Мен билген


Анатай


Мындан 5 жыл мурда Кыргыз Респуб-ликасынын, Казак Республикасынын жана СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, жердешибиз, "эл ырчысы Эстебес" деген элдик наамдын ээси атактуу Эстебес Турсуналиев дүйнө салганда анын тандалма ырларын бир китепке чогултуп, "Эстекем жөнүндө эки ооз сөз" деген аталыштагы кириш сөзүн өзү жазган Кыргыз Республикасынын эл акыны, Б.Сарногоев атындагы эл аралык сыйлыктын ээси Анатай Өмүрканов "чү" дегенде эле минтип баштаган экен: "Ээрчишип барып бет жууган, сен экөөбүз бир суудан" дегендей Эстекем экөөбүз бир айылданбыз. Эстекем эле эмес "Эртеден чапса кечке озгон, ылдыйдан чапса төшкө озгон" коңгуроолуу шумкардай, конодо талбас тулпардай болуп жашынан жамы журтка таанылып, "ак таңдай акын атанган, Токтогулдан бата алган" атактуу Алымкул Үсөнбаев, обону от болуп, өзү чок болуп күйүп, аргендей үн, обону менен "Атайдын окуучусу" делинген, кыз-келин көрсө теминген Төлөш Турдалиев, атасынын касиеттүү комузун жерге таштабай өнөрүн улап, ырларын курап, бармактай кезинен атпай журтка аттын кашкасындай көрүнгөн, топ жыйындан бөлүнгөн, "маңдайынан шам жанган, таңдайынан бал тамган" Замирбек Үсөнбаев, жүрөктү дүкүлдөтүп, кирген суудай күпүлдөтүп "Манас" айтып, айтып эле тим болбой өзүнүн вариантын өзүнчө китеп кылып чыгарып, көзү жаманга көрүнбөс, көңүлү жаманга табылбас табышмак сыр талант ээси Асанкан Жуманалиев, үйүбүздүн көрпөсү, айлыбыздын эркеси болуп эр жетип, учурда айтыштын "атасын" таанытып, "жаагын" айрыган Абдылда Нуралиев, ыйыктын этегин кармаган суу болбосун билип, улууну улуу туткан кор болбосун туюп, көп окуп көкүрөгүн ачып, тайынан таскагы таш жарып, азырынча мактанып, эртеңкини үмүттүү тиктеткен Аалы Туткучев да биздин айылдан. Баарысынын этек жаап, эс жыйган балжууран балалыгы, ыр менен уктап, күү менен ойгонуп, ак-караны айрыган тестиер кези да мурдагы "Кайыңды" совхозу, азыркы Арал, Чеч-Дөбө, Акбай, Бабырда өткөн. Бекеринен Эстекем:
"Чеч-Дөбө менен Аралым,
Ченинде өскөн баламын.
Ата-энедей көрүнөт,
Ардайым көзгө карааның" - деп "Өнөр жолу" ырында ырдаган эмес".
Мына ушинтип, дүйнөгө Алымкулду, Эстебести, Төлөштү, манасчы жана жазуучу Асанкан Жуманалиевди, Абдылданы, Аалыны берген Акбай-Бабырдан кыргыздын тирүү классиктеринин бирине айланган лирик жана публицист акын Анатай Өмүрканов өзү да чыкканын, албетте, ал жогорудагы кириш сөзүндө айта алган эмес. Дагы да болсо Эстекебиз кыраакылык кылып, "Кайыңды" деген ырында минтип айтыптыр:
Колуңдан өскөн уул-кыздар,
Кол жеткис көктө барчындай.
Өктөмү, талант курчтугу,
Өзөндө кирген шар суудай.
Буудандар чыкты күүлөнүп,
Булуттан учкан, камчы урбай.
Булдурап таштын алдында,
Булагың ырдайт ал тургай.
"Ырчы булак" бар дешчү,
Ысак, Субан, Кыйрабай,
Ырчы болуп калчудай.
Ынанып балдар ичишчү,
Багыңда булбул сайраса,
Алымкул төкмө жарчыдай.
Эстекем атын атап кеткен үчөө тең Акбай-Бабырдын "мен" деген кыйындарынан эле. Ыраматылык атам Субандын "ырчы булактан" ырымдап суу ичкенин кулагым чалган эмес. Өзүн канчалык мырза кармаганы менен өнөр ээлерин аздектеп, Алымкул ырчы айылга келип калганда кой-козусун союп коноктомойунча жибербеген ысык мамилелерин жакшы билип калдым.
Эстекем жөнүндө дегеле сөз башка. Анын үй-бүлөсү агам Асандын, биздин үйдө жай болобу, кыш болобу өз үйүндөй эле жүрчү. Менин адабиятка болгон шыгым биринчи кезекте адабияттан берген агайым Исмаилов Абестин астейдил эмгегинин жана мамилесинен улам ойгонсо, кандайдыр бир деңгээлде Карабай, Көчөрбай аксакалдар, ыраматылык атам тажабай окуткан Манастын, ошол убактарда менин балалык аруу сезимиме, жан-дүйнөмө укмуштай бир таасир берген Алымкул, Эстебес жана алар менен айылга келген башка ырчылардын, төкмөлөрдүн өнөрлөрү да кошумча экендигин тануу мүмкүн эмес.
Анатай Өмүрканов экөөбүз тең Акбай-Бабырдын кулундарыбыз. Менин атым Бабырбек болгону менен уругум Акбай. Анатай-Бабырдан, уругу атакозу. Акбайлар Арал кыштагында, Бабырлар Чеч-Дөбө айылында жашайт. Эки айылга эзелтеден эле бир мектеп болуп келип, ал азыр Алымкул Үсөнбаевдин ысымын алып жүрөт. Эки айылды жарып аккан Кайыңды суусу илгери анча-мынча түйшүк жаратчу эле, кийинчерээк ал дагы тартылып, эки айыл каны-жинине чейин аралашып кеткен учур азыр. Кээде мен:
"Өктөмү, талант курчтугу
Өзөндө кирген шар суудай.
Буудандар чыкты күүлөнүп,
Булуттай учкан камчы урбай"- деп Эстекемдин жазганын окуп алып, ал киши ушул ыр саптарын Анатай инисине арнаганбы деп да ойлоп коем.
Акбай, Бабырдын балдар-кыздары бир мектепте окуп-өскөндүгүбүз үчүнбү, негедир бири-бирибизге эки айылдын балдар-кыздарындай мамиле кылбайбыз. Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынын аягына чейин эки айылдын көзгө сүртөр мектеби сегиз жылдык болгондуктан, билимин уланткысы келген айылдаштарыбыз райондун, областтын башка орто мектептерине чачырап, тарап кетишип, аларды бүткөн соң каалагандары жогорку окуу жайларына, шарты жоктору болсо маңдайына жазылган тагдырына баш байлашчу экен.
Мен Өмүркан аксакалды, анан биз менен тең уулу Каныбекти жакшы билип калдым. Ыраматылык Өмүркан аксакал көрсө ошол алтымышынчы, жетимишинчи жылдары эле ачык-айкындуулукту, демократияны башкаларга караганда итабар ийги түшүнүп, айыл бийлигинин кемчиликтерин көзгө сая көргөзүп, алар менен келишкис маанайда жүргөн адам эле. Ал киши 1980-жылы каза болгондо мен Бишкек шаарында тергөөчү болуп иштеп калып, акын Омор Султановдун өтүнүчү боюнча көлүк уюштуруп, жоон топ акын-жазуучуларды маркумдун зыйнатына алып барып келгеним күнү бүгүнкүдөй эсимде.
Мектепте окуп жүргөнүбүздө Абес агай Анатай тууралуу сыймыктануу менен сөз кылып калчу. Ошондон улам Өмүркан аксакалдын уулу, Каныбектин агасы Анатайдын Фрунзедеги (азыркы Бишкек) эң чоң окуу жайда - университеттин тил-адабият факультетинде окушу, дубал газеталарга чыккан ырлары башкаларга билбейм, мага укмуштай бир таасир берип, Анатай Өмүрканов мен үчүн ошол убакта касиеттүү адамдай сезилчү.
Анатай экөөбүздүн алгачкы жолугушуубуз 1964-жылдын, жаңылбасам август айында болду окшойт. Мен анда 7-классты бүтүп, адабият дегенде ичкен ашымды унуткан убагым эле. Азыр эсимде жок, кайсы бир орус жазуучусунун баатыр пионер тууралуу китебин алымдын жетишинче кыргызчалатып, ошону адабиятчыларга көрсөтмөк болуп Абес агайым экөөбүз Фрунзе шаарына келгенбиз. Котормо тууралуу ар кандай сөздөрдү угуп, өзүмдү гений сезген жаным жерге-сууга батпай, Фрунзеде төрт-беш күн жүрүп калдык. Ошондой күндөрдүн биринде кайдан таап, кантип сүйлөшкөнүн билбейм, Абес агай "бүгүн кечке маал Анатай менен жолугабыз"- деп калды.
Азыркы Эркиндик сквериндеги аксакалдар кафесинин ордунда жайкы кафе болор эле. Түштөн кийин саат 5тер чамасында Абес агай экөөбүз ошол кафеге келип орун алдык. Көп өтпөй жамгыр көнөктөп төгүп кирди. "Ай эми келбей калды го. Анатайды көрбөй калам го"- деп бушайман болуп мен отурам.
Бир маалда болугунан келген, албеттүү, бозомтук жигит "Абес аке"- деп агайым менен учурашып, анан мени менен кол кармашып жаныбыздан орун алды. Ал - жай сурашып, айыл-апа тууралуу сүйлөшүп... көпкө отурдук. Айылда жүргөндө көргөн-көрбөгөнүм эсимде жок, университеттин дубал гезитине ырлары чыгып жүргөн, атактуу (мен үчүн) агам Анатай акынды биринчи жолу акыл-эстүү көрүшүм ошол болгон.

(Уландысы бар)







Алиби

5-июнь, 2012-жыл






??.??