Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду билдирет:
Соцфонд:
Элге карызыбыз жок, мекемелер бизге бересе!

Үстүбүздөгү жылдын 14 - 15 - июнунда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Башкармалыгынын көчмө жыйыны болуп өттү, Анда аталган башкармалыктын мүчөлөрү, борбордук аппараттын башкармалыктарынын башчылары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын район жана шаардык башкармалыктарынын башчылары жана координаторлору, андан сырткары аталган иш-чарага регионалдык жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Башкармалыктын бул жыйынында 2012-жылдын январь-май айларындагы райондордо аткарылган иштердин жыйынтыгы каралып, камсыздандырууга чогултуулардын чени, өткөн жылдан калган карыздардын өндүрүлүшү, ишкерлер жана дыйкан-фермерлик чарбалар менен камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча кызматташуунун жүрүшү талкууга алынды.
Ошентип, КРнын Социалдык фондунун түштүк аймактык башкармалыгынын маалыматы боюнча 2012-жылдын алты ай аралыгында камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча 1954,7 млн сом чогултту. Бул көрсөткүч өткөн 2011-жылдын ушул маалына салыштырмалуу 145, 0 пайызга жогорулаган же 252,7 миллион сомго көп чогултулган...




Мындан сырткары 2012-жылдын 1-майынан тартып каралган пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн кайрадан эсептеп чыгуу каралды. Мында Ош шаары боюнча 5 айда 381,4 млн. сом, Ош облусу боюнча 1891,3 млн. сом, Жалал - Абад облусу боюнча 1682,3 млн. сом, Баткен облусу боюнча 811,7 млн. сом төлөнүп берилген. Жалпысынан айтканда ушул жылдын июнуна карата өлкөнүн түштүк облустарында пенсия жана башка социалдык төлөмдөр толугу менен каржыланып төлөнүп берилди. Маалымат иретинде айтканда, учурда Ош шаары боюнча 20035 адам, Ош облусу боюнча 107594 адам, Жалал - Абад облусу боюнча 94582 адам жана Баткен облусу боюнча 45252 жаран пенсия алат. Ошентип, көчмө жыйындын аягында түштүктөгү айрым социалдык төлөмдөрдү чогултуу боюнча төмөнкү көрсөткүчтү берген жетекчилерге катуу чараларды колдонуу чечими кабыл алынды.
Эске сала кетсек, май айында ушундай эле көчмө жыйын Чолпон-Ата шаарында болуп, ага Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустарынын социалдык фондунун кызматкерлери катышкан болучу. Ал эми июль айында Талас, Чүй, Бишкек шаардык социалдык фондунун кызматкерлеринин кезектеги көчмө жыйыны өтөт.


Максат-кыргыз
мигранттарын колдоо

Официалдуу маалыматтарга караганда Кыргыз Республикасынын 500 миңден ашуун жараны Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жашап жана эмгектенишет.
Муну менен катар алар өз мекени менен байланышын үзбөй, келечекте Кыргызстанга кайтып келүүнү максат кылышат. Эмгек мигранттарын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо Кыргыз Рес-публикасынын өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана татыктуу жашоо" - деген Программасынын алкагында, ошондой эле Россияда эмгектенген Кыргыз Республикасынын ар бир жаранына адрестик жана маалымат жактан колдоо максатында же болбосо:
- келечектеги социалдык камсыздандыруу жана татыктуу пенсия алуу үчүн пенсиялык камсыздоонун нормаларына ылайык мигранттарга алардын укугу жана милдеттери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, анын алкагында Россиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруу, видеороликтерди көрсөтүү, буклеттерди жана башка маалыматтык материалдарды таркатуу
- Социалдык фонддун жарандардын өздүгүн каттоо жана камсыздандырылган тараптар маалыматын берүү системасы менен каттоо жүргүзүү
Жогоруда айтылгандарды ишке ашыруу максатында 2012-жылдын июнь айында Россия Федерациясынын Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун аталган фонддун төрагасынын биринчи орун басары Даниель Султанбеков башында турган делегациясы жана кыргыз диаспораларынын жолугушуусу болуп өттү.Негизги суроо-жооптор Социалдык фонд тарабынан пенсиялык саясат жүргүзүү багытында жасап жаткан иштери, же болбосо пенсияларды жогорулатуу, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын жеке эсепке алуу, эмгек мигранттарынын "Юнистрим" төлөм системасы аркылуу төлөнгөн пенсиялык каражаттарды чектөө жана төлөө механизми жаатында болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Социалдык фонддун делегациясы тарабынан Кыргыз Республикасындагы пенсиялык система жөнүндө презентация жана эмгек мигранттарынын камсыздандыруу взносторун төлөө шарттары тууралуу видеоролик көрсөтүлдү, Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын элчилигине жана коомдук уюмдардын жана диаспоралардын өкүлдөрүнө эмгек мигранттарын пенсиялык камсыздоо туурасында буклеттер жана "Соцфорум" журналын таратуу үчүн берилди.
Белгилей кетүүчү нерсе, Россия Федерациясынан Кыргыз республикасына ыктыярдуу камсыздоо взносторун которуу максатында "Юнистрим" ачык акционердик коом коммерциялык банкы менен келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жана 2011-жылдын 18-июлунда аталган келишимге кол коюлган эле.
Аталган келишимде мигрант үчүн камсыздандыруу взносун "Юнистрим" аркылуу төлөө бекер каралган. "Юнистрим" ачык акционердик коом коммерциялык банкы аркылуу которулган жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна эмгек мигранттарынан келип түшкөн каражаттар эске алынып, кийин аларга пенсия түрүндө кайтарылып берилет.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар каражат табуу үчүн Кыргызстандан чет элге чыгып эмгектенген кыргыз жарандарынын пенсия менен камсыз болуусу боюнча маалымат жүргүзүү боюнча иш-аракеттерди күчөтүү маанилүү экендигине токтолушту.
Аталган иш-аракет ар тараптан чечүүнү талап кылгандыктан Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд Россия Федерациясындагы миграция маселесин чагылдырган жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз байланышта кызматташууга, ошондой эле кыргыз диаспорасынын жетекчилери менен эмгек мигранттарына мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатында эмгек мигранттарынын укугун коргоо багытында жасалып жаткан ниш-аракеттерди жеткирүү максатында байланышты чыңдамакчы.