"Улутчул болуудан эмес,


улутсуз болуудан корк!"


Кыргыз Республикасынын
Президентине караштуу
мамлекеттик тил боюнча
улуттук комиссиянын төрөгасы
Момбеков Рыскелдиге!

Урматтуу иним!
Кат жанрынын салтына ылайык алгач ден соолугуңду сурап алайын. Сак-саламат, эсен-соо жүрөсүңбү? Иштериң жакшыбы, иним? Баса, иштериң демекчи… Ошо иштериң тууралуу сага ачык кат жазууну туура көрдүм. Кат жазбай деле койсом болмок. Бирок кат жазбай койгонго аргам калбады…Анткени коомчулукта, эл арасында "Тил комиссиясынын төрагасы эки жылдан бери эмне үчүн дымып жатат, бу жигиттен көптү күттүк эле, үмүтүбүз акталбады", - деген күдүк ойлор желдей тарай баштады. "Калк айтса, калп айтпайт" эмеспи.
Эсиңде болсо керек, сен жаңыдан тил комиссиясына төрага болуп дайындалганда, мурда-кийин тааныш болбосом да, "инимдин колун кысып, куттуктап коёюн"- деген жакшы ниетте барып, мамлекеттик тилдин маселелери боюнча бир топ убакыт маектешкенбиз. Ошондо сенин дымагыңды көрүп, "оо… буйруса өткүр жигит экен, ишибиз оңолуп, мамлекеттик тилдин бактысы ачылат го"- деген ойдо калгам.
Бирок ошол мезгилден бери эки жыл өттү. Сенин ишиңден алгылыктуу жылыштарды коомчулук байкай элек. Күнүмдүк майда барат иштер боло берет. Көзгө көрүнөрлүк чоң иштерди жасабагандан кийин, майда иштер көңүлгө деле алынбайт. Тил боюнча майрамдарга, конференцияларга, чогулуштарга катышып коюш, жалындуу сөздөрдү сүйлөп коюш күнүмдүк болчу иштер. Мындай иш-чаралар болгон жана боло берет. Жыйырма үч жылдан бери чогулуштар менен конференциялардан мамлекеттик тилибиз өсүп, өнүгүп кетсе көрөт элек го?
Бүгүнкү күндө мамлекеттик тилибиздин абалы кандай? Улуттук тилибизди мамлекеттик тил деңгээлине жеткире алдыкпы? Болбосо төө куш сымал башыбызды кумга катып, мамлекеттик тил маселеси боюнча көйгөйлөрдү көргүбүз келбей, өзүбүздү өзүбүз алдап келе жатабызбы?
Өзүң билесиң, тил-улуттун каны жана жаны. Аны бапестеп бакпасаң, кам көрбөсөң, өстүрбөсөң чабал болуп, анан бара-бара колдонуу чөйрөсү тарып, улут өзүнүн тилин өзү жерип, тил аргасыз өнүгүшүн токтотуп, өлүп тынат. Алыс барбай эле жакынкы 20-кылымдын ичиндеги бир мамлекеттеги тилдердин жок болуш мисалын алалы.
1917-жылы Россияда 196 улуттук тил болгон. 1977-жылкы СССРдин эл тактоосунда 100 гана улуттук тил калып, 96 тил бар болгону 60 жылдын ичинде өз жашоосун токтоткон, б.а. өлүү тилге айланган. Дүйнө жүзүндөгү 6000 тилдин ичинен ай сайын 2-3 тил өнүгүүсүн токтотуп, өлүү тилге айланып турат. Бул жаңылык эмес, факт. Тилин жоготкон улут мамлекетин жоготот, улут болуудан калат, экинчи бир улутка аралашып, сиңип жок болот.
Улуттун руху, тарыхы, каада-салты, адабияты, маданияты, менталитети кошо жоголот. Улуттан кут кетет. Куту жок улут улут боло албайт. Президентибиз А.Ш.Атамбаев айтып жаткан манкуртчулуктун башаты ушунда. Ушул кезге чейин кыргыз тилин изилдеген окумуштуулар да, кыргыз элинин каймагы болгон интеллигенциясы да, мамлекеттик чиновниктер да улуттук тил менен мамлекеттик тилдин айырмасын анча ажырата алышпай, бир жактуу карап келишүүдө. Кыргыз тили улуттук тил катары СССРдин убагында деле колдонулчу, окутулчу. Ал кезде миңдеген нускадагы китептер, газета-журналдар кыргыз тилинде жарык көрчү. Радио-телекөрсөтүү улуттук тилде көрсөтүлчү. Бирок кыргыз тили мамлекеттик тил болгон эмес, мамлекеттик тил орус тили болчу. 1989-жылы кыргыз тилине "мамлекеттик тил"- деген статус бердик, башкача айтканда, укуктук макам алды. Бирок кыргыз улутунун тили мамлекеттик тил боло алдыбы? Дегеле улуттук тил менен мамлекеттик тилдин айырмасы кандай? Улуттук тил - кайсы бир улуттун сүйлөгөн, тарыхый жактан калыптанган элдин эне тили. Ал эми" мамлекеттик тил"- дегенибиз кайсы бир улуттук тилге мамлекет тарабынан мыйзам түрүндө мамлекеттик статус берилип, расмий алынган тил. Ошол мамлекеттик тилди бийлик органдары өз жарандарына үйрөнүүнү жана колдонууну мыйзам чегинде таңуулай алат.
Мыйзам боюнча расмий мамлекеттик иш кагаздар, чогулуштар, жолугушуулар, билдирүүлөр… мамлекеттик тилде гана жүргүзүлүүгө тийиш.
Улуттук тилди үйрөнүү ар кимдин өз каалоосу, а мамлекеттик тилди үйрөнүү зарыл нерсе. Мамлекет күчтүү болсо кабыл алынган мыйзамдарды күчтөп болсо да өз жарандарына, мамлекеттик түзүмдөргө аткартат. Мыйзам аткарбаган жаран, мамлекеттик чиновник жазаланат. Ошон үчүн мамлекет жана бийлик. Бизде болсо тескерисинче, 23 жылдан бери мамлекеттик тил мыйзамын аткарбаган бир да чиновникке же министрге, жок дегенде, айып салынган жок. Жогорку Кеңештин комитетинде айып жөнүндө айта коём деп, араң актанып кутулдуң көрүнөт. Эмне үчүн мыйзамды аткарбагандардан тайсалдашыбыз керек. Азыр бийлик да, заман да башка. Президент баш болуп "мыйзамдар аткарылсын"- деп жатат. Сен дагы ушул жаңы бийликтин аркасы менен маданият министри болдуң, азыркы учурда жөнөкөйлөтүп айтканда, тил министрисиң. Бирок, иним, эки жылдан бери сенин тил маселеси боюнча көтөргөн демилгеңди кыргыз тилчилери да, кыргыз коомчулугу да көрбөй келет. Атүгүл мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөлөрүн акыркы күндөрү бир, эки жолу чогулттуң көрүнөт. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бар жогун кийинки мезгилде эч ким деле билбей калды. Чындык үчүн айтып коюш абзел, сенден мурда ушул орунда иштеген Т.Жумагулов менен А.Ибраимов бир топ эле аракет кылып, министрликтерге сес көрсөтүп, көчөлөрдөгү мамлекеттик тилде туура эмес жазылган көрнөк-жарнактардын тымтыракайын чыгарчу. Алар демилгелүү болчу. Сенде андай демилгелер да жок болуп жатат. Айтылган кепке таарынба иним, а таарынсаң "Таласка бар".
Тил-бул саясат. Аны эч ким танбайт. Бирок, биз мамлекеттик тил маселесин өтө эле саясатташтырып жатабыз. Мамлекеттик тил жөнүндө маселе көтөрүлсө эле кээ бир депутаттар мамлекеттик тилге официалдуу орус тилин карама-каршы коюп, сороңдоп чыга келишет. "Орус тилинин Кыргызстанга кереги жок"- деп эч ким айткан жок. Улуу орус тили бизге окшогон аз сандагы калк үчүн аба менен суудай эле керек. Муну баары эле түшүнүп турат. Ошол үчүн орус тилин мамлекеттик тилге каршы койгондор эмне үчүн мамлекеттик тилдин - кыргыз улутунун улуттук тилинин келечеги жөнүндө ойлонбойт, ага кам көрбөйт?
Ошол мамлекеттик тил "душмандары" кыргыз тили үчүн күйүп жанса, мамлекеттик тилдин өнүгүшүн ошолор көтөрсө, кыргыз эли аларды төбөсүнө көтөрүп жүрбөйт беле. "Ашыңды ичейин да, абийириңе чычайын" болуп жатпайбы.
Биз качанга чейин кайсы бир "мыкчегердин" кабак-кашынан коркуп отурабыз. Биз улутпузбу же… Улуттук тил, болгондо да мамлекеттик тил маселесин көтөрсөң эле улутчул деген жарлык тагыла турган болду. Улутуңду сүйсөң, анын тагдыры, тили үчүн күйсөң эмне үчүн улутчул болушуң керек? Казак элинин чыгаан уулу Бауржан Момуш уулу айткандай "Улутчул болуудан эмес, улутсуз болуудан коркуш керек"!!!
Мына "мамлекеттик тилди үйрөнүүнү бала бакчадан баштоо керек"- деген ойлор айтыла баштады. Жыйырма үч жыл текей терип жүрдүкпү? "Ошондо деле бала бакчадан баштоо керек"- деген ойлор айтылчу. Жыйырма жыл бою кыргыз тили бала бакчаларда деле окутулуп, үйрөтүлүп келет. Кана натыйжа чыкканы? Кеп тилди окутууда эмес, кептин баары аны үйрөнүүдө жана мамлекеттик тил катары колдонууда болуп жатат.
Иним! Сөздүн ток этер жерин айтайынчы, бизди Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү улут катары анча сыйлабайт. "Ушулардын тилин да үйрөнөбүзбү?"- деген текеберчилик бар. Шаарлардагы коомдук жайларда, көчөдө, окуу жайларда көпчүлүк жаштар өздөрү менен өздөрү кыргыз тилинде сүйлөшпөйт. Бизде тил идеологиясы жок.
Кыргыз интеллигенциясы өзүнүн улуттук-мамлекеттик тилин сактабай, жерип жатат. Шаарга келген айылдык жаштар өз тилинде сүйлөгөндөн уялышат. Бишкек шаарынын коомдук жайларында, кафе-ресторандарда, дүкөндөрдө мамлекеттик тил дээрлик колдонулбайт. Кафе, ресторандарда даам татуу тизмеси жалаң орус тилинде, атүгүл коюлган музыкасы да чет өлкөлөрдүкү. Муну ким тескеш керек? Албетте, өзүң иштеген мекеме көз салыш керек эле.
Бишкек шаарына келген турист болобу же конок болобу кайсы өлкөнүн борборунда жүргөнүн ажырата албайт. Көрнөктөр кытайча, түркчө, англисче… а тил мыйзамы боюнча эки гана тилде: алгач кыргызча, анан орусча жазылууга тийиш. Бизде тескерисинче, башка тилде көрнөктөр бадырайып жазылып турат, кыргыз тилиндеги жазуусу көрүнөр-көрүнбөс болуп бечара кейпинде.
Иним, сен журналистсиң, демек идеологияны жакшы билесиң. Сенде тил идеологиясы түгүл, демилге да жок болуп жатпайбы.
Эсиңде болсо керек, ошол алгач жолугушууда "ар бир тармакта иштеген адистерди (жазуучуларды өзүнчө, тилчилерди.. тарыхчыларды… өзүнчө) чогултуп, мамлекеттик тил маселеси жөнүндө сүйлөшүп алгылыктуу ойлорун алып, иш жүргүзсөң дурус болчудай" - деген кеңешимди айткан элем. Баш ийкеп макул болгонсуң. Жок дегенде көйгөйлөрдү көрүш үчүн коомчулук менен бир кеңешип алсаң болмок.
Иним! Кыргыз тили менин же сенин гана тилиң эмес. Бул кыргыз элинин тили. Болгондо да кылым карыткан, байыркы жазуусу болгон, "Манас" эпосундай көөнөрбөс дүйнөлүк шедеврди жараткан тил. Биз тилге кам көрбөсөк, өстүрбөсөк, сактабасак келечек бизди "замбирек менен атат". Ушуну ойлон!
Эртеби же кечпи, айтор акыры "тиги мындай иштеген, бул мындай иштеген" деген сөздөр тарыхта айтылып калат. Кыргыз сөздөн корккон, сөздөн сактанган. "Сөзүң өлгүчө, өзүң өл" деген сөз ошондон калган. Сен намыстуу жигитсиң, колуңан иш келет. "Сөзгө сөлтүк болбойт" деп ишенем.
Жоопту басма сөздөн күтөм.

Агаң,
Курманбек Токтоналиев,
Филология илимдеринин
доктору, профессор





Алиби

22-май, 2012-жыл






??.??