Өмүрүндө биринчи


жолу чачын кырктырды


Америкада жашаган Рином аттуу бала 9 жашка чыкканча чачына кайчы тийген эмес. Бала жаңы төрөлгөндө эле чачы тармал жана башка балдарга салыштырмалуу узун экенин көргөн энеси чачын кыркпоону чечкен. 3 жашка чыкканда Риномду элдин баары кыз экен деп ойлошчу, анткени апасы дайыма чачын кыздардыкындай кылып экиге өрүп койчу. Көчөдөн өткөн элдер "ой кандай жакшынакай кыз" - деген сайын "Рином сүйүнчү" - дейт апасы. Бирок, балээнин баары Рином мектепке барганда, классташ балдары "сен кызсың, сен кошулба" деп бөлгөндө башталган. Рином эркек балдардай эле машина, футбол ойногонду жакшы көрөт. Кебетесин көргөн классташтары аны оюнга кошпогонунан улам, "чачымды кырк" деп ыйлактай берип, белинен ашып калган узун чачын кырктырууга туура келди.


Майкл Дугластын баласы соттолду


Голливуддун белгилүү актеру Майкл Дугластын баласы эки жылдан бери түрмөдө отурат. Атасынын атагынан пайдаланып, жаман иштерди жасап жүрүп түрмөгө түшкөн эле. Боштондуктун баркын билбеген эрке бала түрмөдө отуруп алып наша чегип, анысы аз келгенсип, башкаларга да таратып жүргөн. Ошентип ал жаткан камерадан бир килограммга жакын наша табылды. Бул факты боюнча кайрадан иш козголуп, баласы 20 жылга кесилди. Бирок, атасынын кадыр-баркын сыйлашып, 20 жылдык мөөнөттү беш жылга кыскартышкан.


Чемпиондун өлүмү


Көптөгөн эл аралык мелдештердин ээси, заманбап күрөштүн түрлөрүнө кирген- бодибилдинг, пауэрлифтинг жана штанга көтөрүү боюнча дүйнөнүн чемпиону Михаил Алгаш дүйнөдөн кайтты. Михаил дүйнө жүзүн өз салмагы менен тең штанганы көтөрүп таң калтырчу. Жакында боло турган Европанын чемпионатына катуу даярдык көрүп жаткан. Бул таймашта элди өзүнүн салмагынан оор штанганы көтөрүп, таң калтырам деген экен. Ага жетпей, машыгууларынын биринде өз салмагынан оор штанганы көтөрө коём деп кулап түшкөн. Көрсө, Михаилдин боору оордукка чыдабай жарылып кетиптир. Врачтардын канча ирет "оор нерсени көтөргөндү ташта" дегендерине карабастан, спорт деп жүрүп Михаил 23 жашында көз жумду.


Семиз наристе


Семирип кетүү ооруубу же ден соолуктун чыңдыгын билдиреби? Айтор ким билет, Кытайдагы 4 жаштагы бала 60 килограммга жете семирген. Ошол эле салмагында калаарына кепилдик жок. Анткени кичинекей Лу хаонун табити чоң кишиникинен да күчтүү болуп, бербесе ызы-чуу салып, бир жегенде 4 порцияны бир жейт экен, кайран бала. Лу хао төрөлгөндө кадимки эле наристелердей 2,5 килограмм салмак менен төрөлгөн.


Бүтүрүү кечесиндеги укмуш көйнөк


Акыркы коңгуроо жакындап калганда кыздар алдыдагы экзаменди ойлобостон, "кандай көйнөк кием, кантип элдин эсин оодарам" деп калышат. Ошентип 25- майда акыркы коңгуроо аземинде Украинанын №15 мектебинин окуучусу жарым жылаңач көйнөгү менен элдин эсин оодарган. Анын көйнөгүн өз мектебинин окуучулары эле көрбөстөн дүйнө жүзүнө интернет аркылуу да тарап кеткен. Көйнөктүн кыскалыгынан да анын жукалыгы көргөндөрдү чочуткан. Буга окшогон көйнөктү, кечки дискотекага кийүү деле ыңгайсыздыкты жаратмак. Кызыгы, кыздын апасы ошол мектепте мугалим болуп иштейт .