Шараф Рашидов


Брежневдин айтканынан кайтпаган мүнөзү бар экенин билген СССРдин Башкы катчысынын күзөт кызматынын жетекчиси генерал Александр Яковлевич Рябенко:
- Леонид Ильич, заводго барганга болбойт. Күзөтчүлөрдү артка чакыртып койгонбуз. Кайра койгонго убакыт кетет -деп сөзгө аралашты.
Кабагы ачык, жайдары Брежневдин кабагы бүркөлө түшүп:
- Сен эмне деп турасың? Мен сага элүү мүнөт берем, күзөтчүлөрдү кайра ордуна койдургун - деп кебетесин түктүйттү.
Башкы катчы эки сүйлөмөк беле. Буйруктар берилди, эми аны аткарууга убакыт керек болчу. Бирок, ал шашып туруп алды:
- Бүттү, чыктык. Баарын даярдаганга убакыт жетишүү эле болду окшойт - дегенде, баары дарбып анын артынан ээрчишип, заводго бет алышты.
КГБнын 9-башкармалыгынын москвалык тобу заводго өз убагында жеткени менен, өзбек чекисттери бир аз кармалып калышты. Жумушчулар заводдун радиотүйүнү аркылуу КПСС БКнын Башкы катчысы келерин укканда эле баары жумушун таштап, Леонид Ильичти тосуп алганы чыгышкан.
Башкы катчы заводго келген маалда эл жык-жыйма эле. Брежневди көрүш үчүн цехтин жумушчулары бийик жыгач секиче аянтчаларга да чыгып алышкан болчу. Тимеле киши көрбөгөнсүп, биринин үстүнө бири чыгып алышкан. Эл котолойт. Жан сакчылар топтолгон элди араңдан зорго кармап турушту. Брежнев менен Рашидов кирип келип, жолугушуу эми гана башталмак болгондо, үстү-үстүнө чыккан элдин оордугун көтөрө албай жыгач аянтча кулап, экөө устундардын астында калды.
Антсе да, ичер суусу бар экен, 9-башкармалыктын төрт офицери кошумча жардам келгиче, кулаган тактайларды өйдө көтөрүп, тиреп турушту. Эгерде ошол учурда офицерлер тактайларды сүйөп турбаганда, КПСС БКнын Башкы катчысы менен Өзбекстан КП БКнын биринчи секретары оор салмактын алдында аман калары арсар болчу. Каш менен кабактын ортосунда болгон кырсыктан Брежнев, Рашидов жана жан сакчылар катуу жаракат алышты.
Башкы катчыга биринчи жардам көрсөткөн дарыгер сыпайычылык үчүн:
- Леонид Ильич, өзүңүздү кандай сезип жатасыз? Баса аласызбы? - деп сурады.
Эрдин тиштеген Брежнев:
- Акырегим ооруп жатат, - деп онтоп жооп берди.
Ошентип, жумушчулар менен жолугушуу болбой калды. Башкы катчыны калың элдин арасынан алып чыгып, "бейтапканага алып баралы" дегенине Брежнев көнбөдү. Аны резиденцияга алып келип, рентгенге тартып көрүп, акыреги сынганын билишти. Кабак чытыгандай эле иш болуптур.
Акыреги сынган соң, Москвага барып жок дегенде бир жума дарыланышы керек эле. Врачтардын айтканына макул болбогон Брежнев Өзбекстанда кала берди. Кийинки күнү ал Ташкенттеги салтанаттуу кечеде сүйлөмөк. Тишин тиштеп көгөргөн Башкы катчы кечеге катышып, сөз сүйлөдү.
Леонид Ильич Ташкентте да бир күнгө кармалып, республиканын жетекчилери менен кезигип, Октябрь Революциясы орденин Рашидовго тапшырган соң Москвага учуп кетти. Акырегинин сыныгы жакшы бүтпөй, Ташкенттен келгенден кийин Брежневдин саламаттыгы кыйла начарлады. Ноябрда дүйнөдөн өтүп, анын ордуна Юрий Андропов келип, Башкы катчылык орунду ээледи.

Биринчи
камакка алуулар
1983-жылы апрелде Бухарада облустук ички иштер башкармалыгынын социалисттик менчикти уурдоого каршы бөлүмүнүн жетекчиси Музаффаров пара алып жаткан жеринен колго түштү. Бул окуяны өзбек тергөөчүлөрү эмес, москвалык кызматкерлер иликтөөгө алышып, анын башында СССРдин башкы прокурорунун алдындагы өзгөчө иштер боюнча тергөөчү Тельман Хоренович Гдлян турду. Мына ушинтип айтылуу "өзбек иши" башталып, акыр-аягы беш жылга созулду.
Өзбекстандагы коррупция тууралуу алгачкы материалдар Андроповдун колуна тийгенде, ал Лигачевго Рашидов менен сүйлөшүүнү тапшырды. Мындай көрүнүш бир гана Өзбекстанда эмес, башка өлкөлөрдө да болуп жаткан эле. Ошентсе да, "өзбек ишинин" ачылуу себеби эмнеде? деген суроо жаралат.
Андропов Башкы катчы кызматына келери менен КГБнын бардык башкармалыктары жана аймактык органдарына кылмыш дүйнөсү жана коррупция өөрчүшүп кеткен республикалар тууралуу маалымат топтоого буйрук берген.
Мамлекеттик коопсуздук комитетине партиялык-советтик элитага каршы материалдарды чогултууга тыюу салышат, бирок чекисттер "айткан кишинин оозун баса албайсың" деп коюшчу. Ким эмне менен алектенет, эмне иш кылууда ж.б. ушундай маалыматтар сейфтерде сакталып турчу. Ал сейфтер маалымат берүүнү талап кылган атайы шифротелеграмма келгенде гана ачылчу. Республикалык жана облустук башкармалыктар эмне маалыматы болсо, аны Москвага жеткирүүгө ашыгышчу. Колдогу маалыматта соттоого жетерлик илинчек табылса, анда коррупцияга байланышкан адамдарды кылтакка илүү аракеттери көрүлө баштачу. Эгерде ошол кезде ыкчам маалыматтар Грузиянын КГБсында табылса, анда "өзбек иши" эмес "грузиндик иш" ачылмак эле.
Бардык аймактык башкармалыктар өзүн көрсөткүсү келип, катуу иштешти. 1980-жылы СССР прокуратурасынын тергөө бөлүгүнүн жетекчиси Бутурлин Өзбекстанга командировкага жөнөтүлдү. Анын тобу республиканын ошол кездеги ички иштер министрлигинин жетекчилигинин кылмыш иштери тууралуу бир канча фактыны таап чыгышты. Бирок, тилекке каршы Шараф Рашидов москвалык конокторду республикадан жылуу-жумшак чыгарып койду.
Бир кырсык тооруса, ал баары бир күнү алып жыгат эмеспи. Андроповдун тапшырмасы менен союздук республикаларды, анын ичинде Өзбекстанды иликтөөгө алганда эле бүтүндөй партиялык-мамлекеттик аппараттын паракорчулук менен алектенгени ачыкка чыкты. Өзбекстанда эмненин эсебинен шаан-шөкөттөр болуп, кымбат белектер берилген деген суроого жооп издей келгенде, партиянын райондук, областтык комитеттеринин секретарлары той-тамашаны өз айлык акысына жасабаганы белгилүү болду. Өкүлчүлүккө кеткен чыгымдарга да эч нерсе каралган эмес -чыгымдардын мындай бөлүгү болгон эмес. Анын себеби да жөнөкөй. Республикалык компартиянын бюджетинде ар бир тыйын эсептелген болучу.
Партиялык жетекчилик чарба жетекчилерине салык салып, аны акчалай түрдө алышкан. Пара алуу системасы тикелей жүрүп - буга республикалык БКдан жергиликтүү райкомдорго чейин катышы бар болчу. Жогору тургандар өзүнөн жогору тургандарга акча берүү үчүн кол алдындагылардан "салык" чогулткан. Андайда, өздөрүн да унутушкан эмес. Мындай чөйрөдө, наам, орден, жадакалса, Социалисттик Эмгектин Баатыры Алтын жылдыздары да товарга айланып сатылчу.
Эң ири шылуунчулук пахта өндүрүшүндө ачыкка чыккан. "Өзбек ишинин" пайда болушунун башкы себеби чийки пахтанын ашыкча жазуусу болгон. Иш кагаздарга "жел пахталар" жазылып, отчеттор берилген. Муну менен республиканын жетекчилиги өздөрүн гана эмес, борборду да, мамлекетти да алдаган. Бул милициянын жетекчилерине берген катардагы пара эмес, мамлекеттик кылмыш болучу.
Анын баары кийин гана ачыкка чыкты. Көрсө, Өзбекстан жетекчилиги жыл сайын мамлекетке алты жүз миң тонна жок пахтаны сатышып, мамлекеттен каратып туруп жүздөгөн миллион акчаларды уурдашчу экен. Бул акчалардын арты менен өзбек элитасы хандардай, бектердей жашап, ал миллиондор менен москвалык жетекчилерди да капа кылбай, бөлүшчү тура.
Рашидов дүйнөдөн кайткандан кийин да Өзбекстандагы коррупция ооздукталган жок. 1983-жылы декабрь айында москвалык чекисттерге, Москвага Өзбекстандын пахта заводунан эки өкүл келгени тууралуу маалымат түшөт. Алардын борборго келген максаты пахтаны кайра иштетүүчү заводдордун жетекчилери менен сүйлөшүү экен. Өзбек коноктор мамлекеттик пландан кыйла аз пахтаны алып, бирок тийиштүү кагаздарга кол коюп бергендерге ири суммадагы пара берүүнү сунуштап жүрүшүптүр.
1984-жылы январда коноктор кылтакка түшөт. Алар Өзбекстандагы пахта коррупциясын ачыктап, "чийки затты даярдоодо мамлекеттик планды аткарууда жаралган ашыкча жазуу практикасы" тууралуу да айтып беришет. Ташкентке Москвадан КГБ башкармалыгынын ыкчам иликтөө тобу жөнөтүлөт. Бирок, бул иш Москвалык башкармалыктын компетенциясынан сыртка чыгып, Союздун прокуратурасына өтүп кетет.





Алиби

5-июнь, 2012-жыл






??.??