Байгелдиева Фатима, эмгек ардагери, СССРдин жана Кыргыз ССР журналисттер союзунун мүчөсү:

"7-8 - класста окуган эркек балдар жашын чоңойтуп, фронтко кетип жатышты"


- Фатима Мукашевна, атаңыз Мукашты кыргызга белгилүү адам болгонун билебиз. Сөздү ушундан баштасак.
- Мейли. Атам Байгелдиев Мукаш Байгелдиевич Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылынан. Бирок, кичинесинен Бишкекке, андагы Пишпек шаарына келип, окуп билим алып, иштеген экен. Апам Шайыр Чүйдүн Токмогунан. Атам өмүр бою партиялык-советтик, чарбалык кызматтарда иштеди. Алгач Фрунзеде Боролдойдо, андан Жалал-Абадга которулуп, аерден Базар-Коргонго келип, райкомпартияга 1-катчы болду. Апам райондо прокурор эле. 1938-жылы атамды "Туран" партиясы менен байланышың бар" - деп кыйнап (камап), 1,5 жылдан кийин акталып чыкты. Атамдын иниси Мотур экөөбүз "Байгелдиев Мукаш сураксыз, тергөөсүз эле абакта кыйноо көрүп жатат" деп, Сталинге, СССРдин Башкы прокурору Вышинскийге кат жазып жатып, акыры "кылмыш иши жоктугуна байланыштуу иши кыскартылды" деп, Вышинскийден телеграмма келиптир. Атам менен апама партбилеттерин кайтарып беришти.
- "Ак ийилет, бирок сынбайт" болгон экен да?
- Ооба.
- Улуу Ата Мекендик согуш башталганда канчада элеңиз?
- 7-класска көчкөм. Атам анда Балыкчыда райкомпартиянын 2-катчысы болуп иштеп жаткан. Апам прокурордун жардамчысы эле. 22-июнь күнү саат 11лерде радиодон Сталиндин фашисттик Германия жүзү каралык менен согуш баштаганын айткан, элди душманга каршы күрөшүүгө чакырган билдирүүсүн берди. Азыр ойлосом, ал убакта элде патриоттук сезим аябай күчтүү экен. Кары-жашы дебей, аскер комиссариаттарына келип, "өз эркибиз менен фронтко жөнөйбүз" деп ыктыярдуу түрдө жазыла башташты. Атам бронь боюнча партиянын тапшырмасы менен Түп районунун Санташына эт-сүт багытындагы совхозго жиберилди. Эркектер согушка кетип, анда мугалим да, китеп, дептер, окуу куралдары да жок эле. 7-классты эшик-терезеси жок, ар тарабынан ыркырап-шыркырап шамал үйлөгөн суук мектепте окуп бүтүрдүм. 1942-жылы фронтто абал оор эле, тылда андан бетер. 7-8-класста окуган эркек балдар жашын чоңойтуп жаздырып алып, фронтко кетип жатышты. Айылда жалаң аялдар, балдар, анан бирин-эки чалдар калды. Турмуш өтө оор болду. Бирок, каарман совет эли бардык кыйынчылыктарга чыдады. Өзүлөрү кесерип ач, жылаңач отурса да, "фронт үчүн" деп азык-түлүк, кийим-кечени фронтко жөнөтүп жатты. Улуу Жеңиште тылдагы эмгекчи элдин каармандыгы зор болду. Тылдын бекемдигинен совет эли айыгышкан согушта душманды жеңип чыкты. Айыл чарба жумуштарында иштегендер жалаң аялдар, балдар эле. 4-5-класста окугандар да тартылып, буудай аңыздарынан машак теришчү да аны кампага төгүшчү. Азыркы балдар, машак эмне экенин билбейт, айтсаң ишенбейт. Ылайым билбей эле коюшсун.
- Сиз да тылдын жумуштарында иштедиңиз да?
- 8-класстан окубай, почта бөлүмүнө башчы болуп иштедим.
- Согуш убагында оор жумуш почтальондордуку дешчү эле?
- Ооба. Фронттон үч бурчтуу каттар келчү. Анын бирлерин алып окуса, бирин ачып окуп, ошол жерден эси ооп жыгылгандар, бетин тытып ыйлагандар да болчу. "Кара кагаз" деген эмне экенин ошондо түшүндүм. Көрсө, фронттон "Баланча Баланчаев согушта эрдик көрсөтүп, баатырларча курман болду" деген жаман кабар тура. "Кара кагаз" алгандар менен кошулуп ыйлап, беттерине суу чачып, суу уурттаткан күндөрүм көп болду. Абды деген сельсовет болор эле, ал мени аяп: "Батыш, сен минтип ыйлай берсең эмнең калат, андай каттар келгенде мага айт. Мен өзүм угузам" деп, суук кабарды угузганды өз мойнуна алды. Мен жеңилдеп калдым.
Кат-кабар менен чектелбей, фронттогу офицерлерден ата-энелерине пособие таратчумун. Санташка Сары-Тологой, Токтоян, дагы 2 айыл карачу. Бир жолу атчан Каркыра тарапка пособие таратканы баратсам, алдыман эки чек арачы чыкты. "Кимсиң, кайда барасың?" деп сурап, почточу экенимди айтсам, чек ара тозотуна, командирине алпарышты. "Айлана-тегеректин баары дезертирлер, сен жалгыз коркпойсуңбу?" дейт. "Коркпойм. Атчанмын да, качып кетпейминби" дедим. "Канча акчаң бар?" деди. "70 миң сом" десем, жаныма эки чек арачыны кошуп берип, узаттырып койду. Эми ойлосом, ичимде кирим жок, эр жүрөк экем. Ошентип, алыскы айылдарга айына бир жолу каттап, акча таратчумун. 1,5 жыл иштедим. Жарым жыл айлык албай, акчамды фронтко жөнөтүп турдум.
- Эл башына кыйындык түшкөндө адам аябай патриот болуп калса керек?
- Мүмкүн. Өзүм менен курбу орус кыздар болуп, аскер комиссариатына арыз жазып, "бизди фронтко жөнөткүлө" деп барган күндөр болду. Алар алдап-соолап, комсомолго жөнөтөт. Алар "Силер жашсыңар. Тыл деле фронт, эгер фашисттерди эртерээк жеңели десеңер, эмгегиңер менен жардам бергиле. Кызыл армияга арнап посылка жөнөткүлө" дешет. Биз штаб уюштуруп, элден кийим-кече, жүн, мээлей, байпак, тамеки, оокаттуулардан сало чогултуп, жума сайын фронтко посылка жөнөтөбүз. Радио угуп, фронттогу жаңылыктарды элге жеткиребиз. "Биздин жоокерлер бир шаарды бошотту" десе, бири-бирибизди кучактап, ураалайбыз.
1944-жылы суук катуу болуп, эл келте менен ооруду. Мен анда дүкөн башчысы болуп иштеп, райондон айылга мугалим, медиктерге ун, ширеңке, чай, туз алып келип, таратып берчүмүн. Эл ачарчылыкта катуу кыйналды. Айылды түрө кыдырып, ким ачка болсо, жардам берер элек. Эл чыдамкайлыгынан, майышпастыгынан, мекенди абдан сүйгөндүгүнөн улам бардык кыйынчылыктарга туруштук бере алды.
- Ошентип, согуш бүттү?
- Бүттү. Каргыш тийген согуш бүткөндөн кийин Раззаков Кыргызстанга чоң болуп келип, райондор ирилештирилгенде атамды Сокулукка райисполком кылып дайындады. Исхак Раззаков менен атамдын мамилеси жакшы эле. Былтыр теледен Раззаков тууралуу телекөрсөтүү болгондо, карап олтурсам, Раззаковдун жанында атам турат. Дароо атамдын карындашы Байгелдиева Азимага телефон чалып айттым, ал да сүйүнүп калды.
- Атаңыз канча бир тууган?
- Төртөө. Сатыбалды, Мотур деген инилери согуштан кайтпай калышты. Карындашы Азима медицина илимдеринин кандидаты. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы. Азыр пенсияда.
- Исхак Раззаковдон башка да достору бар беле?
- Атам Качыкеев Кадыркул, Болот Мамбетов менен жакын эле.
- Согуштан кийин окууну уланттыңызбы?
- Бир жыл өзүмчө окуп, даярданып, экстренно экзамендерин тапшырып, асттестат алдым. Анан атамдын демилгеси менен Республикалык партиялык мектепте окудум. Кийин 1968-жылы филфактын журналистика бөлүмүн сырттан бүтүрдүм. Райондук гезитте редактор, "Кыргызстан аялдары" журналында бөлүм башчы, Кыргыз Совет энциклопедиясында, "Коммунист" журналдарында иштедим. "Коммунист" журналынын "Эмгек ардагери" деген медалы менен сыйландым.
- Кемел Жангарачев менен качан баш кошконсуздар?
- 1950-жылы Партиялык мектепти аяктаган соң. Жашым 21де эле. Кемел анда Сокулукта мектепте директор болчу.
- Канча уул-кызыңыз бар?
- 3 эркек, 3 кызым бар эле. 12-13 жыл ичинде 3 баламан ажырап калдым. Адам пешенесине жазганын көрөт тура. Жаманчылыкка да адам баш ийет экен. Улуу кызым Мира Жангарачева. Ортончусу Роза - сүрөтчү. Кичүүсү Нурила - Ленинграддагы А.А. Жданов атындагы университетти бүтүп, венгр жигитке турмушка чыгып, 20 жылдан бери Венгрияда. Теледе иштейт, чет элдик маалымат бөлүмүн башкарат. Данияр деген уулу бар. Телефон менен сүйлөшөбүз. Көп келе албайт.
- Кемел аба Жангарачтын тукуму делип, куугунтукту аябай тартса керек?
- Жангарачтан Дыйканбай, Дыйканбайдан Сатаркул, Сатаркулдан Кемел. Сатаркул орусчаны кыйын билген адам болгон экен, 1931-32-жылы Украинага айдалыптыр. Кемел Херсондо Бакас Чормонов, Асанкан Жумакматов, Арслан Малиевдин атасы менен чогуу окуптур. Алар кыргыз, ал украин мектебинде окушуп, 1940-жылы бүтүп, Кыргызстанга келишиптир. Кулакка тартылгандардын балдарына мекенине кайтууга уруксат берилип. Кемелдин атасы 1938-жылы атылып кетиптир. Кийин Хрушевдин тушунда "акталды" деп кагаз келди. Кемел ошондон кийин гана партияга өттү. Мектепте директор, райондо инспектор, 25 жыл профсоюзда элге билим берүү жана илим боюнча Борбордук Комитетинде катчы болуп иштеди. Кийин инсульт болуп ооруп калды да, профсоюздук курс-та директор болду. Кемел да Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Орден, медалдары бар.
- Жеңиш күнү келатат. Элге эмне каалоо айтасыз?
- Согуш каргаша. Мен кыргыз элин Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайм. Эми эч качан согуш болбосун! Жергебизде дайыма тынчтык болуп, элибиздин жүзүнөн күлкү кетпесин демекчимин