Анатай Өмүрканов, Кыргыз эл акыны:


Ай, кудай ай, эмнеге
Бала бойдон койбодуң?!

Куураган жыгач ийилбейт,
Жел токтоор жери билинбейт.
Кийимдей кепин кийилбейт,
Өлгөн жан кайра тирилбейт.


Атадан талант балага
Калбайт .... калат дүнүйө.
Анткени күйгөн чырактын
Жарыгы тийбейт түбүнө.


Өрүк гүлдөйт, бирок билбейт,
Канча мөмө саларын.
Өзүмө да эч белгисиз
Канча ыр жазып каларым?!


Куш отурган жайынан,
Учсун мейли узакка.
Куу кулкундун айынан,
Кайра илинет тузакка.


Канчалык калың түшпөсүн,
Калбайт жааган кар жазга.
Канча узак жаш бербесин,
Айла жок жерге барбаска.


Санаган бирөө бар бекен,
Алтындан өлдү канча адам?
Жүрөт алтын элде эсен,
Жок алтынды кармаган.


Ажалдан табып алпкалса,
Анда өзү миң жыл жашамак.
Эгерде өмүр сатылса,
Бай өлмөк эмес паралап.


Адам, адам бардык убакта,
Ар ким көрөт башка салганды.
Үңкүрүндө ачтан өлсө да,
Арстан жебейт иттен калганды.

Кайгыны айтпа кайдагы,
Жазганы ошол маңдайга.
Ооматы бүтсө жан дагы,
Ордуна келбейт ал кайра.


Док урунуп жатсаң да,
Дос болбойт жөө атчанга.
Бар болсо дагы канаты,
Уча албайт балык асманга.


Жаман жолдош - көлөкө,
Күн бүркөктө таптырбай,-
Күн чайыттай кездерде,
Жүрөт жанда айттырбай.


Башыңдан бакыт учканы,
Балаңдын начар чыкканы.
Балапаны ит болсо,
Уча албай калат куш дагы.






Алиби

5-июнь, 2012-жыл






??.??