Жандуу суу


Биздин бийликти карап туруп бооруң ооруйт. Көзү чакчайып сени тиктеп тургансыйт, бирок кыйкырсаң укпайт. Жандасаң түшүнбөйт. Анан "мына эмесе" - деп жол тосуп жиберсең же Ак үйдүн алдына келип айкырсаң араң кыймылдайт. Анысы карапайым элге да дайын. Мурда күнү өз көйгөйлөрүн айта берип тили тешилген Панфилов районунун 300дөй адамы Жибек-Жолун 3 саат убакытча "кыкынта" муунтуп аргасыз болушту. Кайдан укканын ким билсин "Республика" фракциясынын лидери Канатбек Исаев "канат кагып" жетип барып, "кой тоспогула" - деп араң көндүрүптүр. Көрсө, райондон аккан суулар Казакстанга кирип эле ошол бойдон чыкпай калат экен. Ушу жерин биз да түшүнбөй турабыз. Казакстанга кирип, анан кайра артына агып келгендей бул эмне болгон "жандуу суу" экенине башыбыз жетпей жатат. Өзү суу болсо, агып барган жери сууга таңсык Казакстан болсо, анан алар: "кой айланайын, агып чыгып артыңа бар" - демек беле. Бул боюнча ЖК "комиссия түзөбүз" - деп жатат. Комиссия барып артка агызабы же "агызбай тосуп албайсыңарбы" - деп акыл айтып келеби, билиш кыйын. Булар барганча жай өтүп кетпегей эле.


"Беспредел"... "Рэкет"...


Ушу комиссия түзмөй жагынан ЖК Гиннестин китебине киргени калды окшойт. Атпай журтка "алтындай жигит" катары таанылып бараткан Алтынбек Сулайманов: "банк системасында "беспредел" болуп жатат, элге насыя берип, алар төлөй албай калышса сот аркылуу мал-мүлкүн тартып алып коюшууда. Банктар насыясыз жашай албайт, андыктан өз кардарларын коргоп, жардам бериши керек эле" - дейт. Анысы го туура. Бирок, бу "алтын" баланын" "1995-жылдары сот-прокуратуранын өздөрү рэкеттерге кайрылып, мындай маселелерди чечип алчу эле, эми өздөрү рэкет болуп кетишти" - дегени кызык болуп турат. Алтынбектин тилине салып, чалып айтканда ЖК комиссиясы мындан деле "толк" чыгара албайт болуш керек. Себеп дегенде, ЖК Эсеп палатасынын эсебин табыш үчүн комиссия түзгөн. Депутат А.Калматовдун айтымында Эсеп палатасы комиссияны "каакы ордуна " көрбөй, тиешелүү документтерди бербей жатыптыр. Мыйзам боюнча ЖК тамаша эмес эле. Бийликтин ана башы ушулар. Анан Эсеп палатасынын "эсебин тапканга" эрк-тери жетпей жаткандан кийин, жалаң акча жазданып уктаган банкирлерге алдары жетмек беле? "Ай, кантип кетээр экен?"- деп "алтын жалатылган" баланы, "тоюс" А.Сулаймановду аяп турганыбыз.


Акбагышеванын амалы


Депутат Айнуру Алтыбаева өлкөдө оорукана жетишпей жатса, Шопоков шаарчасындагы оорукананы "Кыргызстан аялдар Конгрессинин" төрайымы Замира Акбагышева "менчиктеп" алганын айтып чыкты. Депутат атайы барып, эл көзүнө "кризис борбору" аталган бул эки кабат имараттан "кризиске" кабылган эч кимди көрбөгөнүн, мамлекеттик мүлк фондусунан териштирип көрсө "менчиктештириле тургандардын тизмесине" кирбегендигин, ошондой эле АКШ тарабынан эң мыкты ремонттон өткөрүлгөндөн кийин, Акбагышева акырын барып "энчиктеп" алганын жарыя кылды. Демейде, экрандан түшпөй элге акыл үйрөтүп турчу Замира айым буга эмне дээр экен?


Турсунбайдан туура сөз


Депутат Турсунбай Бакир уулу туруп-туруп эле акылдуу сөз айтып, кубантып да жиберет. ЖКнын пленардык жыйынында: "Биз бардыгыбыз улуттар аралык ынтымактын сакталышы маанилүү экендигин жакшы билебиз. Кайгылуу күндөрдүн эки жылдыгы мезгилинде, элдерди жакындаштырууда өз салымдарын кошуп жаткан жарандарга ырахмат айтып, колдон келсе сыйлап алышыбыз керек. Мына, акын Камила айым "Манас" трилогиясын өзбек тилине которуп, аны жайылтып жатыптыр. Мындай адамдар аз эмес". Анык ажылык сөз айтты. "Туураны туура"- деш керек.


Кадыржандын калпы


Депутат Токон Мамытов Кадыржан Батыровдун Би-Би-Си радиосуна берген маеги (айрым маалыматтар боюнча,Батыров мындай интервью бербептир.) провокациялык максатты көздөөрүн билдирет. "Мен муну президент Атамбаевге каршы уюштурулган провакация- деп эсептейм. Ал терең ойлонуп, алыскы багытты көздөйт" - дейт ал. Андан ары өзү жетектеген комиссия Кадыржан Батыровдун Алмазбек Атамбаев менен эки ирет жолукканын ырастайт. Бирок, жолугушуу демилгесин Батыров көтөрүптүр. Экинчи кездешүүдө Батыров "Ватан" партиясы парламенттик шайлоого катышарын, ЖКда өзбек улуту көбүрөөк орунду ээлеши үчүн күрөшөрүн айткан экен. Ал эми Атамбаев Кыргызстандын ар бир жараны шайлоого катышууга укугу бардыгын, арийне, бир гана этностун кызыкчылыгын коргоо туура эместигин, өлкөдөгү бардык жарандар бирдей укукка ээ экенин, жалпы эл ынтымакта болгондо гана Кыргызстаныбыз өнүгөрүн Батыровго айтканын баса белгилейт. Ошентип, Токон мырза, Кадыржан Батыровдун Алмазбек Шаршеновичке таккан айыбы негизсиз экендигин расмий айтып отурат.


Ажонун


позициясы


Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл сапарында: "Кумтөрдөгү" кырдаалга дүйнө коомчулугу байкоо салууда"- деген пикирин билдирди. "Эгер бир нерсе болсо инвесторлор биздин мамлекетке каражат салыш керекпи же жокпу? - деп ойлонушат" - дейт өлкө башчысы. "Кумтөр" боюнча президент жылуу маанайда болгон соң, демек, аны иштеткен инвесторлор мыйзам чегинде иш жүргүзүп жатканы айныгыс факт.


Армиядагы "Архимед" ким?


Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүндө жалаң гана кедей-кембагалдардын балдары кызмат кылары эч кимге жашырын эмес. Министрлердин, депутаттардын балдары армияда кызмат кылганын уга да, көрө да элекпиз. Эми ошентип, армияда кедей-кембагалдардын балдары кызмат кылганы аз келгенсип, мобу эле борборубуздун чок ортосунан орун алган Улуттук гвардиянын командачылыгы аскер мөөнөтүн өтөп, үйүнө кетип жаткан солдаттардан аскер формасы үчүн 4700 сомдон шыпырып алып калып жатыптыр. Анысы ал, ремонт үчүн деп ар бир солдаттан 1500 сомдон жыйнап жатат дешет. Мына сага муну ким ойлоп таап, "Архимед" боло калганын ким билсин? Башкы командачы тартипке салбаса, генералдар менен полковниктер минте берсе, элди өзүнө каршы коюп алат го?


"Кызарбаган" кылмыштар


Бишкекте бир МАИчи ВМW 325 машинасынын айдоочусун" жөн айдабай учуруп айдайсың" - деп токтотуп алып (мунусу мыйзамдуу эле болсо керек. Аңыраңдата айдаса токтотпой коймок беле?), бирок, протокол жазып жатып эле айнып кетип (эмне болуп айныганын ит билсинби?) айдоочуну мотоциклдин шлеми менен бет талаштыра берип калыптыр да, ошондон ары безип жоголуптур. Мотоциклин аңылдата айдаган бойдон тоону көздөй кеткенине караганда, андан ары Айга качып кетсе керек. Эми, текшерилип, иликтенип жатат, жерде болсо бир дайынын угабыз го?
***
УКМК Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиевге ж.б. адамдарга каршы кылмыш ишин козгоду. Мэр акең 1 млн.395 миң сомду эч кандай тендер өткөрүп убара болбой эле, муниципалдык наабайканага бере салыптыр. (Ал наабайкананын атасы да өзү имиш. Андан кийин да 254 миң бюджеттик акчаны ошол жакка айдаса керек).
***
Каракол шаарына келген Япониянын эки жаранын 12 жаштагы бала отургузуп кетиптир. Алар шаардагы музейге кирип чыкканча машинанын арткы терезесин талкалап кирип, 2 миң евро, 1,5 миң доллар, "Кенон" фотоаппаратын, документтерин шыпырып баса бериптир. Бала кармалды.