Уилл Смиттин чоң


муштумдугу..


Уилл Смитти Россиянын "Люди в черном 3" киносунун ачылышына чакырышкан эле. Кинонун ачылышына чакырылган меймандар кызыл килемди басып өтүшмөк. Бирок, карапайым эл түгүл, Россиянын кино жылдыздары да алдынан тосуп, анын зал ичине кириши кыйын болду. Аябай ичи эзилип кеткенби Украиналык журналисттердин бири актёрду баса калып өпкүлөп кирген. Жини келген актер, аны муштум менен бир коёт, ыза болгон журналист аны сотко берген. Сот өпкүлөй коем деп муш жеген журналистке Уилл Смитти 1 миллион рубль төлөп берүүгө милдеттендирди.


Боюнда бар наристе


Африканын жашоочусу Абангу деген айым, канча жылдан бери балалуу болбой жүрүп, жасалма жол менен балалуу болууну чечкен. Ичиндеги баласы төрөлгөндөн кийин доктурлар "шок" болушкан. Себеби, төрөлгөн баланын ичинде да дагы бир бала болгон. Жарык дүйнөгө келе элек наристе боюнда бар болуп төрөлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында, жасалма жол менен болгон түйүлдүк, эгиз болуп чыккан. Эгизинин бири экинчи түйүлдүктүн ичинде калып, өспөй калган . Ошонун негизинде кичинекей баланын ичиндеги түйүлдүктү жок кылышкан.


Кылымдан узак жашагандар


2012-жылда дүйнөдө көп жашаган адамдардын саны 84 кө жеткен. Көп жашаган адамдардын ичинен 74ү аялдар, ал эми 10у эркектер. Көп жашаган адамдардын ичинен рекорд койгон Жанна-Луиза Кальман Францияда жашайт. Ал 122 ге чыккан. Бир кылымдан ашык жашаганы менен бул айым озүн абдан сергек сезет. Неберелерине тамак жасап бергенге да кудурети жетет. Кылымдан узак жашаган адамдар Японияда көп кездешет. Аларда 100, 110 дон ашкан адамдарга көп деле маани берип таң калышпайт.







Алиби

22-май, 2012-жыл






??.??