Жанабилге жаза чектей албаган сот…


Газетабыздын №35-санындагы "Өлүк жоготтук ким көрдү?..Иш жоготтук ким укту?.." деген макалада Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери адам өлтүрүү фактысына байланышкан кылмыш ишинин папкасын жоготуп, анын үстүнөн Башкы прокуратура кылмыш ишин козгосо деле аталган ички иштер башкармалыгы "ал майор иштен бошоп кеткен" деген жооп менен чектелип койгонуна токтолгон элек. Көрсө, бары-жогу чаташкан биздин өлкөдө мындай фактылар ондоп саналат экен. Буга бизге түшүп жаткан маалыматтар ачык далил боло алат. Коңшулаш Ленин райондук ички иштер башкармасынан дагы бир майор сот, прокуратура кызматкерлеринин мээсин чаташтырып коюп, үйүндө отурат…


Ленин райондук сотунда аталган райондун ички иштер башкармасынын мурдагы ага тергөөчүсү Жанабил Смайыловдун үстүнөн болгон сот процесси өткөн жылдын июнь айынан бери "Чубактын кунундай болуп чубалып " келе жатат. Анткени Жанабил Смайылов аталган башкармалыкта ага тергөөчү болуп иштеген мезгилинде бир эмес, бир канча жолу атуулдардын укугун өзү билгендей тебелеп, кылмыш иштерин кыскартып, жаап салган экен. Анын шериги да бар, Эркебаев Марклен деген. Эми ал бир эле эпизоддо кыпчылган үчүнбү, кабагым-кашым дебей эле ИИМде ишин аркалап жүрөт дешет билгендер. Эмесе кеп башынан болсун.
2011-жылдын 16-июнунда Жибек Жолу көчөсүндө жашаган "М. О." жана "А. А."(шарттуу түрдө белгиледик) аттуу кыздар үч адам зордуктап кеткендиги тууралуу арыз менен Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылышып, тиешелүү кылмыш иши козголот. Ошол ошо болот. Сегиз ай өтсө да кордолгон кыздар тиешелүү жооп албайт. Көрсө, Смайылов баш болгон Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү аталган ишти жаап салган экен. Жанабил Смайылов өз учурунда кыздардын акыбалын текшерген экспертизанын 2011-жылдын 27-майында чыгарылган жыйынтыгын уруп да ойногон эмес. Муну Жанабил Смайыловдун жактоочулары "прокуратуранын экспертизанын жыйынтыгын күткөн эмес"- дегени туура эмес, Кылмыш процессуалдык кодексинин 156-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Смайылов жыныстык катнаш болгонун так аныктаган экспертиза болбогондон кийин кылмыш ишин козгоодон баш тартканга акылуу болгон " деп беттерин тултуйтушат. Зордуктаган делген үч адамдын бири такталып, кармалып, а тургай көрсөтмө да берген экен. Бу да турат. Бирок "кара теке сүзүп" Жанабил Смайылов ошол кылмышка шектүүлөрдүн бири, Таалай Бакаев дегенди кошумча суракка алып туруп, тиги "алгачкы көрсөтмөлөрүмдөн баш тартам" десе эле ишти жаап салган. Шордуу кыздын 2011-жылдын июнь айында жазган арызы каралмак түгүл, 2011-жылдын 5-октябрындагы тергөө бөлүмүнүн токтомунда "Для установления и привлечения их к уголовной ответственности (кеп зордуктагандар туурасында) были даны отдельные поручения начальникам соответствующих подразделений, направленные на установление виновных лиц. Однако, несмотря на данные поручения, никакие работы не были проведены" деп уялбай жазылган. Токтомдогу жалпыланган сөздөр Жанабил Смайыловдун дарегине багытталат. Мына ушундай "өзүм билемдиги" менен мыйзамды "каакы" ордуна көрбөгөн Жанабил Смайыловдун иш-аракети Ленин райондук прокуратурасы тарабынан аныкталып, ага Кылмыш кодексинин 323-беренесинин "кылмыш ишин козгоодон мыйзамсыз баш тартуу", 304-беренесинин "кызмат адамынын мыйзамсыз текшерүү жүргүзүүсү" деген 2-бөлүгү менен айып тагылган.
Андан башка дагы ага тергөөчү болуп иштеп турган учурунда А. Турусбеков, А. Наркулов жана башка адамдардын оор жагдайдагы кылмыш ишин карап (адам өлтүрүү фактысы), прокурордун макулдугун албай, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 112-беренесине ылайык баш коргоо чарасын өзгөртпөй туруп, камактан өзүн-өзү билип бошотуп жиберген экен. Жанабил Смайыловдун жактоочусу Э. Саданбеков :"прокурор Маженов Наркулов менен Турусбековду бошотуу үчүн алардын ата-энесинен 15000 доллар алган деп түшүнгөндүктөн өзүнүн кол кесээрин Смайыловдон, ички иштер бөлүмүнүн начальнигинен талап кылган" деген кызыктай сөздөр да сотто "калкып чыкканын" айтып келет. Сырттан карасаң өлкөнүн укук коргоо тармагы эмес эле Салымбековдун "Дордой" базары болуп кеткендей таасир калтырат.
Баса, Смайылов Жанабил Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн ага тергөөчүсү болуп иштеп турган учурда, 2009-жылдын февраль айында М. Баязовдун атына жасалган жасалма паспорт экендигин далилдеген 38 беттен турган, Ленин райондук прокуратурасынан келип түшкөн ишти өз өндүрүшүнө алат. 22-апрелде тергөөчү Марклен Эркебаев бул материалдардын негизинде №1-09-670 номерлүү кылмыш ишин козгоп, бир айдан кийин кызматтан кетет. Акырында кылмыш иши Жанабил Смайыловдун колуна тийип, буга чейин эле шалаакылыгы башынан ашкан ага тергөөчүнүн "айныкейи" кармап, паспорт дагы, бул боюнча ачылган кылмыш иши дагы изи жок жоголот. Ошентип шалаакылык кылган Смайыловдун үстүнөн кылмыш ишин жоготкондугу туурасында шаардык прокуратура, кылмыш ишиндеги далил буюмду жоготкондугу тууралуу Ленин райондук прокуратурасы иш козгойт. Жанабил Смайыловдун жактоочулары "мындай жоготуу негизги кылмыш ишке караганда түккө турбаган" нерсе экенин айтып жандарына жууткулары жок. "Кемпирдин жибиндей" чатышып калган бул ишти чубап бүтө албай сот убара. Жанабил Смайылов чалган боткого бул ишти да кошуп коюшкан.
Смайылов Жанабил андан башка дагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгында Көчкөнова Элмиранын арызы менен ачылган кылмыш ишин да өндүрүштөн өзү билгендей кыскартып салган жайы бар. Таяк жеп, боюнан түшкөнү аз келгенсип, бечара келин Жанабил Смайыловдун "өзүн өзү билип, өтүгүн Ленин райондук ички иштер башкармалыгына илип" алып, ишти кыскартып салганынан укугу тебеленген. Бул ишти ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы да чала-була карап, Э. Көчкөновага "Жанабил Смайылов привлечен к дициплинарной ответственности (предупрежден о неполном служебном соответствии) " деп жыйынтык чыгарып, жыйыштырып койгон. Ошол эле учурда Смайылов Ж. адвокат В. Типеровдун үстүнөн эки тергөөчүнүн колун өзү коюп туруп Юстиция министрлигине арыз жиберген экен, бул боюнча ички иштер башкармалыгынан эскертүү алган. Мындай "кызмат талабына жооп бере албайт" деген маанидеги эскертүүдөн бир учурда төрттү алса да камаарабай иштеп жүрө берген.
Бир жылдан бери Жанабил Смайыловдун жактоочулары "Смайыловдун үстүнөн кылмыш ишинин козголушуна кимдир бирөөлөр кызыкдар. Атайын тапшырма бар" деген пикирде. Мына ушунча (бул изи чыгып, сотто далилденген фактылар, билинбей калганы канча дейсиз) кылмыш ишин каалагандай өндүрүштөн кыскартып, атуулдардын укугунун бузулушуна негиз түзгөн тергөөчүгө кандай мамиле керек? Аз жылдын аралыгында ушунча кылмыш иштеринин чалмакейин чалган Жанабил Смайылов дегенди кызматта ким кармап жүргөн? Кантип майор деген офицердик наамга жеткен? Буга кызыккан жан жок. Анткени акыркы кезде Кыргыз милициясынын өңү "Жанабилдин өңүндөй " эле болуп калды. Аны ИИМ министри Зарылбек Рысалиев деле жашыра албай, иштен куулган кызматкерлери менен ызылдашып бүтө албай жүрөт. Райондун прокурору "Жанабил Смайылов акыркы иштеген бир жарым жылдын ичинде эле 13 жолу сөгүш алганын" да үшкүрүк менен баяндап берген жайы бар. Тергөө бөлүмүнүн башчысы бир жарым жылдын ичинде 13 жолу сөгүш жарыялап коюп, Жанабил Смайыловду тайраңдатып эмнеге кармап жүргөн? Бул да өзүнчө суроо.
Кыскасы, Ленин райондук прокуратурасы, башкасы болуп отуруп Смайыловдун үстүнөн бир нече кылмыш иши козголуп, иштин жагдайына жараша бириктирилип, жогоруда аталган фактылар эчак далилденгенине карабастан Ленин райондук соту Жанабил Смайыловго тиешелүү жаза чектей албай бир жылдан бери "кыйналып кетти". Жанабил Смайылов учурда "подписка о невыезде" деген "алакандай" кагазды тиешелүү органдарга карматып коюп, үйүндө эле чай ичип отурат. Иштен бошоп кеткен ага тергөөчү менен ИИмдин иши жок. Мындай "чала сабат", "мурдун балта кеспеген" кызматкерлер азыр деле ИИМДе "иттин кара капталынан" экенин далилдеп беребиз дегендер четтен чыгат. Укук коргоочу Турганбек Асаналиев "Жанабил Смайыловго окшогон милициялардан жапа чегип, укугу бузулган адамдардын иши арбын , мындай кызматкерлер турганда ИИМде реформа болушу кыйын, анын ишке ашуусу утопия" деген пикирде. Мына ушул " Жанабил Смайыловдун көп эпизоддуу" ишин сотторду тандоо Кеңеши көз жаздымда калтырбай, "карга карганын көзүн чукубайт" деген элдик макалды буза албай жаткан Ленин райондук сотуна жардамга келет деген ойдобуз.
Канышай Мамыркулова