Бишкегибиз - Кыргызстан борбору,


Оңолобу "бомба түшкөн" жолдору???



"Бетке айткан сөздүн заары жок" демекчи, чынына келгенде акыркы убактарда Бишкек шаар башчысы Иса Өмүркуловдун ишинен сөзү көп боло баштады. Кышы менен теле-радио, гезит бетин бербей күпүлдөп, жаз чыгаары менен жаңы жолдорду баштап, эски жолдордун аң-чуңкурун таптап саларын саймедиреп келген. Бирок, жаз эмес жайдын илеби уруп турса да шаар башчынын баягы айткан жаңы жолдорунан дайын жок. Айталы, Арча-Бешик менен Ак-Өргөө, Ак-Ордо конуштарын бириктирип, аягы барып автобазардан бүтүүчү долбоор "просто" уктап жатат.

Андан башка да ондогон жолдордун ортосу оюлуп, чети чоюлуп, картөшкө айдаган талаадай эле өңгүл-дөңгүл абалга келди. Бишкек мериясы болсо оозун толтуруп, "паланча миллионго чуңкур ремонт кылдык" дегени менен Бишкек шаарынын көпчүлүк тургундары "кайсы жолдордун жыртык-тешиги бүтөлгөнүн али күнчө сезе элекпиз" дешет. Сөзүбүз куру болбошу үчүн биз атайы "шайтан апаратыбызды" асынып чыгып, ошол автоунаалар айланып-тегеренип, айдоочулар наалып-напчып өтүп жаткан бир катар жолдорду бутага алдык. Анда башынан баштайлы...
А дегенде эле Арча-Бешиктен чыгып, Дооронбек Садырбаев көчөсү(эски Бах) менен Гагарин көчүсүнүн кесилишине келдик эле, бул жердеги айлампа жолдун ишпалдасы чыгыптыр. Айрыкча Садырбаевдин Л. Толстой көчөсүнө чейинки аралыгы согуштан кийинки Кабулдун жолдорундай эле элес калтырат. Ал эми Гагарин көчөсү менен 4-шаардык оорукананы карай жүрсөңүз жолдогу чуңкурларга унааңыздын дөңгөлөктөрү далай ирээт кирип-чыгып, ал тургай жол ортосунда бүдүрөйүп чыгып турган кудукчаларга астынан асылып калышы да толук мүмкүн. Ошондой эле Тимур Фрунзе деген чоң көчө башынан аягына чейин калбыр болуп, каттагандардын көңүлүнө көк таштай тийгенин айтып эле келе жатабыз, майнап чыга элек.
Болуптур, булар го шаардын четиндеги көчөлөр деп коелу, мобу шаар бийлиги мактанып жаткан Ош базарынын тегерегиндеги жолдордун канчасында эле аңдар асманды карап турат? Бизге ишенбегендер болсо, Токтогул жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишине барып, байкап көргүлө. Ал жерде унаалар жүрбөй эле, андан-мындан аттап калышыптыр...
Буга кошумча, Жаш Гвардия бульварынын төмөнкү жагы же Жибек Жолунан өткөндөн тартып эле "түшсө чыккыс" аңдарга күбө болосуз. Айрыкча бу жолдун Ленинград, БЧК, Баят базары тушундагы жараксыз абалына качан шаар бийлиги көңүл бөлөт, белгисиз. Ал эми Президенттин резиденциясынан тартып Жибек Жолуна чейин созулган Тынчтык жана Манас прооспектисине келсек, ушул жападан жалгыз борбордук же азыркынын тили менен айтканда VIP көчөбүздө да одуракай жерлер арбып баратат. Мисалы, Тынчтык проспекти менен Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги буканын мойнундай буржуйган дөңгүлдөрдү жол тандабас менен жүргөн шаар башчы али күнчө сезбей, ары-бери жүрүп жатканы менен жеңил унаа айдагандар үчүн кыйын эле болууда. Ошондой эле Манас проспектисинин Жибек Жолунан Күрөңкеев көчөсүнө чейинки ашып кетсе 60 метрге жетпеген бөлүгү бүгүн жан өтө алгыс абалга келди. Бул жерде азыр тереңдиги 25-50 сантиметрге жеткен чуңкурлар пайда болуп, далай унаанын тетиктерин иштен чыгарчудай болуп туру. Аңдардан айланып өтүүгө туура келген менен анда каршылаш багыттагы унаага урунуп алуу коркунучу бар эмеспи.
Андан жогорулай келгенде Токтогул көчөсүн айтпай коюуга болбойт. Бул жол алда качан эле капиталдык ремонтту талап кылып калганына карабастан, шаар бийлиги негедир салкын мамиле жасап, жыл сайын тешилген жерлерди жамаачылап коюу менен тим болот. Азыр ошол тешигинен бүдүрөйгөн жамаачысы көп Токтогул көчөсү менен өткөндөр өздөрүн кадимки Казарманга бараткандай эле сезишсе керек.
Буга кошумча Горький көчөсүнүн Алматы көчөсүнөн Чолпон-Ата көчөсүнө чейинки аралыгы, Пудовкин көчөсүнүн Горькийден Токомбаевге чейинки аралыгы, Токомбаев көчөсүнүнү Совет көчөсүнөн Асанбайдагы бүтүшүнө чейинки аралыгы, Чүй проспектисинин Чолпон-Ата көчөсүнөн Учкун кичи районуна жеткен тарабы күн сайын каттаган элди да, айдоочуларды да жүрөкзаада кылып, нечендеген унаалардын иштен чыгышына себепкер болууда. Бирок, бул жолдор боюнча шаар бийлиги, тагыраагы Иса Өмүркулов мырза көп жолу жаагын жанып айткан менен, бүгүнкү күндө алардын ишпалдасы чыгып турганы турган.
Ал эми тазалык менен тартипке келсек, иш Исаке айткандан ат чабым алыс. Мына, биздин гезиттин редакциясы жайгашкан имараттын айланасы эле кароосуз калган алыскы бир аймакты элестетет. Курчалбаган имараттын короосуна итбай-чотбайлар чогулуп арак ичишет, БОМЖдор биротоло эле жашап алышкан. Анысы аз келгенсип, айлана-тегерекке бөтөлкөлөрдү жайната таштап кетишет. Целлофан, кагаз-кугаздарды тазалай берип тажадык. Тамекинин бүчөгүн айтпай эле коелу. Баары бүтүп калгансып, бекер унаа токтотуучу жай издеген машинелер бул жерге катар тизилип токтошуп, өзүбүздүн унаалар көчөдө калганы кейитчү болду.
Баса, өткөн жылдын күзүндө Иса Өмүркулов менен биздин гезиттин андагы баш редактору мени менен жигитче кол алышып, шаар башчысы менен редакциянын сырткы келбетин калыбына келтирүүнү өз мойнуна алган болчу. Андан да кызыгы, ал сунушту биз эмес, андагы Исаке өзү айтып, ичибизди жылыткан. Аңгыча кычырап кыш түшүп калып, имаратты ремонттоону Исаке ала жазда баштаарын маалымат кызматы аркылуу убада кылган. Кийин өзү шаар четиндеги ресторанга журналисттерди чакырып сыйлачуда, баягы убада кыйшаюусуз аткарыларын дагы баса белгилеген. Бирок, аттиң, ал жигиттик убадалар бүгүн ишке ашпай, биз жада калса мэрдин мобилдүү телефондон үнүн угууга зар болуп отурабыз. Түзүк эле жетекчи көрүндү эле, көрсө "адам аласы ичинде, мал аласы сыртында" деген ушул тура…

Тынчтык
Алтымышев