"Акчасы көп келесоолор зор болду"


Эркалы Өскөналиев - бүгүнкү кыргыз адабиятынын бараандуу өкүлдөрүнөн. Кара сөздөбү, поэзиядабы өзүнүн изи, чыйыры бар калемгер. Анын дагы бир утуш жери - борборду имерчиктебей, сөз издеп, куйма кулак карыларды эшитип, эл ичиндеги улуу сөздүн учугун чубап, элетте жашаганында. Ал аракети текке кетпей Куйручук куудулдун буга чейин жалпы окурмандарга белгисиз жоруктарын, атка бергис асыл сөздөрүн, ар тараптуу өнөрүн, текейдей терип жүрүп "Куйручук" аталган китебин чыгарды. Азыр бул китепти күндүз чырак менен издеп таппайсың.
Эркалы насилинде акын. Болгондо да мыкты акын. "Жер жарылса акындын жүрөгүнөн өтөөрүн" эске алсак, бүгүнкү коомубуздагы алешем көрүнүштөр Эркалыны да эркелетпесе керек, ар кайсы мезгилде төмөнкү ыр саптарын жазыптыр. Анда назар салыңыздар, урматтуу окурман.


"Эркиндик" - деген
бу эмине?

"Эркиндик"- деген бу эмине?
Алтынбы - күмүшпү, акчабы?
Жүрөгүм шыбырайт өзүмө:
"Эркиндик"- дегениң башкабы?-

"Эркиндик"- деген бу эмине?
Аракпы, кийимби, тамакпы?
Калкылдап учушкан бийикте,
Карга да, бүркүт да канаттуу!

"Эркиндик"- деген бу эмине?
Жылаңач сулууну өбүүбү?
Миң киши митингге чогулуп,
Ашатып Ак үйдү сөгүүбү?

"Эркиндик"- деген бу эмине?
Муунуп, атынып өлүүбү?
Көөдөндөн көк түтүн чыгарып,
Көз жашты шолоктоп төгүүбү?

"Эркиндик"- деген бу эмине,
Атак - даңк төрүнө конуубу?
Ак кызмат тартуулап Кудайга,
Ааламга машаяк болуубу?

"Эркиндик"- деген бу эмине?
Жамгырбы, гүлбү же даракпы?
Уктасам түрткүлөп ойготкон
О... ушу суроолор жадатты!
2011-жыл

Кайырчы кемпир

Кайыр сурап, колун сунат...
Кимдин тийет жардамы?
Көз жаштары "мөлт" дей түшүп,
Араң турат тамганы.
Кимдин тийет жардамы?

Карыган бир кемпир экен,
Эки буту титирейт.
Өйдө-төмөн өткөндөр көп,
Бардыгы эле битирейт.

Жок дегенде бир сом таштап,
Кетсеңер эй, болбойбу?
Мээрим төгүп азын-оолак,
Өтсөңөр эй, болбойбу?

Жүрөгүңөр жүрөк эмес,
Эт бейм ыя, бир кесим?
Ушу кемпир түшүңөргө
Кирип, кыйнап жүрбөсүн!

Кайыр сурап, колун сунат...
Эй, зыкымдар, сараңдар!
Жылан чакса таш алпербес,
Таш боорсуңар адамдар!
Ташбоорсуңар адамдар!
2010-жыл

Акча, акча, акча!
Акчада, кадимки эле мынабу акчада, акыл-эсти кирдетип, жан дүйнөнү иритип, адамды ыпылас жолго жетелөөчү купуя сыр бар!
Лев Толстой

"Акча, акча, акча!"- дешсе жутунуп,
Аларды мен шылдың кылып күлгөмүн.
Жайык дүйнөм ушу чакта кысылып,
Ошолордон акча сурап жүрөмүн.
Ооруп турат мына ушуга жүрөгүм!

Акча аттуу азгырыгың жогунда,
Кыргыз эли жыргап-куунап жашаган.
Мөлтүр кашка булагындай тоолордун,
Кыргыздардын бардыгы экен таза Адам!
Кыргыз эли жыргап-куунап жашаган!

Ааламында акча шайтан жогунда,
Ата-Бабам агыл-төгүл жашаган.
Агарышкан салтты-наркты тутушуп,
Көгөрүшкөн жалаң аппак батадан.
Ата-Бабам агыл-төгүл жашаган.

Ак ичишип, тайдын этин ашаган,
Аталарым сыйынышкан Күн-Айга.
Айдай аруу, күндөй жарык адамдар,
Жалынышкан Көкө-Теңир, Кудайга!
Жалынышкан кереметтүү Күн-Айга!

Кыргыздардын кыйласы азыр булганып,
"Акча, акча, акча!"-дешет тырманып.
Акчасы жок мендейлерди кемсинтип,
Шылдыңдашат, табалашат жылмайып.
Кыргыздардын кыйласы азыр булганып.

Акыл-эсин тумандатып жатышат.
Акча берсе, ар-намысын сатышат.
Ай мүйүздүү айбандарга айланып,
Акча үчүн бычакташат, атышат.
Жүзүкаралар, куйтулар эй, көбөйдү,
Жүрөгүм ай, мына ушуга ачышат!

Жыландардай соймоңдоп, уу чачышат,
Түлкүлөрдөй, карышкырдай басышат.
Башканы кой, башкаргандар өлкөнү
Акча уурдашып, чет өлкөгө качышат.
Жүрөгүм ай, мына ушуга ачышат!

Унуттукпу кудуреттүү Кудайды?
Унуттукпу кереметтүү Күн-айды?
Жан дүйнөбүз ылайланып, булганып,
Жалынабыз, табынабыз башкага.
Кудуңдайбыз кулдук уруп пулдууга,
Кудайга эмес, сыйынабыз акчага!

Акчасы көп келесоолор зор болду,
Акчасы жок аруу адамдар кор болду.
Жок кылабыз бул дүйнөдөн канткенде,
Акыл-эстен адаштырып койгонду-
Акча аттуу баш айлантма ойронду!

Эл башкарган эгелерим булганып,
Эл-журтума эмне гана кылбадык?
Өлөсөлүү болуп турат өлкөбүз,
Арыктаган жоор аттай ыргалып.
Жараткандын боору ооруп, жакында
Жааса экен Кыргызстанга бир жарык!
2010-жыл

Гезиттер ай, гезиттер

Жапкылачы ай, гезиттердин жаактарын!
В.Маяковский

Гезиттер ай, гезиттер!
Кеп ташыйсың кемпирлерден эшиткен.
Эшик турса, элеңдеп,
Шыкаалайсың тешиктен.
Гезиттер ай, гезиттер!

Ушак-айың жыйнаганың,
Кызыл такым аңдыганың.
Калпка чынды тебелетип, чийесиң!
Көрүнгөндүн тумшугуна көө сүйкөп,
Гезиттер ай, гезиттер!

Жыпжылаңач жалаптардын сүрөтүн,
Кумарланып тиктегенди сүйөсүң.
Ылай кечкен өтүгүңдү аарчыбай,
Үйлөргө "шып" киресиң.
Эркек дебей, аял дебей,
Этектерин түрөсүң.
Гезиттер ай, гезиттер!

Көздөрүңдү чекирейтип,
Кулагыңды делдейтип,
Ак үй менен Көк үйлөрдө жүрөсүң.
Өз башыңда төөнү көрбөй, бирөөнүн
Башындагы чөптү көрүп, күлөсүң.
Гезиттер ай, гезиттер!

Токмоктогу Тойчубек токол алса,
Алайдагы Айымкан эрге тийсе,
Ошто бирөө осуруп койсо деле,
Ошолорду маскаралап жазасың!
Өзүң сүттөй тазасың!
Гезиттер ай, гезиттер!

Батыштагы жолго түшүп басасың,
Чындыктарды чыгыштагы
Чыркыратып атасың!
Салт-каадасын, улуулугун кыргыздын
Тепсеп, булгап, итке ыргытып жатасың!
Гезиттер ай, гезиттер!

Ороңгудай ороңдоп,
Оргу-баргы сөздөрдү көп сүйлөйсүң.
Отуз чычкан чачтарыңда сороңдоп,
Ресторан, кафелерде бийлейсиң.
Эл-журтка укмуш акылдарды үйрөтүп,
Элди бузуп жатканыңды билбейсиң!
Гезиттер ай, гезиттер!
2001-жыл

Ата-Мекен үчүн эгер күйбөсөң?

Шералы Назаркуловдун өлүмүнө

Бардыгыбыз коркобуз эй, өлүмдөн,
Кандай жаман кара жерге көмүлгөн!
Капкараңгы жымжырттыкка жыгылып,
Кайра туруп келалбайсың көрүңдөн!

Адам билбейт качан, кантип өлөрүн,
Сен өзүңдүн өлөрүңдү билгенсиң.
Ата-Журтуң сатылганда кертилип,
Азып - тозуп, башка кайгы үйгөнсүң.

Ачкачылык жарыялап чыркырап,
Ай үйлүүнүн бетине шалп түкүрдүң.
Саясатка каршы туруп сасыган,
Атланттай көрсөттүң алп күчүңдү.

Наар сызбай, намысыңды бийикте
Бекем туттуң, туйгундардай туруктуу.
Үзөңгү-Кууш үчүн жаның жанчылып,
Жуттуң чокту, отту, канжар, кылычты!

Ата-Мекен үчүн эгер күйбөсөң,
Ачкачылык жарыялап жан кыйбай,
Акча топтоп, арам байлык жыймаксың,
Машине айдап, дардактаган айгырдай.

Ата-Журтту агыл-төгүл сүйбөсөң,
Аким болуп башкармаксың Алайды.
Депутат да, министр да болмоксуң,
Жеп-ичмексиң, кылмаксың эй, далайды!

Жок дегенде, галстукчан илимдин
Докторлугун жактап деле коймоксуң.
Илимий бир институтту чимирип,
Профессор, академик болмоксуң!
2002-ж.

Сексен жети
дарак эле....

Апрель төңкөрүшүндө курман болушкан жаш баатырлардын жаркын элестерине арналат.

Жалбырагы жапжашыл жалаң эле,
Жайкалып өскөн алар дарак эле.
Жалындай жалбыртташып турушканда,
Жалдырап калбадыкпы, карап эле.
Жапжашыл сексен жети дарак эле...

Күнжарык бийлеп турчу учтарында,
Айжарык туйлап турчу туштарында.
Жылтылдашып, тайгылып бутактардан,
Жылдыздар жаачу калаа, кыштагыма.
Жапжашыл сексен жети дарак эле....

Жакындап Жер асманга, Асман жерге,
Жайкын гүлдөр жайначу теребелге.
Жагымдуу обон тыңшап жыргаар элек,
Жаз желине дарактар термелгенде.
Жапжашыл сексен жети дарак эле...

Куштар сайрап кубанчу бутактарда,
Кумарланып сүйгөнү кучактаарда
Дарактар махабаттын бешиги эле,
Жолугушуп, сүйүшүп, узатканда.
Жапжашыл сексен жети дарак эле...

Жаз эле... Жалбырттабай тыйылышты,
Жапжашыл дарактарым кыйылышты.
Жалпайышты бардыгы жер кучактап,
Жез тырмактар өрттөштү, жылынышты.
Жапжашыл сексен жети дарак эле...

Жазыксыз дарактарым, дарактарым,-
Жазылбай айрылышкан барактарым!
Сексен жети мертебе жараат салып,
Кыргызстан жүрөгүн канатканың
Жаман болду!.. Аябай жаман болду!..
Кош болгула, о кайран дарактарым!
2010-жыл, апрель