Кабылан



"Кыргыздын кабыланы" атыккан балбан, күрөштүн грек-рим түрү боюнча Азия оюндарынын алтын медалынын ээси -Данияр Көбөнов менен маек курдук. Данияр учурда "Лондон-2012" Олимпиадасына катуу даярдык көрүп жаткан чагы. Ийгиликтин ташы биз жакка ооп, алтын медаль илип келчү күндөр деле алыс эместир.

- Балалык чагыңызга кайрылсак.Себеби, "куш уядан эмнени көрсө-учканда ошону алат" деп коёт го. Спорт дүйнөсүнө аралашууга эмне түрткү болгон?
- Акыл-эсим кирип баштагандан тартып эле спортко кызыкчумун. Айылыбызда алгач бокс, эркин күрөш ийримдери ачылып, бирок, машыктыруучулар бир жылга жетпей эле кетип калышчу. Андан кийин, биздин биринчи машыктыруучубуз Саратов Аскар дене тарбия институтун жаңы бүтүп айылга келип, грек-рим күрөшү боюнча зал ачып, балдарды машыктыра баштады. Ушул киши көптөгөн балдарды тарбиялап, спорт мектебине өткөрүүгө жардам берген. Эстеп көрсөм, кичине чагымда абдан тентек болчумун. Балдар менен күрөшүп, мушташып эле жүрчүмүн. Грек-рим күрөшү боюнча ийримдин ачылып калганы бүтүндөй жашоомду спорт дүйнөсүнө бурду. Эси-дартым, убактымдын бардыгын күрөшкө бердим.
- Сизди эмоциясы күчтүү спортчу, айрыкча килем үстүнө чыкканда ойгонуп, атаандашын сүр менен качырып кирет дешет?
- Мындай жүргөндө бейкапар жүрө берем. Керек болсо, балдар менен ойноп да күрөшкүм келбейт. Ал эми килемге чыкканда формага кирип, башкача сезим келе баштайт. Оюңда бир гана нерсе-жеңишке жетишүү турат. Андайда ошончо ызы-чуудан машыктыруучуңдун гана үнүн угушуң зарыл. Жакын достор, агайлар:"жөн жүргөндө бөлөк, ал эми килемге чыкканда башкасың. Кабагың бүркөлүп, каардуу болуп каласың"- деп айтып калышат.
- Ар бир спортчунун өзүнө тиешелүү стили, өзгөчөлүгү болот эмеспи. Сиздин стилиңиз килемде атаандашыңызды кабыландай качырып кирүү деп айтса болобу?
- Муну "стиль" деп деле айтканга болбойт го. Бул көп эле спортчуга таандык ыкма. "Утам" деген ишенич менен күрөшкө киргенде, ушундай эмоцияга кабылышат.
- Алдыда болуучу "Лондон-2012" олимпиадасына жолдомо алдыңыз. Кут болсун, ийгилик менен келиңиз! Ушуга жетүү үчүн көп эмгек жумшадыңыз да?
- Лицензия алуу үчүн жылына үч мелдеш болот. Алгач "Дүйнөлүк чемпионат" болду. Анда 1-орунга чейин лицензия берилди. Мен утулуп калдым. Экинчи мелдеш Астанада өтүп, андан лицензия алдым. Жакында, үчүнчүсү, Кытайда өттү. Эми акыркы турнир Финляндияда өтүүнүн алдында турат. Ага катышуучу балдар учуп кетишти. Ошону менен Астана, Кытай, Финляндияда үч турнир өттү. Дүйнөлүктү кошуп төртөөнөн лицензия алуу керек. Негизи, лицензия алуу кыйын. Мен үчүн оор эле болду. "Дүйнөлүк чемпионатта" алдыңкы беш адамдын ичине кирип калсаң-бул жакшы. Тилекке каршы, мен андан утулуп калдым.
- Казак бийлиги олимпиададан утуп келе турган спортчуларына 170-400миң долларга чейин алдын- ала байге коюп берди. Бизде ушул жагы колго алынганбы?
- Мурдагы олимпиадада 1-орунга берилүүчү сыйлык 150 миң доллар болчу. Азыр 200 миң долларга чыгарышты. 2-3-орунга 50-100 миң доллар коюлду.
- Даярдык кандай?
- Биринчи жолу Афинада өткөн дүйнөлүк Олимпиадага катышканда 22 жашта болчумун. Жаштык кылып койдумбу же даярдыгым анча болбой калдыбы, айтор 14-орунду алып калгам. Ал эми Кытайга баралбай калдым. Эми Лондонго барганда мурдакы катачылыктарды кайталабай, утуш менен келүүгө белсенип турам.
- "Жоону сайса, мен сайдым. Аты калды Манаска" дегендей, сизди таптап, ушул ийгиликтерге жеткирген машыктыруучуңуз ким?
- Мен саналуу эле кишилердин колунан өттүм. Айылдагы машыктыруучум А.Саратов - мени килемге жетелеп чыгып, күрөшкөндү үйрөтүп, Бишкекке алып келип спорт мектебине өткөргөн. Эгер, ал киши спорт мектебин ачпаганда, мүмкүн, мен деле айылда жүрмөкмүн. Бизге багыт, күчүбүздү сынаганга мүмкүнчүлүк берди. Раматылык кайтыш болуп калды.


Андан кийин спорт мектебиндеги КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу В.Филипповскийдин кол алдына бардым. Бул кишинин таалимин 3-4 ай алгандан кийин, спорт мектебине Мамбетов Раатбек машыктыруучу болуп келди. 3-курска чейин ошол адамдын кол алдында машыктым. Азыр дагы жеке машыктыруучум. Интернатка 13 жашымда келгендиктен тамак-аш бекер болгону менен кээде кыйынчылыктар болчу. Анан:"агай"- деп кайрылсаң, баласы катары акыл-насаатын айтып турчу. Агайдын эмгеги чоң. Курама команданын машыктыруучусу Эмиль Алыкулов да мыкты машыктыруучу.
- Спортчуларды крим-чөйрө пайдаланып келишет. Сизге деле ар кандай сунуштар түшсө керек?
- Спорт- бул өлкөнүн атын дүйнөгө даңазалоо. Олуттуу түрдө профессионалдык спорт менен машыккан балдарды "каралар" көп чакырышпайт. Мамлекеттин атын чыгарууга алар деле тилектеш, түшүнөт. Бирок, спорт мектептеги балдардын бардыгы "хулиган" экендиги бардыгына эле белгилүү. Ошол кезде деле жакшы машыккан балдарды бизден улуу байкелер: "сен машык, тамак-ашыңды биз даярдап беребиз"- деп колдоп, жардам беришкен. Мыкты спортчу чыга турган балдарга тийишишпейт.
- Маекти жеке жашооңузга буруп, ата-эне, үй-бүлө тууралуу сүйлөшсөк?
- Ата-энем азыр шаарда турушат. Атам шахмат боюнча машыктыруучу, апам медсестра болуп иштеген. Беш бир-туугандын экинчисимин. Азыр үйлөнө элекмин. Олимпиададан кийин тойду пландап атам.
- Спортто дагы канчага кармаласыз?
- Келаткан Олимпиадага бүт дитимди, күчүмдү арнайын деп атам. Олимпиададан кийин спорттон эс алсам деп турам. Башка иштер менен алектенүүнү максат кылуудамын. Саясатка барбайм. Элге саясатка барбай эле жардам берсең болот.


Нурайым
Рысмамбетова