УНУТУЛГАН ЭЛЕТ

Кыргызстандагы калктын үчтөн экиси айыл-кыштактарда жашашат. Эгемендүүлүктүн жылдарында жер жана агрардык реформанын кесепетинен улам элет жери таланып-тонолуп, мына жыйырма жыл болсо да өзүнө келе элек. Климаттык шарты мыкты, экологиялык таза мөмө-жемиш, жашылчаларды өстүрүүгө мүмүкүнчүлүгү бар мамлекетибиз алыскы чет өлкөлөргө бир дагы айыл чарбасынын продукциясын экспорттобойт.

Союздун учурунда беденин үрөнү, кант, пахта, эт жана сүт азыктары сыртка жөнөтүлүп жатчу. Бүгүн Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин ишине "канаттандырарлык эмес" деген бааны коюуга болот. Бишкектин чок ортосунда жети кабат заңгыраган имаратты ээлеп, бир бөлүгүн ижарага берип, кантын уруп жаткан негизги министрлик элет калкын, алыскы чөлкөмдөрдөгү фермерлер менен дыйкандарды унутуп, статистикалык бир органга айланып калды. Же, ошол маалыматтары туура чыксачы. Райондук агрардык департамент аталган бөлүмдөрдүн каражаты да, унаасы да жок эптеп күн өткөрүшөт.
Министрликтин башкармалыгынын жетекчиси А.Сагынбаев Жогорку Кеңештин депутаттары менен кыдырууда мындай сандарды билдирди; 7-апрелдеги революциядан бери республикабызга Кытай эл республикасынан лизингке 264 трактор келиптир. Айыл банкы аркылуу 72 МТЗ трактору бөлүнгөн. Бул жалпы сугат аянты бир миллион гектардан ашкан өлкө үчүн абдан аз көрсөткүч. Жер-жерлердеги айыл чарба тракторлору менен шаймандарынын 90 пайызы өз мөөнөтүн өтөп бүтүшкөн. Ал эми тармактык министрдин орун басары А.Жумалиевден айыл чарбасынын келечеги боюнча маалымат алдык. Анын айтымында өткөн жылы Баткен областына болгону 20 трактор жөнөтүлгөн. Күлкү келерлик жагдай. Илгери мындай тракторлор бир бригадада болчу эле.
"Айыл-Банк" ачык акционердик коому тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөргө жылдык үстөк пайызы 6-9 пайыз болгон кредиттик линия менен "Енисей" жана "Нива" комбайндары, МТЗ-82 үлгүсүндөгү тракторлордун берилип жатканы айтылат. Калп айтуунун да чеги бар го!
Агро-өнөржайлуу Кадамжай районундагы 400дөй киши катышкан жыйында болгону, бирөө гана ушундай техника алганын айтты. Эмне бул элди, массалык маалымат каражаттарын алдообу? Же болочоктогу тракторлордун санын кошуп жатышабы? Баткен дубанына Кыргыз республикасынын өкмөтүнө караштуу материалдык резервдик фондудан 175 кубометр дизел отуну, 90 тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү бөлүнүп берилген имиш. Дыйкан-фермерлер мунун бирин да көрүшпөгөнүн айтышат. Чамасы, атка минерлер Бишкектен жөнөтүлгөн дизел менен үрөндү өң тааныштарына, дос-торуна гана бөлүштүрүшкөн окшойт.
Кыргызстандын түштүгүндө бардык эле эгин-тегиндин мыктысын өстүрүүгө болот. Мындан жыйырма жыл мурда гана чөп таңгактагычтар менен автоунааларды чыгарган Кыргызстанда эми минтип велосипед да жасай албай кошуналардын шылдыңына кабылып жатышыбыз намыска тиет экен. Минералдык жер семитркичтин, күйүүчү майдын, техниканын, агротехникалык билимдин тартыштыгынан улам мамлекетибиз боюнча жыл сайын жүз миң гектардан ашуун сугат жерлер кысыр калууда. Демек, жыл сайын орточо эсептегенде 200 миң тонна дан өндүрүлбөй жатыры. Элдин казынасынан миллиондогон сом чыгымдалып жаткан Айыл чарба министрлигин иштей албаган соң, башка чиновниктердин катарында кыскартып эле салбайлыбы?




Кадамжайдагы сел
кырсыгы 4 адамдын өмүрүн алды

Жакында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Кадамжай районунун Жийделик айылында катуу сел жүрдү. Натыйжада 15 үйдү сел алып, жараксыз абалда. Ал эми 2 үй капиталдык ремонтко муктаж. Шагыл таш менен тосулуп калган жол күндөп-түндөп тазаланып, Кадамжай-Баткен каттамы ачылды.

Бул күнкү болуп өткөн сел кырсыгынан 3 адам каза болду. Бүгүнкү күндө оруп-жыйноо күч алган мезгил. Буга карабай рес-публиканын түштүгүндө жаан-чачын көп жаап карапайым калктын, дыйкандардын, фермерлердин шаштысын алды. Күн сайын жер-жерлерде сел кесепети катталып жаткан учур. Ошол күнү Пүлгөн айылынын тургундары Нурдинов Аваз, Нарбаев Шайырбек, Мамалаев Мурадыл жана Асамидинов Муса болуп, Сары-Талаа бөлүмүнөн чөп чабыктан кайтышкан. Жаан күчөп, Жигули автомашинасы менен үйлөрүнө жөнөшкөн. Жамгыр улуулагандан улуулап, кала-берсе автомашина менен жол жүрүүгө да болбой калган. Басылганча туруп туралы дешкенби, жолдо туруп калган автомашинаны сел агызып кеткен. Кала берсе, бул сел кырсыгы азаматтай атуулдарыбыздын жанын да алды. Нурдинов Аваз, Нарбаев Шайырбек, Мамалаев Мурадылдардын сөөктөрү Өзбек Республикасынын Фергана шаарынын моргунан алынып келинди. Бүгүнкү күнгө чейин Асамидинов Муса табылбай издөө иштери жүрүп жатат.
Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы 10 миң сомдон жардам көрсөттү.
26-июнь күнү Кадамжай шаарчасындагы "Горный" көчөсүндөгү бир үйгө тоодон эрте мененки саат 6 жарымдарда таш кулап түшүп, 15 жаштагы баланын өмүрүн алган. Дагы экөөсү ооруканада, бирөөнүн акыбалы оорураак. ӨКМ өкүлдөрү "Горный" көчөсү кооптуу экенин айтышып, адамдарды көчүрүү зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле кооптуу делген Майдан, Көтөрмө айыл округдарындагы айрым үйлөрдү тез арада жылдыруу керек.
Мындан тышкары Жийделик айылындагы адырлардын астына салынган менчик ишканаларды да жылдыруу керек экенин ӨКМ өкүлдөрү билдирди.
Асылбек Тажибаев