Төртүнчү мыйзам


Дайыма аз,
Бирок саз сүйлө

Мыйзамдын чечмелениши:

"Кимдир бирөөлөргө таасир калтырам"- деп сөздү самандай сапырып кирсең, заматта өзүңдүн ким экениңди, дегеле төркүн-төсүңдү таанытып алаарыңды унутпа. А көрөк, аз, бирок саз сүйлөсөң, сөздөрүң бүтүп-бүтпөй, айтылып-айтылбай, кадимки сфинкстей табышмактанып турса, өзүңө ошончолук кызыгууну жарата аласың. Таасирлүү адамдар дайыма бүдөмүк сүйлөп, башкалардын эсин чыгарып турат. Канчалык көп сүйлөсөң, бир нерсени "балп" эттирип салышың толук ыктымал.


Мыйзамдын
бузулушу

Байыркы Римдин Кориолан атка конгон Гней Марсий деген эр жүрөк аскер башчысы болгон. Биздин заманга чейинки V кылымдын биринчи жарымында көптөгөн согуштарда жеңип чыгып, Римди бир нече жолу сактап калган болчу. Ал убактысынын көбүн майдан талаасында өткөргөндүктөн, римдиктердин көбү өңүнөн таанычу эмес. Ошонусу ого бетер даңазасын арттырып, ага тамшангандар арбын болор эле.
Б.з.ч. 454-жылы Кориолан өзүнүн даңкын саясатта колдонуп көрүүнү чечип, бийик даражалуу консулдук орунга ат салышат. Салт боюнча шайлоо компаниясынын алдында кандидаттар сөз сүйлөшү керек эмеспи. Кориолан эл алдына чыкканда "Римди коргойм"- деп 17 жыл салгылашканын, канча жолу жарадар болгонун, бети-башындагы тырыктар кайсы чабыштан калганын саймедиреп туруп албаспы. Угуп тургандардын көпчүлүгүн анын аяк-башы жок сөзү тажатты, кээ бири анын бети-башындагы тырыктарды көрүп жашып да кеткендей болду окшойт. Ошону менен Кориолан" мен өтпөгөндө ким өтөт"- деп көтөрүлүп калган.
Шайлоо күнү келгенде Кориолан бүтүндөй сенаттын, Рим патрицийлеринин коштоосунда, дүңгүрөгөн шаң-салтанат менен форумга келет. Карапайым элге анын жеңишти жеңине катып алгансып, короздонуп турушу жага берген жок.
Бул жолкусунда Кориолан негизинен өзүн коштоп жүргөн ак сөөктөргө кайрылып сөз сүйлөдү. Анын сөзү канчалык таамай чыкканы менен караламан элдин намысына тийген жерлери да бар эле. Ал шайлоодо сөзсүз жеңип чыгарын айтканы аз келгенсип, согуштагы эрдиктерин санап кирди, патрицийлерге гана таандык тамашалардан табактап төктү, өзүнүн каршылаштарын кемитип-кемсинтти, Рим үчүн жасаганы "теменедей" болсо, анысын "төөдөн" да ашырып жиберди. Угуп тургандар оозун ачып калбаспы: көрсө даңазасы жер өрттөгөн аскер башчысы кадимки эле көөдөнү жок көптүн бири турбайбы.
Кориоландын "өпкө" сөзү өлкөнү аралай чаап, ошол өпкөсүнүн желин чыгарууну көздөгөн эл шайлоого жыйылып келишет. Шайлоодо оңкосунан түшкөн Кориолан майдан талаасына кайтып барып, өзүнө каршы добуш берген карапайым адамдардан өч алмак болду. Бир нече жумадан кийин Римге ири көлөмдөгү буудай келип, аны элге бекер таратып берүү маселеси сенатта каралып, "эми добуш берели"- деп жатканда, кайдан жайдан пайда болгон Кориолан сөз сурайт. Анан чыгып алып "буудайды бекер таратуу, шаарга терс таасир берет"- деп таштайт. Көптөгөн сенаторлор олку-солку болуп, добуштар бөлүнөт. Чаласы калгансып Кориолан "демократия" - дегениңер эмне, караламандарга аны суутуп коюптурбу, андыктан эл өкүлдөрүн(трибундар) жоюп, башкаруу тизгинин патрицийлерге гана бериш керек" - деп соктурат.
Кориоландын желдей тараган акыркы сөзүн уккан карапайым адамдардын кыжырдануусунда чек жок эле. Сенатка трибундар жөнөтүлүп, "Кориолан эл алдында жооп берсин"- деген талап коюлат. Ал кашайып макул болбойт. Калк көтөрүлүп, Рим солкулдай баштайт. Шашкан сенат буудайды элге бекер таратуу боюнча добуш бере салат. Эл буудайды алып тынганы менен "Кориолан алдыбызга келип, кечирим сурасын, жөн эле сурабай мындан ары тилин тишине катып, экинчи мындай сөздү оозанбай турган болсун" - деген талабынан кайтпайт. "Ошондо гана ага армияга кайтып барууга мүмкүнчүлүк түзүлөт" - дешет
Кориолан акыркы жолу эл алдына чыгып сүйлөй баштайт. Анан адамча сүйлөп келатып эле айнып кетип, шылдың кептеринен чубуртат. Ар бир сөзүн чым койгондой кынап, үстөмөндөтө сүйлөйт. Ал канчалык үнүн көтөрө сүйлөгөн сайын элдин да нааразылыгы өсөт. Акыр аягында ушунчалык ызы-чуу көтөрүлүп, Кориоланды эч ким укпай калат.
Эл өкүлдөрү - трибундар кеңешип, Кориоланды өлүм жазасына тартып, желдеттерге "азыр эле аскадан ыргытып жибергиле"- деп буйрук беришет. Муну көпчүлүк кыйкырык-чуу менен колдойт. Бирок, патрицийлер кийлигишип, аны "өмүр бою элден куулсун"- деп жатышып, араң жанын алып калышат. "Римдин даңкы таш жарган кол башчысы шылдың менен өлкөдөн кубаланды" - дегенди уккан карапайым адамдардын кубанычында чек жок эле. "Душман жеңилди"-дегенде да Римдин көчөлөрүндө мынчалык майрам болгон эмес.

Түшүндүрмө

Кориолан саясатка аралашканга чейин анын ысмы уккандарды сыймыктандыра турган. Согуштагы эрдиктери даңазасын арттырып турчу. Элге анын эрдиктеринен башка көп нерсе белгисиз болгондуктан, анын ысымына байланыштуу жети укмуш легендалар желдей аралап жүрчү. Кашайганда "консул боло коем" - деп эл алдына чыга калып, башы баш эмес эле "көңдөй челек" экенин көргөзүп, баягы баатырлык даңкынын ашмалтайын чыгарбадыбы. Ал канчалык көкүрөгүн койгулап сүйлөгөн сайын, ошончолук Римдиктердин алдында акыл-көрөңгөсү ачыла баштаган. Анысы аз келгенсип, көпкө топурак чача сүйлөгөнү элге жаккан жок. Күтүүсүздөн "сөз"- деп эле сүйлөй берген, өзүн кармана албаган, демек сыйга арзыбаган неме экени билинип калган.
Эгерде Кориолан азыраак сүйлөгөндө көпчүлүк таарынмак деле эмес, "ар жагында арамза ою бар экенин" билбей калмак. Ал элдин өзүнө болгон урматтоосун да сактай алмак, консул болуп деле шайланып калмак. Шайланып алгандан кийин көңүлүнө жакпай жүргөн "антидемократиялык" көз карашын, акырындап иш жүзүнө ашырганга киришсе болмок. Бирок, "сөз" адамдын душманы экенин кеч туюп калды. Баягы, "сөзүң оозунан чыкканга чейин сеники, чыгып кетсе башканыкы" - дегенди эстен чыгарды. Сөзүнө ээ боло албагандар, эч качан бийликке ээ боло алышпайт.

Устрица (деңиз моллюскасы) ай толгондо мүйүз кабыгынан чыгып, толук ачылат. Аны аңдып турган деңиз чаяны кабыгынын ичине шып секирет. Ошону менен аяк-башын карабай, жайыла ачылган устрица кайра жабыла албай, чаянга жем болот. Ар жагында эмне бар экенин жашырбай, агылып-төгүлүп сүйлөй берген ким гана болбосун ушул устрицанын кебетесин кийбесе, мурдуму кесип берейин.
Леонардо да Винчи, 1452-1519

Мыйзамдын
сакталышы

Людовик XIVнүн хан сарайында ак сөөктөр жана министрлер күн-түн дебей мамлекеттик маселелер боюнча талашып-тартыша турган. Алар кеңешип-таңашып, талашып-тартышып, келишимдерди түзүп же жокко чыгарышып, чечүүчү мезгил келгенде эки тараптан бирден киши дайындалып, акыркы чечимди кабыл алышы үчүн Людовикке барышчу. Ошол эки кишини дайындашкандан кийин да, "эми докладды кандай даярдаш керек, Людовикти кантип ийитебиз?"- дешип көпкө талаш жүрчү. Атургай "ага кайсы күнү барыш керек, Версаль хан сарайынын кайсы жеринен сүйлөшкөн оң, сүйлөшүү учурунда өңү-башты кандай кармоо керек" - деген сөздөр да кызуу талкууну жаратчу.
Качан гана баары бышыкталып бүткөндөн кийин, маанилүү учур келип жетчү. Эки өкүл Людовикке жакындап бара турган, ар бир кыймыл аракеттери, дем алганына чейин дал мурда сүйлөшүлгөндөй жасалчу, ар кимиси анын көңүлүн көбүрөөк бурдуруп, көтөргөн маселесин өткөрүп кеткенге аракет кылышчу.
Унчукпай угуп отурган Людовиктин өңүнөн эч нерсе билүүгө болбойт эле. Экөө "эбиреп" бүтүшкөндөн кийин "мен ойлонуп көрөйүн" - деп койчу. Ошону менен басып кетчү.
Акыр аягында министрлер болобу, сарай кызматкерлериби, ал маселе боюнча королдон түз жооп алышчу эмес, болгону бир-эки жумадан кийин король кандай чечимдерди кабыл алып жатканына өздөрү күбө болушчу. Людовик эч качан бир маселеге кайра кайрылып талкуулаган, бир сөзүн эки айткан жан эмес эле.

Түшүндүрмө

Людовик XIVчү көп сүйлөчү эмес. "Мамлекет - бул мен "- деген сөздү ошол айткан. Мындан ашыра, кыска-нуска айтыш кыйын. Анын "мен ойлонуп көрөйүн"- деп койгону баарына берген жообу болчу.
Людовик дайыма эле мындай эмес эле. Жаш кезинде тилге чечен болчу. Көбүрүп-жабырып мыкты сүйлөчү. Кийин аз сүйлөгөнгө үйрөндү, ошонусу менен эч кимге өзүн тең салмактуулуктан чыгарып кеткенге мүмкүнчүлүк бербеди. Ага айтышчу, кайрылышчу, бирок, эч ким королдун ал маселе боюнча реакциясы кандай болорун билчү эмес. Анын кулагына шыбырасаң да сөзүңдү угабы, жокпу белгисиз эле. Анткени, Людовиктин кандай сөздү уккусу келгени да табышмак болчу. Ал ошентип үндөбөй угуп отурганда ага кайрылгандар, сөздөрүн көбөйтүп, баарын айтып калганга аракет кылышып, ачылып берчү, ал эми Людовик акең, алардын оюнун ар жагында эмне бар экенин ошончолук жакшы билип алып, кийин өздөрүнө каршы эң сонун пайдалана билчү.
Барып-келип Людовиктин үндөбөгөндүгү баарын коркунучта кармап, баш ийдирип турчу. Бул анын бийлигинин негизги күчү болчу. Сен-Симон минтип жазган: "Эч ким анчалык сөз кудуретин билчү эмес, атургай жылмайганында, бир эле көз таштап койгонунда да сыр бар эле. Ал бардык нерсеге маани берчү, анткени бардык нерсенин чечилиши ага байланыштуу болчу, ушунун баары анын көп сүйлөбөгөн көсөмдүгү менен татаалдашып турчу.
(Уландысы бар)