Бутташтырган бийлик, буюккан дыйкан



Таластын айтылуу Кара-Буурасы (мурдагы Киров району) өзүнүн төө буурчагы менен атагы алыска угулуп, анда өсүрүлгөн фасолдун даамдуулугу жана экологиялык тазалыгы түркиялык ишкерлерди өзгөчө кызыктырып келүүдө. Президент Бакиевдин убагында ортомчул фирмалардын кесепетинен төө буурчакка болгон баа чечилбей, бул тармакты киреше булагына айландырган дыйкандардын нааразычылыгы күч алып келген. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, бүгүнкү күндө Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы алакалар чыңдалып, эки тараптуу келишимдин негизинде төө буурчакка болгон баа 51сомго чейин көтөрүлүп, экспорт маселеси тыңып калды.

Бирок, "бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, көп жылдардан бери чечилбеген маселеге чекит коюлуп, баба дыйкандын акыбети кайтып калган кезде, айрым жергиликтүү аткаминерлердин иштин көзүн билбегендигиненби же башка себептери барбы, айтор айрым айылдарда кырдаал кайрадан курчуй баштады. Айталы дегенибиз Кара-Буура районунун Бакыян айылынын тургундары былтыртан тарта суунун таңкыстыгынан төө буурчак өстүрө алышпай, өстүрсө дагы жартылуу түшүм ала алышпай азап чегүүдө. "Бир гектар жерди айдап, тегиздеп, сээп, эки жолу отоп жумшартып, эки жолу культивациялап, гектарына 2,0 центнерден аммофос берип, өсүмдүк күйүп кетип 500кг гана сапатсыз төө буурчак алып жаткандарга ким күнөөлүү"?..- десем, бакыяндыктардын басымдуу көпчүлүгү "жергиликтүү жетекчилер"- деп санап беришти.

СПАнын (суу пайдалануучулар ассоциациясы) таш талканын чыгаргандар
Төө буурчакты үй-бүлөнү багуунун киреше булагына айландырган бакыяндыктар бир топ жылдардан бери суунун жетишсиздигинен эгиндерди, айрыкча көп жылдык чөптөрдү бир эле жолу сугарып, аны ошол эле жылы кайра бузуп, буудай эгишип түшүм ала албай кыйналгандан улам, суу пайдалануучулар бир нече жолу Мырзабаев Аскарбекке келишип "сен кесибиң боюнча агрономсуң, бизди өзүнчө ассоциация түзгөнгө, суу пайдалануу системасын жакшыртканга жардам бер" дешет. Суу пайдалануучулардын активдүү тобу 2009-жылы өзүнчө СПА түзүп, райондук өкүлдөрдүн катышуусу менен СПАнын жетекчиси кылып Аскарбек Мырзабековду шайлашат. Анын башчылыгы алдында жаңы түзүлгөн ассоциация райондогу башка айылдын СПАларына үлгү көрсөтүп, эки жыл бою кынтыксыз иштеп,райондук кеңешмелерде сугаруу тармактарынын башкармалыгында мактоого арзып, 2010-жылы Кара-Буура районунун 80 жылдык юбилейинде "Ардак грамота" менен да сыйланат. Ошол эле жылдын январында СПАнын жетекчиси болуп ассоциациянын кеңешинин чечими менен Сатыбеков Таштемир шайланат. Ал бул иште жакшы иштегенин эки жыл бою көрсөткөн.



2011-жылдын 20-апрелинде СПАнын чогулушуна райкеңештин төрагасы Чолпон Төрөкулов өзүнүн орун басары Кайдылдаев Ысырайылды жиберип, атайын даярдалган адамдар СПАнын кеңешинин төрагасын, жетекчисин тилдеп кууп чыгышып,жетекчиликке СПАлар үчүн нормативдик жана укуктук актынын 16-беренесин одоно бузуу менен Чолпонбаев Самарбекти шайлап коюшат. Аталган нормартивдик актыларга ылайык СПАнын жетекчисин СПАнын кеңеши гана шайлоого укуктуу. Анда, Кайдылдаев Ысырайыл кайсы укуктан пайдаланып, СПАнын кеңешинин бир дагы мүчөсү катышпаган чогулуш өткөрүп Сатыбеков Таштемирди алып, Чолпонбаев Самарбекти коюп кеткен?
2012-жылдын октябрь айында Чолпонбаев Самарбек сууну тегиз бөлүштүрбөй өзүнүн жерине, туугандарына, досторуна суу үчүн акча төлөбөсө дагы 5-6 жолудан берип, ал эми акчасын төлөгөн карапайым дыйкандар бир айда бир жолу суу алып, төө буурчактары күйүп кетип түшүм алабай калгандыктарын безилдеп айтышып, "Чолпонбаев ээлеген жумушунан кетсин" деген таризде арыз жазышат. СПАнын кеңеши райондук тиешелүү уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жыйын өткөрүп, фактылар 100% далилденип, Чолпонбаев бүт күнөөсүн мойнуна алып, элден кечирим сураганына карабастан жумуштан бошотушат. Бирок, эл экиге бөлүнүп бир тарабы кеңештин токтому менен иштен бошосун десе, экинчиси сууга акча төлөбөй 5-6 дан суу алган тарап бошобосун дейт. Бул тарапты Чолпонбаевдин колдоочулары айыл өкмөт башчысы, бир тууган жездеси Сманалиев ишке коюуну жеке өзү уюштурган райкеңештин төрагасы Төрөкулов, алардын кайырмагына илинген А.Осмоналиев ушулар тууралуу апрелдин башында болгон чогулушта Мырзабеков кеңири айтат, бирок А.Осмоналиев эч кандай реакция бербегенден, президиумдун мүчөлөрүнүн көзүнчө айтсам: "мейли мушташа беришсин, милиция алып келет анан басып коебуз" дейт. Бирок, беш күн өткөндөн кийин "райондук масштабдагы 8 жетекчинин көзүнчө катасын мойнуна алып, менден кечирим сурады" - дейт А.Мырзабеков.
2012-жылдын 9-мартында кайрадан СПАнын жетекчисин шайлоо чогулушу болуп, кеңештин төрагасы катары Мырзабеков Чолпонбаев Самарбек жумуштан бошогонун, ал орунда Сатыбеков Таштемир иштээрин билдирет. Ошол учурда райкеңештин төрагасы Төрөкулов Чолпон катышып сөз сүйлөп: "Мени билесиңер, менин Мырзабеков менен мамилем жаман, экөөбүз учурашпайбыз. Орой, көөп кетти эле мына жумуштан куулду" деп, мына көрдүнөрбү кимиңди болбосун жумуштан айдайм дегендей түр көрсөткөн. Суу пайдаланууда кезексиз, көп суу алуу максатында ар кандай чеки иштерге барганын баарыбыз билебиз, өзү бакыяндык Сатыбековду да ошол максат менен машинасынан сууруп чыгышып, Чоң Талас каналына ыргытышканын Мырзабеков белгиледи. Андан сырткары суу тармактарын башкаруу башкармалыгынын СПАларга бөлүштүрүүдө жөндөөчүсү Акай деген иштейт. Аны коркутуп коюп, сууну өлчөмсүз алуу максатында айылда үлүш жери жок, айылда иштебеген кишиге, ошол кездеги аким Наралиевге телефон чалып, ага коштоп өзүнүн бажасын кошуп "бизге суу бербей жатат, иштебей жатат дегизип", аны чакырып алып, ургузуп коёрдо Кара-Буура райондук революциялык комитеттин мүчөсү Эмил Атабаев кийлигишип "мен бул Акай деген жигитти тааныбаймын, бирок элдин айтымында түз, таза, ак ниет иштейт экен, а сен Чолпон куйтулугунду дагы карматып жатасыңбы, деги сен тынч жүрбөйсүңбү же дагы бир жолу тумшукка жегиң келип калдыбы" деп ажыратып койгондугу айтылат.

Бакиевдин сүрөтүн, райкеңештин спикери Төрөкулов эмнеге тыткылаган?
Эмил Атабаев Төрөкуловду "тумшукка жегиң келип калдыбы" деп жөн жерден айткан эмес экен. Анткени, Кара-Буура райондук кеңештин төрагасы Чолпон Төрөкулов ошол кездеги Кара-Бууранын акими Эшалиевдин колдоосу менен эжесин Бакиевдин "Ынтымак курултайына" делегат кылып, Бакиев менен Атамбаевдин катышуусундагы президенттик ат салышууда, таза шайлоо үчүн күрөшүп жүргөн Эмил Атабаевге "сен шайлоо пунктунан кет, Атамбаевге болгон симпатияңды токтотуп, мобул 20 000 сомду чөнтөккө сал"-деп сунуштаганы бар экен.
7-апрелден кийин Төрөкулов "маскасын" чечип, Бакиевдин жети атасына наалат айтып, жаңы шайланган аким Төлөгөн Наралиевдин кабинетине кирип Бакиевдин портретин сындырып, аны тебелеп "менин эң жек көргөн адамым", деп кыйкырык салат. Андан чыгып, район боюнча революциялык комитеттин координатору Эмиль Атабаевдин үйүнө мас болуп келип "эмне үчүн сен мени бул кызматка татыктуу эмессин,өз ыктыярың менен арыз жазып кет дейсиң!" -дегенде Атабаев Төрөкуловду тумшукка келиштире бир уруп, тиги бир ай жумушка чыкпай үйүндө жатыптыр.
Ошентип 2012-жылдын 9-мартындагы чогулушта Чолпонбаев Самарбекти шайлай алышпай, ал тууралуу райондук акимге жеткизишет. Анарбек Осмоналиев баш болуп, эми Төрөкулов, Сманалиев шайлай албаган Чолпонбаев "Самарбекти мен шайлайм" деп үчүнчү жолу аким баш болгон толук райондук команда келип 15-мартта чогулуш өтөт, шайлап кетишет. Чогулуш мурдагы эле чогулуштардагы нукта өтүп, СПАнын кеңешинин токтому мыйзамдуубу, сиз СПАнын тааныштарысызбы? - деген суроого Осмоналиев жооп бере албады. СПАнын кеңеши өзүнүн токтому менен коррупцияга уруу-урууга бөлүнүүгө, манкурттуктан баш тартууга чакырып жатпайбы. Ушуну Осмоналиев, Төрөкуловдор түшүнүшөр бекен, алар президеттин саясатына каршы иштеп жатканын билишпейби? Бардык фактыларды келтирип Кара-Буура райондук кеңештин депутаттарына арыз менен кайрылса, депутаттарга билдирмек түгүл эч ким арызды караган да эмес. Төрөкулов райкеңештин төрүндө отурса, кайдагы бир Мырзабековдун арызын ырасынан эле ким карамак?






Алиби

8-май, 2012-жыл






??.??