Дайыма аз,


Бирок саз сүйлө



Мыйзамдын чечмелениши:


"Кимдир бирөөлөргө таасир калтырам"- деп сөздү самандай сапырып кирсең, заматта өзүңдүн ким экениңди, дегеле төркүн-төсүңдү таанытып алаарыңды унутпа. А көрөк, аз, бирок саз сүйлөсөң, сөздөрүң бүтүп-бүтпөй, айтылып-айтылбай, кадимки сфинкстей табышмактанып турса, өзүңө ошончолук кызыгууну жарата аласың. Таасирлүү адамдар дайыма бүдөмүк сүйлөп, башкалардын эсин чыгарып турат. Канчалык көп сүйлөсөң, бир нерсени "балп" эттирип салышың толук ыктымал.


Бийликтин ачкычы

Бийлик көп учурда - бул оюндун сырткы көрүнүшү; адатта аз сүйлөсөң көзгө сырдуу, сүрдүү көрүнөсүң. (Аныгында андай эмес экениңди өзүң балээдей билесиң да). Канчалык үндөбөсөң, каршы тарабың ошончолук жаны чыгып, ойдолой баштайт. Бу адам дегениң табиятынан бир нерсени чечмелегиси, түшүнгүсү келээрин эске алсак, сенин эмне ойлоп турганыңды билүү аларга дайыма кызыктуу. Эгерде оозуңа келгенди оттой бербесең, ар убак сөзүңө ээ болсоң сенин оюңда эмне турганын, дегеле ким экениңди билүү кыйын.
Сенин үндөбөгөнүң, төркүн-төсү дайынсыз жоопторуң адамдарды коргонууга аргасыз кылып, ошол үндөбөй калган учурларыңда агылып-төгүлүп сүйлөп, "сырын айтам"- деп, чынын айтып алганын билбей калышат. Ошону менен баятан бапылдап жатып "эмне айтып алдым?"- деп кыжалат болгон неме сенден чыккандан тартып, үйүнө жеткенче сенин ар бир сөзүңдү ойлоп жүрүп отурат. Ашык-кеми жок эки-үч ооз сөзүңө мынчалык көңүл буруу, сенин бийлигиңди күчтөндүрө берээрин билип кой.
Аз сөздүүлүк королдорго же мамлекеттик ишмерлерге гана таандык касиет эмес. Турмуштун бардык кыйын-кезеңинде канчалык аз сүйлөсөң, ошончолук терең, табышмактуу туюласың. Сүрөтчү Энди Уорхол бир гана макулдатуу менен адамдарды айтканыңды жасатууга болбой тургандыгын жаш кезинен эле түшүнгөн. Алар тетири басып, сен каалаганды бурмалап, ички каршылык сезимдеринен улам жолуңду туура кесип турганга маш. Энди Уорхол бир жолу досуна: "үндөбөгөн "үйдөй" ийгиликтерге жетээрине көзүм жетти" - деген экен.
Уорхол өмүр бою ушул принципти тутунуп, алда немедей ийгиликтерди жарата алган. Анын асман-айды аралаштыра сүйлөгөн интервьюларынан бир нерсени түшүнүүгө болбойт эле. Андан интервью алгандар маани-маңызы деле анчалык эмес сөздөрүнүн артында эмне ой жатканын билбей баштары катчу. Уорхол өзүнүн эмгектери тууралуу өтө сейрек сүйлөп, "аны башкалар айтсын" - дей турган. Ал муну XX кылымдын дагы бир табышмактуу сүрөтчүсү Марсел Дюшандан үйрөнгөнүн айтканы бар. Марсел: "өзүңдүн эмгегиң жөнүндө канчалык аз сүйлөсөң, башкалар ошончолук көбүрөөк кеп кылаарын жаш кезимден билемин, алар көбүртүп-жабыртып айткан сайын сүрөттөрүңдүн наркы өсөт" - дечү экен.
Ток этер жерин айтканда "оозуңдан чыкканга чейин сөзүңө өзүң ээсиң, чыккандан кийин башкалар ээ" - дегендин калети жок. Андыктан ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө. Айрыкча, тамашага "тагыраак" бол. Орунсуз тамаша, онтоткон ооруга жолуктураарын биле жүр.

Айталы, дельвий оракулу.
Оракулга кеңешке келген жрецтер өтө маанилүү, табышмактуу деген бир нече сөз айтышат. Бирок, баары оракулга макул болушат, анткени анын сөздөрүндө - өмүр жана өлүмдөн да бийик турган бийлик бар эле.

Абройлуу пикир. Эч качан кол алдындагыларың баштамайынча үн катпа. Мен канчалык узакка үн катпасам, башкалар ошончолук эриндерин кыбыратып, тилин тишине жана башташат. Алар антип атканда эмне ниеттери бар экенин билип алам. Эгерде кожоюн табышмактуу болбосо, чиновниктер тимеле тытып кеткени турушпайбы. (Хань Фэй, кытай философу,б.з.ч.III кылым).

Тескей жагы
Кээде унчукпай коюу акылсыздыктай көрүнгөн учурлар да болот. Айрыкча, кызматы жогору адамдардын үндөбөй үңкүйүп отуруп алышы таңгалычтуу туюлуп, шектендирип, сенин "бээ десе, төө деген" ача маанилүү сөздөрүң, кайра өзүң күтпөгөндөй, каалабагандай кабыл алынышы ыктымал. Үндөбөй коюу же аз сүйлөө - булар кырдаалга жараша өтө чебердик менен колдонула турган ыкмалар. Айрым учурда акмак болумуш эткен, бирок, өзүн королдон акылдуу экенин билген күлдүргүчтүн кебетесин кийип койсоң деле жарашат - ал аңды-дөңдү аралаштыра урдуруп, токтоосуз сүйлөп, королдун көңүлүн көтөрүп жаткандай көрүнгөнү менен, анын акмак эмес экендиги эч кимдин башына да келбейт.
Ошол эле учурда сөз - сенин алдап жатканыңды жашырган, көзгө чөп салып жатканыңды туйгузбаган эң мыкты курал. Алдыңдагы адамды чаргыткан сөздөрүң менен алаксытып, өзүңө тарта аласың; сен канчалык какшанган сайын, алар кыраакылыгын ошончолук жоготот. Адатта мындай маңыз, даалдаган, куулук-шумдугу жоктой көрүнгөн адамдардан көп деле шек ала коюшпайт.
Жанагы сагызгандай сайраган саясатчылардын, бийлик башындагылардын көп сөздүүлүгүнүн артында мына ушу жатат; сапырылган сөздөр, маңыздык сени алсыз, акмак немедей көрсөтөт. Ошол көшөгөгө жашынып алып, анчалык деле күч жумшабай, көздөгөн максатыңа оңой эле жете аласың.




Киссинджер жөнүндө айтып жүргөн тарыхтан бир үзүм...ал лорд Уинстон даярдаган докладга байланыштуу. Ал Киссинджерге докладды даярдап бергенден кийин көп өтпөй, докладды кайра алат. Четине "бул сенин колуңдан келе турганга караганда жакшы" - деп жазып коюптур дейт. Лорд тердеп- кургап, кайра жазып чыгып, дагы жөнөтөт. Доклад ошол эле жазуу менен кайра келиптир. Дагы да оңдоп-түзөп жөнөтсө, доклад дагы кайтат. Акыры жарылаарына аз калган лорд Уинстон Киссинджерге: "Шайтан алгырдыкы, бул менин колумдан келе турганга караганда жакшы"- деп безилдеп жиберет. Ошондо Киссинджер: "Эң жакшы. Бул жолу докладды окуп чыгайын" - деген экен.
Вальтер Айзексон "Киссинджер",1992

Король (ЛюдовикXIV) бардык мамлекеттик иштерде жашырын сыр кармайт. Министрлер Кеңештин жыйынына катыша беришет, бирок аларга өзүнүн планын терең ойлонуп, бир чечимге келгенден кийин гана айтат. Эгерде королду көргөн болсоң! Анын өңүнөн эч нерсе биле албайсың, көздөрү куу түлкүнү элестетип турат. Ал мамлекеттик иштерди эч ким менен кеңешпейт, бир гана министрлер катышкан жыйында кеп кылат. Хан сарайдагы кызматчылар менен сүйлөшкөндө алардын жеңилдиктери, милдети боюнча гана сөз козгойт. Атургай өтө эле жеңил-желпи, тамаша сыяктуу сөздөрү да олуялыктай таасир калтырат.
Прими Висконти, Луи Бертрандан алынган шилтеме. "Людовик XIV", 1928

Кол алдыңдагылардын жоопкерчиликсиз сөздөрү, көп учурда бир кездеги акмакчылыгыңды эстегенге караганда алда канча кесепеттүү. Граф Эссекс ханыша Елизаветага "кыял-мүнөзүң келбетиңе окшоп ийри" - деп айта коюп башы кеткен. Анын түбүнө дайыма тетири басып турганы эмес, дал ушул сөзү жетти".
Сэр Уолтер Рейли, 1554-1618





Бешинчи мыйзам

Жакшы аттуу болуу - көп нерсени чечет, аны өмүрүңдүн куну менен болсо да сактай бил



Мыйзамдын


чечмелениши


Жакшы аттуулук - бийликтин бир кыры. Анын жардамы менен коркунуч туудуруп, жеңишке жетише аласың. Бир ирет жакшы атыңды булгап алсаң дароо бутага айланып, ар тараптан чабуулга кабыласың. Өзүңдүн жакшы атыңа чаң жугузба. Дайыма кыраакылык менен кайсы тараптан кол салуу болорун күтүп, аны алдын ала майтаргандай бол. Болбосо, өзүң тепсендиде каласың. Душмандарыңды жаманатты кылып жайлай бил. Анан четте туруп алып, аны коомчулуктун кандай тытмалап жатканын жыргап карап турбай жаның жокпу.

Мыйзамдын


сакталышы


207-265-жылдардагы Кытай хандыктарынын өз ара согушунун учурунда Шу хандыгынын улуу аскер башчысы Чуко Лан кумурскадай жайнаган армиясын окчунураак жерге жайгаштырып, өзү үркөрдөй жоокерлери менен анча чоң эмес шаарга барып жайгашат. Бир маалда койгон сакчысы душманы Сыма Ю баштаган 150 миңдей кол жакындап калганын кабарлайт. Чуко Ландын болгону жүздөй жоокери бар эле. Абал кыйын болчудай.
Лан болору-болду дегендей кылып, колго түшсө эмне болорун элестетип күйүп-быша бербеди. Убакытты коротпой жоокерлерине "тууну түшүргүлө, дарбазаларды ачып, жашырынгыла" - деп буйрук кылат. Өзү кечилдин кемселин жамынып, шаардын көрүнүктүү жерине отуруп алып, арча түтөтүп, чоор тартып, кыңылдап ырдай баштайт. Бир аз убакыт өткөндөн кийин жер майышкан душман колу жакындап келгенин көрөт. Чуко Лан аларды дегеле байкабаган немече баягысынан жазбайт.
Көп өтпөй душмандын армиясы шаардын дарбазасынын алдына келип токтойт. Астында келаткан Сыма Ю, тиги отурган ким экенин дароо тааныйт.
Аскерлеринин дарбазасы ачык турган, эч ким кайтарбаган шаардын күлүн асманга сапырып жиберели дегенине көнбөгөн Сыма Ю аларды токтотуп, Ланга карап бир топко ойлуу турат. Анан "токтоосуз артка кайрылгыла!" - деп буйрук берип, кандай келсе, ошондой кайтып кетет.
(Уландысы бар)



Темирбек
Алымбеков





Алиби

15-май, 2012-жыл






??.??