Баракелде" сайтына Түлеев жөнүндөгү маалыматтын астына: "Биздин Нариман байкебиз болгону 1 миллион доллар жептир, а силердин Пирматовуңар миллиондорду жесе да камашпайт", -дептир. Күлбөскө айла жок да...

Адилет АЙТИКЕЕВ
adi77@inbox.ru