Ташты сүйлөткөн


Мамат


Кыргызстан сүрөтчүлөр Союзунун Оштогу бөлүмүн 13 жыл бою талыкпай башкарып жаңы ачылыштарды кийирип, чыгармачыл инсандардын арасында бирин бири түшүнүү жана сыйлоо, достук атмосферасын жарата алган белгилүү скульптор Мамат Камчыбеков Кадамжайдын Охна кыштагындагы мектепте окуп жүргөндө эле табийгаттын ар кыл кубулуштарына, кереметтерине кызыга берчү. Атасы айылдагы элдин малын баккан карапайым адам эле. Ыраматылык апасы Зулпу колунан көөрү төгүлгөн чебер, уз болчу. Андан ышкы, талант уулуна жукканбы, айтор мал кайтарганы Күлдү өрөөнүнө чыкканда өзүнчө эле убараланып, ар кыл таштарды терип ойноп, ар нерсеге салыштырып кыялдана турган. Маматтын чыгармачылыкка, көркөм өнөргө берилүүсүнө мектепте окуткан агайлары Курсан Зикиров, Шамши Эшбаев, Эржигит Шакиров жана башкалар оң таасир этишкен. Анын үстүнө айылда андай китепти кызыгып окуган бала болгон эмес. Бир күндө тарыхый же жомок эки китепти баш көтөрбөй окуп, сабактарын калтырган учурлар көп болгон. Руханий дүйнөгө аралашуу менен баланын фантазиясы, ой жүгүртүүсү өсөт, дүйнө таанымы кеңейет. Таштарды жылдырып, ар тараптан карап, бирдемелерге салыштыра берчү. Атасы беш убак намазын калтырбай окуган инсан болгондуктан уулу тарткан сүрөттөрдү жактырбай тескери каратып алчу. Ал баласынын шоопур болуп нан табышын, бала багышын ниет кылар эле. Тагдырга айла жок экен. Ишенген уулу Мамат башка жолго түшүп, сүрөткерликти тандап алды. Сүрөт тартканын койбоду.
Акыры мурдакы Фрунзе шаарындагы Семен Чуйков атындагы сүрөтчүлүк окуу жайынан билим алды. Анын көзүн ачкан, көркөм өнөр дүйнөсүнө түздөн түз жетелеген агайлары Алибек Мухидинов, Дамирбек Коңурбаев, Мэлис Ахмедовдор эле. Ошолордун "казанында кайнап", "тегирменинде айланып" мыкты инсан катары тарбияланып өстү. Буга кошумча өткөн кылымдагы кыргыздын белгилүү сүрөтчүлөрү Гапар Айтиев, Тургунбай Садыков, Сүймөнкул Чокморовдордун таасири чоң болгон. 1979-жылы училищени аяктап Ош областтык сүрөт фондуна жумушка орношот. Ал кезде мындагы чыгармачыл жамааттын 70 пайызын орустар түзчү. Алар менен камыр-жумур аралашып өз жолун, стилин издей баштады.
М.Камчыбековдун Ош шаарындагы өнөрканасы менен таанышып отуруп, өзү эч качан көрбөгөн, анын үстүнө молдо болгондуктан фотосүрөткө да түшпөгөн кыргыз жазма адабиятынын баштоочусу "Молдо Нияздын түспөлүн, келбетин кантип жарата алдыңыз?" - деп сурап калдым. "-Туура, бул абдан татаал маселе. Бирок азиялыктардын, анын ичинен кыргыздардын өңү-түсү өзүнчө болот. Молдо Нияздын урпактарынан сураштырып отуруп анын бою, баскан-турганы, сырткы келбети, ошол мезгилдеги кийими кандай, чөбүрөлөрүнөн кимиси окшош экенин билдим. Бир жума бою чоподон айкелдин макетин жасап карыяларга көрсөтүп сураштырдым. Сакал-мурутунун кандайча коюлганын да даана айтышты. Молдо катары селде орогону, узун эчки сакалы башкача экен. Адамдын башынын, көкүрөгүнүн өлчөмү да түрдүүчө болот эмеспи. Ошентип отуруп каармандын образы жаралган. Аны эч ким Молдо Ниязга окшош эмес" - деп айта албайт.
Скульптурада авторлор каарманды даңазалоо үчүн ар кандай изденүүлөргө барышкан. Маселен, Курманжан Датканын Ош шаарындагы эстелигин алсак аты кичирээк болуп калган. Европанын сүрөткерлери бизди аборигендерге окшотуп, кичикий адамдар катары кабыл алышат.
Мамат Камчыбековдун өзүнүн жана кесиптештеринин эмгеги менен Кадамжай районундагы биринчи төрага Абдыкадыр Орозбековдун, Полот хандын, Өзгөндүн кире беришиндеги Манастын, Ош шаарындагы Гапар Айтиевдин, Султан Ибраимовдун, Сузактагы Барпы Алыкуловдун, Кара-Кулжадагы Алыкул Осмоновдун, Рыспай Абдыкадыровдун жана башка ондогон залкар замандаштарыбыздын айкелдери жасалып аталган аймактарга көрк берип турат. Отуз жылдан ашык чыгармачылык өмүрүндө ал Вьетнамдан тартып Латвия, Россияга чейинки аралыктагы ар кыл эл аралык көргөзмөлөргө катышкан. Ал эми өз көзү менен көргөн замандаштары Жолондун, Сеиттин, Т.Касымовдун жана түркмөн досторунун портреттери кызыктуу чыккан.
Тоолуу өлкөбүздө бир топ тарыхый-маданий эстеликтер бар. Алар кыргыз элинин баа жеткис руханий байлыгы. Маселен, Саймалуу-Таш менен Сулайман-Тоодогу таш жазуулары, сүрөттөрү болжол менен үч миң жылдай илгери пайда болгон. Бизге жеткен баалуу табигый экспонаттардын саны үч миңден ашат. Бул кыргыз элине гана таандык бай казына. Улуттук нукура стиль сакталып турат. Өзүнчө бир "Түбөлүктүүлүктүн белгилери" жана "Саймалуу-Таштын сырлары" сериясында автор жаратылышка болгон ыйык сезимин тастыктаган. Мунун баарын көздүн карегиндей сактап кийинки муундарга жеткиришибиз керек,- деп ой бөлүшөт Мамат аке.
Оболу ал унутпаш үчүн шилтеме жасап кагазга түшүрүп алат. Анан пластилин менен ылайга чоңойтуп көчүрүп коет. Кийин калыпты куюп ташка, жыгачка же металлга которот. Кыргызстандын аймагын аралап, жакшылап саресеп салсаң не бир укмуш образдардагы таштар, жыгачтар бар. Жаны тынбаган бул замандашыбыз чет элдик коллегалары менен байланышып кызыктуу симпозиумдарды өткөрүүгө демилге көтөрүп жеке салымын кошуп келет. Өткөн жылдын август айында Америка Кошмо штаттары, Франция, Германия, Австрия, Испания жана Кыргызстандын скульпторлору менен Сары Өзөн Чүйдүн Калмак-Ашуу айылындагы улуттук жаратылыш паркында азыркы замандын скульптурасы боюнча биринчи эл аралык симпозиумду уюштурууга үлкөн салым кошкон. Мамат Камчыбеков француз кесиптеши Камбурэ Лионлге достук шарж, "Жайлоодо жамбаштап жаткан сонун да" эмгектерин тартуулады.


Ал бир топ мамлекеттик жана өкмөттүк сыйлыктарды алган. Азыркы учурда Ош областтык көркөм сүрөт музейинин директорунун орун басары болуп эмгектенет. Ынтымактуу үй-бүлөнүн башчысы.Мамат акенин дагы көптөгөн идеялары, ой-пикирлери бар. Чыгармачылык баралына келген художниктен калкы дагы көптөгөн мыкты чыгармаларды, жаңы бийиктиктерди багынтуусун күтөт.

Адылжан ЖАЖАНОВ