Сегизинчи мыйзам

Адамдарды өзүңө келгенге аргасыз кыл. Азгырып болсо да алдыңа келтир



Мыйзамдын чечмелениши:
Башка адамды түйшөлтүүгө аргасыз кылсаң, күч сен тарапта болот. Эң жакшысы, каршы адамың сага өзү келип, ал үчүн кылар ишинен айласыз баш тартып турганы. Аны жомоктогудай кирешелер менен азгырып - анан чабуулга өт. Бардыгы сенин колунда турат.


Мыйзамдын
сакталышы
XIX кылымдын ири кылмышкери, барон Дэниел Дрю биржа оюндарынын жеткен чебери болчу. Тигил же бул акциялардын сатып алынып, кайра сатылып турушун, алардын баасынын өсүшүн же төмөн түшүшүн каалаган ал, эч качан максатына түз кадам жасачу эмес. Ал элиттик клубдарды жандай өтүп, Уолл-стритке (биржа өтүүчү жай) шашып бараткан киши өңдөнүп, тердеп-кургап, ошол терин аарчымакка айтылуу кызыл бет аарчысын сууруп чыгып, аны менен кошо бир кагазын байкабай түшүрүп салгансып, чымын-куюн болуп жөнөй турган. Ал эми анын эмне ойлогонун дайыма билип тургусу келген клубдун мүчөлөрү, түртүшүп барып, ал кагазды "шып" илип кетишчү. Анан ал кагазда жазылган болжолдоолор чагылгандай тездик менен тарап, бардыгы баронго оңбогондой киреше алып келген сценарий менен өтө турган.
Кайра жаралуу мезгилинин улуу сүрөтчүсү жана архитектору Филиппо Брунеллески адамдарды өзүнө келүүгө аргасыз кылып, ошону менен өз бийлигин көрсөткөн жагынан алдына эч кимди чыгарчу эмес. Бир жолу ал Флорениядагы Санта Мария дель Фьоре соборунун куполун жаңыртып жасаганга тапшырма алат. Ал өтө маанилүү жана сыймыктуу тапшырма болчу. Бирок, көп өтпөй шаар бийлиги ага жардамчы катары Лоренцо Гиберти дегенди кызматка алганда Филиппо ар кандай ойлорго батат. Ал, Гиберти өзүнүн тааныштары аркылуу бул ишке аралашып, сыйлыкка тең ата болгусу келип жатканын жакшы түшүнөт.
Ремонт иштеринин кызуу маалында Брунеллески туруп-туруп эле ооруп калат. Ал ишти токтотуп, бийликтегилерге "бул жагын Гиберти уланта берсин"- дейт. Көп өтпөй Гиберти эч нерсеге жарабаган неме экендиги белгилүү болот. Шаар бийлиги Брунеллискиге келишип, "ишти өзүңүз улантпасаңыз болбой калды" - деп жалдырашат. Ал оорусун айтып, "Гиберти эле бүтүрүп койсун калганын" - деп көшөрөт. Качан гана шаар бийлиги иштин төркүнүн түшүнүшкөндөн кийин тигини иштен айдап жиберишет.
Брунеллески шумдуктай тез сакайып, эки эселенген күч менен кайра киришет. Ошентип, күйпөлөктөбөдү же бакырып-өкүрбөдү, ошол эле учурда жемин да жедирген жок - ал адамдарды өзүнө келүүгө аргасыз кылуу өнөрүн колдонгон эле.

Түшүндүрмө
Эгерде бир ирет "мага башкалардын өздөрү келиши айтылып бүтпөгөн сыймык"- деп чече турган болсоң, ал каалаганың сөзсүз ишке ашпай койбойт. Алар сага келе берет, атургай ал жөнүндө кам көрбөсөң да келе берет.
Ойното билүү - тамаша эмес. Кимдир бирөөдө "ушу мени ойнотуп жатат го"- деген шектенүү жаралса, ал каршылык көрсөтө баштап, сенин көзөмөлүңдөн чыгып кетет. Бирок, атаандашыңды өзүңө тартуу менен бардыгы анын колунда тургандай кырдаал жарата аласың. Ал сен улам тартып коюп жаткан торду сезе бербейт.
Бардыгы сенин таштаган жемиңдин таттуулугуна жараша болот. Эгерде азгырыгың ошончолук жүйөөлүү болсо, каны кайнап "ушундан бирдеме чыккан турат" - деп ойлогон душмандарың катылган капканың тууралуу ойлогонго чамасы да келбейт. Алар канчалык ач көздүк кылса, ошончолук жайган торуңа жакындай беришет.

Бугулар таштаган жемиме келе баштаганда, биринчи эле келген бугуну атпайм. Мен алар бир үйүр болуп чогулганча күтө берем.
Отто фон Бисмарк, 1815-1898

Бийликтин ачкычы
Тарыхта ушул көрүнүш канча кайталанбады дейсиң: агрессивдүү лидер бийликке келет дагы, өзүнүн бийлигин чыңдаган чечкиндүү кадамдарды көрө баштайт. Ошентип отуруп чокусуна жеткенде, баары ага каршы болуп чыгат. Көптөгөн душмандары биригип кетишет. Ал бийлигин сактап калуу үчүн тияк-биякка урунган сайын күчү азаят, акыры оңкосунан сайылып түшөт. Бул көрүнүштүн кайталаныш себептери, агрессивдүү адам дайыма кырдаалды кармап туралбайт. Ал алдын ала, жок дегенде бир-эки кадамын ойлоп алганга жөндөмсүз, андай апыр-тапыр активдүү кадамдары кандай кесепеттерге алып келээрин аңдабайт. Андыктан күн сайын саны өсүп бараткан душмандарынын жетегинде калат. Мындай ачууга алдырган аракеттердин арты, күтүүсүз кыйындыктарга алып келип, өзүнүн агрессивдүү энергиясы өзүнө каршы ойной баштайт.
Бийликте турганда сен өзүңдөн: "мен кырдаалды билбегенден кийин, өзүмдүн көйгөйлөрүмдү чечүү жана душмандардан коргонуу үчүн, кандай максаттар менен ары-бери урунуп жатам?"- деп сурашың керек. "Эмне үчүн мен окуяларды багыттагандын ордуна, анын туткунунда калам?"- деген суроону да кабыргасынан коюп көр. Жооп жөнөкөй эле: сен бийликтин табияты эмне экендигин жакшы билбейсиң. Эффективдүү аракеттенгендин ордуна, агрессивдүү жолго түшүп алгансың. Көп учурларда жулуна бербей, экинчи планга өтүп, токтоо, сабырдуу болуп, сага тор жайгандарды өкүнтүп, күнүмдүк жеңиштен мурда бийлигиңдин түбөлүгүн камсыздоо аракеттерин көрүү эффективдүү болоорун көңүлдөн чыгарбагыла.
Эсиңирге алгыла: бийликтин негизи бул - демилгени колго алуу, башкаларды сенин кадамыңа жооп жасоого аргасыз кылуу, каршылаштарыңды дайыма коргонуу позициясында кармап туруу болуп саналат. Качан гана адамдар сенин ишаратыңа ылайык аракет кыла баштаганда, кырдаалдын тамырын кармай аласың. Ал эми ким кырдаалды кармай билсе, бийлик да анын колунда. Мындай абалга жетиш үчүн төмөнкүдөй эки нерсе болуп өтүшү керек: эң алгач сезимдериңди башкара билип, эч качан ачууңду сыртка чыгарбаганга үйрөн. Ошол эле учурда адамдардын, бирөө аларды келекелеп же басынтып жаткан учурда табигый түрдө сыртка атылып чыкчу сезимдери менен ойной бил. Дегеле, адамдарды башкара билүү бул - агрессиянын бир дагы түрү тең келе албаган, өтө кубаттуу курал.
Эгерде башкаларды өз көрүн өздөрү казганга аргасыз кыла алсаң, аны өзүң казып эмне кыласың? Чөнтөкчү уурулар муну жакшы билишет. Алардын ишиндеги башкы маселе - капчыктын кайсы чөнтөктө жатканын жаземдебей билүү. Тажрыйбалуу чөнтөкчүлөр вокзалдарда же башка эл көп жүргөн жерлерде, дал "Чөнтөкчүдөн сактангыла"- деген балчайта жалган эскертүүлөрдүн алдында оокат кылат. Өтүп бараткандар жазууну окуп, капчыгы жаткан чөнтөгүн кантип сыйпалап алганын өзү да байкабай калат. Андан аркысы ууру үчүн чакадагы балыкты кармагандай эле иш. Кээде чөнтөкчүлөр өздөрүнүн ишин жеңилдетиш үчүн мындай жазууларды атайлап илип коюшат.
Адамдарды өзүңө келүүгө аргасыз кылган айрым учурларда, аны атайы жасап жатканыңды туйгузуп койгонуң да пайда-баталуу нерсе. Себеп дегенде аларды ойнотуп жаткандай көрүнбөйсүң. Мунун психологиялык таасири тереңде - ким өзүнө чакырып жаткан болсо, ал бийликке ээ болуп, өзүнө урмат-сый жарата алат.
Каршылашыңды өзүңө ыңгайлуу, сенин аймагыңда күрөшкөнгө аргасыз кылган дагы бир кошумча амал бар. Душмандын аймагында болуп калгандан кийин ал, сабыры качып, шашкалактап, жаңылыштыктарды кетире баштайт. Бул үчүн сүйлөшүүлөрдү же жолугушууларды өзүңдүн аймагыңан же сага оңтойлуу жерден өткөрүүнү сунуш кыласың. Мындайда сенин таянар жериң болот, ал эми чоочун чөйрөдө калган каршылашыңдын тынчы кете баштайт.

Айталы, аюуга коюлган бал.
Аюуга аттанган аңчы, анын артынан түшүп албайт. Аюу артынан түшкөнүңдү билип же качар жери жок калса андан өткөндөн каардуу жырткыч жок. Андан көрө акылдуу аңчы, аюунун шилекейин агызган бал челекти тиешелүү жерге илип койсо, айланып өзү келет. Аюунун изин чалып, ашуу ашып, таш басып, убара да болбойт. Анан аюукең келгенде...

Абройлуу пикир: "Мыкты жоокерлер душманды өзүнө жакын келүүгө аргасыз кылат. Бул көңдөйлүк жана толуктук принциби. Душман жакындап келүү менен өзүнүн көңдөйлүгүн көрсөтөт. Ага өзүң барбагандан кийин, демек, сен толуксуң. Анан толук нерсенин көңдөйгө чабуулга өтүшү, жумуртканы таш менен ургандай эле кеп да.
("Жань Ю, "Согуш өнөрүнүн" баяндамачысы, XI кылым).

Тескей жагы

Адаттагы эң мыкты тактика - бул каршылашыңдын сенин" сары изиңе чөп салам"- деп жүрүп, күчүн жоготуп, керектен чыгышы. Бирок, кээде күтүүсүз, агрессивдүү, чечкиндүү чабуул душмандын шаштысын алып, күрөштөн чыгарган учурлар да бар. Ошентип, душманды "алдыңа келтирем"- деп азгыргандын ордуна, анын өзүнө барып, токтоосуз чабуул жасап, демилгени колуңа аласың. Күтүүсүз чабуул душмандын шаштысын алып, ойлонгонго, план түзгөнгө чамасы, убактысы калбай, бир топ эле бүлгүнгө учурайт. Ар кандай жаңылыштыктарга жол берип, аргасыз коргонууга өтөт. Бул тактика өзүңө азгыргандын карама-каршысы, бирок, ошол эле милдетти аткарат: сен душманыңа өзүңдүн согуштук ыкмаңды таңуулап жатпайсыңбы.
Чезаре Борджиа же Наполеон күтүүсүз чабуулду душмандын эсин чыгарып коюу үчүн дайыма колдонушчу. Өтө тез, аягын билип болбогон мындай чабуул душманды абдыратып, сесин алат. Кыскасы, кырдаалга жараша иш кыл. Эгерде убакыт сага иштесе, сенин күчүң душмандыкына тең болсо, анда аларды өзүңө келгенге аргасыз кыл. Ал эми убакыт чукул болуп, душман өз күчүн калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк ала турган жагдай жаралып алса, саны аз болсо, көп ойлонбой баса кал. Чагылгандай чабуул жасап, жарга така. Мындайды боксер Жо Луис: "Кача берсин, кайда барып жашынмак эле" - деген экен.

(Уландысы бар)