Алтынчы мыйзам

Эмне кылсаң да, элдин көңүлүн бура бил


Мыйзамдын чечмелениши:
Бардыгын сырткы кебетең айтып турат. Көрүнбөгөн нерсенин баасы да жок. Андыктан өзүңө көптүн бири катары калганга же аты-жытың билинбей жок болуп кеткенге жол бербе. Бараандуу бол. Эмне кылсаң да көзгө урунуп тур. Өзүңө магниттей тартып, айрым бар-жогу байкалбаган, сылык-сыпаа адамдарга караганда келбеттүү, жагымдуу, табышмактуу көрүн.

I бөлүм. Сенин атыңды сенсациялар, ар кандай ызы-чуулар коштоп жүрсүн.
Унутулгус, ошол эле учурда карама-каршылыктуу образың менен өзүңө элдин көңүлүн тарта бил. Чыр-чатакка жакын бол. Башкалардан бөлүнүп туруш үчүн бардыгына бар. Сенин айланаңда өтүп жаткан буркан-шаркан окуялар кандай гана өңүттө өнүкпөсүн - сага атак-даңк тартуулап, бийлигиңди чыңдайт. Унутта калгандан көрө, сени сындап, жер-жебериңе жетип, ар тараптан чабуул коюп турушсун.

Мыйзамдын
сакталышы
П.Т.Барнум өзүнүн ишмердүүлүгүн цирктин ээси Аарон Тернердин жардамчысы катары баштайт. 1836-жылы цирк Мэриленд штатындагы Аннополис шаарчасына келип, бир нече көрсөтүүлөрдү тартууламак болот. Оюн көрсөтөөр күнү таңында капкара жаңы костюмун кийип Барнум шаарга сейилге чыгат. Айрымдар анын артынан ээрчип алат. Арасынан кимдир бирөөсү "мен муну билемин, бул деген Эфраим К" - деп кыйкырат. Эфраим, полиция "киши өлтүргөн" - деген айыбын алып салганына карабастан, көпчүлүк америкалыктар "күнөөлүү"- деп эсептеп жүргөн неме болчу. Кыжырланган эл Барнумду ур-тепкиге алып, кычыраган костюмунун тамтыгын чыгарат. Аларга өзүнүн башка экенине ишендире албаган Барнум, айласы кетип, ким экендигин далилдеш үчүн тигилерди циркке ээрчитип келет.
Цирктен Тернер чал, анын Барнум экенин тастыктап "бирок бул оюн экендигин, Барнумду Эфраим"- деп элге жайып жиберген өзү экенин айтат. Эл тарап кетет, бирок, аз жерден өлүп кала жаздаган Барнум үчүн бул күлкү эмес эле. Ал кожоюнуна "бул эмне деген тамашаңыз?" - деп кызаңдай кетет. " Ээ, урматтуу Барнум, ушунун баары пайда үчүн жасалып жатат. Өзүң көрөсүң" - деп жооп берет. Айтканындай эле болгон окуя боюнча шаарда күбүр-шыбыр күчөп, кечинде циркке эл толтура келет. Аннополис шаарында канча оюн коюшса, ошончо көрүүчүлөр келип турат. Барнумга бул өмүр бою сабак болуп калат.
Барнумдун өз алдынча жүзөгө ашырган биринчи олуттуу иши, баягы Нью-Йорктогу Америкалык музейге байланышкан иш болду. Бир ирет көчөдө баратса Барнумга кайырчы кайрылат. Барнум ага садага бергендин ордуна жумуш сунуш кылат. Аны музейге ээрчитип келип, колуна беш кирпич карматып, эмне кылышты түшүндүрөт. Кайырчы кирпичтерди көтөрүп алып, бир нече көчөлөрдү айланып өтүп, бир кирпичти көпүрөгө, дагы бирин башка жерге таштап, кайыр сураган жеринде бир кирпичти көтөрүп, экинчисин алдына коюп, бирөөлөр бирдеме сураса тилден калгансып, таптакыр жооп бербеши керек эле. Ошондой эле кайра кайтканда, колундагы кирпичтер менен мурда ташталган кирпичтерди алмаштырып жүрүп отуруп, музейге келип кирип, анын залдарын аралап өтүп, музейдин кызматтык эшиги аркылуу чыгып кетиши керек болчу.
Кайырчы биринчи эле айланышында артынан жүздөгөн кишилерди ээрчитип келет. Адамдар анын жасап жаткан табышмактуу иштерин түшүнбөй, билгилери келип ээрчип алышат. Алар бул көрүнүштү өз ара талкуулашып, кызыл чеке түшүшөт. "Бу "келесоо" музейге киргенден кийин эмне кылаар экен?"- дешип билет сатып алышып, артынан кирип аңдышат. Айрымдары музейдеги коллекцияларды көрүп, кызыгып карай башташат. Биринчи эле күнү кирпич кармаган кайырчынын ээрчитип келгени миң кишиден ашып кетет. Бир нече күндөн кийин бул ишке полиция кийлигишип, кайырчынын бул ишине тыюу салууга аргасыз болот, анткени, анын артынан ээрчиген кишилер көчөгө батпай, жол кыймылына тоскоолдук жарата баштайт. Кайырчынын "кирпич саякаты" аяктайт, бирок, Нью-Йорктун миңдеген жашоочулары музейге кирип чыгышкан эле. Кийин алардын көпчүлүгү Барнумдун тилектештери болуп калат.
Барнум музейдин көчөгө караган балконуна музыкалык ансамблди жайгаштырып, маңдайына "Миллиондор үчүн бекер концерт"- деген килейген жазууну илип таштайт. "Мындай марттык болобу?" - деп ойлогон шаардыктар бекер музыка угууга ашыгышат. Барнум болсо башканы ойлоп койгон. Ал арзыбаган акчага "талант"-дегенден таш балакет жукпаган, эптеп эле жаны бар музыканттарды жалдап алган эле. Эл чогулуп, музыка ойной баштаганда, айрым адамдар билет сатып алып музейге кире качышат, анткени көчөдөгү дагыранын калдырагындай музыканы, аларды кыйкырып-коштогондорду угуп турууга мүмкүн эмес эле.
Барнумдун бүткүл өлкөгө көрсөтүп чыккан дагы бир "шумдугу" Жойс Хет болчу. Ал "менин жашым 161де"- деп тотукуштай сайрап турчу. Барнум аны кадимки Жорж Вашингтондун өзүн бешикке бөлөгөн тарбиячысы катары тааныштыра турган. Бир топ айлар өткөндөн кийин көрүүчүлөрдүн саны азая баштайт. Барнум түгөтүң эми "Жойс Хет - адам эмес, ал киттин мурутунан, каучуктан, сан жетпеген пружиналардан жасалган автомат" - деген, кызылдай калп маалыматты газеталар аркылуу жайылтып жиберет. Хет кемпирди мурун көргөндөр да, бул маалыматтын абийирин ачыш үчүн кайтып келе башташат. Албетте, билетсиз аларды ким киргизмек эле.
1842-жылы Барнум суу перисин элестете турган каркас сатып алат. Анын сырткы түзүлүшү маймылга окшошуп турганы менен башы, тулку бою өтө чебер жасалган эле. Барнум бул укмуштуу техника Японияда жасалып, алгач көрсөтүүгө алып чыкканда, кадимкидей сенсация жаратканын билип алат. Ошентип, Барнум эргул гезиттер аркылуу "Фиджи аралынан тирүү суу периси кармалды"- деген маалыматты желдей тарат. Экспонатты музейге койгон учурда "мындай мификалык жаныбар болушу мүмкүнбү?"- деген талаш-тартыш бүт өлкөнү дуулдатып турган эле. Барнум гезиттерде "суу периси" компаниясын баштаганга чейин, ал жөнүндө эч кимдин деле иши жок болчу. Ошону менен Фиджи суу перисин көрүп, анын жасалма же анык өзү экенин талашып-тартышкысы келгендердин саны, ал күндөрдө рекордго жеткен.
Бир нече жыл өткөндөн кийин бою бармактай болгон, Коннектитуттан чыккан беш жашар эргежээл бала менен Европаны кыдырып чыгат. Барнум аны 11 жаштагы англиялык бала катары тааныштырчу. Ал ага адамдын оюна келбеген көз боочулукту үйрөтүп койгон эле. Барнумдун бул турнеси ушунчалык кызыктуу болгондуктан падыша айым Виктория, эргэжээл баласы экөөнү Букингем сарайында өзү кабыл алат. Барнумду Англиянын басма сөзү канчалык келекеге албасын, Виктория өзүнүн көңүлүн ачканга аларга мүмкүнчүлүк берип, кийин Барнум жөнүндө урматтоо менен кеп кылчу.

Түшүндүрмө
Барнум көңүл бурдуруунун негизги чындыгын жакшы өздөштүргөн: эгерде бардык көздөр сени карап турса, сен өзгөчө укукка ээ болосуң. Барнум үчүн кызыктыруу "элди жыйноо"- дегенди түшүндүрчү. Кийинчерээк ал минтип жазат: "Бардык жыйналгандардын койнунда күмүш бар. Аны ала билүү керек". Ошону менен топтолгондорду "топтой" тоголотуп, керектүү жакка багыттоо гана калат. Айталы, жөн өтүп кетпей кирпич кармаган кайырчыны көргөн бирөө токтой калат, артынан экинчиси, анан үчүнчүсү...Анан алар топ коёндон бетер үймөлөктөшө баштайт. Байкатпай багыттап койсоң, алар музейге жөнөшөт же оюн көрсөтүмүш болсоң оозун ачып карай башташат. Эң башкысы элди жыйыш үчүн адаттан тыш, табышмактуу бир нерсени табышың керек. Бул үчүн элди тартып турган ойдо жок көрүнүшпү, шумдукпу, айтор, бардыгы жарактуу. Элди көңүлүн буруп алгандан кийин, эч качан аларды колуңдан чыгарба. Барнум мындай учурларда конкуренттеринин трюктарын да кайталап жиберүүдөн тартынбай, эби менен пайдаланып кетчү.
Бийиктикке чыгар алдыңда элдин көңүлүн буруу үчүн, болгон дараметиңди жумша. Эң маанилүүсү: эмнеге көңүл бурдурасың, ал мааниге ээ эмес. Барнум өзүнүн абийирин ачкан сындарга, "көзгө чөп салып жатат"- дегендерге дээрлик көңүл бурчу эмес. Эгерде кайсы бир гезитчи анын "ашмалтайын чыгара" жазса, ал аны көрсөтүүсүнүн ачылышына чакырып, эң көрүнүктүү жерге отургузчу. Кээде Барнум, аты-жөнү гезит беттеринен жоголуп кетпес үчүн, башка бирөөнүн атынан жазып, басма сөздөрдө өзүн-өзү "талкалап" турчу. Барнумдун көз карашынан алганда көңүл буруу - позитивдүүбү, негативдүүбү айырмасы жок эле. "Башкысы ийгилик алып келсе болду"- дечү. Бийликти, атак-даңкты көздөгөн адамга - унутта калгандан өткөн кордук жок.

Хан сарай кызматкери эл чогулган жерге, мисалы, рыцарлардын сайышына барып калса, ал ат жабдыктарынын келиштире жасалганына, өзү дагы мыкты даярданганына ишенгендей болсун. Бардыгы аны тиктеп, ат жабдыктарынын тири укмуш оюм-чийимдерине таңгалып, темирди тарткан магниттей эле, элдин көңүлүн өзүнө буруп турушу керек.
Бальдассаре Кастильоне

Бийликтин ачкычы

Топтон бөлүнүп, өзгөчөлөнүп туруу - бул кимге болбосун эне сүтү менен келбейт, ага үйрөнүү керек. Болгондо да, сага аары балга тартылгандай эле, элди тартып турууга үйрөнүүгө туура келет. Мансабыңдын башталышында өзүңдүн атыңды, абройуңду көпчүлүктөн бөлүнүп тургандай түзө бил. Мисалы, кийген кийимиңдин өзгөчө стили, жака-башыңдын шумдуктанып турушу ж.б. Ошондо башкалар сени кеп кылып, сөзгө ала баштайт. Аны менен эл оозуна бир илинип алсаң, сенин жылдызың да кең асманда жаркырап чыга келээри турган иш.
Мындайда, сага гана мүнөздүү сырткы кебете-кешпириң карама-каршылыкты туудуруп, эл арасында күбүр-шыбырды күчөтүүнүн кимге кереги бар эле дегендер да чыкпай койбойт. Чындыктан алыс бирдемени элестетиш кыйын. Жаздым басып же жанып келаткан жылдызыңды башка бирөө "жалп" өчүрүп салбасын үчүн дайыма көңүл чордонунда болгондон качпашың керек. Акыр аягында оңу болобу, терси болобу, көпчүлүктүн көңүлүн буруп туруу, сенин гана пайдаңа чечилет. Биз билгендей Барнум өзүнө болгон бардык чабуулдарды жыргап кабыл алчу, коргонууну ойлоп да койчу эмес. Ал ыктыярдуу түрдө алдамчынын бет кабын тартынып алчу.
Людовик XIVнүн хан сарайы таланттуу акын-жазуучуларга, сүрөтчүлөргө, ажары Айды жалтанткан сулууларга, ар кандай аял-эркектерге толуп турчу. Бирок, ошолордун ичинен герцог Лозаннск тууралуу баарынан көп айтылчу. Герцог бою кичинекей, " эргежээл" - деп койсо деле боло турган неме болчу. Ал чечкиндүү мүнөзү менен айырмаланып, королдун фавориткасынын койнуна ачык эле кирип, сарай кызматкерлери түгүл, королдун өзүн келеке кыла турган. Людовикке анын дайыма элдин көңүлүн буруп турганы жакчу, кокус ал келбей калса кадимкидей издетип калчу. Муну жөнөкөй эле түшүндүрсө болот: герцогдун эч кимге окшобогон мүнөзү баарынын көңүлүн бурчу. Анын жагымдуулугу тегерегиндегилерди тартып тургандыктан, ким болбосун, кантип болсо да, аны менен сүйлөшкүсү келип турар эле.
Коомчулук эт менен челдин ортосунда калбаган, төбөсү көрүнгөн адамдарга дайыма муктаж. Андыктан, сени көпчүлүктөн бөлүнтүп, "кызыл тебетей " кылып турган сапаттарга ээ болуудан тартыныштын кереги жок. Мындайда талаш-тартыштан, төбөлөшүп кеткенден качпагыла. Унутулуп калгандан көрө, ызы-чуу болсо да сени коштоп жүрсүн. Бул мыйзам бардык кесиптегилерге таандык. Ал эми ар бир кесипкөй жан дүйнөсүндө анча-мынча "алдар көсө" болот эмеспи.
Улуу окумуштуу Томас Эдисон: акча табыш үчүн эмне кылсаң дагы элдин оозунда болушуң керектигин жакшы түшүнгөн. Ал ойлоп тапкандарын элге таанытууга, ага коомчулуктун көңүлүн бурдурууга, ошол ойлоп тапкандарындай эле маани берген.
Эдисон электр тармагындагы өзүнүн ачылыштарын даңазалаш үчүн шумдуктуу тажрыйбаларды жасап жиберчү. Ал келечек тууралуу фантастикага жакын ойлорун айтып - роботтор, адамдын ойлогонун тартып ала турган машиналар жөнүндө мазасын чыгара кеп кылчу. Албетте, мунун баары коомчулуктун ал жөнүндө сөз кылып турушу үчүн жасалчу. Ал атаандашы Никола Теслага караганда, өзү жөнүндө көбүрөөк сөз кылышы үчүн бардык аракетин жумшай турган. Тесла мүмкүн Эдисондон таланттуу чыгар, бирок, анын аты көлөкөдө калып, көп сөзгө алынчу эмес. 1915-жылы "Эдисон менен Тесла экөө тең Нобель сыйлыгына көрсөтүлүптүр" - деген сөз айтыла баштайт. Сыйлыкты эки англиялык физик алып кетет. Кийин гана Нобель комитети чыны менен экөөнө берели дегени, бирок Эдисон берилчү сыйлыкты Тесла менен бөлүшкүсү келбей койгондугу белгилүү болот. Ал мезгилде Теслага караганда Эдисондун аты жер чайпалтып тургандыктан, ал атаандашы менен даңк-даңазасын бөлүшкүсү келген эмес.
XVI кылымда "Пьетро Аретино"- деген Римдеги китеп басуучунун жаш жардамчысы, өзүн акын катары тааныткысы келип, Рим Папасынын дал өзүн, анын үйрөтүлгөн пилге жакындыгын шылдыңга алган ырларын жарыялоону чечет. Мындай чабуул ага ошол замат атак-даңк алып келет. Анткени, бийлик аталыктарына карата айтылган мындай ушак сөздөр, жоопсуз калбайт эмеспи. Бирок, эл оозуна кирип калгандан кийин мындай ыкмаларга салуу - тескери натыйжа алып келээрин эстен чыгарбагыла.
Төбөң көрүнүп калгандан кийин, элдин өзүңө болгон көңүл буруусун колдоп, ар кандай ыкмалар аркылуу аны улам жандантып, кыскасы багып алышың зарыл. Антпесең эл тажап, башкаларга көз сала башташат. Бул оюн дайыма кыраакылыкты, чыгармачылык мамилени талап кылат.
Пабло Пикассо эч качан өзүн фон менен жуурулушуп кетишине жол берчү эмес. Качан гана анын атын адаттагыдай кайсы стил менен байланыштыра баштаганда, ал көпчүлүктү таптакыр күтүлбөгөн эмгектери менен таңкалтыра турган. Ал: "көрүүчүлөр менин стилиме көнүп кеткенине караганда, дараметсиз болсо да башка чыгарма тартып, тең салмактуулуктан чыгып кеткеним оң" - дей турган. Бул жерде муну түшүнүү керек: адамдар кимдир бирөөнүн кандай кадамга барарын алдын ала билген шарттарда, өздөрүн бийик ойлой башташат. Эгерде алар күткөнгө караганда таптакыр башкача кадам жасап, кимдин жогорку абалда тургандыгын көрсөтө алсаң, дароо урмат-сыйга татып, кеп кылгандары эле сен болуп чыга келесиң.

Айталы, рампанын жарыгы. Бул жарыктын алдында ойногон актер, баарынын көңүлүн бурат. Карагандары эле ошол болуп калат.Софиттин ичке нуру аны гана чагылдырып турат. Колуңдан келсе ошондой бол. Кызыктуусуңбу, чоркоксуңбу, ызы-чуусуз жүрө албайсыңбы, кандай болсоң да, ал жарык сени гана жаркыратып, башка "актерлер" көлөкөдө кала бериши керек.

Абройлуу пикир: "Өзүңдү көрсөтө бил. Жаркырап тур...Көрүнбөгөн нерселер менен эч кимдин иши болбойт..." Дал ушул жарык бардык чыгармачылыктын башаты болгон. Эгерде чыны менен татыктуу болсоң, көкүрөк койгулап туруу көптөгөн тешиктерди толтуруп, кемтигиңди жаап-жашырып, деле бардык нерсеге экинчи өмүр тартуулап турат." (Бальтазар Грациан).
II бөлүм.
Табышмактуулук
көшөгөсүн
тартына бил

Бу, түбүң түшкүр дүйнөдө табышмактуу болуп көрүнгөндүн баары өзүнө тартып турат. Эч качан эмне кылып жатканыңды, дегеле эмне ниетиң бар экендигин жалаяктай жайып таштаба. Баарын ача бербе. Табышмактуулук жагдай сени көтөрмөлөп турат. Ал күтүүнү пайда кылат. Бардыгы сени "эмне кылып жиберер экен?"- деп, натыйжасын күтүп калышат. Андыктан сыртка чыгарбаган сырыңды, аларды алдоо, кызыктыруу, керек болсо коркутуп коюу үчүн да пайдалансаң болот.

Мыйзамдын
сакталышы

1905-жылдан баштап Парижде кайсы бир менчик үйдө бийлеген, бийлеп жатып үстүндөгү жибек көйнөктөрүн бирден чечип ыргытып жибере турган чыгыш кызы жөнүндө имиштер тарай баштайт. Анын бийин көргөн журналист минтип жазат: "Кымбат баалуу асыл таштарын жаркылдатып, атыр жытын буркуратып, Чыгыш аялы Европага кадам таштады. Ал өзү менен кошо мелт-калт толгон европалык шаарлардын турмушуна чыгыштын сулуулугун жана өңүн ала келди окшойт". Көп өтпөй бул бийчи аялдын аты Мата Хари экендиги белгилүү болот.
Ошол жылдын башында, кычыраган кышта индиялык статуялар, ошол өңдүү сейрек буюмдар коюлган салонго, анча көп эмес тандамал аудитория чогулат. Оркестр индия, япон музыкаларын эске салган чыгармаларды ойноп турат. Көрүүчүлөрдү көп күттүрүп, түкшүмөл сөздөрдү жаратып жатып Мата Хари күтүүсүздөн чыга келет. Анын индиялык стилдеги денесин жаап-жаппаган үлбүрөгөн кийимдери, белиндеги, деле бүткөн боюндагы асыл таштары баарынын оозун ачырат. МатаХари буга чейин Париждиктер түшүндө көрбөгөн бий стили менен баштап, жамбашын алты имерип, бир буруп, бүткөн боюн титиретип, таптакыр эле эрип кеткенсип, бир шумдуктуудай бийлей баштайт. Ал алтымыш тамыры дирилдеп, көздөрү кумарга толгон көрүүчүлөргө аткарган бийлери индия, япон элдеринин жомок-уламыштарынын мазмунун түшүндүрөрүн билдирет. Көп өтпөй "Мата Хари ритуалдык жылаңач бийлерди аткарат экен"- дегенди угушкан Париждин мен деген адамдары, алыскы өлкөлөрдүн элчилери баягы салонго агылып келе башташат.
Коомчулук ал жөнүндө баарын билгиси келип жатты. Журналисттерге Мата Хари өзү түбү голланд кызы экенин, бирок Ява аралында өскөндүгүн айтат. Ошондой эле Индияда да болгонун, ар түрдүү бийлерди үйрөнгөндүгүн, индиялык аялдар эң мыкты чабендес жана жаа тарткычтар экендигин, логарифмаларды чечип, философиялык темаларда аңгемелеше ала тургандыгын кошумчалайт. 1905-жылдын жай айларына чейин Мата Харини париждиктердин анча-мынчасы эле көргөнү менен, дээрлик бардыгы анын атын жакшы билише турган.
Мата Хари интервью берген сайын, өмүр тарыхы да өзгөрүп, толукталып турчу. Эми ал Индияда өскөндүгүн, чон энеси явалык ханышанын кызы экенин, Суматра аралында жашашканын, таңдан кечке өмүрүн тобокелдикке салып ат чаап, мылтык атып күн өткөргөнүн айтып чыгат. Эч ким ал жөнүндө дайын-даректүү бир нерсе билчү эмес, гезитчилер болсо анын алты баштуу биографиясын көңүл сыртында калтырышат. Алар аны индия кереметине, Бодлердин барагынан чыга келген ажайыпка салыштырышчу. Жазмакерлер бул Чыгыштан келген табышмактуу конокту улам бир укмуштуу образдарга салыштырып, көкөлөтүп жиберишет.
1905-жылдын август айында Мата Хари биринчи жолу калың элдин алдына чыгат. Аны көргүсү келгендер чыдамдан кетип, толкундоолор да болуп кетет. Эми ал тири укмуш сөздөр коштогон, культтук фигурага айланат. Бир гезит: "Мата Хари - Индия поэзиясынын анык өзү"- деп жазат. Дагы бири: "Эгерде Индия ушунчалык бай болсо, анда жакында бардык француздар Ганганын жээгине өтүп барышат"- дегенче шашат.
Көп өтпөй Мата Хари, анын ритуалдык инди бийи Парижге батпай сыртка агылат. Аны Берлинге, Венага, Миланга чакыра башташат. Бир канча жылдар бою ал Европаны узун-туурасынан аралап, жалаң гана ак сөөктөр чөйрөсүнүн сөөгүн агартып, асмандаган гонорарларды алат. Бул ага ошол учурдун аялдары сейрек ээ болгон көз карандысыздыкты тартуулайт. Кийин, Биринчи дүйнөлүк согуш аяктаарына аз калганда ал Францияда камакка алынат. Аны суракка алышып, айыбын угузуп, Германиялык шпион катары соттоп жиберишет. Ошол сотто гана бардык чындык чыгып жатпайбы. Көрсө, Мата Хари Явадан, Индиядан келбептир, Азияда бой жетпептир. Кан тамырында чыгыш канынын тамчысы да жок экен. Анын чыныгы аты Маргаретта Зелле болуп чыгат. Теги Голландиянын түндүк жагындагы Фрисланд шаарына барып такалат экен.

(Уландысы бар)