Анарбек Усупбаев, "Манас ордо" коомунун төрагасы:

"Теңирчиликке кайтуу, Теңирчилик


динин тутуп, Теңирге туура келген иш кылуу - тарыхый мыйзам ченемдүүлүк"


- Анарбек аба, Теңирчиликти дин катары Адилет министрлигинен каттоо тууралуу демилге көтөрүү менен шашылып, же жаңылышып жаткан жокпузбу? Шашылып дегеним, Теңирчиликти эл кандай кабыл алар болду экен? Жаңылышып дегеним, Теңирчилик бул көчмөн цивилизация өкүлдөрүнө тиешелүү бүтүндөй бир дүйнө тааным, жашоо образы, нарк-насил, адам жашоосунун, коомдун, тарыхтын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүгү эмеспи? Андай болгондо Теңирчиликтин ишеним - диний жагына басым жасалып, акыл менен таанып бүткүс түшүнүктү тар алкакка салып салган жокпузбу деген суроо туулат. Теңирчиликти дин катары каттоодон өткөрүүнүн зарылдыгы эмнеде?
- Болотбек иним, туура айтасың, аалам чексиз жана көз жеткис, акыл менен таанылып-таанылгыс болгондой эле, Теңирчилик да дал мына ошондой чексиз жана акыл менен таанылып-таанылгыс түшүнүк. Туура, Теңирчилик - бул көчмөн цивилизация өкүлдөрүнө тиешелүү бүтүндөй бир дүйнө тааным, жашоо образы, нарк-насил, адам жашоосунун, коомдун, тарыхтын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүгү. Көчмөндөр, анын ичинде биз кыргыздар - Теңирчиликтин жазылбаган мыйзамдары менен жашап келгенбиз. Бул эң жөнөкөй, турмуштук эле мыйзамдар. Ал мыйзамдар кадимки эле каада-салтыбыз, үрп-адаттарыбыз, ырым-жырымдарыбыз, макал-лакаптар менен санжырабыз. Кыргыз дүйнөнү татаалдаштырбай жөпжөнөкөй эле түшүнгөн.
Айталы, улууну урматтоо, кичүүнү сыйлоо, меймандостук, айкөлдүк. Кыргызда "Көп менен көргөн той" деп коет. Мына бүгүн Теңирчиликтин мыйзамы менен жашабай калды элек, эмне болуп жатат? Ар ким кызарган нерсенин баарын өзүнө тартып, жанталашып дүйнө чогултуп жатат. Мамлекетти тоноп-уурдап жатышат. Мага айтыңызчы, илгери кыргыздарда коррупция деген болду беле, уюшкан кылмыштуулук болду беле? Эч качан болгон эмес. Мына биз отурукташкан элдин мыйзамдары менен жашап, башка элдин динин кабыл алып, аны мыйзам тутуп жашадык эле, эмне болду? Коом тетирисинен кетип баратат. Качан кыргыздарда карылар үйү болду эле? Качан кыргыздарда жетимдер үйү, майыптар үйү болду эле? Чындыгында, бүгүн дене-мүчөбүз гана эмес, акыл-эсибиз да майып болгон деңгээлге жеттик. Кыскасы, акыркы жүз-эки жүз жылда биз Теңирчиликти, уңгубузду унутуп, маңкуртка айландык да башка элдин, бизге кайнаса каны кошулбаган элдин тагдыры менен жашап жатабыз. Башка элдин ыйманы менен ыйман күтүп, башка элдин акыл-эси менен ойлонуп, башка элдин көз карашы менен дүйнөнү таанып билип жатабыз. Кыргыз коомунун трагедиясы, "билип-билбеген күнөөсү" мына ушунда. Демек, Теңирчиликти дин катары каттатуу мезгилдин тарыхый зарылдыгы деп эсептейм. "Бүгүн эрте, эртең кеч". Теңирчиликти дин катары каттоонун зарылдыгы өз уңгубузду табалы, дүйнөнү дүңгүрөткөн көчмөн элдин урпактары катары өз тагдырыбыз менен жашайлы деген эле кеп. Демек, биз жаңылышкан жокпуз, туура жолдо баратабыз, экинчиден, эл кандай кабыл алып жатат деп жатпайбызбы, мындай бүкү-түкү ой бизди да тынчсыздандырган. Көрсө, "элден айланса болот" (Бул да Теңирчиликтин бир мыйзамы, Теңирчиликтин мыйзамы боюнча жеке адам эмес, эл бийик турат. Ошон үчүн кыргызда элден чыгып калгандан жаман эч нерсе болгон эмес. Элге, жерге жамандык кылган адамды үй-бүлөсү менен элден чыгарып койгон. Бул эң чоң жаза болгон. Эч бир уруу өз уруусунан чыгып калган үй-бүлөнү өзүнө кабыл алган эмес) экен, миңдеген адамдар бизди түшүнүү менен кабыл алышат.
- Ошентсе да бир себеп болот эмеспи. Теңирчиликти дин катары каттатууга эмне себеп болду?
- Аны айтпасам болор эле, айла жок айтайын. Кыш айларында теңирчилер менен исламчылардын ортосунда талаш-тартыш болду. Исламчылар Манас атабызды канкор, бандит, алкоголик дешип акаарат айтып жатпайбы. Кубан Тезекбаев буга ачуусу келип, "молдолор жыргап калыптырбы, баары мурдагы алкоголиктер" деп айткан. Ошондон кийин молдолор Кубанычбек Тезекбаевди сотко беришти. Бирок, сотко берээрин берип алып, сотко келбей коюп жатпайбы. Сотко жазган немеси келип алып, "мен жазган эмесмин" дейт. Кыскасы, сот туура чечим кабыл алып, эки жак тарап кеттик. Молдолор биздин Манасыбызга чейин акаарат келтирип жатса, анан биз унчукпай, молдокелердин алдында башыбызды төмөн ийип, күнөөлүү адамдай отурганыбыз, накта маңкуртчулук эмеспи. Бүгүн селдеңе чок түшкүрдүн молдолору Манасыбызга асылса, эртең алар кыргыздын эл экенине шек келтирээри бышык. Мына, коркунуч кай жакта жатат. Теңирчиликти дин катары каттоонун себеби мына ушунда.
- Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкери Юсуф Балтабаев деген неме "кайсы бир динди дин катары каттоо үчүн ал диндин пайгамбары, китеби, негиздери болуш керек, буларда ал жок, анткени Теңирчилик дин эмес" дептир го. Ислам, христиан сыяктуу чоң диндер эле эмес, диний секталарга чейин каттап жаткан мамлекет Теңирчиликке келгенде "Теңирден тескери" иш кылганы эмнеси?
- Катардагы мамлекеттик кызматкер эмес, бийлик башындагыларга чейин жайнамазга жыгылып, "Кыргызстан таза ислам мамлекети болот" деп жатса, мындай мамлекеттен эмнени күтүүгө болот. Мамлекеттик борбордук аянтты жума намаз окулчу аянтка айландырып алдык. Эсиңерде бар бекен, Жеңиш аянтына мечит курабыз деп чыгышкан. Ак үйгө болсо, намазкана ачылды. Мунун баары чындыгында мамлекет үчүн өтө кооптуу.
- Балтабаев "динди катташ үчүн пайгамбары болушу керек, сыйына турган жайы, ыйык китеби болуш керек" деп жатат го...
- Мындай да, кыргыздар Көкө Теңирге сыйынган эл. Көкө Теңир жараткан тоого, сууга, отко сыйынган. Кыргыздар өзү үй куруп алып, анын ичине кирип сыйынган эмес. Же Көкө Теңирдин сүрөтү ушул деп сүрөтүн тартып алып, же топурактан, же таштан жасап алып, кайра анан өз колунан жаралган нерсеге сыйынган эмес. Эгер адамды Улуу Күч жараткан десек, анда ошол Улуу Күчкө жана ал жараткан нерсеге сыйынышыбыз керек. Ошондой эле Улуу Күчкө сыйына турган болсок, ортодо ортомчунун кереги эмне? Биздин жалынычыбыз, суранычыбыз Жаратканга толугу менен жетерине кепилдик барбы, ортодо бурмаланып кетпей.
- Анарбек аба, кандай дейсиз, көчмөн цивилизация менен отурукташкан цивилизация дегенибиздин айырмасы асман менен жердей нерселер окшойт?
- Ооба да, көчмөндөрдө шаб-лондор, "мына ушул дал ушундай болуш керек" деген нерселер жок. Теңирчилик мыйзамы боюнча баары өзгөрүп, кыймылда болуп турушу абзел. Бир жерде сенейип калган нерсе, ал коркунучтуу. Бүксүп, сасып, курттап кеткен тамак-аш ден соолук үчүн зыяндуу болгондой эле, катып, догмага айланган аң-сезим, көз караш түшүнүктөр акыл-эс үчүн өтө коркунучтуу.
- Теңирчиликти дин катары каттоодон өткөрүү бул ислам динин тануу дегендик эмеспи?
- Ар бир сөздүн уңгусу болгондой эле, Теңирчилик да коомдук өнүгүүнүн уңгусу. Бул жагынан алганда, ал дин дегенден да алда канча терең түшүнүк. Ал эми ислам, христиан дегенибиз, ошол уңгуга, сөздүн уңгусуна уланган куранды жана уланды мүчөлөрүндөй эле. Адатта, сөздүн уңгусуна уланган мүчө бирде уңгуга уланып, ал сөздүн маанисине маани кошсо, башка бир мүчө уңгуга уланганда сөздүн уңгусун таптакыр өзгөртүп, башка маани берип калат эмеспи. Ушул өңүттөн алганда, ислам дин катары кыргызга кийин гана кирди да, Теңирчилик деген уңгуну таптакыр өзгөртүп ийген жок. Исламдын Теңирчиликти туткан өлкөлөрдө дин катары жашап калганынын себеби ушунда. Бирок, ошону менен катар ислам кыргызга дин катары кылычтын мизи, найзанын учу менен киргенин да эсибизден чыгарбашыбыз керек. Теңирчиликти дин катары каттатуу менен биз исламга каршы болуп, ага каршы күрөш жарыялабайбыз. Бул өзү табигый процесс, тенденция. Мамлекет катары, эл катары бул дүйнөдөн өз ордубузду табалы десек, акыры Теңирчиликке кайтып келишибиз керек. Бул - "Тең жегенди Теңирим сүйүптүр" деген идеология. Эгер ушул идеяны эле турмушка ашыра алсак, Кыргызстанда мамлекеттен уурдоо, тоноо деген кан буугандай токтойт. Небере-чөбөрөлөрүн ойлоп, чет элдик банктарга уурдагандарын жиберишпейт. Анткени, "ар кимдин өзүнүн ырыскысы бар" - "атанын жыйнаганы балага мал болбойт". Айтпадымбы, уңгубузду унуткан үчүн уурдап, уңгубузду жоготкон үчүн тоноп жатабыз өз элибизди, жерибизди. Ислам дегенде ыйманды айтышат, андай болсо Акүй менен Көкүйдүн баары намазга жыгылат, мамлекеттик имараттарга намазкана ачып алышкан, кана аларга ыйман кирип, мамлекеттен, элден уурдабай койгону?.. Биз жок иллюзияларды токтотушубуз керек. Тескерисинче, алар кылган күнөөлөрүн билип, ошол күнөөлөрүнөн арылам деп намазга жыгылып жатат. Бул өзүн өзү алдагандык. Теңирчилик эгер адам кечиримсиз күнөө кылса, анүчүн балдары тартат, балдарына жүк түшөт, жети муунга чейин каргыш кала берет деген.
- Демек, кыргыздар Теңирдин жолуна түшкөндө гана оңолот деңизчи?
- Ооба, биз Теңирдин жолуна түшкөндө гана оңолобуз. Айыл сайын мечит салып, мамлекеттик мекеме сайын намазкана ачуу бул өзүбүздү өзүбүз алдоо гана. Бүгүн кыргыздар башка элдин тагдыры менен, башка элдин көз карашы, дүйнөтаанымы менен дүйнөнү таанып жатат. Теңирчиликке кайтуу, Теңирчилик динин тутуп, Теңирге туура келген иш кылуу - тарыхый мыйзам ченемдүүлүк.





Алиби

5-июнь, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0605_10.htm on line 90

Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0605_10.htm on line 90

Warning: include(): Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0605_10.htm on line 90