Шаршенбек Абдыкеримов:

"Биздин балбандар кыргыздарды дүйнөгө таанытат"



Акыркы кезде кыргыз спортчулары көптөгөн жүрөк кубантарлык ийгиликтерди жаратууда. 2008-жылы Кытайда болуп өткөн дүйнөлүк олимпиададан Кыргызстандын желегин желбиреткен Канатбек Бегалиев, Руслан Түмөнбаев жана Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болгон Данияр Көбөновдор баш болгон бир катар азаматтарыбыз күрөш жаатында чоң жетишкендиктердин ээси болушту. 2012-жылы Лондондо өтүүчү олимпиадага дагы кыргыз күрөшчүлөрү чоң даярдыктарды көрүп жатышкан чактары. Ушул жана башка маселелер боюнча биз Кыргыз Республикасынын Күрөш Федерациясынын президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Шаршенбек Абдыкеримов менен маектештик.

- Шаршенбек Шайлообекович, учурда Лондон олимпиадасына даярдыктар кандай жүрүп жатат?
- Буга чейин баарыңыздарга белгилүү болгондой, олимпиада оюндарына карата 2-квалификациядагы турнир Тайюаньда 7-апрелден 22-апрелге чейин болуп өттү. Бул турнирден биринчи жана экинчи орундарга ээ болгон спортчулар Лондон олимпиадасына катышууга лицензия алышат. Тайюаньда болуп өткөн турнирде эркин күрөш боюнча 96 кг салмактагы Магомед Мусаев Лондон олимпиадасына катышууга укук алды. Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча 55 кг салмактагы Каныбек Жолчубеков коло медаль алганына байланыштуу бул олимпиадага катыша албай калды. Ошентсе дагы коло медаль Кыргызстан үчүн мактанаарлык эле ийгилик деп эсептейм.
Кечээ Финляндияда 3-квалификациядагы турнир аяктады. Бул жерде дагы биздин спортчулар жакшы ийгиликтерди камсыз кылышты. Арсен Эралиев 55 кг. Балбандардын ичинен финалга чыгып, дагы бир лицензияны камсыз кылды. Буга чейин Астанада 1-квалификациядагы турнир болуп, ал жерде дагы Кыргызстан 2 лицензияга ээ болгон. Алар Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Данияр Көбөнов жана аялзатынын ичинен суурулуп чыкан келечектүү күрөшчү кызыбыз Айсулуу Тыныбекова. Жалпысынан учурда кыргыз күрөшчүлөрү 4 лицензияга ээ болушту.. Ошентип дагы биздин азаматтарыбыз Лондон олимпиадасында кубантарлык ийгиликтерге жетишээрине ишеним чоң. Эң негизгиси, биздин балдар жеңишке ээ болооруна бекем ишенишет.
- Негизи эле дүйнөлүк олимпиада жана башка спорттук иш-чараларда ири державалар чечүүчү ролдорду ойнойт. Кыргызстан сыяктуу майда мамлекеттердин өкүлдөрүнө алар тараптан кысымдар же кандайдыр бир адилетсиз мамиле болгон жокпу?
- Мындай жагдайлар кездешкен учурлар бар. Бирок, 2-квалификациядагы Тайюаньда өткөн турнирге мен өзүм вице-президентибиз менен чогуу барып катышып келдим. Турнир башынан аягына чейин уюшкандыкта, калыстык менен, атайын эрежелердин негизинде өттү. Шарт абдан жакшы түзүлгөн. Бардык спортчуларга чоң-кичинесине карабай, мамлекетке бөлбөй, калыстык менен карап жатышты. Анан калса ал жерде бир мамлекеттин үстөмдүгү таасир бере тургандай шарт да жок. Себеби, ал жерге бүт дүйнө жүзүнөн келишет. Бардык спортчулар жакшы даярдыкта дегендей. Демек, андай жерде атаандаштык дагы күчтүү болот. Ошондуктан бул иш-чарада мен андай аракеттерди байкаган жокмун.
- Кыргызстандык спортчулардын буга чейинки ийгиликсиз жагдайларын негизинен мамлекеттин спортко аз көңүл бургандыгына шылтап келишкен. Учурда каражат маселеси кандай чечилип жатат?
- Бул жолку олимпиадага биздин спортчулардын даярдыктары жакшы. Биз бул ирет Кудай буюрса эң жок дегенде 5 лицензия алууну пландаганбыз. Биздин спортчу балдарыбыз абдан күчтүү болгондуктан биз аларга ишенгенбиз. Бирок таланттан башка дагы ошол учурдагы жагдай, шарт роль ойнойт экен да. Ошентсе дагы алар кийинки жарыштарда ийгилик жаратат деп ишенем.
Ошондой эле бул олимпиадага катышуучулардын арасында чоң жаңылык бар деп мактана берсем болот. Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет кыздардын арасынан чыккан күрөшчүбүз Айсулуу Тыныбекова Лондон олимпиадасына жолдомо алды. Бул биз сыймыктана турган жаңылык десем болот. Айсулуу азыр болгону 19 жашта. Кандай болгон күндө дагы бул кызыбыздын келечегине чоң ишеним менен карайм.
Ал эми каражат жагынан алганда мамлекет мүмкүнчүлүгүнө жараша каржы бөлүп келе жатат. Андан тышкары биз, Күрөш Федерациясынын атынан дагы каржылайбыз. Эми каражат эч кимге эч качан жеткен эмес. Адам болгондон кийин ар кандай көрүнүштөр орун ала берет да. Ошентсе дагы учурда мамлекет колунан келишинче спортчуларга бар көмөгүн көргөзүп жатат. Ошондой эле биздин федерациянын атынан дагы ар кандай жардамдарды колдон келишинче берип турабыз. Өткөн жылы жаштар олимпиадасынын катышуучуларына 2 автомашина белек кылдык. Мындан тышкары мамлекеттик мекемелерге, өлкө жетекчилерине тынымсыз кайрылууларды жөнөтүп жатып, бир катар спортчуларга акчалай сыйлык, ар кандай жолдомолорду, айрымдарына квартира алып берүүгө жетиштик. Ал каттар азыр дагы биздин федерациянын архивинде сакталып турат.
- 2010-жылы Азия чемпионатында алтын медаль алган Данияр Көбөновго Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов көп кабаттуу үйлөрдөн 2 бөлмөлүү батир убада кылып, бирок бербей жатканын ММКлар жазып чыгышты эле…
- Мен федерациянын президенти болуп былтыр күздө гана шайландым. Бул маселеден эмесмин. Ошентсе дагы тактоону талап кылган нерсе экен. Учурда федерациянын ишин жүргүзүүгө көпчүлүк каражатты өз чөнтөгүмдөн чыгарып жатам. Эгерде келечекте биздин ишке кол кабыш кылгысы келген азаматтар болсо кучак жайып тосуп алабыз. Азыркы учурда каражат маселесинде тартыштыктар аз десем болот.
- Сиздин оюңузча кыргыз спортунун бийикке чыгышы үчүн жетишерлик каражаттан тышкары дагы кандай аракеттер жасалышы керек деп ойлойсуз?
- Маселенин баары тең эле каражатка барып такалбайт да. Эгерде нукура талант, жөндөм болбосо анда каражат эмнени чечет? Биздин жигиттерде Айкөл Манас атабыздын духу бар. Мени шыктандырган нерсе ушул. Эгер биз мекенибиздин чыныгы атуулу болобуз десек, анда аны көздүн карегиндей сакташыбыз керек, ал үчүн эң негизгиси мекенди сүйүү сезими болушу шарт.