КАРМАЛГАНДЫН БААРЫ


"ОПГбы"?


2011-жылдын апрель айынын бешинен алтысына караган түнү Балыкчы шаарынын тургуну Элалова Миранын үйүнө бейтаныш беш адам уурданып кирип, себебин түшүндүрбөстөн анын жолдошу Сыдыгалиев Марстын колун толгоп киришет. "Эмне кылганыңар?"- деп ортого түшкөн үйдүн кожейкесин жыга түртүп, чакырылбаган коноктордун бири үйдү тинтүүгө алса, экинчиси короодогу автоунаанын ичин аңтарып, кара баштыкчада оролгон 35 000 сомду "бардачоктон" сууруп чыгат. Кыйкырык, ызы-чуу уктап жаткан Миранын кайын атасы Сыдыгалиев Мамарбекти да ойготот, аксакал аай-уй дегичекти тигилер уулун автоунаага салып кетишип, белгисиз тарапка көздөн кайым болот. Айласы кеткен Мамарбек аксакал келини экөө түн бир оокумда Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгына барып арыз жазышат. Бирок, милиция кызматкерлери негедир Сыдыгалиевдин арызын алуудан жана бул фактыга чара көрүүдөн баш тарткан. Тартип сакчыларынын мындай кадамын түшүнө бербеген арыз ээси Элалова Мира дароо ички иштер министрлигинин ишеним номуруна телефон чалып, жергиликтүү милиция кызматкерлеринин мыйзамга дал келбеген жоруктарын кабарлайт. Ошондон кийин гана аталган башкармалыктын өкүлдөрү Сыдыгалиев Марсты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тобу алып кеткендигин билдиришет.
Эртеси, 6-апрель күнү, Сыдыгалиев Мамарбек өзүнүн адвокаты Сакеев менен түз эле Ленин райондук ички иштер башкамалыгына уулу Марс менен жолугууга келип, бирок анын аракети ишке ашпайт. Анткени, жолугушууга аталган башкармалыктын Мырзатаев жана Өмүрзаков аттуу опер кызматкерлери тоскоол болуп, уруксат бербей коюшкан.
2011-жылдын 7-апрелинде актоочу Сакеев жүгүрүп жүрүп Сыдыгалиев Марска жолугууга уруксат алат да эки күн милицияда жаткан Марсты Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тобунун кызматкерлери Мырзатаев Улан, Мансейитов Сейит жана Өмүрзаков Уландар көк ала койдой сабашып, кыйноого алгандыгынан кабардар болот. Көрсө, Сыдыгалиев Марска Бишкектеги Ден-Сяопин көчөсүндө жайгашкан "Эрбак" май куюучу станциясын тоногон делип, Кылмыш кодексинин 168-беренеси боюнча айып тагылган. Милициянын кылтагына ал өзү колдонуп жүргөн уюлдук телефону аркылуу кармалып, бүгүнкү күндө аталган кылмышка шектүү делүүдө. Анткени, ал пайдаланган "Нокиа Е-5" үлгүсүндөгү уюлдук телефон, тонолгон май куюучу станциянын бир кызматкерине тиешелүү болуп чыккан.
Эскерте кетсек, 2011-жылдын 25-февралында "Эрбак" МКСти (май куюучу станциясына) күндүзгү саат 16-00 чамасында автомат менен куралданган белгисиз эки адам кирип келип, бухгалтерди жана анда иштеген кызматкерлерди коркутуп, кассадан 3млн сом жана 3 уюлдук телефонду күч колдонуп тартып кетишкен. Тагдырдын тамашасыбы айтор дал ошол уюлдук телефондун бирин Сыдыгалиев Марс көчөдөн таап алган экен. "Мына бүгүн ошонун азабын тартып отурат"-дейт зар какшаган жубайы Мира.
Анын айтымында, бул кылмышка жолдошу Марстын тиешеси жок, болгону "аны күч колдонуп мойнуна алдырып отурушат"- дейт ал. Анткени, Сыдыгалиев Марстын көрсөтмөсү боюнча, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын опер кызматкерлери Мырзатаев Улан, Мансейитов Сейит жана Өмүрзаков Уландар аны Балыкчыдан бери сабап келишкен. Токмоктогу ээн талаадан автоунааны токтотуп, Марсты сыртка чыгарышып желкесине тапанча такап "кылмышты мойнуңа аласың, антпей турган болсоң ушул жерден өлтүрүп салабыз, сенин сөөгүндү эч ким таппай калат" деп коркутушкан экен. Анысы аз келгенсип 6-апрель күнү эртең менен Ленин РИИБнин экинчи кабатындагы бөлмөлөрдүн бирине жетелеп чыгып, бири колун кишендеп бутундагы чокоюн чечсе, экинчиси резина таяк (дубинка) менен баспай калгыча таманын жанчып урушат, үчүнчүсү да жөн турбай башына желим пакет кийгизип думуктурат. Эс-учун жогото баштаган маалда суудан чачып эс алдырышат. Мындай процедура 4 саатка созулгандыктан, жаны көзүнө көрүнгөн неме, айласыздан жасабаган ишин "жасадым" деген экен. Кийин Сыдыгалиев Марс бул көрсөтмөлөрүнөн баш тарткан. Аталган кылмыш иши боюнча 2011-жылдын июль айынан бери ондон ашуун соттук процесс болуп, ар убак жылдырылып келе жатат.
Ал эми 2011-жылдын 8-апрелинде Сыдыгалиев Марстын жакындары Ленин РИИБнин опер кызматкерлери Улан Мырзатаев менен Улан Өмүрзаковдун үстүнөн өлкөнүн башкы тартип сакчысы Зарылбек Рысалиевге кат жолдошуп, чара көрүп берүүлөрүн суранышат. Министр өз кезегинде аны ИИМдин өздүк ички кызматына жөнөтөт, бирок ал жактан бүгүнкү күнгө чейин жооп келген эмес.
Андан соң, ошол эле жылдын 18-апрелинде күнү Сыдыгалиевдер Ленин райондук прокуратурасына милиция кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш ишин козгоп берүүсүн суранып арыз жазышат. Бул фактыны прокуратуранын тергөөчүсү Н.Ш.Тагаев өз көзөмөлүнө алып, Сыдыгалиев Марстын саламаттыгын текшерүү үчүн соттук медициналык экспертизага жөнөтөт. РСМЭнын жыйынтыгына көз чаптырсак, жабырлануучунун денесине келтирилген жаракат "жеңил" деген бүтүм чыгарылган. Мына ошонун негизинде Ленин райондук прокуратурасы милиция кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш ишин козгоодон баш тартат.
Тергөөчүнүн мындай чечимине нааразы болгон тарап Ленин райондук сотуна кайрылып, иш судья М.С. Жээналиевдин өндүрүшүнө түшөт. 2011-жылдын 12-августунда Сыдыгалиев Мамарбектин жана Элалова Миранын арызынын негизинде соттук отурум болуп, судья Жээналиев прокуратуранын тергөөчүсү Н.Ш. Тагаевдин токтомун күчүндө калтырган.
Айласы кеткен Элалова Мира өлкөнүн Башкы прокуроруна кайрылып, ал жердегилер кылмыш кодексинин 305-беренесинин негизинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн Улан Мырзатаев жана Улан Өмүрзаковдордун үстүнөн кылмыш ишин козгоо үчүн арызды шаардык прокуратурага жолдойт. Алар, өз кезегинде ошол эле талап менен кайрадан Ленин районуна жөнөтөт.
Жыйынтыгында, кылмышка шектүү делгендерди кыйноо ыкмасы менен мойнуна алдыргандар өз жазаларын албай, тескерисинче кызматтарында ийгиликтүү иштеп келишүүдө. Бул укук коргоо тармагындагы канчалаган фатылардын бири гана болуп саналат.




Адегенде танды,
акыры мойнуна
алды

Эки жыл мурда Каракол шаарынан алты жаштагы Казакбаев Баймырза деген бала токко урунуп, бир өлүмдөн калган. Жакыпов көчөсүнүн №48 үйүнүн маңдайындагы бул трансформатор (10000 кВТ, К266 ) өтө жогорку чыңалууда болгондуктан жана ток жердин алды менен келгендиктен, ал кирпичтен салынган тосмо менен бекитилген. Бирок анын эшигине кулпу салынбай, ачык болгондуктан, ойноп жүргөн Баймырза токко урунуп отурат.
Баланын абалы өтө оор болгон. Бишкек шаарындагы №4 шаардык оорукананын күйүктөр бөлүмүнө келгенде, экинчи жолу жүрөгү токтоп, араң эсине келет. Ал 4-даражадагы күйүк алып, эки жарым ай бою температурсы түшкөн эмес. Сол колуна 5 жолу операция жасалып, оң колунун билегинин сөөгүн жана манжаларын кесүүгө туура келген. Жай айларында дагы операция жасалышы керек.
Алгач "бул трансформатор эмнеге ачык калган?" - деген суроо менен биз Каракол шаардык РЭСке барганыбызда, алар "бул трансформатордун бизге тиешеси жок, ал "Ата-Кенч" ишканасына карайт-" деп жооп берген. Бирок, ал ишкананын жетекчилиги өзүнүн короосунда трансформатору бар экенин, анын аталган ишканага таптакыр тиешеси жоктугун билдирген. Акыры трансформатордун чыныгы ээси шаардагы "Чыгышэлектр" станциясы экени аныкталып, облустук соттун чечими менен Баймырзага 3 млн.сом төлөп берип жатат. Ал акча азыр банкта, Баймырзанын ден соолугуна жумшалганы турат. Себеби, алдыда дагы операциялар.
Учурда Баймырза Караколдогу №11 гимназия-мектебинде окуйт. Ал өз алдынча тамактанып, кийинип же бир нерсени кармай албайт. Бирок, эки колдун ортосуна кысып алган калемсабы менен тамгаларды башка балдардан кем эмес тизмектеп жазат. Окуусу жакшы.
Бишкектеги "Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге юридикалык жардам көрсөтүү" фондунун президенти Исаков Толкунбек жана аткаруучу юристи Марат Карыпов бул үй бүлөгө акысыз юридикалык кызмат көргөздү. Алардын аракети менен сот акыйкат чечим чыгарып, Баймырза "Чыгышэлектрден" дарылануу үчүн акча каражатын алууга акылуу болуп отурат. Аларга эне-атасы чексиз ыраазычылыгын айтышат.
- "Кээде "жакшы окубайсың" - деп урушуп алып, өткөндү эстеп, Кудайга тобо дейм. Кыска убакыт ичинде баарын көрдүк, бир өмүр жашап койгондой болдук. Баламдын эти шыпырылып түшүп, сөөгү, кан тамырлары көрүнүп калган күндөрдү эстесем, азыр да коркуп кетем. Кээде "Апа, бул жеримди тырмап койчу"- дегенин угуп," балам кичинекей курт-кумурскадан да коргоно албай калабы" - деп жүрөгүм ооруйт" -дейт Баймырзанын апасы.
Баймырза Казакбаев жабыр тарткандан кийин, ушул эле трансформатордон 43 жаштагы адам каза болгон.
Жумагүл
БАРКТАБАСОВА





Алиби

8-май, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0508_5.htm on line 100

Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0508_5.htm on line 100

Warning: include(): Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/12/0508_5.htm on line 100