Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ө.Т, Бабановго!
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору
А. Ж. Саляновага!
Чүй облустук администрациясынын башчысы
А. Азыранкуловго!

Кайрылуу


Салына элек мектептин ордун сатып ийишти

Б из, Чүй облусунун Сокулук районундагы НовоПавловка айыл өкмөтүнө караштуу "Ак шумкар" аталган жаңы конуштун жашоочулары Сиздерге төмөнкү арыз муңубузду айталы деп кайрылып жатабыз.

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы №359-токтомунун негизинде Новопавловка айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба багытындагы жалпы аянты 32, 07 га. жер тилкеси калктуу конуш жайгашуучу категорияга которулган. Бул жер тилкесинин ичинен 18,95 га. А.А. Кадыровага, 5, 33 га. А. И. Козубаевага, 7,79 га. В. О. Осадчийге жеке менчик катары катталып, биз ушул адамдардын өкүлдөрүнөн үй куруу үчүн участокторду сатып алганбыз. Жалпысынан бул жер тилкеси 425 участокко бөлүнүп, анын ичинен 56 үй-бүлө 2010-жылдан бери үй тургузуп, учурда жашап жатабыз. Жакында эле конушка түлөө өткөрүп, атын "келечекте балдарыбыз чыгаан болсун" деп "Ак шумкар" атоого макулдаштык.
№359-токтомдун 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун талаптарына ылайык жогорудагы жер тилкесинин баштапкы ээлери жалпы пайдалануудагы жолдорду, коммуникациялык байланыштарды эске алуу менен турак-жай куруу документтерин иштеп чыгууну камсыз кылыш керек болчу. Бирок, биз азырынча мындай документтерди көргөн жокпуз. Ал турсун, жаңы конуштагы мурда болжонуп калтырылган мектеп, бала бакча, ФАП жана башка социалдык курулуштар түшүүчү участокторду дагы жердин баштапкы ээси Кадырова Алтынай Аскаровнанын мыйзамдуу өкүлү Адыл Элебаев жана айыл өкмөт башчысы баш болгон бир ууч топ жерге муктаж адамдарга сатып жиберишиптир. Биз муну аталган участокторго белгисиз жарандар үй тургуза баштаганда билип отурабыз. Бул эмне деген өзүм билемдик? Келечекте бул жерге 450гө чукул үй-бүлө отурукташса, биздин балдарыбыз кайсыл мектептен окуйт? Саламаттыгыбызды ат чабым алыс Сокулук районундагы ооруканалар көзөмөлдөшөбү? Балдар бакчасы жок, наристелерибизди кайсыл айылга жетелейбиз?
Социалдык объектилер салына турган жерлерибизди сатып жибергендери аз келгенсип, ушул убакытка чейин таза суу жана жол маселеси чечилбей, боз топуракты кечип келе жатканыбызды кантип айтпай коё алабыз?! Электр энергиясы, жол, суу маселелери боюнча бир канча жолу бул конуштун жашоочулары демилге көтөргөнүбүз менен бизге жергиликтүү бийлик күңдүн баласындай мамиле жасап, эч бир иш алдыга жылган жок.

Урматтуу Өкмөт башы!
Урматтуу Башкы прокурор!
Урматтуу облус жетекчиси!
Сиздерден сураныч, биздин жогорку маселелерге тезинен чара көрүп, келечекте биздин балдар окуй турган мектептин ордун кайтарып жана бул кыянаттык үчүн тиешелүү адамдарды жоопкерчиликке тартып, акыйкаттыкты орнотуп бериңиздер. Мына, кечээ эле бөлүнгөн "Ак-Ордо", "Алтын-Ордо" сыяктуу жаңы конуштар бүгүн кадыресе өнүгүү жолуна түшүп, инфраструктурасы чечилип жатат. Ошол сыяктуу эле биз дагы эртең Өкмөттүн камкордугуна алынган, социалдык маселелери чечилген конушка айланып, биздин балдар заманбап курулган мектептен билим алса деген аруу тилегибиз Сиздердин ишмердигиңиздерге байланыштуу экендигин белгилегибиз келет.
Сиздерди терең урматтап,
"Ак шумкар" жаңы конушунун
тургундары

(кайрылууга 52 жашоочу кол койгон)





Мыйзамдуу алдоо


Бул кат Сокулук районундагы Ново-Павловка айыл өкмөтүнө караштуу "Ак Шумкар" жаңы конушунун тургундарынын көз жашы менен көкүрөк ыйы. "Кайда барба Мамайдын көрү" дегендей, кайсы жаңы конушка барба "бул жетишсиз, тигил жетишсиз, бул жок, тигил жок". Ошол конуштардын бардыгында алар үчүн кам көрүүгө милдеттүү квартал башчысынан баштап эмне деген гана "чоңдор" отурбайт? Айыл өкмөтү, райондун акими, областтын губернатору, анан эсеп жетпеген тармактык чоңдор. "Чоңдор" кекиртектен, а тартип жок.
Тартип болсо "Ак шумкар" жаңы конушундагы мектеп, бала бакча, оорукана жана башка социалдык объектилерге бөлүнгөн жерлер сатылып кетпейт эле да. Электр энергиясы, жол, суу маселелери акырындык менен чечилчү маселелер. Себеби, мурда генпланда каралбаган жерлерге жаңы конуштар түшүп, өкмөт менен жергиликтүү бийлик аларды иретке келтирүүнүн үстүндө иштегенге мажбур. Кудай урганда ошо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн так төбөсүнөн уруп жатпайбы. Конуш башчысы, айыл өкмөт башчысы, анан албетте райондун акими үчөө "табакташ" боло калышып жанагы бала бакча, мектеп, ооруканалардын ордун жалап-жуктап жок кылып жиберишип, милиция, прокуратура органдары болсо, "бармак басты, көз кысты" болуп момпоюп отурушпайбы, көрмөксөн, билмексенге салып. Эгерде укук коргоо органдары мыйзам бузгандарды "жылуусунда кармап ордуна койсо" мындай "чеки" иштер эзели болмок эмес.
"Вечерний Бишкек" гезити эки жумадан бери "Бишкекбашархитектурадагы" башаламандыктарды жазып бүтүрө албай жатат. Тилекке каршы, андай "ботко" жер бөлүштүрүүгө аралашкан район эле болсо болду, табылбай койбойт.
Мына, азыр менин колумда ошол эле Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөтүндөгү жер тилкесин саткан документтер турат. Бир караган жай адамга гана эмес, юристтерге деле баары жайындагыдай сезилиши мүмкүн.
Бул "жер тилкесин сатуу-сатып алуу келишими" мындан он күн эле мурда, 2012-жылдын 4-майында сатуучу Үмөтов Нурбек Токонович менен алуучу Керимбекова Радшан Кировбековнанын ортосунда түзүлгөн. Үмөтов Н. Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 271-контурдагы болгону 4 сотых жер аянтчасын 120 000 (жүз жыйырма миң) сомго саткан.
Бул сумманы учурдагы курс менен америка долларына которсок (120000:47=)2553 доллар болот экен. "4 сотых жер 2553 долларга кымбат деле эмес" дечүлөр да чыгышы мүмкүнбү? Мүмкүн. Эгер сатылган жер трансформациядан өтүп, "калк жашаган жер" категориясына мыйзам түрүндө которулса. Тилекке каршы, Үмөтов Нурбек саткан жер айыл чарба багытындагы жер. Ал жерге үй салууга мыйзам уруксат бербейт. Ал эми 4 сотых жерди сатып алгандар ал жерге картошка отургузуу үчүн албагандыгы айтпаса да түшүнүктүү да.
Башка бирөөлөрдүн чөнтөгүндөгү акчасын санап, ага көз артуу жакшы эместигин баарыбыз эле билебиз. Анан калса, мен Үмөтов Нурбек алармандарды уятсыздык менен оңду-солду алдап жатат дегенден алысмын. Орус туугандар айткандай "он делает свое дело".
Н.Үмөтов бүгүнкү күндө 2500-3500 долларга 4 сотыхтан сатып жаткан жер тилкелерин бир ай мурда эле, 4-апрелде сатып алган экен. Ал албетте, айыл чарба багытындагы жер деп сатып алган. Дүңүнөн алганда 1 гектарын 3000, мейли 5000 долларга алышы мүмкүн. Анан аны кертип 25 участокко бөлүп, ар бирин орточо 3000ден сатканын элестете бер.
Бул ишке (Н.Үмөтовго) Военно-Антоновка айыл өкмөтү менен Сокулук райондук каттоо кызматы (Госрегистр) "колкабыштык" кылып, бир эле Н.Үмөтов менен Р.Керимбекованын эмес, ондогон сатып алуучулардын башын айландырышып, сатуу-сатып алуу келишимине мыйзамдуу түр беришүүдө.
"Мыйзамдуу түр" дегенибиздин себеби - келишимге "Сторонам сделки разьяснено, что на земельном участке сельскохозяйственного назначения в силу нормы ст 74 3К КР не допускается строительство зданий, сооружений и жилых домов до принятия в установленном порядке решения Правительства КР о трансформации данного земельного участка из категории "Земли сельскохозяйственного назначения "в категорию". Земли населенных пунктов". Кроме этого, покупателю разьяснено,что в случае если градостроительной документацией будет запланировано строительство объектов соцкультбыта, прохождение дорог, улиц, тротуаров на данном участке, то он может изъят для государственных и обшественных нужд в порядке, предусмотренном ст 68 Земельного кодекса КР.
Расходы на заключению договора уплачивает покупатель" - деп алуучулардын макулдугу менен аларды акырын баштарынан сылап коюшуптур.
Демейде, мындай учурларда, "түшүнүк берүү талап кылынбайт" деп коюшчу эле. Бирок, бул келишимге түшүнүк берүү зарыл окшоп турат. Мындай, окуялар бир эле Бишкек шаарында же Сокулук районунда эмес, Кыргызстандын бардык аймактарында массалык түрдө болуп жатат. Ошондуктан, карапайым калкты ар кандай калпыстыктардан бийлик сактай албаса, алдын ала чара көрө албаса колубуздан келишинче, алыбыздын жетишинче биз эскертип туралы да. Ошондуктан кийинки сандарыбызда бул макалага кайра кайрылабыз.

Бабырбек
ЖЭЭНБЕКОВ