Чартаңбай

"Кулов кууратты"- дейт


Бүгүнкү күндө ар кандай аталыштагы жеке менчик, коммерциялык багыттагы аңчылык чарбалар Кыргызстандын кызылыраак көрүнгөн, жапайы жан-жаныбарларга бай жерлерин камчыга ченеп бөлүп кетишкен. Алар айрыкча "чет өлкөлүк аңчылар келатат"- дегенде уктабай калышат. Алыстан жаңдап "мага кел" - деп турушат.
Бул маселе боюнча "Ата Мекен" фракциясында кеп болуп, депутат Туратбек Мадылбеков: "жеке менчик аңчылык чарбаларды орду түбү менен жоюп салыш керек" - деген оюн айтты. Муну уккан Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы агенттигинин директорунун орун басары Абдыкалык Рустамов чок баскандай секирип: "Алар киреше алып келип, жаратылышты да коргоп жатат, кокус жоюлуп кетсе кандай болот?" - деп бышактап жиберди.
Белгилүү болгондой, мындай аңчылык чарбалардын башкы кирешеси чет өлкөлүк аңчыларга мүйүзү кулач кулжаларды аттыруудан түшөт. (Ич күйө турган жагдай - кезегинде биздин жерге темселеп келе калган саякатчы Марко Поло биздин калжайган кулжаларды көрүп калып, өзүнүн атынан илимге кийирип жиберген. Ошондон бери "Марко Поло - тоо кою" аталды да калды. "Ой, аны кылым кыргыз "кулжа" - дейт деп талашкан бирөөбүз жок ). А.Рустамовдун сары эсеби боюнча кулжа аттыруунун эсебинен жылына 250 миллион киреше түшүп турат экен. Аны бөлүштүрө келгенде бир бөлүгү бюджетке, бир бөлүгү мамлекеттик аңчылык чарбаларын кармаганга, 15 пайызы республикалык жаратылышты коргоо фондуна, бир бөлүгү жырткычтар менен күрөшүүгө кетип, өздөрүнө "болгону" 5-7 пайызы гана артат тура.
Баарынан да кызматтык формачан же элдин тили менен айтканда кызыл шапкечендер, (ИИМдин, УКМКнын өкүлдөрү) айрым депутаттар таламандын так түшүндө эч кандай уруксаты жок эле аңчылыкка чыгып, каалагандай чартаңбай тээп, егерлерди тоготуп койбой, билгенин кылып жатышканын жоопкерчилиги чектелген аңчылык чарбасынын башчысы (Сары - Өзөн Айдин Хантинг") Руслан Абасов чыркырап айтып чыкты. "Аларды жоопко тарталбайсың, өтө бай, чоң чиновниктер. Тоонун чокусуна чейин жеткен, кымбат баалуу машиналары бар. Мына Феликс Кулов аңчылык дегенде атасын унутат. Өмүрбек Субаналиев экөөнүн досу Дмитрий Цой дегендин "Булат М" - аталган аңчылык чарбасы бар. "Элитамын"- дегендер ошого барышат. Биз аларга бөгөт коё албай жатабыз" - дейт ал.
Көрсө, канчалык жерибейлик, жеке аңчылык чарбаларынын браконьерлерди мыйзам чегинде кармаганга, ишти сот, прокуратурага өткөрүп бергенге укуктары жок экен. Демек, ЖК анчалык киришкенден кийин алардын мыйзамдык укуругун узартып берсе, дурус болчудай. ЖК жыйынында депутат Райкан Төлөгөнов браконьерлик кылган чиновниктерди "кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек"- деген сунушун айтты. Анысы айтылган жерде калабы, же өтүп кетеби, көрөбүз го.
Темирбек Алымбеков




Көкөй кести

Жан дүйнө аптабы


Ошентип, аптабына нан бышкан жай башталды. Айланада тынччылык. Адатта кыргыздын саясаты жазында кирген буурадай буркулдап, самын жасачы шакардай кайнап чыкчу. Быйылкы жаз, буюрса тынч өттү. Оппозициянын тонун кийип, атын минип Өкмөткө каршы чабуул жасамакчы болгон "Ата журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин Ош, Баткен, Жалалабад дубандарындагы митингдери дээрлик ийгиликсиз аяктады. Ал ортодо Ош аймагы боюнча элди ээрчиткен азамат Мелис Мырзакматов да учурдагы бийлик менен ымалалашып кетип, оппозициянын ишенимине суу септи. Ал эми мурдатан "оппозициянын оюнун ойноп" келе жаткан, керек болсо Убактылуу Өкмөткө кирбей койгон Аликбек Жекшенкулов, Өмүрбек Субаналиев, Өкмөткө өч болуп кеткен Кубатбек Байболов сыяктуулар чээнден чыгышпай, бугуп жатып алышты. Анткени, биринчиден аларда жок дегенде Камчыбек Ташиевдикиндей электорат да, акча да жок эле. Анан калса алар азыркы бийликтен кайсы бир кызматты үмүт этип, керек болсо элчи болуп кетүүгө деле макул болчудай болуп, жалооруп жатышты. Орто жерден курултай демилгесин көтөргөн топтор да эл аралап, бийликке чыртыйган мамилелерин ачыкташканы менен эл аларды да кош колдоп тосуп, катарын калыңдаткан жок. Ошону менен жаз саясий кубулуштардан тынч өттү. Шүгүр.
Бирок, саясат тынч болгону менен элди кымбатчылык басты. Кыштын оор болгону аз келгенсип, жаздын келиши дагы ар кандай жаратылыш кырсыктары менен коштолду. Ош, Жалалабадды мындай кой, эзели сел дегендин кесепетин тартпаган Нарында сел жүрүп, элдин шаштысын кетирди. Баса, андан биринчи Кыргызстандын тоолуу аймактарын жут каптады. Бир боо чөптүн баасы 400 сомго чыгып, эл ороолордогу өтпөй жаткан картөшкөсүн малына кайнатып бергенге жетти. Андан кийин сел болду, сел артынан кайрадан малды кесел каптады. Шарп деген шилекейди агызган мал оорусу ансыз да араң кыштан чыгып келе жаткан миңдеген малдарды кырып тынды. Өкмөт болсо шалаакы басыгы менен шашпай "чара колдонуп жатабыз, дары-дармек жеткирип жатабыз" деген дүжүр жоопту узатып отуруп алды. Кыскасы, учурдагы бийликтин айыл чарба тармагын тартып кете албасына баарыбыздын көзүбүз жетип отурат. Бирок, аны өздөрү уккусу жок. Баскан-турган жеринде, түшүнөн чочуп ойгонсо деле "биз дыйкандарга жети пайыздык кредит бердик" деген сөздү эрикпей кайталашып, аны замандын макал-лакабына айландырышты. Бирок, ал насыяларды баягы эле байлар алып, батрактар куру жалак калышты. Экинчиден, дыйкандар деле ал насыяны алып, арпа-буудай сепкенден коркуп турушту. Анткени, ошол түшүмдү жыйнап ала турган техникалар жетишпейт. Баягыда Лейлекте кош өгүз менен жер айдап жатышканын көргөзгөндө таң калгам. А кечээ жакында Атбашыга барып, дыйкандар айдаган арпасын көк кезинде эле оруп, чөп кылып жыйып алаарын, анткени, арпаны бышканда чаап, саман-данын ажыратып берчү комбайн 3-4 айылга бирден тиерин билдим. Ал да оң болсочу. Анан анын артынан жүрүп көр, кезегиң жетип аңызыңа келгенче кыштын алгачкы кары түшөт, же тосуу бербеген мал туш-тарабыңан чыгып, арпаңды талап кетет. Кыскасы, ошондой орчундуу маселелерди ойлонбогон "ак кол, ак чүч" чиновниктерге баракелде!
Чоңдор "кайда эс алсам?" деп ойлонууда. Эл "кантип өз убагында чөп-чарымды жыйнап алам?" деген санаркоодо. Сөздүн кыскасы, азыр жайдын аптабынан да жандын оорусу күч. Кымбатчылык, жумушсуздук, алдануу, кылмыштуулуктун төбө чачты тик тургузган түрлөрү. Бийлик билмексен…
Тынчтык Алтымышев




Калемдештер, абайлагыла

170-берене...


ИИМ кызматкерлери тарабынан Бишкектеги мекемелердин биринин башчысынан "опузалап акча талап кылды" делип камакка алынып, Башкы прокуратуранын санкциясы менен бошотулган "Ата-Журт" партиясынын маалымат катчысы, "Майдан.kg" гезитинин ээси Нургазы Анаркуловду жакшы тааныйм. Маалымат майданында иштегендиктен, бир гезитте бир убакта иштебесек да, саламыбыз түз, анан калса Нургазы Анаркулов биздин айылдын (Таластын Көпүрө-Базар) күйөө баласы. Бой көтөрбөгөн, саламынан жазбаган жакшы жигит. Журналист катары калеми курч, калп айтпасам, кыргызча-орусча бирдей жазат. Бул анын кесиптик жетиктиги, башка кесиптештеринен артыкчылыгы. Бала кезинен басма сөзгө аралашып кагылды-согулду, жетилди. Баткенден келип, Бишкекти багынтыш оңой-олтоң иш эмес.
ИИМ тараткан алгачкы маалыматтарда Нургазы Анаркуловдун үстүнөн Бишкектеги мекемелердин биринин башчысы арыз менен кайрылган эле делип, мекеменин жана анын жетекчисинин аты-жөнү жаап-жашырылган болчу. Арадан бир күн өтпөй ал маалымат да ачыкка чыгып, арыз менен кайрылган адам "Учкун" концернинин жетекчиси Кубат Болотканов экени белгилүү болду. Кубат деле мен үчүн бөлөк-бөтөн адам эмес, бул жигитти да жакындан тааныйм. Жерлиги таластык болгондуктан, аны инилеримен болот десем жаңылышпайм.
Бүгүн мени "иним менен күйөө балага эмне болду, экөөнүн ортосун кайсы кара мышык аралады?" деген суроо кыйнап турат. Кубат иним басма сөздүн табиятын жакшы биле турганынан эч шегим жок. Мен "Кыргыз Руху" гезитинде редактор болуп турганда, ал Президент Аскар Акаевдин басма сөз кызматында иштечү. 2005-жылдын 24-мартынын алдында, оппозиция оожалып, эми мына мамлекет башчысын кызматынан оодарып түшөбүз деп турган учурда ал күн алыс гезиттин редакциясына байма-бай баш багып турар эле...
"Майдан.kg" гезитинин ээси Нургазы Анаркулов "Учкун" мамконцернинин жетекчиси Кубат Болоткановду "опузалап, компроматтык материал бар экенин айтып, 1000 доллар талап кылган" дегенге бир ишенип, ишене албай турам. Гезитке кимдер гана пиар макалаларын көтөрүп келбейт. "Майдан.kg" гезитинин башкы редактору Гүлзада Турдалиева "Башка гезиттер сыяктуу эле пиар материалдарга келишим менен атайын төлөнчү акы бар. Мен бул гезиттин башкы редактору катары бизде шантаж кылуу менен акча өндүрүү түшүбүзгө да кирбей турганын айта алам" деп ачык эле айтты. Мен да ошондой пикирдемин. Журналисттер эч качан шантаж жасап, үй-бүлөсүн бакпайт. Бир болбогон 15 миң сом, же 1000 доллар үчүн өз өмүрүн, өмүр бою жыйнап терген кадыр-баркын коркунучка салышы мүмкүн эмес. Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси тууралуу айтсак, бул берененин негизинде журналисттерге кылмыш ишин ачып коюу текейден арзан нерсе. Журналисттер бирикмесинин төрагасы Марат Токоев айтмакчы "Маалыматтык согуштун курмандыгы көп учурда - ошол маалыматты жазган журналист болуп калат. Ал эми буюртма берген адам жоопкерчиликке тартылганын ушул убакка чейин угуп, көрө элекпиз".
Эмне дейбиз, баарын убакыт көрсөтөт. Айта турган сөз али алдыда.
Болотбек Таштаналиев