ООРУКАНАНЫН ЖЕРИН САТКАНДАР


Калкынын саны 170 миңден ашкан Кадамжай районунда саламаттыкты сактоонун деңгээли ойдогудай эмес. Дасыккан врачтар, мээрбан эжелер, заманбап жабдуулар, керектүү дары-дармектер жетишпейт. Мурдакы мезгилде кишинин түшүнө кирбеген ар кандай оорулар көбөйүп кетти. Асыресе Россияга барып келип төрөп жатышкан аялдардын 90 пайызы оорулуу. Жакырчылыктын деңгээли жогору болгондуктан ал калктын саламаттыгына, дени сак балдардын төрөлүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. Аялдар арасында аз кандуулук оорусу кеңири таркады.Кызмат орундарына орношуунун өзүнчө ставкалары бар. Жердешчилик жана тууганчылык илдети орун алган. 2011-жылдын 20-июлунда болгон зилзаладан соң борбордук оорукананын мындан 60-70 жыл илгери салынган имараты жарылып, шыптары урап түшүп, авариялык абалга келди. Ага республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жетиштүү жардам берилген жок. Райондук мамлекеттик администрация, Жогорку Кеңешке шайланышкан кадамжайлык эл депутаттары бул маселеге назар салбай, кайдыгер мамиле жасашууда.

ТАРЫХКА СЕРЕП

Райондук борборлоштурулган оорукананын имараттары эбак эле эскирип бүткөндүктөн Союздун соңку жылдарында планга киргизилген 240 койкалуу жаңы имаратка Пүлгөн айылынын күн чыгыш тарабынан 5 гектар ыңгайлуу жер бөлүнүп, объектти куруу 1989-жылы башталган. "Кадамжай шахта куруу башкармасы" акционердик коомунун директору Садир Ибраимов 37 млн сомдук курулуш-монтаждоо жумуштары аткарылганын, башкы корпустун үч кабаты, жугуштуу ооруулар бөлүмүнүн биринчи кабаты бүткөрүлгөнүн билдирген. Каржы булактарынын тартыштыгынан улам 1993-жылдан тартып оорукананын курулушу илгерилебей, "тык" токтоду. Долбоордук-сметалык документтер "Ошархитектурадолбоор" чыгармачыл жамааты тарабынан түзүлгөн эле. Бул маалыматты бизге аймактык оорукананын директорунун орун басары Махамадмуса Жаббаров берди.

ЖЕРДИ САТКАН
ЖЕГИЧТЕР

Эгемендүүлүктүн жылдарында алыскы чөлкөмдөгү бул маанилүү объектини курууну аяктап, пайдаланууга берүүнү Кадамжайга келген бир дагы аким, депутат же республикалык деңгээлдеги жетекчи ойлогон жок. Тескерисинче, ондогон жылдар бою кашыктап топтолгон карапайым элдин мүлкүнө суук колун салып, арам ишке баргандар көбөйдү. Биз чоң үмүт байлаган апрель революциясынан соң коррупциялык жол менен бийликке келген Кадамжайдын экс-акими Токтомат Ганыев, оорукана аймагында турган Орозбеков айыл округунун башчысы Надирдин Жолдошев жана башка жетекчилер элдин көзүн будамайлап, бүтпөй калган оорукананын 5 гектар мыкты жерине көздөрүн артышып, сатып, чөнтөгүн толтурууну ойлошту. Анткени, райондук борбордогу бир жер участогу орточо 500-600 миң сом турат. Айылдын ичинде турак-жай салууга бөлүнчү жер калган эмес. Демек, жеке керт башынын кызыкчылыгын баарынан жогору коюшкан жетекчилерди кызылдай дүнүйө азгырып туруп алды көрүнөт.
Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын өкүлү А.Жаркыновдун маалыматы боюнча оорукана жайгашкан аймактан он адамга жер участкасы ажыратылып берилген. Кийин башка кишилер да алышты. Орозбеков айыл округунун токтомун Баткен областтык административдик жана экономикалык иштер боюнча соту колдоп чечим чыгарганына таң калбай койбойсуң. Ал эми оорукананын чок ортосунан 6 сотке жер ажыратылып айылдык мечиттин кыска мезгилдин ичинде курулуп калышын кандай түшүнсөк болот? Мечитке ылайыктуу башка жер табылбай калыптырбы? Өзү бири экинчисине жабышып турган Кадамжайдын борборунда 7 мечит бар. Ага момун мусулмандар толуп намаз окушса кана!
Бизге кабарлашканына караганда айыл өкмөтү бир жер участкасын 100-150 миң сомдон сатып ийген. Эми гектарлаган жерден Надирдин мырзанын сол чөнтөгүнө канчалаган пулдар түшкөнүн өзүңүз эсептей бериңиз, окурман. Деги эле жер сатууну бизнес-ке айланткан айыл округ башчысынын көөп, эч кимди тоготпой жүрүшүнүн сыры ушунда эмеспи. Анын үстүнөн райондогу укук коргоо органдарына көптөгөн арыз-даттануулар түшкөнү менен эч бир чара көрүлбөй жатканында бир мандем барбы дейм! Жер сатып байыган мындай жетекчинин орду түрмөдө болушу керек.

КӨЗ БОЕМОЧУЛУК

Алмаз Атамбаев өкмөт башчы кезинде Кадамжайга келгенде райондун жетекчилиги көзүн жазгырып, бүтөйүн деп калган райондук ооруканага эмес, Кадамжай сурма комбинатынын медициналык-санитардык бөлүмүнүн токтоп турган имаратына алып барышкан. Аны аяктоого көп каражат талап кылынгандыктан А.Атамбаев куру убада берген эмес. Ал эми 240 койкалуу, бүткөнү калган объектиге келгенде балким иш башкача болмок. Жергиликтүү төбөлдөр ушинтип Бишкектен барышкан жетекчилердин башын айлантууга, аларга туура эмес маалыматтарды берүүгө уста болуп алышты. Мындай көз боемочулуктун далайын көрүп "ии, элеттиктер гүл турмушта жашап жатыптыр" деген калп мактоолорго өзүбүз да күбө болуп жүрөбүз.
Ооруканадагы курулуштун жылбай жатышы, мүлкүнүн уурдалып, тонолушу боюнча республиканын саламаттыкты сактоо министри Динара Сагымбаевага, Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин төрайымы Динара Ниязалиевага кайрылгам. Бирок тилекке каршы эч кандай реакция жок. Ошол эле учурда чыныгы абалды жашырышкан кадамжайлык жетекчилер келечеги жок, тар, жерге котлован каздырып салышты. Мунун өзү мамлекеттин мүлкүн чачуу, ысырап кылуу эмеспи. Жакында кадамжайлык жаштар жер сатып көнгөн өкмөткө нааразылык билдиришип, кызматынан айдатуу демилгеси менен чыгышты. Мамлекет өзү тескей албаса, бечара эл козголот да!