Михаил Васильевич Фрунзе


(1885-1925)

Михаил Фрунзе 1885-жылы 2-февралда Түркестандын Жети-Суу облусундагы Пишпек шаарында төрөлгөн. Атасы - Херсон губерниясынын Тирасполь уездинин Захарьев болушунан чыккан дыйкан. Улуту - молдован. Аскер кызматына чакырылганда Түркстан аскер күчтөрүнүн курамына жөнөтүлүп, кийин Жети-Сууда фельдшер болуп калып калган. Энеси Воронеж губерниясынан чыккан дыйкан үй-бүлөдөн. Алар 1870-жылдары Жети-Сууга көчүп келип, отурукташып калышкан.

Михаил көп окугандыктан, көп ийгиликтерге жетишкен. Пишпек шаарындагы мектептердин биринен окуусун баштаган Михаил Верный шаарындагы (Алма-Ата) гимназиядан билимин уланткан. Бирок, атасы каза болгондон кийин каражат жагынан кыйынчылыктар жаралат. Жалгыз бой калган энеси беш баланы багып, уулунун окуусун төлөөгө ашыкча акча табууга мүмкүнчүлүгү болбойт. Антсе да, башты жерге салып отуруп калбай, энеси Мавра Ефимовна шаардык башкармалыктан орус акыны Пушкиндин 100 жылдыгына карата Михаил үчүн "окуусу аяктагыча" - деп спипендия сурап алат. Ошентип, Михаил жылына 120 рубль стипендияга ээ болот. 1904-жылы окуусун ийгиликтүү бүтүрүп, Петербургдагы политехникалык институттун экономика бөлүмүнө тапшырат.
Борбордон Фрунзе революциячылардын катарына кошулуп, студенттик жана жумушчу ийримдерине катышат. Окуусун таштабай экзамендерин тапшырып, ошол эле учурда Россиялык социал-демократиялык жумушчулар партиясынын катарында революциялык ишмердик менен алектенет (М.Фрунзе революционер катары "Трифоныч", "Арсений" аттары менен таанымал). Бир нече ай өтүп камакка алынганда да чын атын айтпастан, башка бир адамдын атын айтып, борбордон куулуп кетет. Мындай амалкөйлүгү Фрунзенин окуусун да улантып, Шуя жана Иваново-Вознесенскиде жумушчулар арасында үгүт иштерин жүргүзүшүнө да шарт түзөт.
1905-жылы 9-январда болуп өткөн "Кандуу жекшемби" аны кайдыгер калтырган эмес. Карапайым элди аттырган зулум падышага наалат айткан Фрунзе энесине жазган катында мындай дейт: "Сүйүктүү апам, сиздин уулуңуз - Костя, кызыңыз бар. Алар сизди калтырбайт, багат деп үмүттөнөм, ал эми менден эч нерсе үмүт этпеңиз. Тогузунчу январда суудай төгүлгөн кан үчүн өч алышыбыз керек. Болору болду, артка жол жок. Өзүмдү революцияга арнадым. Мен тууралуу келген кабардын эч бирине таң калба. Мен тандаган жол татаал жол...".
Фрунзе түптөгөн токуучулардын аскердик кошууну Москванын көчөлөрүндө өкмөттүк аскерлер менен кармашка түшүп, анын башында турган Арсений жандармдардын издөөсүнө алынат. Бирок, аны эч ким кармай албайт. Арсений баштаган жумушчулар аны урматтап, сыйлап турушчу. Ивановодогу жана Шуядагы большевиктердин колдоосу менен 1906-жылы Стокгольмдо өткөн Россиялык Социал-Демократиялык Жумушчулар Партиясынын IV курултайына өкүл катары катышып, Фрунзе Ленин менен алгач ирет жүз көрүшөт.
V курултайга Арсений катыша албай калат. Аны 1907-жылы 24-марттын түнүндө Шуядан кармап кетишет. Бийликтин мындай акыйкатсыздыгына эл нааразычылыгын билдирип митинг, демонстрация уюштурат. Жумушчулардын нааразычылык көрсөтүшү сотту эки жолу (1909, 1910-ж.) дарга асуу чечимин өзгөртүп, төрт жыл каторга жумуштарына жөнөтүү (1910-14-жж.), кийин Сибирге сүргүнгө өмүр бою айдоо чечимин кабыл алууга мажбур кылат. Ал жактан да Фрунзе революциялык иштерин токтотпойт. 1915-жылы Иркутскидеги абактан качып, дворянин В. Г. Василенко деген жалган ысымга жамынып, жумушчулар, аскерлер арасында үгүт иштерин улантат.
Октябрь революциясынан кийин Фрунзе Иваново-Вознесенск губерниясынын аткаруу комитетин, Ярославск аскер аймагынын комиссариатын жана партиянын комитетин жетектейт. 1919-жылы 26-декабрда Революциялык Аскер Советинин буйругу менен Чыгыш фронтунун 4-аскер күчүнө командачы болуп дайындалган. Ал аскер башчы катары жоокерлердин пикирин уга билип, ошол эле кезде чечимдерди өзү кабыл алчу. Мына ошондон уламбы, ал жетектеген армия, кийин фронт бир да ирет жеңилген эмес.
1919-жылы мартта Фрунзе Чыгыш фронтунун түштүк бөлүгүн башкарып, бир топ ийгиликке жетишет. Июлда ал бүтүндөй Чыгыш фронтун башкарып калат.
Түркстандын (Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстандын бир бөлүгү) дээрлик бүт аймагы басмачылардын кол алдында болуп, ошол аймакта басмачылардын үстөмдүгүн жоюуга аракеттенет. Көпчүлүк учурда дипломатиялык жолду тандап, Фрунзе басмачыларды согуш жолуна барбай, ыкка келүүгө көндүргөн. Мадамин бек да Фрунзенин айтканына көнүп, Кызыл Армияга баш ийүү келишимине кол койгон. Бара-бара Түркстандагы басмачылардын көбү сүрүлүп чыгарылган.
1920-жылы Фрунзенин жубайы Софья Алексеевна Колтановская кыз төрөйт. Бул алардын тун кызы болгондуктан, экөөнүн кубанычына чек жок болот. Кызына Татьяна деген атты ыйгарышат.
Бул учурда Пилсудскийдин армиясы Украинанын оң жээгин каратып, ага каршы турган Тухачевскийден демилгени тартып алып, Запорожье жана Харьков аркылуу Москвага кирип барууну көздөгөн. 1920-жылы 27-сентябрда коргоо Кеңеши Фрунзени ушул аймакка жиберишет. Ал кыш түшө электе Крым менен Таврияны душмандан бошотушу керек эле. Катуу салгылаштардан кийин Кызыл Армия Каховка аймагына токтоп, 31-октябрда душмандарды Тавриядан сүрүп чыгарат. Эми Крымды бошотуу керек эле.
"Кара барондун" аскерлери Перекоптогу Түрк тосмосун (узундугу 11 км, бийиктиги 10 м, аңдын тереңдиги 10 м) ээлеп алышат. Мындай ыңгайлуу орунду ээлеген душмандын коргонуусунан өтүү оңой иштерден эмес болсо да, Фрунзенин аскерлери 8-ноябрда 12 градус суукта муздак сууну (суу аскерлердин көкүрөгүнө тең келген) кечип өтүп, ак гвардиячылардын артынан келип кол салышат. Он күн аралыгында Крым душмандардан тазаланат. Ушуну менен жарандык согуш аяктайт.
Жарандык согуш аяктагандан кийин деле Фрунзе аскердик кызматын таштаган эмес. Ал Украинанын жана Крымдын куралдуу күчтөрүнүн командачысы болуп дайындалат(1920-24-жж.). 1921-жылы Түркия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, достук жана туугандык келишим түзүүгө жетишкен. 1924-жылдары ал таланттуу аскер адамы катары СССРдин Революциялык Аскер Советине төраганын орун басары, СССРдин аскер жана деңиз иштери боюнча эл комиссары, кийинчерээк Жумушчу-Дыйкан Кызыл Армиясынын Аскер академиясына жетекчи кызматына чакырылган. 1925-жылдын январь айынан тарта эл комиссары кызматында эмгектенип, күчтүү коргоо өнөр-жайын түзүүгө бүт күчүн жумшаган. Анын демилгеси менен коомдук уюм - коргонууга жардам көрсөткөн Коом түзүлгөн.
Сүргүндө жүргөн жылдар, жарандык согуштун катаал күндөрү Фрунзенин саламаттыгын начарлаткан. Ашказаны жаракаттанып (язва), кол башчыны алдан тайдырган. Бирок Фрунзе дарыланууну көп жактыра берген эмес. Ал эки ирет жол кырсыгына кабылып, экөөндө тең аман калган. Мындан кийин Фрунзенин ден соолугуна Сталин өзү жана сая-сий бюро кызыгып, анын тезирээк айыгышына ынтызар болушат. Эки консилиум (дарыгерлердин кеңешмеси) "кол башчынын өмүрүн сактап калуу үчүн операция зарыл" деген пикирлерин айтышат. Операция болуусун БК чечип, ал чечимди Фрунзе аткарат. Бирок, бул жолу жүрөгү бир нерсе сезгендей бүкү-түкү болот. Туугандары операциянын зарылдыгынан күмөн санап, Фрунзени операциядан баш тартууга көндүрүүгө аракеттенишет. Ал бир нерсени сезгендей, эски досу И. К. Гамбургга: "Мен бычактын алдында өмүр менен кош айтышып кетишим мүмкүн экенин билесиң. Сөзсүз болот дебейм, бирок, болушу мүмкүн. Эгер мен бир нерсе болсом, БКга барып, акыркы өтүнүчүмдү аткарып, сөөгүмдү Шуяга коюусун айтышыңды суранам" деп акыркы керээзин айтып кетет.
1925-жылы 29-октябрда Фрунзеге операция жасалат. Операция учурунда ага хлороформ ашыкча берилип, операциядан 30 саат өтүп, 31-августта ал көз жумган.
Михаил Васильевичтин акыркы керээзи аткарылбай, анын сөөгү Кремлдин дубалдарынын жанына көмүлгөн. Үч жыл өтүп жубайы Софья кургак учуктан көз жумат (кээ бир булактарда, ал өзүн-өзү өлтүргөн деген маалымат бар). Жетим калган Татьяна менен Тимурду К. Ворошилов тарбиялап чоңойтот. Тимур Фрунзе учкуч болуп, 1941-жылы абадан душмандын эки учагын жок кылып, өзү да каза табат. Бул эрдиги үчүн ага Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Татьяна Михайловна химия илимдеринин доктору, профессор даражасына жеткен чоң окумуштуу болгон.

Нуржигит
Бейшебаев






Алиби

15-май, 2012-жыл






??.??