"Учур" гезити менен


"Сакен Бөрүбаевге" ачык кат


(Башы 6-бетте)
Гезит кайдагы бир жок "Сакен Бөрүбаевинин" атынан "Равшан мырза, эркек болсоң Элмурзага жолугасыңбы?" - деп кыйынсынып "Бири-бирин жек көргөн группалаштарды жолуктуруп, эркекче сүйлөшүүгө чакырат" имиш. Анан дагы "Эгер Равшанды мыкты десек, жигит экени чын болсо, анда келсин, көрөлүк!" - деп ооз көптүрүптүр.
Мына ушул жерден мен Сакен Бөрүбаеви болобу, башкасы болобу, бир суроо берүүгө аргасыз болуп отурам:
"Эмне эле "Учур" гезити оозунан ак көбүгүн агызып Бакиевдердин куйругу болуп, алардын заказдарын аткарып жүргөн адамды жан-алы калбай коргоп жатат? Э.Сатыбалдиев Башкы прокурор болгон күндөн тартып эле "Учур" гезити анын союлун чаап келгенин баарыбыз жакшы билебиз. Андай болсо, 7-апрелде К.Бакиевдин баш кеңешчиси Э.Сатыбалдиевдин кайда жана кимдер менен жүргөнүнүн алибиси "Учур" гезитинин сейфинде сакталып жатпасын? "Фабула" гезити жазып, менин уулум Равшан Жээнбеков парламенттик трибунадан УКМКдан текшерип көрүүсүн суранган маалыматтын "далилдүү фактыларын ырастаган" документтер, "видеокамерага тартылган аныктамалар" "Учурдун" башкы редактору А.Сартбаевдин же макалалардын автору "Сакен Бөрүбаевдин" ишенимдүү колдорунда болбосо, булар Э.Сатыбалдиевдин "апаппак жана таптаза" экендигин жоопкерчилик менен өз моюндарына алышып, алганда да маалыматты текшерип көрүүнү тиешелүү органдан суранган депутатты жеберине жеткирип, анын адамдык ар-намысына, беделине шек келтирүүнү мындай кой, сөздөрүнүн тууралыгына жүз пайыз ишенген адамдардай менин уулумдун бетин тытып, анысы аз келгенсип ага көө жаап, сокку урууга даап чыгат беле? Же ушундай кырдаалдарда редакция ичиндеги кимдир бирөөлөрдүн алаканын ысытып койсо ак-карасын, жалган-чынын ылгабай эле ажылдай берүүнү "Учур" гезити адат кылып алганбы?
Дагы бир тактап коюучу жагдай - качантан бери "Учур" гезити Бакиевдин куйруктарынын "переговорщик" милдетин аткарып калган? Элмурза Сатыбалдиевиңер мойнуңарга ошондой милдетти такты беле? Ишеним катты кимиңердин наамыңарга жазып берди эле? Көрсөтпөйт белеңер ишеним катты гезитиңерге жарыялап. Анан дагы калыс катары Карышкыр - Сабыр Мукамбетовду тарткыңар бар экен ортомчулукка. Карышкырдын өзүнөн бир ооз сурап койдуңар беле "ортомчу болуп бересиңби?"- деп. Себеби, мен билгенден Карышкыр байкеңер Э.Сатыбалдиев деген атты укканда өзүн коерго жер таппай кетчү эле дейм да, аллергиясы кармап.
Урматтуу "Сакен Бөрүбаев!"
Э.Сатыбалдиевге ушунчалык берилүү менен кызмат кылып жатканыңарды эске алып, "Карышкырдын" ордуна мен силерге жакшы бир ортомчу таап бергим келип отурат. Бул кандидатурага Э.Сатыбалдиев өзү да аябай ыраазы болот деп ойлойм. Себеп дегенде, ал жигит дагы Равшан, Элмурзанын курсташы, канча жылдан бери Башкы прокуратурада иштеп, орун басарлык даражага чейин жеткен. Кожоңордой колдоп жаткан Элмурзаңар Башкы прокурор болгондо өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө башкармалыгын жетектеп, кожоңордун чөнтөгүн долларбайларга толтуруп, "кошелёк" атанган Учкун Каримов деген жигитти ортомчулукка алсаңар жаңылбайсыңар. "Чап" дегениңерди чаап берет, "жайла" дегениңерди жайлап берет, "саа" дегениңерди какшыгыча саап берет. Бирок, ал жигит ортомчу болуудан мурда Башкы прокуратурадагы кызматын өткөрүп берүүсү керек го дейм. Бул маселени азыркы Башкы прокурор Аида Жеңишбековнанын эсине салып коюуну мен өз мойнума алайын.
Урматтуу Асланбек мырза!
"Учур" гезити буга чейин дагы, бүгүн дагы ар кандай заказдарды аткарып, өзүм жөнүндө айтпай эле коеюн, уулум Равшан жөнүндө аркандай материалдарды жарыялап келгендигин сен тансаң дагы жарыяланган материалдар тандырбайт. "Жээнбековдордун адамдык парасатын тебелеп, ар-намысына шек келтирген көө жабуулар качандыр бир убакта токтойт болуш керек"- деп мен ушул мезгилге чейин өзүмдү сабырдуулукка чакырып келдим. Мен экөөбүз башкы редактор болуп иштеген басылмаларды сыйладым. Сыйлоонун да чеги болорун, ал деген эки тараптан тең болушу керектигин сенин эсиңе салып коюунун учуру келди окшойт. Кыргызда "ээсин сыйласаң, итине сөөк сал" деген жакшы сөз бар. Бири-бирибизге түшүнүшүү менен мамиле кылгансып келип эле, анан сенин менин уулумду жөнсүз каралаган позицияңа түшүнүү кыйын болууда. Же "Учур" гезити кимдир бирөөлөрдүн арыгына суу жүгүртүп, жагынууну менин уулумдун эсебинен жүргүзүүнү чечти беле?
Унчукпай, оюңарга койсо менин уулумду каалагандай калчагыңар келип турганын көрдүм, калчап да жатасыңар. "Кызык, ошол пулду алып чыкса эмне, бул кылмыш беле? Же, маалымат таратуучу Р.Ж. "разборщикпи?" А неге ал каратып туруп, мындай провокациялык кадамдарга барды? Себеби, Р.Жээнбеков мырзанын Э.Сатыбалдиевге ич күптүсү бар. Экөө беш жыл бою Улуттук университеттин юрфагында бир группада окушкан. Жоро-жолдоштордун арасында кимдин аброю канчалык экенин биз билебиз.
Равшанды сыйлаган адамды чырак менен издесең таппайсың. Адамдык сапаты төмөн болгондугу үчүн"- деп өлүмүш болгонуңарды да окудум.
Бул эмне, "Сатыбалдиев жана К" командаңардын аз-аздан өзүңөргө келип, үстүңөрдөн арыз жок болгондон кийин "тирилип" калган кербезиңерби? Ооба, пулду алып чыккан кылмыш эмес. Бакиевдер менен алардын куйруктары ошентип Кыргызстанды өздөрүнүн акча сактоочу жайларына айландырышкан. Калиев банк ячейкасында 8 млн. доллар кармаган, ал кылмыш эмес. Марат Бакиеви Ак үйдө 3 млн. доллар кармаган, ал да кылмыш эмес. Э.Сатыбалдиеви болсо алардын акчасын ташымыш болуп туруп көздөрү мындай болоору менен аны жымырып алып жатат. Жок. "Бөрүбаев" мырза! Бул дагы азырынча кылмыш эмес. Азырынча бул факты сен мактаган Э.Сатыбалдиевдин моралдык жүзүн гана аныктайт. "Ууруну каракчы тонойт" дегенди уксаң керек да. Ким ууру, ким каракчы экенин Асланбек шефиң экөөңөр жакшылап ажыратып алгыла, отуруп алып Кыргыздын ырысын талап-тоноп бүткөндөрдүн чоорун созуп, ырын ырдабай.
Силер уялбай-этпей туруп "Р.Жээнбеков да Бакиевдин командасында жүрүп, бирок ашынган амбициясы менен тетири кетип, элчилик кызматтан кол жууп калган. Анан оппозиция болумуш болуп, бирок Равшандын Маммүлктү жетектеп тургандагы былыктары чыгып (мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирип алганы боюнча) кылмыш иши козголуп, камалып кетээрде Америкага качкан бойдон кеткени коомчулукка белгилүү. Мына ошол кездерде Р.Бабырбекович Башпрокурор Элмурзага кайрылып, жансоогалап, кантип Бакиев менен бир болууну акылдашканы боюнча бизде маалыматтар бар"- деп дагы ойду-тоону оттопсуңар.
Малайзиядагы элчилик кызматтан Равшан кол жууп калбай эле аны өз эрки менен таштап, 2007-жылы Ф.Кулов уюштурган Элдик фронтко кошулгандыгын элдин баары эле билет. 17-апрелде фронт күч менен таркатылып, Равшан Америкадагы Массачусетс технологиялык институтунун чакыруусу менен окууга кеткендигин билбесеңер, эсиңерге салып коеюн. Кылмыш иши болсо 23-апрелде козголгон. Эмне үчүн, эмне негизде экендигин Бакиев менен силердин Элмурза жакшы билишет. Бирок, уулумдун адвокаты катары айтып коёюн, силер коргогон Элмурза боюнча Кылмыш-жаза кодексинин бир топ беренелери ырасынан эле ыйлап турат. Силер билбесеңер, Э.Сатыбалдиевиңер билет чыгаар "Мыйзамсыз кылмыш ишин козгоо", "Күнөөсүз адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу", "Мыйзамсыз кармоо", "Опузалап пара талап кылуу" деген беренелер эмнени билдирээрин.
Урматтуу Асланбек иним!
Эгерде биз бир сөзгө келе албасак кимибиздики дурус, кимибиздики буруш экендигин мыйзамдуу түрдө тактап алыш үчүн уулумдун өкүлү катары мен "Учур" гезитин, анан албетте, Жээнбековдордун кадыр-баркына шек келтирип, оозуна келгенди оттогон "Сакен Бөрүбаев" деген авторуңарды сотко берүүгө мажбур болом. Гезитиңерге жазгандай кайсы маселе боюнча болбосун силерде документтер, маалыматтар бар экен. Ушундай "кам-чомуңар" юрист катары мени да өтө кубандырып жатат. Жээнбековдор өздөрү таппаган маалымат, документтерди Э.Сатыбалдиевдин жардамы менен "Учур" газетасынан жакын арада алып каларбыз деген үмүт менен, "Алиби" гезитинин башкы редактору, "Э.Сатыбалдиевге жансоогалап" жүргөн" Равшандын атасы

Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ.
03.06.2012-жыл.
Бишкек шаары.





Заман дарты- баңгилик

Ажыдаарга


арбалган Айгүл


Наркомания менен күрөшүүнүн тарыхы бир кылымдан ашты окшойт. 1909- жылдын февралында Шанхай апийимдик комиссиясы 13 өлкөнүн башын бириктирип, Азия өлкөлөрүн наркоманиянын сазынан чыгаруунун жолдорун издешкен. Ошондон бери бул көйгөйдөн арыла албай, күрөшүп келебиз... Өзүн "Айгүл"- деп тааныштырган 21 жаштагы кыз карегинен жашы төгүлүп, буларды айтып берип жатты...
Балалыгым айыл ичинде ойдогудай эле өттү. Атам 16 жашымда каза болду. Апам эжем экөөбүздү ээрчитип борборго келди. Эжем шаардагы кафелердин биринде тейлөөчү болуп иштейт. Мени "сен оку"- деп ЖОЖдордун бирине тапшыртышты. Мен окуп жүрдүм. Апам болсо соода иштери менен Орусияга кетип, эжем экөөбүз жашап жүрдүк. Күндөр өтүп жатты. Жашоодон адашам десең бат эле экен. Апам кеткенден кийин эжем экөөбүз көп уруша турган болдук. Чыр баягы эле акчадан чыкчу. Бир күнү эжем экөөбүз дагы уруша кетип, эшикке чыгып, сейил паркында көңүлсүз кетип баратсам бирөөнүн мени чакырган үнү угулду. Карасам, Рая деген курбум эки бала менен келе жатыптыр. Алар "жүргүлө"- деп тамактануучу жайга бардык.
Кафеде отурганда Рая: "...көңүлүңдү ачкың келеби? Менде сонун бирдеме бар, ал сага жагат"- деп калды. Ансыз деле көңүлүм жок, окуудан чыгарып салган, апам да алыста, үйгө барсам эжем кулак мээмди жейт... Мен макул болдум. Кыскасы, дааратканага алып кирип венама бирдеме сайышты. Ошол замат жашоо меники болуп, бүт дүйнө өзгөрүлдү да калды. Кайгынын тузагына ошентип кабылдым. Акыры үйдөн чыгып, кийинки жашоом, 2 жылдык жашоом жертөлөдө өтүп калды. Кийин апама жолуктум. Апам көзүмдү карабай, жер тиктеп ыйлап жатты. Мен ошондо гана жашоодон чыгып калганымды түшүндүм.
Менин айтаарым - жашоодон адашпагыла. Тагдырды ак кылган дагы, кара кылган дагы өзүбүз экенбиз. Анын баалуу белеги тээ башында эмес, аягында турбайбы.

Мээрим
Бактыбек кызы



Алиби

5-июнь, 2012-жыл






??.??