Бөдөш Мамырова, ЖКнын вице-спикери:

"Бизнесмендерди саясатка жолотпош керек!"


- Бөдөш эже, Сиз саясатка аралашканы эле демократия, теңдик, акыйкаттык үчүн алышып, көп жылкы күрөштүн башында келе жатасыз. Ачыгын айтканда "Ар-намыстын" азап-тозогун Эмил Алиев экөөңөр эле тартып келгенсиңер. Бирок, бүгүн ЖКда, болгондо да башкаруучу коалициядагы Сиздердин фракциядан ошол оор мезгилде жүк тартышкандардын карааны аз?
- Ооба, ошондой болуп калды. Жашырганда эмне, бүгүн парламенттеги беш фракциянын баары тең эле чындап бир партиянын таламын талаша тургандардан эмес, курама болуп калды. Менин деле ушул фракциянын тизмесине кантип кирип калганым азыркыга чейин түшүнүксүз. Кээде, "жанагы Башмыйзамда көрсөтүлгөн "партиялык тизмедеги ар бир үчүнчү талапкер аялзатынан болушу керек" - деген эреже болгон үчүн эле кирип калдым го" - деп ойлойм. Болбосо, мен деле четте калмакмын. Башкасын койдум, ошол 1999-жылы Феликс Кулов өз демилгеси менен ушул партияны түптөгөндө биринчилерден мүчө болуп кирип, ар кандай тоскоолдуктарды башынан кечирип, лидерибиз камалганда аны боштондукка чыгара албай далай ур-тепкиге калып, партиянын идеологиялык багытын да өзгөртпөй, мүчөлөрүбүздү да жоготпой кармап келе жаткан чын эле Эмил Турдукулович эле. Ошол инсан Жогорку Кеңешке шайлоо учурунда партиянын тизмесинен орун таппай калбадыбы!
Азыр партияга "Ар-Намыс" деген эмне экенин билбеген адамдар келип отуруп калышты. Жөн эле отуруп калса жакшы, партиянын иштөө принцибин колдошпой ар кимди ээрчишип, а түгүл лидерди тааныбай, тетири басып кетишти. Ушулардын баары Феликс Шаршенбаевичке катуу сабак болуп, ал өзүнүн кылган катачылыктарын түшүндү го деп ойлойм.
- Партиялык тизме түзүлүп жатканда ушундай болорун айтып, эскертип, сактанган жок белеңер?
- Айтылган. Ошондо эле ачуу-таттуу сөздөр көп айтылып, бирок, лидерибиз ал кезде бир кишинин айтканына катуу ишенип туруп алган. Ошол кишинин аркасы менен бир топ адамдар, жада калса партия эмне экенин билбегендер депутаттык креслону кучактап отуруп калышты.
- Мынча болду Куловду катуу ишендирген ошол адамды ачык эле айтпайсызбы?
- Айтпаганда жашырат белем, ар кимди партияга жетелеп келип кийирип, "ой укмуш күчтүү болобуз, Сизди керек болсо премьер кылабыз" деп шыкактап, партиянын буга чейинки тарыхый жолун уруп ойнобой, ортодон пайда тапкан Акылбек Жапаров болду. Партиянын атына жамынып депутат болуп алып, азыр Өкмөттө отурат. Бирок, анын ушул партиянын мүчөсү экендигин биз билбейт экенбиз. Ал фракцияны бөлүп-жарып, өзүнүн ала келген депутаттары менен кайра лидерибизге каршы иштеп, бүтүндөй коомчулукка фракциянын баркын кетиргенин кимден жашырмак элем?!
- Бул эми жеке "Ар-Намыстын" башындагы нерсе эмес да. Дегеле ушул азыркы бийлик, кечээки оппозиция бүгүн бийликти колдон чыгарып баратканыңарды, кечээки Акаев, Бакиев кадр-ларына кайрадан баш ийип баратканыңарды сезген жоксуңарбы?
- Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Биз бир эмес эки революция жасаганыбыз менен эч биринен сабак алган жокпуз. Кечээ Акаев баскан тырмоону кийин Бакиев басты, Бакиевдин жолу менен Отунбаева эжекебиз басып баратып, өткөрүп берди. Бүгүн болсо Атамбаев да ошол эскилердин жолоюна түшүп кетип баратканына биз унчукпаганыбыз менен карапайым эл айтып жатат го.
Ал эми ошол тырмоо дегенибиз эмне? Ал-бийлик башчыларынын айланасындагылардын таза эместиги. Мамлекет башына, өкмөт башына ким келсе, дароо айланасына ичип-жегич, ашкере кошоматчы, карапайым элдин турмуш көйгөйү менен тааныш эмес ак сөөк, жеткен калпычы бирөөлөр толуп алат да, аны азезилдей азгыра баштайт. Мисалы, Атамбаевди колдоп келгендер, оппозициянын жүгүн тартып күрөшкөн, көрбөгөн азапты көргөндөрдүн айрымдары бүгүн Акүй менен Көкүйгө кире албай калышты. Ал болсо бир кезде папкеси менен пальтосун көтөрүп жүргөн бирөөнү аппаратына отургузуп, чиновник кылып алды. Ал адам Атамбаевге жагат экен, а бирок элге жагабы? Атамбаевге жаккандардын баары эле элге жагат деген сөз эмес да. "Элге кызмат кыла тургандарды шайлабаган соң, бул президенттик кызмат Атамбаевдин менчигиби?"- деген ой келет.
Ошол эле жаштарды алалы. Жаштар адаттагыдай эле көчөдө кала берди. Ал турсун, азыр мамлекеттик органдарда иштеген айрым жаштар бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнүн курмандыгы болуп кетип жатат. Ал эми алардын үстүнөн башкарып турган "киттер" былк этпей эле, орундарында мамлекетти жалмап отурушат. Ошондуктан эл дагы бүгүнкү бийликке анчалык ишенбей, артынан ээрчип прог-раммаларын колдоп кеткен жери жок. Мунун өзү эле чоң трагедия.
Бүгүн Президент карапайым элдин турмушун айланасындагы кошоматчылардын көзү менен эмес, өз көзү менен көрүп, жыйынтык чыгарбаса, эртең кеч болуп калат. Бүгүн катуураак кыйкыргандын оозун жаап, алдап турган менен, эртең өзү мурдагылардын трагедиясын кайталап калышы мүмкүн. Мына, азыр акырындык менен Акаевдин күнөөлөрү өзүнөн өзү жуулуп, апакай болуп келе жатат. Бүгүнкү бийлик апрель, Ош, Жалал-Абад окуяларынын чыныгы күнөөкөрлөрүн таап, аларды эл астында жазалап, элди ушул ахыбалга алып келген коррупционерлердин байлыгын элге бере албаса, эртең эл "ушуларга караганда Бакиевдер жакшы экен" деп айтышат да, күнөөнүн баары булардын мойнуна илинет. Тарых деген баары бир ак менен караны өз ордуна алып келе турган калыс, алдабас тараза.
- Деги азыркы бийликке эмне тоскоол болуп жатат?
- Баягы эле саясатчылардын "ит оорусу"-саясий эрк менен тазалыктын жоктугу. Анан, азыр дагы бир нерсе- "коалиция" деген балакет ооруу кошулду. Катуураак сын айтып, кимдир бирөөнүн кемчилигин чыгара койсоң эле, бүттү, ал таарынып, "коалициядан чыгам" дейт да, 5-6 адамды өзүнө тартып баштайт. "Кокуй, анда ит болобуз, кой эми анте көрбөгүлө" деп, дагы бир он чактысынын артынан жүгүрмөй. Ошо менен эле алек болуп отурабыз.
Бизде ар бир кызматы бар чиновник, ушу жерде отурган депутат элге чындап күйүп, элге пайдасы тийгидей маселе көтөрүп чыгып, ошону ишке ашырууга аракет кылбаганы чындык. Ар ким баягыдай эле өз пайдасына иштеп жатат. Бир мисал, кайсы бир коррупция жыттанган, акча жыттанган жерди текшерүүгө комиссия түзүлүп кала турган болсо, бардык фракциянын депутаттары "мен-мен" деп жанталашып киришет. Ал эми билим берүү , медицина көйгөйү боюнча комиссия түзүлө турган болсо, баары жаа бою качышат. Көрсө, коррупцияны текшерген комиссияларда мандем болот экен. "Бармак басты, көз кысты" мамилелер ошол жерде жүрөт экен. Ушинтип отурсак, анан кантип өлкөнү өнүктүрөбүз?
-Ал ал болсун, бүгүн Сиздер кураган коалициялык Өкмөт катуу иштеп жаткандай түр көрсөтүүдө. Сиз кандай ойлойсуз?
- Эми чындап келгенде Өкмөт "100 күн" деп дүңүлдөтүп эле "аны жасадык, муну жасадык" деп маалымат берүүдө. Бирок биз, эл аралап жүргөн адам катары ошол өкмөттүн ишинен эл эч кандай деле өзгөрүүнү сезбей жатканын көрүп жатабыз. Кыскартуулары менен реформалары "ак чайнекке көк капкак, көк чайнекке ак капкак" кийгизип койгондой эле таасир калтырууда. Элге ишеним берип, үмүт арттыра турган эч нерсени көрбөй турам. Мына, быйыл кыш катуу болуп, эл жарык менен жылуулуктан жутады. Кокус, кийинки кыш дагы ушундай болсо, ошол маселелер кайра келип чыкпаш үчүн азыр эмне жасалды, белгисиз. Ошондой эле, жазгы талаа жумуштары начар жүрүп жатат, күздүк дээрлик себилген жок. Демек, күздө азык-түлүк аз камдала турган болсо, аркы жазга жетерлик буудайды же унду биз кимден алабыз? Ага азыртадан акча которуп, ишенимдүү турган Өкмөт жок.
- Баса, унутуп баратам, Грузиядан келипсиз, деги ал жактан өнүгүүнүн сырын биле алдыңызбы?
- Ооба, бүгүнкү Грузиядан көп жакшы нерселерди үйрөнсө болот экен. Аларда чындап эле реформа өз жемишин берип жатыптыр. Мамлекетте коррупция кыйла азайып, жумушсуздук жоюлуп, элдин жашоосу жакшырып, заңгыраган имараттар үстү-үстүнө курулуп жатат. Биздин депутаттык делегацияны Михаил Саакашвили Батумидеги курулуш иштерин карап жаткан жеринен кабыл алып, ийгиликтин сырлары менен бөлүштү. Менин баамымда, реформа жасаш үчүн бийлик башына жаш жана таза, элине чексиз берилген эрктүү адам келиш керек экен. Анан ал өзүнөн кем калбаган, керек болсо өзүнөн да акылдуу, билимдүү адамдарды командасына топтоп, мурдагы бийликтин тузун татып, балын уурттап, булгабаган адамдарды ишке салыш керек экен. Ошондо гана реформа өз жыйынтыгын берип, жасаган революцияны эч ким уурдап албайт тура. 45ке келген Саакашвили өзүн бийликтегилердин эң карысы катары санап, жалаң дүйнөнүн ар кайсы бурчунан билим алып, өнүккөн өлкөлөрдүн өсүү моделдерин сиңирип келген жаштарды чечүүчү кызматтарга коюп, ушул ийгиликке жетиптир.
- Ошол министрлери да биздикиндей бай-манаптардан бекен?
- Жок. Бардыгы карапайым адамдардын уул-кыздары экен. Ошол ийгиликтерге тайкесинин же байкесинин эмес, өз аракети менен билим алып кызматка баргандар экен. Мага Грузия президентинин бир сөзү жакты. "Ишкерлерге бийликти бербеш керек. Көп акча кармап, аны айлантып, ири киреше таап калгандар эч качан андан аз айлык менен мамлекетке жарытылуу иш жасап бербейт. Ишкерлик да мамлекет үчүн керектүү жумуш. Аны өркүндөтүп, улам жаңы ишканаларды ачып, элди жумуш менен камсыз кылганы эле мамлекетке кошкон чоң салымы. Ал эми мамлекеттик башкарууну башка адамдар жүргүзгөнү оң" дейт ал.
Мен буга 100 пайыз кошулат элем. Мына, Өкмөт менен парламенттин дээрлик 80 пайызы колунда бар, ири ишкерлерден турат. Ошондуктан, бүгүн биздеги коррупциянын көрсөткүчү мурдагы жылдардан анча деле өзгөрүүсүз турганын эл аралык уюмдар айтышууда. Буга кошумча, бүгүн алтын кендери боюнча, ири инвестициялар боюнча коррупция Өкмөттүн деңгээлинен түшпөй турганы тууралуу сөздөр жүрүүдө. Демек, биз ишкерлерден турган бийлик менен "итибиз чөп жеген" жашоого жетпейт көрүнөбүз.

Тынчтык
Алтымышев