Эсирген Эсенгулов,


какшаткан Касманбетов


Бул катты аргасыздан жаздым. Анткени, Жумгалда кадр саясатындагы трайбализм коррупциянын туруктуу өсүп-өнүгүү булагы болуп калды. Анын себеби, ар нерсенин кыйроосунун башаты бар сыңары, Жумгал районунун акими Т.Касманбетов, Миңкуштан чыккан өйдөчекти уруусунун лидери, мурунку Миңкуштагы "Оргтехника" заводун талаган, ал боюнча факты узун жомок… Ага карабай, колдоочулары аркылуу аким бийлигине кокустан эле келиптир, ал бул бийликке келген бир жылдан бери Жумгал элине эч жакшылык кылган жок. Колундагы бийлигин жаш баланын колундагы устара бычак сыяктуу пайдаланып, элге, коомго, мамлекеттик бийликке өзүм билемдик жасап жатат.

"Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок" демекчи, жалган жайсаңчыл, жасалма "манасчы" Шакин Эсенгуловду эсирткен аким Талантбек Касманбетов ким? Көрсө, Касманбетов уруучул кызыкчылыкты гана көздөгөн экен. Эмки кеп мына ушулар жөнүндө болмокчу.
"Кадрлар бардыгын чечет" деген ыкманы Т.У.Касманбетов эң жакшы өздөштүрүптүр. Ыкчамдык менен тегерегине өңчөй жакындарын топтоп алган. Баарын түйүндүү жана майлуу жерге бийликке жайгаштырган. Мисалы, акимчиликте аким Касманбетовдун досу, миңкуштук жердеши, райкеңеште бөлүм башчы болуп иштеген Көчөн Жээналиевдин уулу Бакыт Жээналиев райаким аппарат башчысы, райакимде бөлүм башчы, дагы ушу сыяктуу өз кишилери акимчиликте жык толгон. Чаек айыл өкмөт башчысы Шейшеналиев Кубат бир тууган күйөө баласы, Райкеңеш төрагасы Калыйпа Абакирова да өйдөчекти уруусунун өкүлү, Касманбетовдун уруулаш эжеси… Айтор, аким Касманбетовдун жек-жааттары райондун ичине жайылып кеткен. Алардын баары элге кызмат кылса кудай бербейби, баары аким Т.Касманбетовго окшош, өз керт баштарынын кызыкчылыгы үчүн ураандашып иштешет, уруучул жердешчилер… Мына ушул трайбализм илдетин аким Касманбетов Жумгал райондук маданият бөлүмүнө өзгөчө жайган. Мурунтан эле ишпалдасы чыгып келаткан мекеменин огобетер аброюн кетирип, коррупциянын туруктуу өсүп-өнүгүүсүнө зор камкордук көргөн. Социал-демократ партия мүчөлөрүн, пенсионер дүжүр кемпир-чалдарын маданият бөлүмүнө жетекчи кызматтарда турса дагы үстүнө кошумчаланган мыйзамсыз иштерди өзүнүн эрки менен жасап жатат. Аргументтүү фактыга кайрылалы: Шоконова билими орто, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, соцдемократ партиясынын ячейка жетекчиси, пенсионер, пенсиясы эки жарым миң, айлык акысы он миң сом (закон боюнча Шоконова автоматтык түрдө бөлүм башчы кызматтан кетиш керек эле да), бирок аны аким Касманбетов колдойт, Миңкушта нечен жыл чогуу иштешкен, андан да орчундуусу экөө тең соцдемократ партия мүчөлөрү. Кантектеш - Исабекова Шарийпа, сексен жаштагы персоналдык пенсионер, пенсиясы төрт миң, айлык акысы он миң сом, азыр музейде зам.директор. Шакин Эсенгулов - маданият боюнча "госконтроль", айлыгы алты миң сом, персоналдык пенсионер, пенсиясы беш миң сом, Ногойбаев орто мектебинен үч миң сом алат, "кыргыз тили" боюнча айлык доолап жүрөт.
Ш.Эсенгулов - аким Т.Касманбетовдун идеологу, жетимишке кадам баскан чал, соцдемократ партиясынын мүчөсү болгон үчүн Алмазбек Атамбаевге жагып, ал премьер-министр болгондон пайдаланып, мурунку театрдагы соттолгон кылмышына карабай, бир жуманын ичинде маданият министрин мажбурлап, "маданият ишмери" деген наам алып берген. Ал эми аким Касманбетов аким тактысына отурганга чейин эле, бир гана Шакин Эсенгулов үчүн иштеп калган. Анткени, акын Т.У.Касманбетов небактан бери, өйдөчекти уруусунун эсебинен, өздөрүнүн атак-даңкын чыгаруу максатында, атайлап Манастын атын жамынышып алып, Шакин Эсенгуловдун идеясы менен жасалма манасчылык - жайсаңчыл топ түзүп алышкан. Ал топто миңкуштук Сармалдакова Мария (Муса кызы Майрам), Касманбетов Талантбек, Шакин Эсенгулов жана башкалар, өйдөчекти уруу лидерлери, өзгөчө басым жасап, азыр деле Эсенгуловду акыркы өйдөчекти уруусунан чыккан, "манасчы Жайсаң ырчы" деп сүрөөнчү жана демөөрчү болуп жатышат. Ушул жерден белгилей кетчү нерсе, азыр райондо үч миң кишинин баары жумушсуз жаштар, аларга жогоруда айтылган Шакин Эсенгулов, Шоконова, Исабекова эмне үчүн орун бошотуп беришпейт?
Ушундай колтийгис, чектелбеген укук берилгенби аким Касманбетовго? Эми, ал жасаган, өзү кол койгон кылмыш фактысына кайрылалы. Жетекчилик жана кишилик деңгээли, майда уруучулдуктан көтөрүлбөгөн, түшүнүк чөйрөсү тар, күлүп сүйлөгөн мансапкор, урук аралык карама-каршылыкты күчөтүп, эл ичине кырды бычак кырдаал түзүп, райондо моралдык-психологиялык климатты бузуп жаткан аким Касманбетовдун агасы Шакин Эсенгулов эки жүздүү жан экенин анын өмүр жолунан байкасак болот. "Укмуштуунун төөсү жорго" демекчи, Шакин Эсенгулов үч жолу туулган экен. Окуп көрөлү: Шакин Эсенгуловдун биринчи жолу туулганы: Эсенгул уулу Шарыпкул (Шакин Эсенгулов) (21.08.1940-ж. туулган. Кайырма айылы), Жумгал району, Энциклопедия. 240-бет. Бишкек-2005-жыл. Экинчи жолу туулган жылы: Шарипкул Эсенгулов, Жумгал районундагы Байзак айылында 1939-жылы 15-августта туулган. "Кыргыз Республикасынын жазуучулары". Маалымдама. 721-бет. Бишкек - 2008-ж. Үчүнчү жолу туулган жылы: Жумгал рай.акими Т.Касманбетов жана район фин.бөлүм башчысы, райаким коллегия мүчөсү Б.Төрөкановдордун токуган токтомдору боюнча Шарыпкул Эсенгулов 1938-жылы 24-июнда Жумгал районундагы Өрнөк айылында туулган экен. (№ 6/22 токтом. 24-июнь, 2008-жыл. Жумгал райаким администрациясы).
Укмушуң кур! Бу Эсенгулов улам төшөк жаңыртып, аялдарын төл берген макулук, балдарын фамилиясын күбөлөндүргөн тил кат сымал көрүп, туулган жылын, жерин танганын кара. Баарынан жаманы, бир туулуп, бир өлгөндү такмазалап, метирке менен паспорттун бир тамгасы үчүн керт баш менен жооп берчү, документ көзөмөлчүлөрү Эсенгуловго жакшы жол ачып берген го, жоругу жолдо калсын баарынын. Аким Касманбетов баш болуп, бир добуштан бекиткен, мыйзамсыз токтом бар.
Ал эми райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Замира Шоконова акимден да алдыга чуркап, акимдин 25-апрель 2008-жылкы буйругун толугу менен жетекчиликке алып, Ш.Эсенгуловду 21-апрель 2008-жылдагы № 18 - буйругу менен беш күн эрте, бөлүмдүн көркөм жетекчи кызматына дайындап, 6 миң сом айлык акы чектеп берген. Мына ушинтип, аким Касманбетов баш болуп, коллегия мүчөлөрү, маданият бөлүмү төш болуп, Ш.Эсенгулов үчүн күжүрмөндүк менен мыйзамсыз штат бирдигин ачып, мыйзамсыз айлык чектеп берип, эсирген Эсенгуловду эмдигиче эркелетип келатышат. Райкеңештин сессиясында Эсенгуловдун жетекчи кызматы үчүн бюджеттен акча бөлүнгөн эмес, бул мыйзамсыз дейт, мурунку райкеңеш төрагасы Бердибек Самудиновдон сурасак. Жаңы шайланган райкеңеш төрайымы 24-ноябрда жазган билдирүү катыбызды алигиче текшергиси келбейт, ал анткени, аким Касманбетовдун өйдөчекти уруу лидеринин эжеси да.

Канболот Бердикеев,
Жазуучу