Өкмөт структурасы жаңыланды,
иш баягы эле бойдон
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына

КАЙРЫЛУУ


Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба министрлигинин алдындагы Башкы мамлекеттик техникалык инспекциясы жоюлуп анын функциясы Өкмөт жаңы түзүп жаткан Экологиялык жана мамлекеттик коопсуздук инспекциясына өткөрүлүп берилиши керек болчу. Бирок иш жүзүндө Башкы мамлекеттик техникалык инспекция жоюлду болгону менен, ал толук бойдон атын гана өзгөртүп (Айыл чарбасын механизациялаштыруу жана энергия менен камсыздоо Департаменти) толугу менен сакталып калды, муну кандай түшүнсөк болот? Бул иштердин баарын уюштуруп жаткан мурдагы Башкы мамлекеттик техникалык инспекциясында 10 жылдан ашык убакыт директор болуп келген Кожогулов Нурлан экендигин айтып койсок ашыктык кылбас. Эгерде чындап эле айыл чарбасын механизациялаштырууну өнүктүрөлү, мамлекеттин бюджетин үнөмдөйлү деген ойго келишсе Департамент ачып отурбай эле Айыл чарба министрлигинин алдында 3 адамдан турган механизация бөлүмүн түзүп койсо туура болмок. Мындан бөлөк ар бир райондо Айыл чарба министрлигинин алдындагы агрардык өнүктүрүү департаменттери бар, алар эмне иш аткарышат? Баарынан кызыгы бул департамент аткара турган жумуштар боюнча жобого мурдатан аткарып келе жаткан "Кыргызайылтехсервистин" функциялары - лизингди өнүктүрүүнү, кесипчилик-техникалык окуу жайларында механизаторлук кадрларды даярдоону, мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан берилүүчү тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүүнү, мамлекеттик стандарт тарабынан аткарылуучу иштерди өздөрүнө ыйгарып жазып алышкан. Механизатордук кадрлар бир гана айыл чарбасында эмес эл чарбасынын бардык тармагында керек экендигин унутпашыбыз керек.Тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүүнү мамлекеттик каттоо кызматынын транспорт каражаттары жана айдоочулар курамы Департаментинен мурдагы техникалык Өкмөттүн вице-премьер-министри Александр Костюк, мурдагы техинспекциянын директору досу Кожогулов Нурландын суранычы боюнча туура эмес чечим чыгарып тартып берген.
Ушул мезгилде жаңы түзүлгөн Департаменттин кыла турган иштерине ылайык тракторлорго, өзү жүрүүчү айыл чарба техникаларына техникалык кароону жүргүзүүгө эч кандай акылары жок болсо дагы райондордогу адистери техникаларга техникалык кароону жүргүзүп жатышат, техникалык кароодон түшкөн акча каражаты мурдагыдай эле мамлекеттин казынасына түшпөстөн, мурдагы Башкы мамлекеттик техникалык инспекциянын атайын эсебине тушүүдө. Себеби атайын эсеп жабыла элек, техкароонун штамптары өткөрүлүп берилген эмес. Дагы бир айта турган маселе, жеке менчик жеңил автотранспортко техникалык кароону алып салуу тууралуу Жогорку Кенеш кабыл алган чечимде тракторлорго жана башка өзү жүрүүчү дан комбайндарына, айыл чарба техникаларына техникалык кароо болобу же алынып салдыбы, так жазылбай калган, ошондуктан ушул маселени дагы тактап берүүңүздөрдү сурайбыз.
Чындыкты айткан адамдын айыбы болбосо керек , ушул күнгө чейин тракторлорго, дан комбайндарына, айыл-чарба техникаларынын бардык түрлөрүнө Айыл чарба министрлигинин алдындагы мурдагы Башкы мамлекеттик техникалык инспекциясынын райондордогу инспекторлору "техкароо өттү" деген гана штампты техпаспортторуна басып, акча алуу менен гана чектелип келген. Иш жүзүндө "техникалык кароо" деген эч качан болгон эмес. Эгерде чыныгы техникалык кароо болсо, анда республикадагы колдо болгон техникалардын 2 пайызы гана өтмөк. Себеби, эч кандай техкароо өткөрүүгө шарт да жок, лабораториялар да жок. Өткөн 2011-жылдын 2-августтагы "Алиби" гезитинин № 57(211) саны аркылуу ошол кездеги премьер-министр А.Атамбаевге, биринчи вице премьер-министр Ө.Бабановго дагы ушул маселелерди карап көрүү тууралуу кайрылуу кат жазып жибергенбиз жана бул маселелерди чечүүдө Өкмөт тарабынан иштиктүү чаралар көрүлбөсө бийликтин башка бутактарына кайрылууга мажбур болорубузду айтканыбыз бар. Бирок, Өкмөттүн биринчи жетекчилери окубаса дагы башка жоопкерчиликтүү адамдары маселени карашып көрүп, кандай болсо деле ушул гезит аркылуу түз жообун берип койсо болмок.
Дагы бир айтып кетүүчү маселе ошол, мурдагы Башкы мамлекеттик техникалык инспекциясынын директору Кожогулов Нурлан 2001-жылдан бери ушул кызматта орун козгобостон иштеп келди. Мамлекетке кандай пайда алып келгенин анализдеп көрсөк, бул органдын жумушу инспекциялык жумуш болсо дагы, өзүлөрү "сен мага тийбе мен сага тийбейм" принциби менен гана иш алып барды. Алар борбордо отуруп алышып, республикада канча техника бар? канчасы оң, канчасы бузук? деп, райондук бөлүмдөрүнөн маалымат алып, министрге берүү менен гана чектелишчү. Ал эми райондук бөлүмдөрү болсо, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын маалымат берүүчү мекемесине айланып калган. Он жылдан ашык убакыттан бери Айыл чарба министри болуп канча адам иштеп келди жана бардыгы тең бир адамга мамлекеттик кызматты менчигиндей берип коюштун артында эмнелер жаткандыгын ошол министрлер гана билсе керек. Бир сөз менен айтканда бүдөмүк ойлорду пайда кылган бул инспекциянын ишин тиешелүү органдар текшерүүгө алуусу бүгүнкү күндүн талабы.

УРМАТТУУ ДЕПУТАТТАР!
Кыргыз мамлекетинин тез арада өнүгүп кетүүсү үчүн Кыргыз Өкмөтүнүн жетекчилерине жардам берүү ар бир Кыргызстандын атуулунун милдети деп эсептейбиз жана Өкмөт жүргүзүп жаткан реформаларды колдойлу десек эч кимге пайдасы жок, мамлекетке зыян алып келе турган түзүмдөрдөн жана зыянкеч жетекчилерден арылышыбыз керек. Ушул арызды жазып коюп эле карап отура бербестен иштиктүү сунуштарды берүүнү туура деп ойлойбуз.
1.Бирин-бири кайталоочу түзүмдөрдү болтурбоо үчүн Айыл чарба министрлигинин алдындагы жаңы түзүлгөн Айыл чарбасын механизациялаштыруу жана энергия менен камсыздандыруу Департаментин таптакыр жоюу керек.
2.Эгерде ошончолук эле ушул Департамент керек болсо Айыл чарба министрлигиндеги союз убагынан бери сакталып иштеп келе жаткан "Эмгекти коргоо жана техника коопсуздугун сактоо" боюнча адистери менен чогуу 3 адамдан турган бөлүмдү түзүп коюу туура.
3.Айыл чарбасын механизациялаштыруу союз мезгилинен бери эле өнүгүп өсүп келген, азыр элге эч нерсени үйрөтө албайсын. Жер жерлердеги райондук, агрардык өнүктүрүү Департаменттеринин адистерине айыл чарбасына кандай техника керек? мамлекет тарабынан кандай жардамдар керек? деген эле суроолорду чечип берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, алардын иш стилин өзгөртүп, жаңыланууга алып келүүбүз керек. Ошондо гана көптөгөн көйгөйлүү маселелерди эл өзү чечип алат, кандай кылса деле базар экономикасынын заманында мамлекет үчүн деле, эл үчүн деле акча каражатысыз эч нерсе чечилбесин бардыгыбыз жакшы билебиз.
4.Техникаларды лизингге берүүнү мурдатан иштеп келе жаткан Айылтехсервис лизингдик ишканасына эле берүү керек жана мамлекет тарабынан бул ишкананын жүргүзүп жаткан иштерине олуттуу көзөмөлдүк кылуу керек. Жер-жерлердеги союз убагынан бери келе жаткан "Айылчарбатехника" мекемелеринин мастерскойлорун карап көрүп менчигинин түрүнө карабастан буларга дыйкандардын техникаларына ремонт иштерин жүргүзүү үчүн керектүү жаңы станокторду, жабдууларды кредит катары болсо дагы алып берип, жергиликтүү агрардык өнүктүрүү башкармаларынын адистери менен бирге иш алып барууну сунуш кылабыз.
5.Механизатордук кадрлар бир гана айыл чарбасында эмес өндүрүштүн бардык тармагында керек, союз убагынан бери эле аларды кесипчилик окуу жайлары окутуп келишкен. Акыркы жылдары буларды окутуу иштери дагы солгундап кеткендиктен кесиптик билим берүү окуу жайларында механизатордук жаш кадрларды даярдоонун жаңы ыкмаларын ишке киргизүү зарыл. Айыл чарбасында же өндүрүштүн башка тармагында иштеген тажрыйбалуу механизаторлор менен кесиптик окуу жайларынын ортосунда окутуп үйрөтүү боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыгып жаштарга практика жүзүндө үйрөтүүнү, кесипкөйлүгүн арттырууну колго алуу керек.
6.Механизатордук кесипке ээ болгон адамдарга тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүүнү Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо Департаментине кайрадан кайтарып берүү керек.
7.Тракторлорго, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга, трактордук чиркегичтерге, айыл чарба техникаларына жыл сайын акча алуу менен гана өтүүчү мамлекетке, элге пайдасы жок жалган техникалык кароону алып салуу максатка ылайык. Жеке менчик техникалардын оң абалда болушун, кырсыктарга жол берилбешин, техника ээсине жылына бир жолу техника салыгын аларда жазуу жүзүндө эскертип, милдеттендирип коюууну айыл округ башчыларына, жергиликтүү бийликке табыштоо туура болот. Техникалык кароо үчүн алынуучу акча каражатынын эсебинен техника салыгынын баасын 50 пайызга көбөйтүп коюуга эл деле каршы болбосо керек.
8.Мамлекеттик же коомдук менчиктеги техникалардын оң абалда болушу ошол мекеме, ишкананын жетекчилеринин жоопкерчилигинде болушу шарт.
9.Мамлекеттик стандарт мекемелеринин иштерине башка мекеме уюмдардын кийлигишүүсү акылга сыйбай турган иш, ошондуктан мындай маселелерди чечүүдө, жоболорду жазууда, кароодо Өкмөттө компетенттүү адамдардын иштеши адилеттүү болмок жана ал учурдун талабы.
Биздин ушул арыз-кайрылуубузду Жогорку Кеңештин депутаттары, жалпы окурмандар туура кабыл алат жана жыйынтык чыгарат деп үмүттөнөбүз. Ачуу чындыкты айтуу-мамлекет үчүн күйгөн ар бир атуулдун милдети экенин эсибизден чыгарбасак.
Апрель элдик
революциясынын баатырлары:
Д.Дуулатбаев
М.Шамшидинов