МЫКААЧЫ
ЖАЗАСЫН АЛДЫ
(Башы 7-бетте)
Галина Кузьмина, тарбиячы; мен Айдаркенде 33 жылдан бери жашап эмгектенип келе жатам. Камилияны кенедейинен бери билем. Биздин бакчада тарбияланган. Абдан кыймылдуу, шайыр, ар ким менен тил табыша билген кыз эле. Окууну бүтүп келгенден кийин деле токуучулук ийримибизге келип жүрдү. Абдан оор жоготуу болду.
Арзыгүл Шадиева, кошунасы; Биз жумушка чогуу келчүбүз. Иштин көзүн билген, ачык көңүл адам эле. Эч ким ойлобогон иш болду. Алгач укканда аябай коркот экенсин. Жаныбек мурда да дагы бир кызды уруп сабаган экен. Болбогон бир аз пулдун айынан мыкты кызыбыздын өмүрү кыйылды. Кылмышкер жазасын алуусу керек.
Салтанат Абдыраимова Айдаркендеги аялдар кеңешинин төрайымы; Бул окуядан соң кылмышкерге баарыбыздын жинибиз кайнады. Эмне үчүн чырактай болгон кызыбызды өлтүрөт? Бул улуттар аралык араздашуу эмес. Кылмышкерлердин улуту болбойт. Ал кыргызбы, казакпы, оруспу же дунганбы, тажикпи же уйгурбу жазаланууга тийиш. Аларга кечирим болбойт. Ошол окуядан кийин биз эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Жолугушууларды өткөрдүк. Тажиктер өзүлөрү да кылмышкерди жек көрүп жатышат.
Зухра Давлетшина Айдаркен сымап комбинатынын эсепчиси; Бизде көптөн бери мындай кандуу окуя болгон эмес эле. Бул улут аралык жаңжалдашуу эмес. Бул бир конкреттүү кылмыш. Адам өлтүргөн кылмышкер жазасын алууга тийиш. Камилия менин кызым менен курдаш болгондуктан, ал аябай кайгырып айтып келди. Мындан ары шаарчабызда достук, ынтымак болушун каалар элек.

РСК банк менен ички
иштер органдарынын
кайдыгерлиги

Бул кылмыш иши боюнча тергөө органдарына кое турган дооматыбыз бар. Биринчиден, кылмыш жөнүндө эки күндөн кийин гана элге жарыя болду. Неге эки күн сыр сакталып турду? Райондук сот кылмыш жасалгандан беш ай өткөн соң гана өкүм чыгарып отурат. Буга калың элдин нааразылыгы, жабырлануучулардын соттун имаратынын жанында пикетке чыгышы түрткү болду көрүнөт.
Маркум Камилия иштеген РСК банк-тын да күнөөсү көп. Банктын Айдаркендеги филиалынын сигнализациясы, күзөт жана электр кубаты менен камсыздоо ойдогудай жабдылбашы, анын Кадамжайдагы бөлүмүнүн директору Рафаэль Хайбулов тарабынан тийиштүү көзөмөлгө алынбаганы мыкаачы тарабынан эч бир коркпостон адам өлтүрүп жатканына түрткү болгон. Айдаркендеги аманат кассасынын башчысы Акыл Колдошев неге ачкычты өзү албай Камилияга берип салган? Эмнеге акча турган жер күзөткө алынбайт? Эмне үчүн чыракты сырттан эле өчүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн? Бул эмне атайылап жасалганбы? Атүгүл жарык дүйнө менен коштошкон Камилия Абдукаарованын калган айлыгы кечиктирилип 19-апрелде гана төлөнгөн. РСК банк жабырлануучу тарапка, маркумдун кичинекей кызына мыйзам чегинде компенсация берген жок. Атүгүл аларды милициянын тергөөчүлөрү да текшере албайт имиш. Жөн эле бир мамлекеттин ичиндеги мамлекет тура!
Адылжан Жажанов,
"Алибинин" Түштүк аймагы боюнча өз кабарчысы,
Тел. 0778 351 325